курс лекции по правоведении-конвертирован.pdf - И ...

216
0 И. АРАБАЕВ атындагы KYRGYZ STATE UNIVERSITY КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК BY I.ARABAEVA УНИВЕРСИТЕТИ УКУК ТААНУУ БИШКЕК-2019

Transcript of курс лекции по правоведении-конвертирован.pdf - И ...

0

И. АРАБАЕВ атындагы KYRGYZ STATE UNIVERSITY

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК BY I.ARABAEVA

УНИВЕРСИТЕТИ

УКУК ТААНУУ

БИШКЕК-2019

1

УДК 340.1

ББК

Сын пикир ээлери:

Укук таануу : окуу куралы. Амантур уулу Эдилбек. Б., 2019.

Окуу курал укук таануу маселелерин кеңири мааниде өзүнө камтыган эмгек болуп

саналат. Анда мамлекет жана укук теориясынын генезисине, укуктун коомдук турмуштагы

маанисине жана маңызына баа берилген. Кыргыз Республикасынын акыркы кабыл алынган

конституциясынын жаңы жоболору, адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери,

мамлекеттик бийликтин үч бутакка бөлүнүү принциби, алардын ортосундагы тең

салмактуулук системасынын иштөө тартиби жана укуктун тармактары каралган. Китеп

негизинен жогорку окуу жайлардын юридикалык эмес багытта билим алган студенттерге жана

жалпы кызыккан окурмандарга арналды жана алардын укук илимин дагы терең өздөштүрүүгө

жардамчы болот деп ойлойбуз.

И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинде басууга сунушталды.

2

Мазмуну

Киришүү...............................................................................................................................................5

I-бөлүм. Мамлекеттин теориясы...............................................................................................7-19

§1. Мамлекеттин келип чыгуу теориялары........................................................................................7

§2. Мамлекеттин өзөгү, анын белгилери жана функциясы............................................................10

§3. Мамлекеттин формалары.............................................................................................................13

II-бөлүм. Укуктун теориясы......................................................................................................21-42

§1. Укук түшүнүгү, белгилери, функциялары.................................................................................21

§2. Морал жана укуктун өз ара катышы...........................................................................................24

§3. Укуктун принциби........................................................................................................................26

§4. Укуктун нормалары, укуктук-нормативдик актылардын түрлөрү..........................................27

§5. Укуктук мамиле............................................................................................................................29

§6. Укуктун системасы.......................................................................................................................32

§7. Укуктук система............................................................................................................................32

§8. Укуктун булактары.......................................................................................................................35

§9. Укуктук жактан жөнгө салуу: ишке ашыруу жана колдонуу...................................................38

§10.Укуктун бузулушу, юридикалык жоопкерчилик......................................................................39

III-бөлүм. Конституциялык укуктун негиздери.................................................................43-89

§1. Конституциялык укуктун түшүнүгү, предмети, методу жана субъектилери.........................43

§2. Конституциялык укуктун булактары..........................................................................................45

§3. Конституциялык нормалар..........................................................................................................45

§4. Конституциялыкукуктук мамилелер..........................................................................................46

§5. Конституциянын маңызы.............................................................................................................47

§6. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өнүгүү этаптары.......................49

§7. Конституциялык түзүлүш............................................................................................................54

§8. Адамдардын жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери.............................................55

§9. Кыргыз Республикасынын бийлик органдарынын системасы.................................................63

IV-бөлүм. Административдик укуктун негиздери.............................................................90-103

3

§1. Административдик укуктун предмети, функциялары, принциптери жана булактары.

Административдик укуктук мамилелердин мүнөзү........................................................................90

§2. Административдик жоопкерчилик түшүнүгү жана админстративдик жазалардын

түрлөрү.................................................................................................................................................95

V-бөлүм. Жарандык укуктун негиздери.............................................................................104-133

§1. Жарандык-укуктук жөнгө салуунун предмети, методдору, функциялары жана

булактары...........................................................................................................................................104

§2. Жарандык-укуктук мамилелер түшүнүгү.................................................................................108

§3. Юридикалык тараптар................................................................................................................113

§4. Жарандык укуктук бүтүмдөр. Бүтүмдөрдүн түшүнүгү, түрлөрү жана формалары............120

§5. Келишим түшүнүгү. Келишимдин түрлөрү.............................................................................126

§6. Интеллектулдык менчик. Автордук укук.................................................................................129

VI-бөлүм. Үй бүлө укугунун негиздери...............................................................................134-147

§1. Үй-бүлө укугунун предмети, принциптери..............................................................................134

§2. Нике түшүнүгү жана белгилери. Никеге туруунун шарттары. Никени бузуу жолдору......137

§3. Жубайлардын укуктары жана милдеттери. Жубайлардын мүлктөрү. Нике келишими. Ата-

энелердин жана балдардын өздүк укуктары жана милдеттери. Ата-энелердин жана балдардын

мүлккө байланышкан өздүк укуктары жана милдеттери. Ата-энелердин алименттик

милдеттемелери.................................................................................................................................140

VII-бөлүм. Эмгек укугунун негиздери.................................................................................148-167

§1. Эмгек укугунун предмети, методу, булактары, принциптери жана функциялары. Эмгек

мамилелери........................................................................................................................................148

§2. Жамааттык келишим..........................................................................................................155

§3. Эмгек келишими: түшүнүгү, мазмуну жана жарандык-укуктук келишимден айырмасы.

Эмгек келишимине өзгөртүү киргизүү. Эмгек келишимин токтотуу.........................................156

§4. Жумуш убактысынын түшүнүгү жана анын түрлөрү. Эс алуу убактысынын түшүнүгү жана

түрлөрү. Эмгек тартиби. Сыйлоо тартиптери. Эмгек акы төлөө тартиптери.............................158

§5. Эмгек талаш-тартыштары. Жеке жана коллективдик эмгек талаш-тартыштарын жөнгө

салуу тартиптери...............................................................................................................................164

VIII-бөлүм. Кылмыш укугунун негиздери.........................................................................168-190

§1. Кылмыш укугунун предмети, методу, булактары...................................................................168

§2. Кылмыш: түшүнүгү, белгилери. Кылмыш курамынын мүнөздөмөсү. Кылмыштын

түрлөрү...............................................................................................................................................171

§3. Жаза түшүнүгү жана максаты. Жазанын түрлөрү. Жоопкерчиликти оордотуучу жана

жеңилдетүүчү жагдайлар.................................................................................................................187

IX-бөлүм. Билим берүү укугу................................................................................................191-208

§1. Билим берүү укугунун предмети, методу, билим берүү принциптери.................................191

4

§2. Билим берүү укуктук мамилелеринин катышуучулары.........................................................195

§3. Билим берүү системасы..............................................................................................................198

§4. Билим берүү системасын башкаруунун укуктук негиздери...................................................204

§5. Билим берүү сферасындагы эмгек жана экономикалык мамилелеринин укуктук

негиздери...........................................................................................................................................206

X-бөлүм. Эл аралык укуктун негиздери.............................................................................209-213

§1. Эл аралык укуктун түшүнүгү, предмети, функциясы, принциптери....................................209

§2. Эл аралык келишим түшүнүгү..................................................................................................212

Колдонулган адабияттар...............................................................................................................214

5

Кириш сөз

Азыркы убакта укуктук сабаттуулук проблемасы коомдун турмуштун бардык

тармактарында актуалдуу болууда. Укуктук аң-сезимди, укуктук маданиятты жана укук

мейкиндигинде жашоону калыптандырууга багытталган жарандарга укуктук билим берүү

классикалык жогорку билим берүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калды. Укуктук даярдоо билим

берүү системасында маанилүү орунду ээлейт. Анткени негизги көйгөй болуп калган

проблемаларды чечүүнүн негизги жолу катары калктын укуктук сабаттуулугун

жогорулатууну айтсак болот. Учурдагы реалдуулук адамдардын өзүнүн кесибине

байланышкан билим, көндүмдөрдөн сырткары ар кыл кошумча маалыматтарга, билимдерге ээ

болуусун талап кылууда. Ошондой кошумча билимдердин бири укуктун негиздерин

үйрөтүүчү “Укук таануу” окуу курсу саналат. Курсту үйрөнүүдө калыптанган укуктук аң

сезим, укуктук маданият, укуктук билимдери алардын кийинки турмуштук жана кесиптик

жашоосунда болгон ар кандай кырдаалдарда, азыркы экономикалык жана саясий шарттарда,

мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөдө жана коомдук мамилелердин баардык

катышуучулары менен иштешүүдө пайдаланууга жөндөмдүү болуусун шарттайт.

Окурманга сунушталып жаткан окуу куралында камтылган негизги укуктук илимий

маалыматтар жогоруда белгиленген коомчулуктун укуктук сабаттуулугун жоюу, юридикалык

аң-сезимдин пайда болушуна шарт түзөт деген ойдобуз. Мамлекетке, укука жалпы мүнөздөмө,

Кыргыз Республикасынын конституциялык укугунун негизи, жеке мамилелерди укуктук

жөнгө салуу, адамдардын жана жарандардын кызыкчылыктарынын укуктук жактан камсыз

болуусу сыяктуу коомдогу негизги түшүнүктөр, мыйзамдык негиздер жана укук

категориялары каралган.

Укук таануу курсун өздөштүрүүдөгү максат студенттерди коомдук мамилелерди

укуктук жактан жөнгө салууда жана аны кесиптик ишмердүүлүктөрүндө колдоно билүү

билгичтиктерин, көндүмдөрүн жана компетенцияларын калыптандыруу болуп саналат.

Укук таануу илимин өздөштүрүүдөгү коюлган негизги милдеттерге тёмёнкщ негизги

багыттар кирет:

- дисциплинанын категориялык негиздерин өздөштүрүү;

- укуктун маңызын жана анын өнүгүүсүндөгү мыйзам ченемдүүлүктөрү жөнүндө

элестетүүлөрүн калыптандыруу;

- коомдогу адамдын өзүн-өзү алып жүрүүсүн жөнгө салуудагы негизги проблемалар жөнүндө

жетишээрлик маалымат берүү;

6

- укуктук мамлекет куруудагы укуктун мааниси жана ордун билүү;

- өлкөдө тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөдөгү укуктук билимдин ордун жана ролун

белгилөө.

Жалпысынан студент юридикалык түшүнүктөр жана категорияларды эркин колдоно

алуусу, мамлекеттик-укуктук маселелер боюнча өз көз карашын билгизүү, аны укуктун

нормалары менен бекемдөө жана өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын, укуктарын коргоо

жолдорун билүү, тандоо жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болот.

Албетте, курсту өздөштүрүү үчүн студенттин орто окуу жайында алган билимдери,

жөндөмдөрү жана компетенттүүлүктөрүнүн болуусу зарыл. Андан тышкары башка

дисциплиналарды өздөштүрүү убагында алган билимдерин, жөндөмдүүлүктөрүн дагы

колдонушат.

“Укук таануу” курсун өздөштүргөн студент төмөндөгүдөй компетенцияларга ээ

болушу зарыл:

-ой жүгүртүү маданиятына, маалыматты кабыл алуу, жалпылоо, анализдөө жөндөмүнө, максат

коюуу жана ага жетүү жолдорун тандоо көндүмдөрүнө ээ болуу;

-укук таануунун укуктук нормаларга, процесстерге жана практикага байланышкан

теоретикалык негиздери жана ыкмалары, категориялары, концепцияларына ээ болуу;

-мамлекеттин жана укуктун пайда болуусунун өбөлгөлөрүн, дүйнөдөгү укуктук системаларга

мүнөздүү белгилерди, өлкөдөгү укуктун колдонулушунун, укук нормаларынын

жайылтылышынын негизги принциптерин, Кыргыз Республикасындагы конституциялык жана

тармактык укуктарынын мүнөзүн, эл аралык укуктун негиздерин ажыратып билүү;

-студент болочок адистик ишмердүүлүгүндө укуктук-нормативдик жоболорду колдонуу,

өлкөнүн укукту жана башка өнүгүү багыттарына таасир берүүчү факторлорду билүү,

мыйзамдардын негизинде мазмундук анализ жүргүзүү, белгилүү кырдаал боюнча юридикалык

тараптан баа берүү жана өкүм сүргөн укуктук нормалардын негизинде кыймыл-аракет кылуу

жөндөмдүүлүгү;

-укуктук маселелер боюнча жалпы талкууларга катыша алуу мүмкүнчүлүгү сыяктуу

жөндөмдүүлүкө жалпы жарандык жана профессионалдык компетенцияга ээ болуу болуп

саналат.

7

I-бөлүм. Мамлекеттин теориясы

§1. Мамлекеттин келип чыгуу теориялары.

§2. Мамлекеттин өзөгү, анын белгилери жана функциясы.

§3. Мамлекеттин формалары.

1. Мамлекеттин келип чыгуу теориялары

Адамзат өзүнүн тарыхый өнүгүүсүндө коомдук байланыштарды жөнгө салуу жолуна

түшүүсү менен адам тарабынан түзүлгөн мамлекет сыяктуу уюмдар кандайча негизде пайда

болду жана кандай жолдор менен өкүм сүрөт, өнүгөт деген суроолор келип чыкты. Көптөгөн

окумуштуулар мамлекет адамзат тарыхынын баардык этаптарында эле болбогондугун жана

белгилүү бир мезгилде пайда болгондугун белгилешет. Албетте тарыхтан мамлекет статусун

алып жүргөн түзүлүштөр Байыркы Чыгыш өлкөлөрү болгон Египет, Вавилон 5 миң жыл

мурун өкүм сүргөнүн билебиз. Бирок, алар жана андан кийинки өлкөлөр ар кандай

түшүнүктөр, категориялар жана терминдер менен белгилүү болушкан. Тактап айтканда, алар

“полистер”, “республика”, “каганат”, “империя” ж.б. Ал эми жалпы маанини түшүндүргөн

“мамлекет” терминин илимге XVI кылымдын башында Никколо Макиавелли киргизгенден

баштап бардык өлкөлөрдө колдонула баштады. Бирок, ар бир өлкөнүн жаралышы, өнүгүүсү

өзгөчө жана илимдин тармактары аны изилдөөдө мамлекетин пайда болуусу жана ага түрткү

болгон коомдук жана башка кубулуштарды, шарттарды, себептерди аныктоо менен мамлекет

түшүнүгү боюнча белгилүү бир жыйынтыка келебиз.

Илимий адабияттарда мамлекеттин пайда болуусу жөнүндө көптөгөн божомолдор,

теориялар келтирилип алар ошол авторлордун көз карашына, адам тарыхынын белгилүү

этаптарына жараша топторго бөлүп кароого алып келди. Ар бир теорияда мамлекеттин келип

чыгуусунун ар кайсы элдердин, аркандай конкреттүү-тарыхый өнүгүү өзгөчөлүктөрү,

тарыхый шарттары б.а. экономикалык, саясий, географиялык, идеологиялык, диний, каада-

салт, аскердик ж.б. айырмачылыктары көрүнүп турат.

Теологиялык теория. Эң байыркы теориялардын бири. Бул теория негизги идеясы

боюнча, мамлекет Кудайдын эрки, же Кудайдын бийлигинин жердеги көрүнүшү, натыйжасы

болуп саналат. Анын өкүлдөрү, жактоочулары негизинен (Фома Аквинский (1226-1274),

Жак Маритен (1882-1973), ж.б.) дин таануучулар же дин кызматкерлери болушкан.

Мамлекеттин келип чыгышы эле Кудайдын эркинен болбостон, бийлик ээси, башкача

8

айтканда абсалюттук бийлике ээ болгон монархтын бийлиги да Кудайдыкы деп саналып орто

кылымда өкүм сүргөн баардык мамлекеттерде улуттук идеология катары кабыл алынган.

Азыркы коомдо бул теорияны жактаган саясат таануучулар, юристер, социологдор дээрлик

кезикпейт же баштапкы көз караштардан айырмаланат. Мамлекеттин пайда болуусун, деги эле

жер жүзүндөгү пайда болуу кубулуштарынын, процесстердин башатын Кудайдын эркине

байланыштыруу көбүнчө дин кызматкерлерине же диний көз караштагы адамдарга таандык

көрүнүш экенин белгилеп кетишибиз керек.

Ошондой эле байыркы теориялардын бири патриархалдык теория болуп саналат.

Белгилүү философ Аристотель (б.з.ч. 384—322жж.) өз эмгектеринде бул теорияга негиздеме

берип коомдун тартипке келишине үй бүлө себеп болоорун айткан. Аристотелдин айтуусу

боюнча, мамлекет- адамдардын жалпы бакубатчылыка жетүү үчүн кылган мамилелеринин

мыкты түрү болуп саналат. Мамлекет бул үй бүлөөнүн чоңойтулган бир түрү, монархтын

бийлиги үй бүлөгө кам көргөн, алардын кызыкчылыгын көздөгөн, баардыгын баш ийүүгө

көндүргөн үй бүлө башчысынын бийлигинин табигий уландысы. Адамдардын табийгат

тарабынан берилген мамилелешүүгө болгон жөндөмүнүнү негизинде куралат, демек адамдар

мамиле курган алгачкы жай бул үй бүлө. Бир нече үй бүлө-уруу, уруулар-улут, элди, эл-

мамлекетти пайда кылат. Үй бүлө тукумдун уланышына, үй ээсинин бийлигине багытталса

мамлекет адамдардын руханий жана материалдык мамлилелерин камсыз кылат. Мамлекет

кызыкчылыктары дал келген адамдардын жакшы жашоого жетүү үчүн болгон мамилелерин,

кызматташтыктарын ишке ашыруучу чөйрө, анда азчылык топ көпчүлүктүн үстүнөн бийлик

жүргүзөт. Албетте тарыхта патриархалдык үй бүлө мамлекеттин жаралышына түздөн-түз

таасирин тийгизген фактылар жок болгонуна жана бул теорияда үй бүлөгө универсалдуу

маани берилгенине карабай коомдун жана андагы кээ бир кубулуштардын, процесстердин

өзгөрүүсүнө кошкон салымын тана албайбыз.

Эң эле белгилүү жана илимий далилдүү теориялардын бири келишим (табигий-

укуктук, коомдук келишим) теориясы. Мамлекет коомдук келишимге негизделгенин

байыркы грек ойчулу Эпикурдун (342-270) эмгектеринде кезиктиребиз. Бул теориянын

өкүлдөрүнүн (Гуго Гроций 1583-1645, Томас Гоббс 1588-1679, Джон Локк 1632-1704,

Шарл Луи Монтескье 1689-1755, Жан-Жак Руссо 1712-1778, Дени Дидро 1713-1784.) көз

караштарынын көп жерлеринде келишпестик болгонуна карабай мамлекеттен мурун болгон

“табигий абалдын” болгонун бирдей таанышат. Мамлекет эл менен эл башкаруучунун

ортосундагы коомдук турмуштуу уюштуруу жана тартипке келтирүү максатында түзүлгөн

келишимден келип чыгат. Гроцийдин оюу боюнча эч кандай мамлекеттик же жеке менчик

9

жокто, "табигый абал" болгон. Адамзаттын өнүгүүсү жана баштапкы жөнөкөйлүктү

жоготуусу, акыл-эс менен жетектөөгө умтулуусу алардын мамлекет түзүү боюнча келишим

түзүүгө алып келди. Демек мамлекеттин пайда болуусу адамдардын эркинен көз каранды

болду. Адамдар кантип биригүүгө, уюмдашууга көнүштү? Анткени кээ бир адам биригүүнү,

чогуу болууну, баш ийүүнү каалабайт. Бул сурообузга Жан-Жак Руссо жооп бергенге аракет

кылат. Анын оюу боюнча бир адамды элдин ичинен өзүн, мүлкүн жана менчигин коргоо

максаты, башка адамдарды уруш-талаштан, согуштан оңой кутулуунун жолу катары коомдук

бийликти жана ал колдонуучу уставдарды кабыл алууга көндүрдү жана баардыгы буга өз эрки

менен макулдук берип келишилгендиги менен биринчи мамлекеттер түзүлдү. Муну менен Д.

Дидро макул болуп менчик гражданинди жаратат, мамлекеттик бийлик адамдардын бактылуу

жашоосун камсыз кылат деген максатта кабыл алышкан келишимдин негизинде пайда болот

дейт. Бирок бул коомдук келишимдер тарыхый факт катары каралбастан мамлекеттин

жаралуусуна алып келүүчү логикалык өбөлгө катары каралат. Баардык өкүлдөр макул болгон

дагы бир жагдай бул мамлекеттик-укуктук институттардын бөлүнүшү жана бийликти

бөлүштүрүү принциптери.

-Табигий коомдук-укуктук институттар-мамлекет пайда болгонго чейин өкүм сүргөн;

-Шарттуу коомдук-укуктук институттар-мамлекет тарабынан түзүлгөн.

Зордук-зомбулук теориясы. Мамлекетти бир элдин экинчи бир элдерди басып алуунун

жана кулчулука айландыруусунун жыйынтыгыгы катары караган теория XIX кылымда кеңири

тараган. (Людвиг Гумплович 1838-1909, Карл Каутский 1854-1938). Аскер саясаты б.а.

басып алуу, жерлерди ээлөө максаттары баскынчылардын ал жерлерге бийлигин бекемдөө

максатында жүргүзгөн саясаты мамлекеттин пайда болуусуна алып келген же мамлекеттердин

бөлүнүүсүнө жол ачкан.

XIX кылымда дагы бир теория-психологиялык теория пайда болгон (Н. М. Коркунов

1853-1904, Л. И. Петражицкий 1867-1931). Алар мамлекеттин келип чыгышынын негиздери

тарыхый жана материалдык жашоо шарттарынын өнүгүүсү эмес, адам психикасынын өзгөчө

касиеттерине байланышкан, б.а. адамдар коллективдүү, чогуу аракет кылууга ылайыкташкан

деп эсептешет. Бул процессте кээ бирөөнө башкаруу буюрса кээ бирөөнө баш ийүү мүнөздүү.

Демек мамлекет адам психологиясынын ченемдеринин натыйжасы. Албетте адам аң сезими

коомдогу экономикалык, социалдык, саясий жана маданий таасирлердин астында калыптанып

кайтарым жооп кылууда коомдук талаптарды аткаруунун дагы туткунунда калуусу мүмкүн.

10

Тарыхый-материалистик (Марксистик, социалдык-экономикалык) теория (Г.

Морган, К. Маркс, Ф. Энгельс, В. И. Ленин). Америкалык этнограф Г. Морган алгачкы

коомдун тарыхын үч мезгилге-жапайы доор, варварчылык жана цивилизация деп бөлгөн жана

аны Ф Энгельс колдонуп өнүктүргөн. Ал өзүнүн эмгектеринде уруулук түзүлүштүн

урандыларына куралган мамлекеттин пайда болушунун үч түрүн белгилеген (афиналык,

римдик, германиялык). Бул теория боюнча мамлекеттин пайда болушуна эмгектин бөлүнүшү,

менчиктин келип чыгуусу жана коомдун таптарга бөлүнүүсү таасирин тийгизген. Эмгек

куралдарынын жана эмгекти жөнгө салуу методдорунун өнүгүүсү менен коомдо эмгектин

бөлүштүрүлүшүнө алып келди, ал өз кезегинде ашык мүлктү пайда кылып менчик түшүнүгүн

киргизди. Анын артынан ушул жаңы пайда болгон мамилелерди жөнгө салуу, коргоо менен

алек болуучу атайын адамдардын тобу пайда болуп алар түздөн-түз өндүрүш менен

алектенбей ал процессти уюштуруунун үстүндө болгондуктан аларды башкалардын эсебинен

камсыздоо системасы, мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты.

Бул теория мамлекеттин пайда болушунун эки жолун белгилейт. Биринчиси, коомдо

таптардын болушунун жана таптык күрөштүн негизинде. Экинчиси, коомдун бөлүнүшү,

өндүрүш жана бөлүштүрүү сфераларынын өнүгүүгө алып келген социалдык-экономикалык

процесстер. Албетте бул коомдук процесстерди башкарууну жакшыртуу зарылчылыгы

мамлекеттин келип чыгышына түрткү болду.

2. Мамлекеттин маңызы, анын белгилери жана функциясы.

Мамлекеттин маңызы. Мамлекеттин табиятын ачып берүү-бул коомдун ансыз жашай

албастыгы жана өнүгө албастыгына жооп берүү. Мамлекет түзүлгөндөн тартып аны ар кандай

көз караштагы окумуштуулар изилдеди. Бирок, мамлекет түшүнүгү боюнча илимий да,

укуктук да бирдиктүү жана жалпы кабыл алынган аныктамасы жок.

“Мамлекет” терминин кенен мааниде алып караганда коомдогу баардык тараптарды

уюмдаштурууга арналган же коомдук түзүлүштүн өзгөчө формасын алып жүргөн уюм катары,

тар мааниде коомдун атайы бир органы катары колдонсо болот. “Мамлекет” термининин көп

жактуулугун төмөнкү сөз түркүмдөрүнөн байкасак болот: “мамлекет кызыкчылыктары”,

“мамлекет мыйзамдары, “мамлекет-бул мен” ж.б. Илимий адабияттарда “мамлекет”

термининин маанилерин төмөнкүдөй келтирсек болот: мамлекет-бул өлкө б.а. саясий-

географиялык түзүлүш; мамлекет-бул бийликтин саясий уюму, бийлик институнун системасы;

мамлекет-геосаясий реалдуулук жана эл аралык коомчулуктун бир мүчөсү ж.б.

Жалпылап караганда мамлекетке төмөндөгүдөй аныктама берүүгө болот: Мамлекет-бул

коомго табыгый таандык болгон жана атайы тагылган милдеттерди аткарууга

11

багытталган, жалпыга бирдей, универсалдуу саясий коомдук уюм. Мамлекет коомдун

биримдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу, коомдук пикирге жана коомдук иштерди

уюштуруу үчүн атайын аппаратка ээ болгон саясий бийликтин атайын уюму болуп

саналат.

Мамлекет жана анын органдарынын ишмердүүлүгүндөгү кемчиликтерине карабай

адамзат цивилизациясынын мыкты жетишкендиги деп айтсак болот, анткени азырынча андан

жакшы, артык формасын таба элек жана баардык элдердин кызыкчылыгын бирдей

канаатандырууга аракет кылган жалгыз жана универсалдуу коомдук уюм экенин тана

албайбыз. Мамлекет адамзат тарыхынын дээрлик баардык доорунда, мезгилинде бири-бирине

окшошпосо да өкүм сүрдү жана аны адамдар өзгөртүп, өнүктүрүп, жок кылып жаңысын

түптөп жалпы, же бир топтун, же бир адамдын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келди. Ошого

жараша мамлекеттин мүнөзү да тарыхый доорлордун жана коомдук мамилелердин

өнүгүүсүнө, өзгөрүүсүнө, өзгөчөлүгүнө жараша өзгөрүп жүрүп отурду.

Белгилери.

Мамлекет саясий бийликтин уюму катары, бийлик, коомдук институттардын тутуму

катары башка коомдук уюмдардан айырмалап турган белгилери менен өзгөчөлөнүп турат.

Биринчиден, коомдук-саясий бийлик. Бийликти алып жүрүүчү менен жалпы калктын

кызыкчылыгы дал келбеши дагы мүмкүн экенин жана экономикалык мүмкүнчүлүгү бар

топтордун, саясий күчтөрдүн күрөшү мамлекеттин аныктоочу тараптары болуп калуу

мүмкүндүгүн четке какпайт. Анткени бийлик баардык тараптарга жетпейт жана ага жетүүгө

болгон күрөш көп каражатты, убакытты талап кылат.

Экинчиден, калктын болушу. Мамлекетке тиешелүү, укуктук жактан такталган

жарандар коомдун негизин түзүү менен алардын уюмдашуусуна, саясий бийлике

умтулуусуна, жалпы жана жеке кызыкчылыктарды канаатандыруу талаптарын мамлекетке

милдеттендирүүгө алып келет.

Үчүнчүдөн, административдик-аймактык бөлүнүү. Мамлекет коомдон айырмаланып

адамдарды урууга, улутка карап бөлбөй жашаган жерине карап айырмалайт. Бул мамлекеттик

органдар кээ бир мамлекеттик иштерди, мисалы шайлоо, паспорттоштурууну аймака жараша

бөлүү менен оңой уюштурууга алып келет.

Төртүнчүдөн, суверендүүлүк. Саясий бийликтин мамлекеттин аймагында жана андан

сырткары аймакта кайсы бир саясий күчтөрдөн, бийликтен көз карандысыздыгы.

Мамлекеттик бийлик өлкөнүн аймагына баарына бирдей укукту, жоопкерчиликти,

милдеттүүлүктү аныктаган мыйзам системасы аркылуу баардык аймака бирдей тараган саясат

алып баруусу керек. Ал эми тышкы саясат, кызматташтыкта мамлекеттик бийлике, саясатка

12

башка бар мамлекеттин бийлиги үстөмдүк кылуусуна жол бербөөгө багытталган система өкүм

сүрүүсү керек.

Бешинчиден, мыйзам системасы. Мамлекет юридикалык күчкө ээ болгон, жалпы

жарандардын кызыкчылыгын көздөгөн, коомго, мамлекеттин өнүгүүсүнө кызмат кылган

мыйзамдардын системасын иштеп чыгат, аны аткарат жана коргойт.

Алтынчыдан, салык системасы. Мамлекеттин ишмердүүлүгүн ишке ашыруу, аны

коргоо, өнүктүрүү үчүн каражат зарыл жана аны мамлекет салык чогултуу жана аны

пайдалануу системасын киргизүү менен чечет.

Жетинчиден, мамлекеттик атрибуттар. Мамлекетти сырттан таануу, айырмалоо үчүн

атрибуттар б.а. гимн, желек, герб, борбор шаар атайы мамлекеттик башкы мыйзамда белгилеп

алат.

Функциясы.

Мамлекет ички жана сырткы ишмердүүлүгүндөгү негизги максаттарын жана

милдеттеринин багыты анын функцияларын калыптандырат. Юридика илиминде мамлекеттин

функциясынын көптөгөн классификациясы өкүм сүрөт. Негизинен мамлекеттин ички жана

тышкы фунциялары баса белгиленет.

Ички функциялар:

1. Элдик бийликти камсыз кылуу. Бул фукцияны ишке ашыруу үчүн атайы

мамлекеттик органдар, саясий-коомдук уюмдар, институттар курулган. Бийликтин негизги

булагы болгон эл өзүнүнүн бийлигин өкүлдөрү б.а. референдум, шайлоолордо бийлик

органдарына мандат берүү менен белгилүү бир мөөнөткө өкүл дайындап ошондой эле аларды

коомдук жана мамлекеттик институттар аркылуу көзөмөлдөп турат;

2. Экономикалык. Азыркы убакта мамлекет экономика багытында төмөнкүдөй

иштерди алып барат:

- Бирдиктүү экономикалык саясат жүргүзөт;

- Мамлекеттик мүлктү көзөмөлгө алат;

- Базар жана баа саясатына көзөмөл жүргүзөт;

- Ишкердик жүргүзүүнүн механизмдерин аныктайт.

3. Социалдык. Коомдогу бакубатчылыкты б.а. ар бир анын мүчөсүнө бирдей шарт

түзүү, пикир келишпестиктерди жоюу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданий

мекемелердин ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү колго алат.

4. Экологиялык. Экономикалык өнүгүүнү айлана-чөйрө, жаратылыш

байлыктарын иштетүүнүн негизинде камсыз кылуу менен мамлекет көп учурда экологиялык

ченемдердин бузуулуусуна шарт түзүп коюу коркунучуна кабылбашы үчүн аны алдын алуу

13

иш чараларын уюштурат. Демек мамлекет өзүнүн эң белдүү тармагы болгон өндүрүш, айыл

чарба ишмердүүлүгүнө экологиялык жактан туура, таза делген технологияны киргизүү менен

коомдун келечектеги туш болуучу көйгөйлөрдөн арылтат.

5. Салык салуу. Мамлекеттин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын

бюджети салыктардан түзүлгөндүктөн аны чогултуу методдорун, түрлөрүн аныктоо дагы өтө

чоң жоопкерчиликти талап кылат. Анткени салыктын түрлөрү, көлөмү, чогултуу методдору

анын канчалык деңгээлде эффективдүү экенин аныктайт.

6. Мыйзамдуулукту, тартипти, адам укугунун корголушун камсыз кылуу.

Кыргыз Республикасынын конституциясы боюнча адам укугу мамлекетте эң жогорку

баалуулук болуп эсептелет(16 берене). Ал эми аны коргоо мамлекеттин эң негизги милдети

б.а. мамлекет ар бир адамдын укугунун жана эркиндигинин, мыйзамдуу кызыкчылыктырынын

корголушун камсыз кылат.

Тышкы функциялар:

1. Тышкы саясатты жүргүзүү. Мамлекеттер аралык мамилени түзүү, жакшыртуу,

алар менен тең-ата саясат алып баруу ишмердүүлүгү.

2. Тышкы экономикалык кызматташтык. Тыштан инвестиция тартуу, илимий,

техникалык ж.б. тармактарда кызматташтыкты жолго коюу.

3. Коргоо. Мамлекеттин өзүн-өзү коргоо жөндөмдүүлүгүн арттыруу, бүтүндүгүн

камсыз кылуу, эл аралык милдеттемелерди сактоо иш чараларын алып баруу.

4. Тынчтык тартибин сактоо. Учурдагы дүйнөдө болуп жаткан глобалдашуу

процессиндеги маселелерди чечүү максатында башка мамлекеттер, эл аралык уюмдар жана

коомчулук менен иш алып баруу.

3. Мамлекеттин формалары.

Мамлекеттин формасы-бул мамлекеттин уюштурулушун жана түзүлүшүн аныктаган

мүнөздөмөлөрдүн жыйындысы.

Ал үч элементти алып жүрөт:

-башкаруу формасы;

- мамлекеттик түзүлүштүн формасы;

-мамлекеттик (саясий) режимдин формасы.

14

Булар мамлекеттин башкы бийлик органдарынын түзүлүшүнүн, мамлекеттин

административдик-аймактык бөлүнүшүнүн өзгөчөлүктөрүн, бийликти ишке ашыруудагы

колдонулган жолдорду жана куралдарды, бул процесстерге элдин катышуусунун деңгээлин

жана мамлекеттеги адамдын ордун аныктайт.

Башкаруу формасы мамлекеттик бийлик органдарынын составын, алардын

түзүлүшүнүн, уюштурулушунун тартибин жана анын эл менен болгон мамилесин мүнөздөйт.

Башкаруу формасында эң негизги аныктоочу ролду мамлекет башчысынын статусу, анын

компетенциясы аткарат жана буга байланыштуу монархия жана республика деп бөлүнөт.

Монархиялык башкаруу формасында бийлик жеке бир адамга б.а. бийлиги атадан

балага мурас катары өткөн монархга берилип, анын бийлиги эч бир мыйзам менен белгилүү

бир мөөнөткө чектелген эмес. Бирок, коомдун, мыйзам системасынын өнүгүүсү менен

монархтын бийлигин чектеген нормалар кабыл алынып ошого жараша бул башкаруу формасы

да өзгөрүүгө дуушар болду. Азыркы учурда абсолюттук, дуалистик жана парламенттик

монархаянын түрлөрү бар.

Абсолюттук монархия мамлекеттин башчысына чектелбеген, мурас бийликти, башка

мамлекеттик бийлик органдарынын үстүнөн каалагандай бийлик жүргүзгөн ыйгарым

укуктарды берет жана өкүлчүлүк бийлик б.а. парламент, коомдук институттар бул

башкарууда жок (Сауд Аравия, Катар, Оман, Бириккен Араб Эмираты).

Дуалистик монархия монарх менен парламентке бөлүнгөн бийликти б.а. монарх өкмөт

башында турса парламент мыйзам чыгаруу бийлигин алып жүрөт. Бирок монархтын бийлиги

абдан күчтүү бойдон калып анын бийликти мураска өткөрүү жана өкмөттү жалгыз өзү

дайындоо, отставкага кетирүү ыйгарым укуктарын алгандыктан парламентаризм абдан алсыз

бойдон калган (Иордания, Марокко, Бутан).

Парламенттик монархия монархтын бийлиги конституция аркылуу чектелген,

төмөнкүдөй түзүлүшкө ээ болгон башкаруу формасы:

- Монархтын бийлиги мыйзам чыгаруу тармагында чектелген;

- Эл тарабынан шайланган мыйзам чыгаруу бийлиги (парламент) өкүм сүрөт;

- Өкмөт парламент тарабынан түзүлөт;

- Өкмөт башчысы парламентке кирген партиялар тарабынан аныкталат;

15

- Монарх парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамга вето коюу укугунан

ажыратылып формалдуу түрдө гана кол коюп бекитет;

- Монарх өкмөт ишмердүүлүгүнө кирише албайт;

- Монарх мамлекеттүүлүктүн тарыхый символу катары калтырылган.

Республикалык башкаруу формасы эл тарабынан белгилүү бир мөөнөткө шайланган

бийлик өкүм сүргөн мамлекеттин формасы. Мамлекет башында кайсы бийлик жана анын

ыйгарым укуктардын көбүнө жараша президенттик, парламенттик жана аралаш формасы

деп бөлүнөт.

Президенттик республикада мамлекеттик органдардын системасында президенттин

маанилүү орунду ээлегени, ыйгарым укуктарынын кенендиги менен мүнөздөлөт:

- президент бир эле убакта мамлекет башында жана өкмөт башында да туруп кээ бир

мамлекеттерде (мисалы: АКШ) өкмөт башчысы (премьер-министр) кызматы жок болот;

-өкмөт президент тарабынан түзүлүп, анын алдында отчет берет;

-президент мыйзамга демилгечи болууга укугу бар;

-мыйзамды кайра кайтарууга;

-парламентти таратууга жана жаңы шайлоо дайындоого;

-парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көрсөтө албайт.

Парламенттик республика:

-өкмөт парламент тарабынан түзүлөт жана анын алдына отчет берет;

-парламент мыйзам чыгаруу менен бирге башка мамлекеттик бийлик органдарынын

ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт;

-президент мыйзамды демилгелөө укугуна ээ болбойт;

-өкмөткө ишеним көрсөтөт жана президент кабыл албаган учурда таратылат;

-мамлекеттин негизги саясий, экономикалык ж.б. багыттарын б.а. ички жана тышккы

саясатын аныктайт.

16

Аралаш республика президенттик жана парламенттик республикадагы белгилерди

алып жүрөт жана алардан айырмасы төмөнкүлөр болуп саналат:

-президент борбордук маанидеги саясий-коомдук институт;

-президент өкмөт башында, бирок өз алдынчалыка ээ эмес президентке жана

парламентке отчет берген өкмөт башчысы бар;

-аралаш республикада көпчүлүк учурда парламент эки палаталуу болот.

Мамлекеттик түзүлүш формасы. Мамлекеттин административдик-аймактык

уюштурулушун, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттеринин

мүнөзүн аныктоочу форма. Мамлекеттин аймактык бөлүктөрүндөгү суверендүүлүктүн бары

же жогуна жараша федерация, конфедерация жана унитардык мамлекеттик түзүлүштөр

бар.

Унитардык мамлекет. Бирдиктүү тутумдагы, аймагы өз алдынчалыка ээ болбогон бир

бүтүн, төмөндөгүдөй белгилерге ээ болгон түзүлүш:

-нормалары өлкөдөгү баардык аймактарга тараган бир негизги мыйзам;

-бир тутумдагы мамлекеттик бийлик;

-бир жарандуулук;

-бир укуктук система;

-бир даана административдик-аймактык бөлүк;

-тышкы саясат борбордук бийлик органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Белгилей кетүүчү жагдай унитардык мамлекет өз алдынча суверендүү же болбосо башка

бир мамлекеттин алдында кээ бир шарттар менен, так айтканда автономдук башталыштагы

мамлекет катары да өкүм сүрүүсү мүмкүн.

Федерация мамлекеттердин союзу б.а. юридикалык жана чектелген саясий укуктарга, өз

алдынчалыктарга ээ болгон мамлекеттик түзүлүштөрдөн турган мамлекет. Бул мамлекеттик

түзүлүштөр (автономдуу республикалар, штаттар, кантондор, провинциялар ж.б.)

федерациянын субъектиси болсо дагы өзүнүнү административдик-аймактык бөлүктөрүнө ээ

болгон.

17

Федерациянын белгилери:

-мамлекеттик түзүлүшкө ээ болгон, бир союзга бирикен мамлекеттер тобунан турат;

-субъектилер өзүнүн конституциясын кабыл алганга укук алган жана аймагында

таратылган;

-өз аймагында аракет кылган мамлекеттик бийлик органдары бар. Мисалы: сот

системасы, парламенти, президенти, өкмөтү;

-тышкы саясатты борбордук-федеративдик бийлик жүргүзөт;

-кээ бир федерацияларда (АКШ, Германия) субъектилер бир тараптуу федерацидан

чыгып кете албайт;

-бир куралдуу күчкө ээ болот жана ал борбордук бийлик тарабынан башкарылат.

Конфедерация мамлекеттик түзүлүш формасына караганда суверендүү мамлекеттердин

бирикмесинин формасы катары каралат жана анын мүчөлөрү суверендүүлүгүн сактоо менен

кайсы бир максатка жетүү үчүн чогуу аракет кылышат.

Конфедерациянын белгилери:

-мамлекеттердин кээ бир максатка жетүү зарылчылчылыгынан убактылуу, атайы

түзүлгөн келишимдин негизинде биригишет;

-бир жарандуулук жок;

-өз алдынча куралдуу күчтөргү ээ;

-мыйзам чыгаруу органына ээ;

-аткаруу жана сот бийлиги жок эгер болсо да өтө алсыз уюштурулган;

-бир волюта, салык жана бюджет тутуму жок.

Белгилей кетүүчү жагдай, азыркы мезгилде конфедерация түзүлүшүндө жашаган

мамлекеттер союзу дүйнөдө жок жана тарыхта буга чейин түзүлгөн союздар аз убакытта эле

тараганы маалым.

Жогоруда белгиленген мамлекеттик түзүлүштүн формаларынан тышкары дагы кээ бир

мамлекет жана укуктун теориясына байланышкан илимий булактарда шериктештик,

18

коомчулук жана империя деген түрлөрүн да белгилеп, далил катары Көз карандысыз

Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ), Британиялык Улуттар Биримдигин мисал кылышат.

Бул сыяктуу бирикмелер мамлекеттик түзүлүшкө эмес кызматташ мамлекеттердин эле

келишимдеринин жыйынтыгы десек болот

Мамлекеттик (саясий) режимдин формасы.

Мамлекеттик бийликтин эл менен болгон өз ара аракеттеринин, мамилелеринин

жолдорунун жана методдорунун жыйындысын, жана алардын өзгөчөлүгүн, мазмунун

аныктоочу форманы мамлекеттик же саясий режим дейбиз. Саясий режим түшүнүгүн 1940

жылы саясат таануучу Леви киргизгенден бери бир топ өзгөрүүгө дуушар болуп бүгүнкү

күндө мамлекеттик режим термини менен катар колдонулуп келет. Мамлекеттик режимди

аныктоочу, өлчөөчү критерийи катары адамдардын укугунун жана эркиндиктеринин чыныгы

ишке ашуусу кабыл алынат. Саясий режим аркылуу мамлекеттин ишин, ички жана тышкы

саясаттагы негизги багыттардын саясий өнүгүүсүн, социалдык күчтөрдүн, топтордун өз ара

катышын байкасак болот. Мамлекеттеги режим коомдогу топтордун, бийликтеги топ менен

ага баш ийген топтордун өз ара мамилесинен, алардын идеологиялык курулушунан, саясий

калыптанган адаттарынан жана өлкөнүн эл аралык мамиледеги ээлеген орунан көз каранды.

Тарыхый тажрыйба элди, коомду башкаруунун эки методун так көрсөттү: коркутуу методу

жана либерализм методу. Коомдогу саясий эркиндикти, адамдын укуктук абалын,

мамлекеттик органдардын иштөө тартиптерди аныктоочу эрежелер саясий режимди экиге б.а.

демократиялык жана тоталитардык саясий режимдер деп бөлүп карайт жана жогорудагы

тарых тактаган башкаруу методдоруна дал келет. Албетте экөөнүн ортосунда, чектерин жууп

же байланыштырып турган аралык режим же кээ бир окумуштуулар белгилеген

авторитардык режимди да белгилеп койсок болот.

Демакратиялык режим. Бийликти жүргүзүү көпчүлүк элдин каалоосу, эрки жана

катышуусу менен ишке ашкан режимди демократиялык режим деп атайбыз. Төмөндөгүдөй

белгилерди алып жүрөт:

-шайлоо жолу менен түзүлгөн, өкүлчүлүк бийлик органдары болот;

-эл алдында жоопкерчилик алат;

-белгилүү бир мөөнөткө шайланат;

19

-көпчүлүктүн добушу менен кабыл алынган чечимдер таанылып, бирок азчылыктын

укуктары, кызыкчылыктары кепилдике алынат;

-адамдардын саясий эркиндини жана теңдиги таанылат;

-көп партиялуулук жана алардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө шарт түзүлөт;

-мыйзамдуулук орнойт;

-бийлик бири-бирине көз карандысыздык принцибинде түзүлгөн бутактарга бөлүнөт;

-мамлекеттин адамдын жеке жашоосуна жана ишкердике кийлигишүүсүнө чек коюлат.

Кээ бир юридикалык жана саясат таануу боюнча адабияттарында демократия

парламенттик башкаруу формасында жакшы жана оңой колдонулат деген ойлорду айтышкан

менен башка башкаруу формаларда жана мамлекеттик ар кандай түзүлүштөрдө ийгиликтүү

болгонун көп өлкөлөр көргөздү.

Тоталитардык режим. Бул режимдин пайда болушуна, орношуна коомдогу социалдык

карама-каршылыктардын, таптардын жана саясий топтордун күрөшү түрткү болот.

-адам укуктарын жана эркиндиктерин толук чектөө;

-коомдук пикирлер менен эсептешпөө:

-коомдук жана мамлекеттик кээ бир институттарды жок кылуу;

-көп партиялуулуктан баш тартуу;

-формалдуу өкүлчүлүк органдарын формалдуу шайлоо аркылуу түзүү;

-коомдун баардык сфераларына көзөмөл жүргүзүү;

-бийликти узурпациялоо.

Тоталитаризм өкүм сүргөн мамлекеттерде ар кандай методдор колдонулат. Мисалы:

динди жамынуу, улутчулдукту козгоо, ар канда идеологияларды иштеп чыгуу ж.б. Каршы

чыккан же бөлөк ойлонгон тараптарга өтө катуу чаралар б.а. саясий репрессииялар, коркутуу,

алдоо жолдору колдонулат.

20

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Мамлекеттин келип чыгуу теориялардын ар бирин, байыркы мамлекеттердин тарыхый

түзүлүшү менен аныктагыла.

2. Мамлекеттик түзүлүштүн калыптанышына, негиз түзгөн социалдык-экономикалык

кана саясий себептер кайсылар?

3. Мамлекеттин формасынын негизги белгилери эмнеде?

4. Мамлекеттик түзүлүштү ар түрдүү формага бөлүнүүнүн негизги максатын

аныктагыла.

5. Мамлекеттик башкаруунун негизги түрлөрү жана алардын юридикалык

өзгөчөлүктөрү кайсылар?

6. Мамлекеттин аймактык-түзүлүш формасын аныктагыла.

7. Мамлекеттеги саясий-укуктук режимдин ар бир түрүн анализдегиле.

8. Жогоруда соз болгон мамлекеттин негизги формаларын анализдеп чыгып, Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүнө жалпы мүнөздөмо бергиле.

Сунушталган адабияттар:

1. А.А. Акматалиев, Н.А. Акматалиева. Мамлекет жана укук теориясы : ЖОЖ үчүн окуу-

усулдук курал; НМУ. — Б. : [б. и.], 2001ж.

2. Венгеров А.Б. Теория государства и права. М., 1995г.

3. Исмаилов Н.А. Укук таануу: окуу китеби. Бишкек: 2013-ж.

4. Лазарев В.В. Общая теория права. М., 1994г.

5. Ю.Лучинский В.О. Основы Правоведения. Б., 2002г.

6. Михайленко Н.Г. Правоведение Кыргызской Республики. Б., 1997г.

21

II-бөлүм Укуктун теориясы

§1. Укук түшүнүгү, белгилери, функциялары.

§2. Морал жана укуктун өз ара катышы.

§3. Укуктун принциби.

§4. Укуктун нормалары, укуктук-нормативдик актылардын түрлөрү.

§5. Укуктук мамиле.

§6. Укуктун системасы.

§7. Укуктук система.

§8. Укуктун булактары.

§9. Укуктук жактан жөнгө салуу: ишке ашыруу жана колдонуу.

§10.Укуктун бузулушу, юридикалык жоопкерчилик.

1. Укук түшүнүгү, белгилери, функциялары.

Укук түшүнүгү. Укук-коомдун эң татаал кубулуштарынан болуп саналат. Укук

термининин көптөгөн маанилери бар бирок ошолорду электен өткөрүп, бир аныктамага

жыйнап келсек төмөнкүдөй аныктама келип чыгат. Укук - коомдук мамилелерди, анын

катышуучуларынын кыймыл аракеттерин жөнгө салууга багытталган, жалпыга бирдей

милдеттүү болгон эрежелердин жыйындысы. Бул аныктаманы эки мааниде түшүндүрсө

болот: субъективүү жана объективдүү.

Субъективүү укук-адамдын мыйзам чегиндеги өзүн-өзү алып жүрүү формасын эркин

тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу. Ошентип, субъективүү мааниде укук адамдын

эркиндигинин, уруксат берилген жүрүм турумдарынын көлөмүнүн чени катары аракетте

болгон коомдук кубулуш катары саналат. Адам укуктарынын жалпы декларациясында

эркиндик түшүнүгүнө толук юридикалык мындайча аныктама берилген: “Ар бир адам,

кайда гана болбосун, ага укуктун субъектиси таандык экендигин талап кылууга укуктуу”

22

(6 берене). Бирок субъективүү укук адамдын өзүнүн эркинен тышкары келип чыгышы

мүмкүндүгү коомдо баарына бирдей милдеттүү болгон нормалардан көз каранды болот.

Мамлекет тарабынан кабыл алынган мыйзамдарда каралган милдеттүү жүрүм-турум

эрежелери объективдүү укукту чагылдырат. Айрым философтор объективдүү укукту

адамдын аң сезими аркылуу өткөрүлгөн субъективүү укук деп белгилешкен. Чынында укук

таануучулар укуктун маңызы так ушул объективдүү укукта жатат деп айтышып бул

маселенин тегерегиндеги ой жүгүртүүлөр укуктун бир канча теорияларынын келип чыгышына

түрткү болду.

Табыгый укук теориясы. Байыртадан берки келе жаткан теориялардын бири

нормаларды жана адамдардын жүрүм турум эрежелерин жаратылыш мыйзамдарынын жана

тыбыгый кубулуштардын чагылышы катары карайт (Гегель, Монтескье, Гольбах).

Мамлекеттен көз каранды болбогон, бирок жогорку бир күчтүн эркин чагылдырган, дайыма

аракетте болуп турган адамдардын жүрүм турумдары, жашоо эрежелери өкүм сүрөт жана

мамлекеттик органдардын милдети адамдарга таңууланган өз алдынча нормаларды ойлоп

жана иштеп чыкпастан ошол мыйзам ченемдүүлүктөрдү катар-катары менен тизмектөөсү гана

керек деп эсептешет.

Тарыхый укук теориясы. Бул теориянын жактоочулары (Густав Гуго, Карл Савиньи)

адамдардын ортосундагы мамилелердин нормасы атайы жазылбастан коомдун өнүгүүсүнүн

тарыхый процесстеринде тил сыяктуу өзүнөн өзү пайда болду дешет. Мамлекет жана анын

органдарынын милдети ушул жүрүм турум эрежелерин үйрөнүү жана анализдөө менен атайы

укуктук эрежеге, формага салуусу керек.

Рационалистик укуктук теория. Жүрүм турум эрежелери адамдар тарабынан алардын

кандай максатты көздөгөнүнө жараша иштелип чыгарылган жана кимде күч жана бийлик

көбүрөөк болсо ошол тарап өзүнүн кызыкчылыгына карай эрежелерди аныктайт. Буга далил

катары адамзат тарыхындагы азчылыктын үстүнөн көпчүлүктүн кызыкчылыктары турганын

көрсөтүшөт (Рудольф Йеринг ж.б.).

Ошондой эле мамлекеттин келип чыгуу теориясында келтирилген психологиялык жана

тарыхый-материалистик теорияларды да белгилеп кетсек болот.

Азыркы юридикалык илимде укуктун маңызын ачууда негизги эки теорияны б.а.

социологиялык жана нормативдик теорияларды баса белгилешет

23

Социологиялык теориянын негиздөөчүсү Эрлих мамлекет мыйзамды жаратпоосу керек

деп белгилейт. Мамлекет адамдардын ортосундагы пайда болгон, күнүмдүк турмушта

иштелип чыккан мамилелерди изилдөөсү керек жана ошондон кийин гана аларга эрежелерди

тагып жалпыга бирдей милдеттүү болгон нормаларга айлантышы керек деп эсептейт.

Тескерисинче нормативдик теориянын жактоочулары (Г. Кельзен) реалдуу жашоодогу

кырдаалдар мыйзам чыгаруу процессине жолтоо болбошу керек деп белгилешет. Мамлекет

өзү багытталган, жандандырылган укуктан турат жана саясий бийлике, анын коомду

башкарууга багытталган органдары түзүлгөндүктөн мамлекеттик бийликтин эрки баарына

жеткиликтүү болуусу керек. Демек укук мамлекеттик эрктин материалдашуусу болгондуктан

укук менен мамлекеттин пайда болуу жана өнүгүү процесси бир эле убакта жүргөн.

Жогорудагы теориялардын ар бири укуктун маңызы, маанисинин кайсы бир кырын

карап ал социалдык жөнгө салуунун жана коомдук аң сезимдин бир формасынын

мыйзамдашуусу, коомдук мамилелелердин катышуучуларына бирдей милдеттүүлүк тагуучу

кубулуш экендигин тастыкташат.

Белгилери. Укуктун башка морал, стандарт сыяктуу жүрүм турум нормаларынан

айырмалап, өзгөчөлүгүн көрсөтүп туруучу белгилери төмөндөгүлөр:

1. Укук мамлекеттик атайы органдар (парламент, өкмөт, президент, жергиликтүү

өзүн-өзү башкаруу) тарабынан кабыл алынып алардын мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнүн

жыйынтыгы;

2. Укук адамдардын коомдо ээлеген диний, саясий, идеологиялык, финансылык

жаш курактык ж.б. абалдарына карабай жалпыга бирдей милдеттүүлүк мүнөзгө ээ жана анын

таасири мамлекеттин бүткүл аймагына таратылат;

3. Укуктун аткарылышы мамлекет тарабынан камсыз кылынат жана кепилденет.

Ар дайым эле укук ченемдери жарандар тарабынан ыктыярдуу түрдө аткарыла бербейт жана

ал убакта мамлекеттик органдар атайы күч көрсөтүү, мажбурлоо, баш ийдирүү чараларын

колдонушат. Укуктан башка нормалар коомдук колдоого алынса да жалпыга бирдей милдеттү

аткарууга жатпайт жана аткарылбагандыгы үчүн мамлекет тарабынан атайы чаралар

колдонулбайт;

4. Укук мамлекеттик аппараттын куралы б.а. алардын өз ыйгарым укуктарын иш

жүзүгө ашуруусуна көмөкчү;

24

5. Негизгиси укук нормативдүү болуп саналат т.а. мамлекет тарабынан атайы

расмий документ түрүндө кабыл алынат.

Функциялары.

Жөнгө салуучулук функциясы - коомдук мамилелерди тартиптештирүү б.а.:

-Саясий мамилилелерди жөнгө салат. Мамлекеттеги башкарууга катышкан мамлекеттик,

коомдук саясий уюмдардын, кызмат адамдарынын ишмердүүлүктөрүндөгү жүрүм-

турумдардын эрежелерин, алардын расмий каттоо жолдорун, иштөө тартиптерин аныктайт.

Демек, укук мамлекетте жүргүзүлгөн саясаттын булагы, таянычы, легитимдүүлүгү болуп

саналат;

-Укук экономикалык мамилелерди жөнгө салат. Менчиктин бөлүнүшүн, ага ээ болуу

шарттарын, чарба, ишкерчилик жүргүзүүдөгү тартиптерди, салык саясатын, аны чогултуу

жана бөлүштүрүү тартиптерин аныктайт;

-Социалдык мамлилелерди жөнгө салат. Коомдогу адамдардын жүрүм-турумун

аныктайт;

-Адамдардын жеке жашоосуна, коомго болгон көз карашынын калыптанышына

таасирин тийгизүүчү нормалар аркылуу адамдардын жошоосун жөнгө салат.

Коргоочулук функциясы-коомдук мамилелерди мыйзамсыз жүрүм-турумдардан алдын

алуу, коргоо б.а.:

-тыюу салууларды киргизүү;

-эскертүү ишмердүүлүгүн аныктоо;

-юридикалык жазаларды киргизүү;

-жазаларды аткаруу, кайра тарбиялоо эрежелерин киргизүү.

2. Морал жана укуктун өз ара катышы.

Коомдук мамлилелер укуктук нормалар менен гана жөнгө салынбастан жалпыга бирдей

же тар чөйрөдө кабыл алынган юридикалык жактан күчкө ээ эмес б.а. расмий таанылбаган

моралдык нормалар менен дагы жөнгө салынат. Анткени укук менен моралдын окшош

25

жактары да, бири-биренен айырмаланган жактары дагы бар экендигин төмөнкү

салыштыруудан байкасак болот.

Укук манен моралдын окшоштуктары:

1. Коом менен мамлекет тарабынан адамга болгон талаптарды чагылдырат;

2. Адамдарды баш ийүүгө, кээ бир аракеттерден карманууга мажбурлайт;

3. Адамдардын жүрүм-турумуна берилген бааны мамлекет жана анын атайы

органдары алек болот;

4. Таасир кылуучу тараптары боюнча бир багытта болот б.а. адамдар, социалдык

топтор, катмарлар ж.б.

Укук менен моралдын айырмачылыктары:

1. Укук мамлекет тарабынан коомдогу жүрүм-турумдарды, тартипти күч менен,

мажбурлоо менен жөнгө салса, морал адамдардын жүрүм-турум жөнүндөгү жалпы үлгү

болуучу түшүнүктөрдүн системасы жана ал бирөөлөргө, анын эркинен тышкары

таңууланбайт жана аны милдеттүү түрдө аткарууга мажбурланбайт;

2. Укук менен морал таасир берүү сфералары боюнча да айырмаланат б.а. морал

адамдын жүрү-турумун камтыса, укук коомдук мамилелерди жөнгө салуу зарылчылыгы келип

чыккан баардык чөйрөдө аракет кылат;

3. Укук менен моралдын жаралышында да айырмачылык көрүнөт. Моралдык

нормалар адамдардын жаман менен жакшы, уят менен абийир жөнүндөгү жалпы түшүнүгүнөн

куралса, укук мамлекеттин ыйгарымдуу бир органы тарбынан жалпыга бирдей милдеттүү

аткарылуусуна ылайыкталып иштелип чыгып, кабыл алынат;

4. Укук менен морал жайгашкан ордунан да айырмаланып, морал жана анын

аракеттери атайы бир расмий катталуусу кереке эмес болсо, ал эми укук расмий таанылууга

муктаж;

5. Алар жалпы мазмунга ээ эмес т.а. адамдын түрүм-туруму моралдык көз

караштан туура эмес кабыл алынган жагдайда укуктук талаптар анын аракетинен эч кандай

мыйзам бузууну көрбөйт.

26

3 Укуктун принциби.

2. Укуктун принциби коомдук жашоодогу баалуулуктардын башатын жана багыттарын

укуктук жактан бекитүүчү, баардык укуктун нормаларынын өзөгүнөн орун алат жана

мамлекеттеги укуктук системанын негизи болуп саналат.

Демократизм принциби. Коомго жеке укуктун жалпы негизин б.а. мамлекеттин ишине

жана аны башкарууга катышууга толук мүмкүнчүлүк берүүчү адам укуктарынын жана

эркиндиктеринин баалуулуктарын чагылдырат.

Гуманизм. Мамлекетти адамдардын жана жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө, алардын

жошоосуна, ден соолугуна, абийир-намысына кам көрүүгө милдеттендирет.

Социалдык эркиндик. Адамдарды социалдык жактан коргоого алуу, ишмердүүлүгүн

тандоодо мүмкүнчүлүк түзүү, жашаган турак жерин тандоодогу, өз оюн билдирүүдөгү жана

дин тутуудагы эркиндикти камсыз кылууга болгон чакырыктарды камтыйт.

Мыйзам алдындагы теңдик. Таптык, улуттук, диний, курактык, расалык, жыныстык

абалына карабай бирдей мүмкүнчүлүк бирдей укуктар ар бир адамга кепилдик берилүү менен

иштейт.

Мыйзамдуулук. Укуктук нормаларынын баардык жоболору аткарылуусу керек б.а.

мамлекеттеги баардык тараптар ишмердүүлүгүн мыйзамдын негизинде жүргүзүүсү керек.

Укуктун жана милдеттин биримдиги. Укуктун реалдуулугу милдет менен

түшүндүрүлөт жана ар бир адам бул эки түшүнүктү бирдей алып жүрүүсү керек.

Социалдык акыйкаттуулук. Укуктук жана моралдык мааниге ээ реалдуу жашоодо

ишке ашыруу оор жана моралдык нормалардын түз жардамы менен узак убакытта болсо да

иштетүүгө болоорун белгилесе болот.

Укуктук жоопкерчилик. Мыйзамга каршы аракеттер, жүрүм-турумдар үчүн

мыйзамдын негизинде сот өкүмү менен жоопкерчилике тартылат.

27

4. Укуктун нормалары.

Укуктун коомдук мамилелерди жөнгө салуучу катары анын ошол мамилелерге реалдуу

таасир берген учурда карайбыз. Анткени укук иштеп турган учурда гана жыйыньык болоорун

коомдук процесстер көрсөттү. Укук жогоруда көрсөткөндөй адамга тиешелүү жана ага, анын

аң сезимине байланыштуу болгондуктан адамдын катышуусуз өкүм сүрбөйт жана анын аң

сезиминдеги укуктун материалдашуусу зарыл. Демек укуктун формасы адам аң сезиминен

сырткары б.а. мамлекеттин эркинен улам пайда болгон, бекиген, аныкталган мыйзамдар.

Укуктун нормасы коомдук мамилелерди жөнгө салууга арналган, багытталган, жалпыга

бирдей милдеттүү мамлекеттик-бийликтик көрсөтмө. Норма-укуктун пайдубалынын башаты,

бөлүгү жана аны акырындап чогултуунун үч жолун белгилеп кетесек болот.

-Укуктук идеалардын пайда болушу. Байыркы адамдардын коомунда эле кол

тийбестик, коргоо, өздүк укук деген идеалар болгон. Ал жөн жерден эмес, анткени адамзат

коомунда топтордогу таасир талашуу, менчик түшүнүгү, үй бүлөөдөгү мамилелер жана

башкаруу маселелери аларды изденүүгө түрткөн. Анан жөнөкөй болсо да укуктук нормалар

келип чыгып аларды ишке ашыруу б.а. иштетүү механизмдери да башка бир нормалардын

жаралышына түрткү болу.

-Укуктук нормалардын калыптанышы. Бул баскычта коомдук аң сезимдеги болгон

укуктук идеаларды электен өткөрүү процесси башталды. Аларды бир калыпка салуу

куралдарын издөө, укуктук нормаларды иштеп чыгуу тартиптерин жана принциптерин

изилдөө, аларды кабыл алуу жолдорун аныктоо иштери жүрө баштады. Кыскасын айтканда,

укуктук нормалардын “өндүрүшү” башталды десек болот.

-Укуктук норманы колдонууга берүү. Жөнгө салуу максатында коомдук мамилелерде

укуктук нормаларды колдонуу.

Укуктук норманын структурасы-анын түзүлүшүнүн бөлүктөрү жана жалпы

көрүнүшү. Үч терминди өзүнө камтыйт: гипотеза, диспозиция, санкция.

Гипотеза - коомдо кезиккен чыныгы жагдайлар, ал эми келечекте болжолдуу

кырдаалдарды, багыттарды көргөзүп туруучу укуктук норманын бөлүгү.

Диспозиция – гипотезада көрсөтүлгөн кырдаалдар түзүлгөн жагдай, шартта укуктун

субъектисинин кыймыл-аракетин көрсөткөн, аныктаган укуктук норманын эң негизги өзөгү.

28

Санкция – диспозицияда аныкталган эреженин талаптарын бузган учурдагы мамлекет

тарабынан колдонулуучу чараларды көргөзүп туруучу укуктук норманын бөлүгү.

Укуктук нормалардын түрлөрү. Укуктук нормаларда чагылдырылган жүрүм-

турумдардын мүнөзүнө жараша аныкталып бул белгилер боюнча үчкө бөлүнөт:

-Укук берүүчү. Мамилелердин катышуучуларына алардын каалоосунда колдоно турган

укуктук нормалар. Мисалы соттук коргоо укугунан пайдалануу. Эгер жабырлануучуга оор

эмес зыян келип сотко кайрылбай, жарашуу аркылуу чечүү укугуна да ээ;

-Милдеттендирүүчү. Коомдук мамилелердин катышуучуларына бир эрежени сактоого

милеттендирет жана анын сакталышына көзөмөл жүргүзөт;

-Тыюу салуучу. Кээ бир аракеттерге тыюу салат жана андан алыс болууга чакырат.

Укуктук-нормативдик актылар.

Укуктук-нормативдик акт – бүткүл элдик добуш берүүнүн же мамлекеттик бийлик

органдарынын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында түзүлгөн юридикалык норманы өз исине

камтыган расмий документ. Ал укуктун формасынын негизи болуп саналат. Мындан тышкары

укуктун формалары: таанылган үрп-адаттар, соттук прецедент, укуктук келишим.

Таанылган үрп-адаттар мамлекет тарабынан расмий таанылып атайы коргоого,

милдеттүү аткарууго алынган укуктун формасы.

Соттук прецедент кээ бир соттук чечимдерге милдеттүүлүк маанисин киргизүү. Ал

чечим башка бар чечимдерге мыйзамды колдонгондой колдонуу маанисине ээ болот.

Укуктук келишим эл аралык келишимди же мамлекеттер ортосундагы келишимдерди

укуктук акт катары таануу.

Укуктук-нормативдик актылардын түрлөрү.

Мыйзам - эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон өтө маанилүү коомдук мамилелерди

жөнгө салууга багытталып мамлекеттик бийликтин атайы органдарын тарабынан иштелип

чыгып, өзгөчө тартипте кабыл алынган укуктук-нормативдик акт.

Мыйзамдын түрлөрү: конституция, конституциялык мыйзамдар, кодекстер,

президенттин указдары, өкмөт токтомдору, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын

актылары, мекемелердин укуктук-нормативдик актылары.

29

5. Укуктук мамиле.

Тигил же бул коомдук мамилелерди жөнгө салууга арналып кабыл алынган укуктук

актылар ошол коомдук мамилелердин толук түрдө укуктун таасирине кирди дегенди

билдирбейт, ошондуктан укуктук нормаларды жайылтуу, ишке ашыруу чаралары кеңири

жүрүшү зарыл.

Укуктук нормаларды ишке ашыруу – анда жазылган эрежелердин адамдардын жүрүм-

турумундагы чагылышы. Укуктук норманы ишке ашыруу жолу адамдын аң сезими аркылуу

өтөт, анткени адамдын көз карашынын бир бөлүгү болуу менен бирге укук нормалары анын

жүрүм-турмунун нормасы болуп калат. Укуктун нормасы кимге багытталса ал эч кандай

кошумча чараларсыз эле колдонууга өтөт жана норма караган милдеттерин аткарат. Укуктун

нормасынын өзүн-өзү ишке ашыруусунун процесси мыйзамдуулук, тартип укуктун нормасын

колдонуучулук менен жүрөт.

Мыйзамдуулук - коомдук мамилелердин баардык катышуучулары тарабынан

нормалардын так жана убагы менен аткарылуусун айтабыз. Анын жыйынтыгы тартип.

Тартип – мызйамдуулуктун режимин жана укуктун талаптарын практикалык түрдө

аткарылуусунан келип чыккан коомдук мамилелердин чыныгы ирээттелген абалы.

Реалдуу турмуштагы практика көргөзгөндөй, баардык эле укукиук нормалар

адамдардын жүрүм-турумунда колдонулбай, ишке ашпай калат. Мындай учурларда укуктук

нормалардын колдонуучулук сыяктуу өзгөчө процедуралардын зарылдыгы келип чыгат.

Укуктун нормасын колдонуучулук – белгилүү бир кырдаалдагы же белгилүү

адамдарга карата колдонулган мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү.

Укуктук нормага таасир этүүгө жана укуктук норманы ишке ашыруу, колдонууга

багытталган, өз ара укуктарга жана милдеттерге ээ болгон тараптардын юридикалык

байланышын камтыган коомдук мамиле укуктук мамиле деп аталат.

Демек, укуктук мамиле коомдук мамилелердин катышуучуларынын объектдүү

укуктарын(укуктук нормалардын жыйындысы) субъективдүү укука которуучу каражат боло

алат.

30

Белгилүү болгондой, укук адамдын дүйнөгө болгон көз карашын жөнгө салуу

функциясын алып жүргөндүктөн адамдагы укуктук аң сезимдин калыптануусуна да өбөлгө

боло алат

Укуктук мамилелердин структурасы

Коомдук жашоого, укуктук кубулуштарга, саясий процесстерге, мамлекеттик

башкарууга болгон адамдардын сезимин, идеасын, көз карашын, санаасын билдирген

мамилелердин жыйындысын чагылдырган коомдук жана жекече аң сезимдин өзгөчө формасы.

Коомдук аң сезимге карата укуктук аң сезим укуктук идеология түрүндө, жекече аң

сезисге карата укуктук психология түрүндө байкалат. Укуктук аң сезим адамга укуктук

нормалардын ички керектөөлөрүн уамсыз кылган психофизикалык абалды мүнөздөйт жана

турмуштук принциптери менен аралашуусу аркылуу дүйнөгө болгон көз карашынын бөлүгү

болуп калат.

Укуктук аң сезимдин өбөлгөсү адамдын жеке адамгерчилик сапатынан, касиеттеринен

аныкталып кырдаалга жараша жаңырып отурат. Мындай касиет укука жөндөмдүүлүк жана

аракетке жөндөмдүүлүк деп аталат.

Укука жөндөмдүүлүк адамдын укуктук нормаларда бекитилген жеке укуктарды жана

милдеттерди алып жүрүүгө жөндөмдүүлүгү. Адамга тиешелүү укуктар негизинен ал

төрөлгөндөн тартып башталып, ал өлгөндө токтолот.

Аракетке жөндөмдүүлүк адамдаын өзүнүн укугун өз алдынча, максаттуу, аң сезимдүү

колдоно билүүсү жана анын аракеттеринин натыйжасына баа бере алууга болгон

жөндөмдөрдүн жыйындысы. Ал белгилүү бир куракта башталат жана мамлекетте атайы

аныкталган шаарттарда болот. Мисалы адам 18 жашка чыгуусу менен башталса, кандайдыр

бир аракети мыйзамга каршы келип соттун чечими менен белгилүү бир мөөнөткө же өмүр

бою токтотулуусу мүмкүн. Ошондой эле адам психикалык оорулуу болуп жактан өзүнүн

кыймыл аракетине жооп бере албаса да мамлекеттик адистешкен мекемелеринин,

адистеринин чечими менен токтотулат.

Укуктук мамилелердин объектилери коомдо кездешкен реалдуу балуулуктар. Ушул

баалуулуктарды керектөө жана коргоо маселелердин айланасында гана субъективдик укуктap

жана милдеттер пайда болот.

Баалуулуктарга төмөнкүлөрдү багыттасак балат:

31

1. адамдын өмүрү, ден-соолугу;

2. менчиги;

3. эркиндиги, ар-намысы, кадыр-баркы;

4. үй-бүлөсү;

5. мамлекеттик жана коомдук коопсуздук;

6. мамлекеттик бийлик.

Ушул жана башка коомдогу баалуулуктар укуктук мамилелердин объектиси болуп

саналып, булардын ар бири мамлекеттин коргоосунда болот. Ушул объектилердин

тегеретесинде гана укуктук мамиле пайда болог.

Бул объектилерди төмөнкүдөй болсө болот:

1) материалдык баалуулуктар;

2) материалдык эмес баалуулуктар;

3) руханий чыгармачылыктардын жыйынтыктары;

4) саясий-экономикалык баалуулуктар;

5) курчап турган жаратылыш баалуулуктары.

Укука жөндөмдүүлүк, аракетке жөндөмдүүлүгү жана обьектилери менен катар эле

укуктук мамилелердин пайда болуусуна өбөлгө болгон көптөгөн коомдук кубулуштардын

бири юридикалык факты болуп саналат.

Юридикалык факты – реалдуу чындыктын фактысы б.а. укуктук нормалар укуктук

мамилелердин келип чыгышына, өзгөрүүсүнө, токтотулуусуна таасир бергени менен

байланыштырган турмуштагы ар кандай жагдайлар. Бул фактылар көбүнчө укуктук

нормалардын гипотезасында жайгаштырылган жана экиге бөлүнөт:

1. Окуялар-адамдын эркинен тышкары болуп өткөн юридикалык фактылар (сел

жүрүү, жер титирөө ж.б.). Бирок ушул фактылар эл жок ээн талаада өтсө юридикалык факты

болуп эсептелбейт жөн гана факт катары катталат. Кээ бир юристер окуяны адамдан көз

каранды болбогон окуялар жана салыштырмалуу окуя же адамдын байкабай кылган

аракеттеринен улам кырдаал көзөмөлдөн чыгып кеткен окуялар деп бөлүшөт.

2. Кыймыл-аракеттер-адамдын аң сезиминин тышкы көрүнүшү жана анын эркинен

байланыштуу болгон абалда келип чыккан мыйзамдуу же мыйзамсыз кыймыл-аракеттер.

Мыйзамдуу кыймыл-аракеттерге юридикалык актылар, адармдардын ишмердүүлүгү,

никеге туруу, арыздануулар ж.б.

Мыйзамсыз кыймыл-аракеттерге зыян келтирүү, кылмыш кылуу, келишимдерди бузуу,

мыйзамсыз мүлккө ээ болуу ж.б.

32

6. Укуктун системасы

Укуктун нормалары мыйзам чыгаруучулардын гана көз карашын чагылдырбастан

коомдогу реалдуу мамилелерди жөнгө салууга багытталып чаржайыт кабыл алынбастан бир

тутумдашкан багытта өкүм сүрөт. Ал өзүнө тиешелүү болгон ички түзүлзштөн турат б.а.

коомдук мамилелер системасындагы бир тармакты камтыган укуктук тармактардан,

институттардан турат. Бул бөлүнүү мыйзам чыгаруучуга да, аны колдонуучуга да

ыңгайлуулукту түзөт. Анткени кабыл алынган норма коомдун кайсы бөлүгүн жөнгө салат,

кимге тиешелүү, ким көзөмөлдөйт деген суроолор жаралбастан мыйзамдын кайсы тармака

тиешелүүлүгү аныктоочу болуп калат.

Укуктун тармактарын түзүүдө укуктук жөнгө салуунун предметин аныкталат б.а. бир

багыттагы, окшош коомдук мамилелер ошол мамилелерди жөнгө салууга багытталган

укуктук нормалардын предмети болуп калат. Жөнгө салуунун предмети укуктук нормалардын

тармактарга бөлүнүшүнүн негизи болот. Мисалы, күйөсү менен аялынын ортосундагы

мамилени жөнгө салуучу укуктук нормалардын жыйындысы Үй бүлөлүк укук болуп саналат.

Укуктун тармагы деп коомдук мамилелердин кайсы бир бөлүгүн, чөйрөсүн жөнгө

салган укуктук нормалардын жыйындысын айтабыз.

Укуктун негизги тармактары төмөнкүлөр:

1. Конституциялык укук

2. Жарандык укук

3. Административдик укук

4. Кылмыш-жаза укугу

5. Эмгек укугу

6. Айыл-чарба укугу

7. Үй-бүлөөлүк укук

8. Финансы укук

9. Экологиялык укук

10. Кылмыш-процессуалдык укук

11. Жарандык-процессуалдык укук

12. Бажы укугу

13. Эл аралык укук ж.б.

7 Укуктук система

33

Укуктук системаны укуктун системасынан айырмалап кароо керек, анткени укуктун

системасынын элементи укуктун нормалары болсо укуктук системанын элементтери баардык

укуктук кубулуштар болуп саналат.

Укуктук система бул бир коомдун баардык укуктук кубулуштарынын жыйындысы б.а.

ал коомдо өкүм сүргөн нормалардын, укуктук аң сезимдин, мамилелердин, укуктук

маданияттын, укуктун булактарынын ж.б. коомдук, укуктук кубулуштар. Ар бир мамлекеттин

өзүнө тиешелүү укуктук системасы бар, бирок белгилүү бир окшоштуктарга бириккен укуктук

системалардын тобу укуктук багытты калыптандырып дүйнөдө бир канча укуктук

системалардын тобун пайда кылды. Ал окшоштуктар укуктун пайда болуу, укуктун

булактарынын бир болуусу, укуктук жөнгө салуудагы методдордун окшоштугу, юридикалык

терминдердин бирдиги сыяктуу критерийлер аркылуу аныкталат.

Укуктук системаны түзүүчүлөр:

1) Коомдогу эрежелердин жыйындысын аныктаган укук;

2) Мамлекеттик укуктук саясатты жүргүзүүчү мекемелер;

3) Сот акыйкаттыгы;

4) Укуктук жөнгө салуу механизмдери;

5) Укукту ишке ашыруу процесси;

6) Адамдардын укугу, эркиндиги жага милдеттери;

7) Укуктук мамиле;

8) Мыйзамдуулук жана тартип;

9) Укуктук идеология;

10) Укуктун субъектиси;

11) Системанын туруктуулугун, бирдигин жана бүтүндүгүн камсыз кылуучу

байланыштар;

12) Юридикалык жоопкерчиликтер;

13) Укуктун булактары;

14) Укуктук статустар ж.б.

Азыркы убактагы дүйнөдөгү негизги укуктук системалар төмөндөгүдөй бөлүнөт:

Англосаксондук, роман-германдык, исламдык, социалистик жана кадимки укуктук

системалар.

34

Англосаксондук укуктук системасы (Великобритания, Ирландия, АКШ, Канада,

Австралия, Индия, Сингапур, Океания өлкөлөрү, Нигерия, Гана, Либерия ж.б.) укуктун

булагы катары соттук прецедент же соттук чечимдердин жыйындысы кабыл алынат. Укуктук

коргоо кайсыл тарапта болсо укук ошол жерде принциби менен иштейт ошол эле убакта

мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар дагы таанылат.

Парламент жана башка мыйзам кабыл алуучу органдардын актылары экинчи маанидеги

укуктук булактар болуп саналат. Соттук прецедент мыйзам аркылуу өзгөрүшү, артка

кайтарылышы мүмкүн, бирок мыйзамды чечмелөө методу кайра эле соттук практиканын

негизинде жүргүзүлгөндүктөн жалпы жонунан соттук чечимдердин таасири күчөйт.

Роман-германдык укуктук системасын Байыркы Рим укугунун мураскери катары

карасак болот (Франция, Германия, Италия, Испания ж.б.). Рим укугун көчүрүү менен аны

өнүктүрүү, ылайыкташтыруу, өркүндөтүү аркылуу укуктун булагы катары мыйзам таанылат

жана аларды үчкө бөлөт: кодекстер, мыйзам актылары жана нормалардын жыйнагы.

Эң негизги юридикалык күчкө ээ болгон мыйзам конституция жана ал башка

мыйзамдардын негизи, башаты катары каралат. Элдик каада-салттар, адаттар кошумча

укуктук булак катары таанылат жана колдонулат.

Сот органдары жана судьялар мыйзам чыгаруу органы же мыйзам булагы катары

таанылбайт.

Ислам укуктук системасында (Иран, Ирак, Пакистан, Судан, Малайзия, Египет, Ливан,

Афганистан, Сауд Аравия сыяктуу 45 мамлекет бар) VII кылымдан баштап киргизилген,

укуктук булак катары Куран, Сүннөт, Иджма, Кияс таанылат.

Куран- Алла Таала тарабынан түшкөн эрежелер жана мисалдар жыйындысы.

Сүннөт- Пайгамбар Мухаммад САС тарабынан айтылган жана анын аракеттеринен

жыйналган эрежелер жыйындысы.

Иджма-белгилүү укук таануучулардын шарият маселелериндеги чечимдери.

Кияс-жогорудагы булактарда каралбаган кырдаалдардын кеңешип чечилиши.

Ошондой эле ислам укугунда мазхаб түшүнүгү бар. Мазхаб-Курандан жана

Пайгамбардын САС сүннөттөрүнөн, аалым-укук таануучулар тарабынан чыгарылган,

далилдердин тутумун жана ыкмаларын, шарият эрежелерин, укуктук мектептерди

35

түшүндүрөт. Бүгүнкү күндө, суниттерде, төрт укуктук мектеп-мазхаб бар. Алар, өз

негиздөөчүлөрүнүн атынан аталган:

-ханафий (имам Абу Ханифанын мазхабы);

-шафий (имам аш-Шафийдин мазхабы);

-маликий (имам Маликтин мазхабы);

-ханбалий (имам Ахмад ибн Ханбалдын мазхабы).

Алгач, исламда эч кандай мазхабдар-юридикалык мектептер болгон эмес. Мазхабдар,

ислам укугу дүркүрөп өскөн, VII-XII кылымдарда калыптанган. Анткени, Омеяддардын жана

Аббасиддердин башкаруусундагы халифат тездик менен кеңейип, анын айланасына жаңы

өлкөлөр, маданияттар жана цивилизациялар, ар түрдүү элдер жана уруулар топтолгон. Жаңы

көйгөйлөрдү – тиричилик маселелеринен тартып, саясый жана философиялык маселелерге

чейин чечүү талабы жаралган. Мындан тышкары, исламдын ченемдерин колдонуу боюнча,

жаңы ыкмаларды табуу зарылчылыгы келип чыккан. Мазхабдар тарыхый жактан, «хадистерди

тутунуучуларга» жана «акылга негизделген түшүнүктүн тарапташтарына», тактап айтканда,

биринчилери текстерге басым жасаса, экинчилери, акылга негизделген ой-жүгүртүүгө,

логикага жана салыштырмалуу талдоону кеңири колдонушкан.

8. Укуктун булактары.

Укуктун булагы бул укуктук нормалардын сырткы көрүнүшү менен жана мыйзамдын

үстөмдүгүн бекемдөө. Кээ бир юридикалык адабияттирда укуктун булагын жана укуктун

формасын синоним катары караса кээ биринде экөөнү бөлүм караган жерлери бар.

Укуктун булагы укуктун нормасынын мазмунун аныктаган фактор жана укуктун

нормалары келип чыгуучу күч, негиз катары каралса укуктун формасы анын тышкы көрүнүшү

болуп саналат. Укутун булактарын аныктоо үчүн аны мамлекеттин таануусу зарыл б.а.

мамлекеттик баардык бийлик органдары мыйзамды сактоого, аткарууга милдетүүлүгү же

болбосо сот органдары чечим чыгарууда жогору турган сот чечимдерин таяныч катары

колдонулуусу укуктук нормалардын жазуу жүзүндө да, маанисинде да таанылуусу болуп

калат. Ошонжой эле укуктук булактар социалдык жактан да легитимдүү болуусу шарт. Бул

ошол коомдогу укуктук ж.б. мамилелерди жөнгө салууга багытталгандыктан коом дагы ал

нормаларды тааный билиши керек. Укуктун булактары мамлекеттин формасына, тарыхый

жана диний жолуна жараша ар кандай абалда болот жана анын составы да туруктуу болбойт.

36

Анткени мамлекеттеги саясий, экономикалык, социалдык абал, граждандык коомдун,

социалдык топтордун абалы да оз ролун ойнойт. Буларды эске алуу менен укуктун

булактарын шарттуу түрдө төмөнкүдөй бөлүп караса болот:

- Укуктук адаттар;

- Диний адаттар;

- Юридикалык идеалар;

- Прецедент;

- Укуктук-нормативдик акт;

Укуктук адаттар адамдардын, коомдун жашоосунда узак убакыт бою, көп кайталанып,

ошол жерде күнүмдүк жүрү-турум эрежесине айланган адаттар. Мисалы, айыл жеринде малды

союп, этин таратып баасын болжолдуу кийинки жылы туулчу бир козуга ченеп бөлүп алуу

адаты узак убакыттын бери колдонулуп келе жаткан салт. Бул норма жазылган эмес, бирок

жалпы эл тарабынан кабыл алынган ошол эле учурда бул методду колдонууга мыйзам тыюу

салбайт жана коомдук мамилелерди жөнгө сала алат.

Диний адаттар азыркы светтик мамлекеттерде диний нормалар таанылбаса дагы

диндеги ыйык күндөрдү, кээ бир диний талаптарды таануу, ошол мамлекетте жашаган

адамдардын диний көз карашын сыйлоо, таануу катары шарт түзүү иштерди жүргүзүшөт.

Динге негизделген кээ бир мамлекеттер (Аравия, Ватикан ж.б.)Библия, Веды, Тора, Небиим,

Кетубим, Талмуд, Куран сыяктуу ыйык китептерди, Ислам дининде диний укуктун

принциптери катары саналган хадисдердин жыйнактары, диний кызматкерлер чыгарган

чечимдерди да булак катары карашат.

Юридикалык идеалар укук таануу менен алектенген окумуштуулар тарабынан

киргизилген укуктук, башкаруучулук, саясат, коом ж.б. жөнүндөгү идеалардын тобу. Мисалы,

байыркы убакта рим укугунда сот чечимдеринде укуктук идеаларга басым жасалган, ислам

укуктук системасында азыркы убакта деле укуктук системанын бир бөлүгү катары кабыл

алынат. Швейцарияда болсо граждандык сот өндүрүштөрүндө мыйзамда каралбаган

жагдайларды жөнгө салууда укуктук идеаларга кайрылышат б.а. ушул багытта илимий көз

караштарын жазган окумуштуулардын эмгектериндеги көргөзмөлөргө таянышат.

Прецедент жалпы милдеттүү мүнөзгө ээ болгон конкреттүү бир иш боюнча чыгарылган

соттук же административдик чечим. Байыркы убакта Рим укугунда кеңири колдонулса азыркы

учурда англосаксондук укуктук системада жогорку соттук инстанциянын чечим кабылдаган

кырдаал. Чечимдери төмөнкү сот органдарына милдеттүү колдонууга алынат.

37

Укуктук-нормативдик акт мыйзам кабыл алууга ыйгарым укуктуу болгон мамлекеттик

органдар кабыл алган расмий документтер. Укуктун нормаларынын мазмуну беренелерде

жайгашкан жана анын жыйындысы өзүнчө бир укуктук-нормативдик акт болуп саналат.

“Акт” термини укук таанууда эки мааниден турат:

-мамлекеттик бийлик органдардын мыйзам чыгаруу аракети;

-тигил же бул аркеттерге тыюу салуучу, милдеттендирүүчү, укук берүүчү же кыймыл

аракеттерди аныктоочу, бекитүүчү расмий документ.

“Нормативдик” термини расмий документ укуктук норма болуп саналаарын билдирет.

“Укуктук” термини юридикалык күчкө ээ экендигин көргөзөт.

Төмөндөгүдөй белгилери бар:

-жазуу жүзүндө;

-милдетүү реквизиттер;

- мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынат;

-юридикалык мазмунду камтыйт;

-структурага ээ.

Демек, укуктук нормативдик актылар атайы бекитилген формада, аткарылууга тийиш

болгон, маалыматтар камтылган, расмий юридикалык документ болуп саналат.

Мамлекетүүлүктүн өнүгүүсүнө б.а. мамлекеттин башкаруу аппараты өнүккөн өлкөлөрдө

укуктук-нормативдик актылар башка укуктун булактарын баардык сферадан сүрүп чыгып

жалгаз укуктун булагы болуп калаарын реалдуу турмушта көрүүдөбүз. Анткени укуктук-

нормативдик актыларда мамлекеттин эрки чагылырылып ал элдин макулдугу менен

бекитилип юридикалык күчкө ээ болуп калат. Ал учурдун жана келечектин чакырыктарына

реалдуу жооп бере алчу бирден-бир расмий документтердин тобу. Укуктук адаттардын

калыптанышына көптөгөн жылдар керекетелсе, диний нормалар өзгөрүүгө ылайыкталбаса

укуктук нормативдик актылыр кырдаалга жараша өзгөрүп, толукталып, жаңысы кабыл

алынып жүрүп отурат.

Юридикалык күчүнө ылайык укуктук нормативдик актылар мыйзам жана мыйзам

алдындагы актылар деп бөлүнөт.

Мыйзам жогорку юридикалык күчкө ээ болгон жана коомдогу эң маанилүү

мамилелерди жөнгө салууга багытталган укуктук нормативдик акты. Ал эл тарабынан же

элдин өкүлдөрү болгон мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.

38

Мыйзам өз ичинен Конституция, Конституциялык мыйзамдар, Мыйзамдар деп

бөлүнөт.

Конституция мамлекеттик түзүлүштү, адамдардын жана жарандардын негизги

укуктарын жана эркиндиктерин, коомдогу негизги мамилелерди, мамлекеттин суверендүүлүгү

сыяктуу маанилүү тармактарды аныктоочу, бекитүүчү эрежелерди камтыган эң жогорку

юридикалык күчкө ээ болгон референдум аркылуу же парламентте кабыл алынган укуктук

нормалардын жыйындысы.

Конституциялык мыйзамдар конституцияга байланган б.а. андагы укуктук

нормаларды майдалап түшүндүрүү багытындагы мыйзамдар.

Мыйзамдар коомдогу бир тармакты жөнгө салган нормалар жыйындысы, мисалы

Жарандык жөнүндө мыйзам, Кылмыш-жаза кодекси ж.б.

Жогорудагы мыйзамдардын баардыгына тиешелүү белгилери бар:

-жогорку мыйзам чыгаруу органдары тарабынан кабыл алынат;

-өзгөчө тартипте кабыл алынат;

-аныктоочулук күчтү алып жүрөт;

- түз аракет кылуучу сапатты алып жүрөт;

-расмий жарыялоого жатат.

Мыйзам алдындагы актылар дагы маанилүү укуктук нормативдик актылардын

жыйындысы жана жогорудагы мыйзамдардын негизинде жана алардын аткарылышы үчүн

кабыл алынган.

Мыйзам алдындагы актылардын түрлөрү:

-президенттнн указдары жана буйруктары.

-өкмөттүн токтомдору.

-министрликтердин буйруктары жана токтомдору.

-жергиликтүү органдардын мыйзамдары.

-коомдук уюмдардан, мекемелердин нормалары.

9. Укуктук жактан жөнгө салуу: ишке ашыруу жана колдонуу.

Коомдук мамилелерге укуктун таасири анын адамдардын ишмердүүлүгүнө баа берүүдө

жатат б.а. алардын аракеттеринин коомго пайдалуулугун же пайдасыздыгын аныктоочу

индикатор боло алат. Колдонулбаган, ишке ашпаган укуктук нормалар пайдасыз жана

маңызсыз болот ошондуктуан аны ишке ашыруу механизми, колдонуу абдан маанилүү. Тамак

ичүү, эс алуу, маектешүү укуктун таасирисиз өкүм сүрсө, никелешүү, ишке орношуу, турак-

жай алуу процесстери түздөн-түз укуктук нормаларды колдонуу менен ишке ашат. Ал эми

39

коомдук тартипти бузуу, жол эрежесин сактабоо сыяктуу укук бузуулар да укуктук нормалар

тарабынан баа алат. Бул укуктук баа берүүлөргө адамдар албетте таасирленет жана келечекте

өздөрүнүн кыймыл аракеттерин ошого жараша жүргүзүшөт. Демеке укуктук нормалар

мамилелерге, адамдардын кыймыл аракеттерине баа берүү аркылуу коомдук мамилелерди

жөнгө салат жана ушул процессти укуктук жактан жөнгө салуу дейбиз.

Укуктук нормалар оң баа берген кыймыл-аракеттер социалдык пайдалуу же социалдык

зыянсыз деп саналса укуктук жактан таанылган аракеттер мыйзамдуу деп аталат.

Тескерисинче социалык зыяндуу аракеттерди мыйзамды бузуу катары бааланат.

Ишке ашырылып жаткан укуктун нормасынын мазмунуна ылайык төмөндөгүдөй

формаларга бөлүнөт:

-Баш ийүү. Укуктук нормалар тыюу салган аракеттерге барбоо алардын талаптарына

көнүү;

-Аткаруу. Укуктук нормалар милдеттендирген талаптарды аткаруу;

-Пайдалануу. Укуктук нармалар караган мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу;

-Колдонуу. Жогорудагы укуктун ишке ашыруу формалары укукту колдонуу формасысыз

маанисиз жана укукту колдонуу менен гана ишке ашат жана төмөндөгүдөй өзгөчөлүктөргө ээ:

-укуктук нормалардын дээрлик көп бөлүгү мамлекеттин катышуусуз, уруксаатысыз

ишке ашпайт;

-келишимдер аркылуу чечимдерге, бүтүмдөргө келүү мүмкүнчүлүктөрү каралган;

-юридикалык жактан билимдүү адистерден кызмат алуу укугу берилген;

-сот өндүрүшү аркылуу укугун ишке ашыруу.

Укукту кодонуу негиздүүлүк жана калыстык принциптери менен ишке ашат б.а. абалдын

чыныгы, фактыларга таянган, толук жагдайын аныктоо, колдонуучулардын компетентүүлүгү,

калыстыгы, мыйзамга шайкештиги каралат.

10. Укуктун бузулушу, юридикалык жоопкерчилик.

Укуктук жактан жөнгө салуунун жыйынтыгы, укуктук аракеттин натыйжасы тартип

экенин баса белгилөө менен коомдо мыйзам тыюу салган аракеттерден алыс болуу баардык

эле укукту кодонуучулардын колунан келбешин реалдуу статистикадан улум байкайбыз.

Тартиптүү журум-турумдун каршысында укукту бузуу туруп аны коом өзгөчө көңүл буруучу

кубулуш экендигине улам өсүп жаткан тескери көрсөткүчтөр далил болот. Укук бузуу деп

коомго белгилүү бир деңгээлде коркунуч жаратуучу укукта каршы келген жана жазага

тартылуучу аракетти айтабыз. Анын белгилери:

-Коомдук коркунучтуу. Ал кимдир бирөөгө зыян, залал жеткирүү менен бааланат;

40

-Мыйзамга каршы келүүчүлүк;

-Күнөөлүү жүрүм-турум;

-Жазалануучу жүрүм-турум.

Укук бузуунун түрлөрү:

1. Тартип бузуу.

-административдик тартип бузуу коомдук тынчтыка жана тартипке багытталган жана

аткаруу ишмердүүлүгүн бузууга багытталган укук бузуулар;

-дисцилинардык эмгек процессинде эмгек тартиптерин, талаптарын бузуу

2. Жарандык укук бузуу. Мүлктүк жана ушуга байланышкан мамилелерди жүргүзүүдө

бузулган укуктук мамилелер.

3. Кылмыш. Коомго коркунуч алып келген кылмыш жоопкерчилиги каралган аркеттер.

Укук бузуунун жогорудагы түрлөрүн аныктоо, аларга баа берүү максатында укуктун

бузулушунун квалификацияларына бөлүшөт б.а. укук бузуу менен таанышып аны изилдөө,

тергөө, чечим чыгаруу процесстеринде аракет кайсы коомдук мамилени бузууга багытталган,

аракет менен келтирилген зыяндын ортосундагы байланыш барбы, укукту бузган тарап толук

укука жөндөмдүүбү, укукту бузган тараптын күнөөсүнүн денгээли канчалык деген суроолорго

жооп изделет. Бул суроолорго жооп берүү менен юридикалык жоопкерчиликке алып келүүчү

укук бузуунун керектуу жана жетиштүү белгилеринин жыйнактарын б.а. укук бузуунун

юридикалык курамын аныктайбыз. Юридикалык курамга укук бузуунун обьектиси, укук

бузуунун субъектиси, укук бузуунун субъективдик тарабы жана укук бузуунун объектдик

тарабы кирет (бур курамга Кылмыш укугунун негиздери темасында толук кайрылабыз).

Юридикалык жоопкерчилик.

Тигил же бур тараптын укуктун бузулушунун белгилерин алып жүргөн, күнөөлүү деп

табылуучу аракеттерди жазоосу юридикалык жоопкерчилике тартылуусуна алып келет.

Юридикалык жоопкерчилик укуктук жөнгө салуу тармагындагы колдонулуучу коомго таасир

берүүчү о.э. укука каршы аракеттерди жокко чыгарууга багытталган каражат болуп саналат.

Андан тышкары юридикалык жоопкерчилик мамлекеттин укуктун бузулушуна болгон

мамилесин да чагылдырат анткени аны укук бузуучуга колдонууда мамлекеттик органдардын

системасы мажбурлоо жолу менен ишке ашырат жана укук бузуулар менен болгон күрөш,

аны алдын алуу сыяктуу иш чараларды аткарат.

Юридикалык жоопкерчиликтин белгилери:

1. Юридикалык жоопкерчиликтин мазмуну мамлекеттик мажбурлоону камтып турат

жана буга ыйгарымдуу болгон мамлекеттик органдар дайындалган;

41

2. Юридикалык жопкерчилик күнөөлүүгө мызйамдын негизинде запкы тартууга

милдеттендирет;

3. Юридикалык жоопкерчилик жыйынтыкталган гана укук бузууга колдонулат б.а. ниет

кылынып бирок жазалбай, эч кандай, эч бир тарапка зыян келтирилбесе жоопко да

тартылынбайт;

4. Юридикалык жоопкерчилике тартуу жолдору атайы кабыл алынган процессуалдык

мыйзамдар менен жөнгө салынат (жарандык-процессуалдык, кылмыш-процессуалдык,

административдик жоопкерчилик мыйзамдары).

Юридикалык жоопкерчиликтин функциялары:

1. Алдын-алуу функциясы. Укук бузууларга чара көрүү аркылуу келечекте коомдук

мамилелерге еатышуучуларды мындай аракеттерден алыс жана сак болууга чакырат жана

укук бузуулар жаза алуу коркунучунда экенин белгилейт;

2. Тарбиялоо функциясы. Жоопкерчилике тартуу менен, укук бузуу аракеттеринин

зыяны жана анын өлчөмүн белгилөө менен, моралдык жагын адамдарды мындай араеттерден

тыйылууга чакырат;

3. Жазалоо фукциясы. Укук бузуулар сөзсүз жазаланышы керек жана жазаланат;

4. Укукту кайра калыбына келтирүү функциясы. Келтирилген зыяндар мүмкүн

болушунча кайра алыбына келтирүүгө, ордун толтурууга багытталган мыйзамдык талаптар

менен иш жүргүзүлөт.

Юридикалык жоокерчиликтин принциптери:

1. Калыстык. Жоопкерчилике тартуу, жазалоо укуктун бузулушунун оордугуна жараша

болушу керек.

2. Гумандуулук. Адамдын ар намысына, жеке жашоосуна шек келтирген чечимдер

чыгарылбоосу керек.

3. Мыйзамдуулук. Жоопкерчилике тартуу мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте, далилдин

негизинде гана болуусу керек.

4. Максаттуулук. Жоопкерчилике тартуу бузулган мамилелерге, жазаган тараптарга

жараша болуусу керек.

5. Кайра кайтарылбаштыгы. Далилденген жана аныкталган укук бузууларга каралган

жоопкерчиликтер кайра кайтарылбай ал сөзсүз ишке ашуусу керек.

Юридикалык жоопкерчиликтин түрлөрү:

1. Административдик жоопкерчилик. Адмиинстративдик делген укук бузууларга

колдонулган эскертүү, айып салуу, административдик камака алуу сыяктуу мажбурлоочу

жоопкерчиликтер.

42

2. Дисциплинардык жоопкерчилик. Коомдук, мекемелер тарабынан киргизилген

тартипти жөнгө салуучу эрежелерди бузууларды жоопкерчилике тартууда колдонулат,

мисалы эмгек, аскердик, билим берүү ж.б. Чаралар сөгүш, , катуу сөгүш, жумуштан алуу ж.б.

3. Граждандык-укуктук жоопкерчилик. Мүлктүк жана ушуга байланышкан

мамилелерди бузууга колдонулган жоопкерчилик. Келтирилген зыян, чыгымдарды калыбына

келтирүү максатында колдонулат.

4. Кылмыш-жаза жоопкерчилиги. Кылмыш кылган жана күнөөсү далилденген тарапка

колдонулат.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Укуктун кандай теориялары бар экен?

2. Морал жана укуктун өз ара катышын аныктагыла.

3. Социалдык нормалардын коомдук турмуштагы мааниси кандай?

4. Укуктун башка нормалардан өзгөчөлүктөрү эмнеде?

5. Укуктун коомдук мамилелерди башкаруучулук ролуна баа бергиле.

6. Укук менен мамлекеттин ортосундагы тыгыз байланышты аныктагыла.

7. Укук нормасы менен укуктун айырмачылыктыр эмнеде?

8. Укук нормасынын составдык элементтерге бөлүнүшүнүн мааниси эмнеде жана ар бир

элементтин озгочөлүгүнө жараша мүнөздөгүлө.

9. Юридикалык нормалардын классификациясын анализдегиле.

10. Субъективдүү укуктар жана милдеттердин укук системасындагы ролу кандай?

11. Юридикалык фактылар укуктук мамиленин жаралышында кандай мааниге ээ?

12. Укукту ишке ашыруунун коомдогу маанисин аныктагыла.

Сунушталган адабияттар:

1. АзаровА., Болотина Т. Права человека. М., 1994г.

2. Бабаев В.К. Общая теория права. М., 1995г.

3. Исмаилов Н.А. Укук таануу: окуу китеби. Бишкек: 2013-ж.

4. Укук кыскача энциклопедия. Фрунзе, 1988. 416-6.

5. Утуров К., Амантур уулу Э., Абылов А. Адам укугу боюнча колдонмо. Б., 2007г.

43

III-бөлүм. Конституциялык укуктун негиздери

§1. Конституциялык укуктун түшүнүгү, предмети, методу жана субъектилери.

§2. Конституциялык укуктун булактары.

§3. Конституциялык нормалар.

§4. Конституциялык укуктук мамилелер.

§5. Конституциянын маңызы.

§6. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өнүгүү этаптары.

§7. Конституциялык түзүлүш.

§8. Адамдардын жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери.

§9. Кыргыз Республикасынын бийлик органдарынын системасы.

1. Конституциялык укуктун түшүнүгү, предмети, методу жана субъектилери

Конституциялык укук – укуктун тармагы катары мамлекеттик түзүлүштүн негизин бекитет,

адам укугунун сакталышын камсыз кылат, малекеттик бийлик органдарынын түзүү тартибин

жага ишмердүүлүгүн аныктайт жана жөнгө салат. Негизги укуктук тармак болгондуктан ал

жөнгө салган коомдук мамилелер мамлекеттин эң маанилүү тараптары, анын булагы болуп

мамлекеттин эң башкы мыйзамы конституция болуп саналат. Мамлекеттин түзүлүшүн,

адамдардын жана жарандардын укуктук статусунун негизин, мамлекеттик бийлик тутумун,

жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумун, биөликтин бутактарга бөлүнүү принцибин жана

алардын статустарын, өз ара мамилесин, ыйгарым укуктарын аныктайт, бекитет, жөнгө салат.

Конституциялык нормалар коомдогу баардык мамилелердин, түзүлүштөрдүн, сфералардын

негиздерин, баштапкы абалдарын аныктап, бекитет ал эми деталдуу түрдө жөнгө салуу

вазыйпасын башка укуктун тармактары көтөрөт. Ошондуктан конституциялык укук тармагын

укуктар тутумунун өзөгү, башаты, булагы катары карашат.

Башка укуктун тармактары сыяктуу эле коституциялык укуктун да предмети жана

укуктук жөнгө салуу методдору бар.

44

Конституциялык укуктун предмети өзгөчө коомдук мамилелер б.а. мамлекеттин

конституциялык түзүлүшү, эл бийлигинин маңызы жана формасы, адам укугунун табыгый

башаты, амлекеттик бийликти уюштуруу, түзүү, иштетүү принциптери жана механизмдери

саналат.

Биринчиден, конституциялык түзүлүштүн негизин аныктоочу мамилелер камтылат;

Экинчиден, адамдын мамлекет жана коом менен болгон өз ара мамилеси;

Үчүнчүдөн, мамлекеттик унитардык түзүлүштү бекитүүдөгү мамилелер;

Төртүнчүдөн, мамлекеттик бийликти уюштуруу маселелери.

Укуктук тармактын анын предмети болгон коомдук мамилелерге карата укуктук таасир

этүү жолдорунун жана каражаттарынын комплексин же жыйындысын конституциялык

укуктун методдору дейбиз. Конституциялык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу мамлекеттин

атынан бийликтик күчкө же мүнөзгө ээ болгон нормалар аркылуу ишке ашат жана бул

мамилелердин субъектиси мамлекеттин атынан иш жүргүзөт. Бул бир жагынан теңсиз

абалдарды жаратышы мүмкүн жана жалпы жана жеке статустардын келип чыгышын

шарттайт.

Мына ушул жагдайларды эске алып төмөнкүдөй методдорду бөлүп карасак болот:

-милдеттендирүүчү. Конституциялык нормалар милдеттендирген формада коомдук

мамилелерди, шарттарды аныктайт. Мисалы, Кыргыз Республикасынын конституциясынын

55-беренеси. “Жарандар мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды,

жыйымдарды төлөөгө милдеттүү”;

-уруксат берүүчү. Коомдук мамилелерде, өз ара укуктук мамилелерде, мамлекеттик

бийлик органдарынын ыйгарым укуктарын аныктоодо колдонулган ыкма. Мисалы, Кыргыз

Республикасынын конституциясынын 50-беренеси, 3 пункт. “Кыргыз Республикасынын

чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан

жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзамы менен

аныкталат”;

-тыюу салуу. Мисалы, Кыргыз Республикасынын конституциясынын 27-беренеси, 3

пункт. ”Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчилик тартпоого

45

тийиш”. Бул жерде адамга мүмкүндүк берүү менен бирге мамлекеттик бийлик органдарга

укуктун нормасы чектеген ыйгарым укуктардын чегинен чыкканга тыюу салып жатат.

Милдеттендирүүчү жана тыюу салуучу методдор юрдикалык таасир этүүчү негизде б.а.

бийликтин күчүн колдонуу аркылуу иштесе, уруксат берүүчү метод макулдашуу аркылуу

ишке ашат.

Конституциялык укуктун субъектилери.

1) Адамдар, жарандар;

2) Мамлекеттик органдар;

3) Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары;

4) Коомдук бирикмелер;

5) Саясий бирикмелер;

6) Коомдук жана муниципалдык мекемелер.

2. Конституциялык укуктун булактары.

Конституциялык укука булак болгон укуктук нормативдик актылар юридикалык күчүнө,

таасир берүүчү аймагына ылайык түрлөргө бөлүнүшөт.

1) Кыргыз Республикасынын конституциясы негизги булак болуп саналат, анткени ал эң

негиги юридикалык күчкө ээ, мамлекеттин негизин аныктайт;

2) Конституциялык мыйзамдар. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” конституциялык мыйзамы.

3) Декларациялар. Мисалы, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү

жөнүндөгү”, “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” декларациялары.

4) Эл аралык укуктук документтер. Мисалы, 1948 жылы БУУ тарабынан кабыл алынган

“Адам укугунун жалпы декларациясы”.

3. Конституциялык-укуктук нормалар

Конституциялык-укуктук нормалардын көпчүлүгү жалпыланган мазмунду камтыйт б.а.

принциптердин деңгээлинде чагылдырылган. Мисалы, Кыргыз Республикасынын

конституциясынын 16-беренесинин 1-пунктунда “Адам укуктары жана эркиндиктери

ажырагыс, ал ар бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары менен эркиндиктери эң

жогорку баалуулук болуп эсептелет. Алар тикелей колдонулат, мыйзам чыгаруу, аткаруу

бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маани-мазмунун

аныктап турат”.

46

Ошондой эле конституциялык нормалар башка укуктун тармактарындай үч укуктун

нормасын камтыбайт. Аларды гипотеза, диспозиция болгон менен санкциялык нормалар

башка мыйзамдарга берилген. Анын нормалары учредителдик мүнөзгө, эң жогорку

юридикалык кучкө ээ. Анын дагы бир өзгөчөлүгү конституциялык укуктун нормаларын

мамлекеттик органдар тарабынан колдонулса жарандар табынан ээлик кылынат.

Конституциялык укуктун нормаларынын түрлөрү:

-Принцип-нормалар-укуктук жөнгө салуунун жалпы абалын алып жүрөт;

-Тарыхый маалымат-нормалары. Мисалы, Кыргыз Республикасынын конституциясынын

преамбуласы: Биз, куттуу Кыргызстандын эли, элибиздин эркиндиги үчүн канын төгүп,

жанын берген баатырларды эске сактап; адам укугун урматтоону жана коргоону туу туткан

эркин, демократиялык мамлекет кура тургандыгыбызды тастыктап; кыргыз мамлекеттүүлүгүн

өнүктүрүп-өстүрүүгө, бекемдөөгө, анын эгемендүүлүгүн, элинин биримдигин сактоого бекем

ишенгендигибизди жана майтарылбас эркибизди билдирип;

укуктун үстөмдүгүн камсыздоо менен социалдык адилеттикти, теңдикти, элдин экономикалык

бакубатчылыгы менен жыргалчылыгын жана руханий өнүгүшүн өргө сүрөөгө умтулуп; ата-

бабаларыбыздын тынчтыкта жана ынтымакта жашоо, табият менен таттуу болуу жөнүндө

айткан ыйык осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз;

-Долбоордук мүнөздөгү-нормалар. Келечекте өнүккөн коомду түзүү тапшыпмаларын

камтыган нормалар;

-Белгилөөчү-нормалар. Конституциялык мамилелерди белгилөөчү наормалар.

-Аныктоочу, бекитүүчү-нормалар.

4. Конституциялык-укуктук мамилелер.

Конституциялык-укуктук мамилелер конституциялык укуктун нормалары тарабынан

жөнгө салынган коомдук мамилелерди же алардын конституциялык укуктун субъектилеринин

ортосундагы байланышты айтабыз. Анын өзгөчөлүгү укуктардын жана милдеттердин

жалпылыгы, кенендиги менен түшүндүрүлөт. Конституциялык-укукттук мамилелер

мамилекеттик бийликтин саясий уюштурулушунун укуктук жөнгө салынышын өз ичине

камтыйт б.а. конституциялык укуктун системасын пайда кылат.

Конституциялык укуктун системасы укуктук институттардан туруп төмөндөгүдөй

тартипте жайгашкан:

47

1) Мамлекеттик жана коомдук түзүлүш;

2) Коомдогу адамдын укуктук абалы (жарандардын укуктары жана эркиндиктери);

3) Саясий көп тараптуулук жана көп партиялуулук;

4) Парламентаризм;

5) Президент;

6) Жарандуулук ж.б.

5. Конституциянын маңызы.

Ар бир тарыхый доордо коомду байланыштырган, анын өнүгүүсүнө же кыйрашына

себепкер, өбөлгө болгон социалдык байланыштар, кубулуштар болуп келген. Коом өз ара

аракеттенишкен тараптардан тургандыктан белгилүү бир конструкцияга ээ б.а. аныктуу бир

түзүлүштүн көрүнүшү. Мындай тартиптешкен социалдык байланыштардын структурасы

кайсы бир тарыхый этапта коомдук системаны түзүп, ошол коомдун факты жүзүндө

конституциясы болуп калат. Конституция термини эки жактуу маанини алып жүрөт.

Биринчиси, түзүлүш, конструкция, көрүнүш дегенди түшүндүрүп жогоруда биз

келтирген факты-маалымат конституциясын коомдун пайда болушу менен байланыштырат.

Экинчиси, конституция өкүм сүргөн коомдук мамилелерди бекитүүчү, бекемдөөчү

катары караган, атайы кабыл алынган расмий документ. Бул конституция тигинден

айырмаланып юридикалык күчкө ээ б.а. анын бекиген, таанылган чагылыш формасы.

Факты конституциясынын өкүм сүргөнүнө миңдеген жылдар болду. Ал эми юридикалык

конституцияга адамзат жагынкы эле жүз жылдыктарда жетишти. Тарыхта Рим императорлору

б.з. I-III кылымдарында эле өздөрүнүн указдарында конституция терминин колдонгону менен

негизги деген маанини алып жүргөн эмес. Андан кийинчерээк, орто кылымда Англияда кабыл

алынган “Эркиндиктин улуу хартиясы” конституциялык нормаларды киргизгенге аракет

кылды. Бирок, юридикалык конституцияны толук колдонуу вазыйпасы капиталистик коомдун

пайда болуп, өнүгүшүнүн дооруна туш келди. Биринчи юридикалык конституция 1787 жылы

кабыл алынган Америка Кошмо Штаттарынын конституциясы болуп калды.

48

Конституция коомдук турмуштун кубулушу, ал белгилүү бир коомдук мамилелердин

жыйындысын тартипке салуучу, жөнгө салуучу каражат катары жалпы аракет кылуучу

жобону түзүү зарылчылыгы пайда болгон буржуазиялык мамилелерди мыйзамдаштыруудан

келип чыкты жана ал бул жаңы делген мамилелерди жөнгө салууга өтө ыңгайлуу каражат

экендигин далилдеди. Маңызынан алып караганда конституция укуктук жана саясий

документ.

Саясий документ катары ал декларациялык мүнөзгө ээ, анткени ал коомдун негизги

баалуулуктарын жарыялап, бекитип берет.

Юридикалык документ катары конституция мамлекеттин негизги мыйзамы. Бул

тууралуу биринчи жолу Ф. Лассаль “ Конституциянын маңызы” ( СПб, 1906 ж.) эмгегинде

белгилеп эки негизги өзгөчөлүгүн баса көрсөткөн. Биринчиси реалдуу, экинчиси жазалма

конституция. Конституциянын реалдуулугу мамлекеттеги коомдук күчтөрдүн катышын

көрсөтсө, жазалмалуулугу ошол коомдогу саясий күчтөрдүн катышын жетишсиз

чагылдырганы менен түшүндүрүлөт. Бул жагдайлар конституциянын узак убакытка чейин

өзгөртүлбөгөндүгүнөн же толуктоолор киргизилбегендигинен учурдун талаптарына жооп бере

албай калгандыгынан пайда болот.

Юридикалык конституциянын маңызы анын пайда болушу жана өнүгүшү коомдук

күчтөрдүн белгилүү бир катышынын өзгөрүшүнө байланыштуу, ошондуктан жаңы

конституциянын кабыл алынышы дагы анын өзгөрүүсүнө жана кыймылына алып келет.

Баардык эле конституциялардын өзгөчөлүгү мына ушунда б.а. анын мазмуну реалдуу

жана жазалма жоболордон турат. Бир дагы мамлекеттин конституциясы баардык талаптарга

жооп бере албайт жана өзгөртүүлөргө же толуктоолорго муктаж. Анын себептерин объекттүү

жана субъективдүү деп бөлөбүз.

Объективдүү - коомдун өнүгүүсү менен жаңы мамилелер жана социалдык байданыштар

пайда болот. Анын негизинде конституция кабыл алынган учурдагы реалдуу жоболор жазалма

же талапка ылайыксыз болуп калат. Анткени мыйзамды иштеп чыккан учурда мыйзам

чыгаруучулар келечектеги мамилелердин өзгөрүүсүнө карата болжолдуу гана анализдөө

мүмкүндүгүнө ээ.

Субъективдүү - мыйзам чыгаруучу атайын жазалган жоболору киргизет б.а. келечектеги

болуучу мамилелерге басым жазоо менен реалдуулуктан чегинет. Ошентип баардык эле

49

конституциялар келечекте коомдун алдыга өнүгүүсүн шарттаган, максатын жана милдеттерин

чагылдырган программалуу жоболорду камтыйт жана бул тартип аны юридикалык

документке караганда саясий жоболордун жыйындысына айлантат.

Жогорудагыларды эске алып конституция бул мамлекеттин тарыхый өнүгүүсүнүндөгү

белгилүү бир этабындагы коомдук күчтөрдүн катышын чагылдыруучу негизги мыйзам деп

айтсак болот.

Конституциянын саясий-укуктук касиети:

1) Конституция-бул бирдиктүү укуктук-нормативдик акт. Кээ бир гана

мамлекеттерде конституциянын ролун майзамдардын жыйындысы аткарбаса (мисалы,

Англияда конституциянын ролун 12 мыйзам аткарат жана алардын тобу конституция деп

аталбай конституциялык мыйзамдар деп аталат) көпчүлүк мамлекеттерде бирдиктүү,

системага салынган нормалардын, эрежелердин жыйындысы.

2) Коституциянын кабыл алынышы мыйзам чыгаруу процессинин аякташын эмес

башталышын түшүндүрөт. Башкы мыйзам бул процесстин укуктук негизи болуп берет жана

буга каршы келген мурун-кийин кабыл алынган нормалар жараксыз деп табылат.

3) Конституция артыкчылык касиетине ээ б.а. мамлекеттин алкагында андан артык

же өйдө турган мыйзам болбойт жана башка мыйзамдардын мааниси аны менен үндөшүп

турат.

4) Ал түз аракет кылуучу нормалардын жыйындысы.

5) Конституциянын нормалары туруктуу болуусу керек

6) Ал бүткүл элдин катышуусунда жабык добуш берүү менен (референдум) кабыл

алынат.

6. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өнүгүү этаптары.

Социалдык жашоо практикасы көргөзгөндөй юридикалык конституцияны кабыл

алуунун эки жолу бар:

1) Коомдун социалдык күчтөрү толук өзгөрүүгө дуушар болгон учурда (өлкөдө

революциялардын негизинде көз карандысыздык алуусу, бийликтин алмашуусу, бир коомдук

системадан экинчисине өтүүсү ж.б.);

50

2) Социалдык топтор бири-бири менен күрөш жүргүзүү учурунда же кызматташуу

учурунда келишимге келүү белгиси катары кабыл алынат (партиялардын, топтордун

ортосундагы саясий келишим, компромисс).

Кыргызстандын шартында конституциянын кабыл алынышы, өзгөрүүсү жана толуктоо

киргизүү процесстеринде жогоруда биз көрсөткөн эки жол тең байкалды. Негизинен Кыргыз

Республикасынын конституциясы эгемендүүлүк алгандан бери көп реформаларга дуушар

болуп натыйжада өлкөдөгү конституциялык укука байланышкан процесстердин улам

жаңыланып, өзгөрүп туруусуна алып келди.

1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз ССРин Жогорку Кеңешинин 1990-жылдын 15-

декабрындагы 3-сессиясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгү

жөнүндөгү жана 1991-жылдын 31-августундагы Көз карандысыздыгы жөнүндөгү

декларациялар маңызы боюнча саясий-укуктук жана учредителдик документ катары,

конституциялык масштабдагы актылардын катарын толуктай алат. Андыктан бул саясий

актыларга мамлекеттин ошол кездеги укуктук өнүгүшүнүн илимий, саясий Конституциясы

катары баа берсек болот. Себеби ал учурда кабыл алынган Декларацияларга ылайык Кыргыз

ССРинин 1978-жылдагы Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, мамлекеттин жаңы

аталышы “Кыргыз Республикасы” деп жарыяланган.

Жогорку Кеңештин 1993-жылдын 5-майындагы 12-сессиясында Кыргыз

Республикасынын жаңы Конституциясы кабыл алынды. Жаңы конституциянын варианты

дээрлик 2 жыл аралыгында Конституциялык Кеңешме тарабынан даярдалып, бир нече жолу

элдик талкуудан жана Жогорку Кеңештеги талкуулардан өткөрүлгөн. Бирок, КР жаңы

Конституциясы толук кандуу ишке кирбестен, “конституциялык реформалоо” деген

шылтоолор менен бир нече жолу өзгөртүүлөргө, толуктоолорго дуушар болду. Ар бир

толуктоо жеке жана саясий кызыкчылыктарга ылайык жүргүзүлүп, Конституциянын маңызы,

коомчулуктагы кадыр-баркы төмөндөдү.

1996-жылдагы “реформа” өлкөдө жаңы конституциялык түзүлүштү негиздеди.

Республика толугу менен парламенттик моделден кайтып, башкаруунун президенттик аралаш

моделине өтүп, бийлик президенттик, аткаруучу жана мыйзам чыгаруучу бутактарынын

арасында ыйгарым укуктары бөлүштүрүлгөн. Тышкы саясат жана ички өнүгүүнүн негизги

багыттарын аныктоо боюнча ыйгарым укуктар Жогорку Кеңештен өлкө Президентине

51

берилди. Жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын Президентине 46 ыйгарым укуктар

берилсе, парламентке 36 ыйгарым укук калтырылган.

Көп өтпөй эле Президент Аскар Акаев кайрадан “конституциялык реформалардын”

зарылдыгын көтөрүп чыгып 1998-жылдын 17-октябрындагы конституциялык реформа боюнча

өткөн референдумда 5 маселе болсо, анын үчөө парламенттин реформасына байланыштуу

болгон. Өткөрүлгөн референдумдун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттары кол тийбестик

укугунан ажыратылып, Жогорку Кеңештин палаталардын курамынын саны өзгөртүлдү

(мыйзам чыгаруу жыйыны 60 депутат, алардын ичинен 15и партиялык тизме менен, эл

өкүлдөр жыйыны 45депутат).

2003-жылы дагы бир конституциялык “реформа” болуп, ага байланыштуу 2005-жылдан

тартып бир палаталуу парламент можаритардык негизде түзүлөрү аныкталган.

2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин жана конституциялык реформалардын

жаңы процессинин башталышы менен 2006-жылдын 8-ноябрында коомдук, саясий

компромисстин негизинде Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамынын жаңы редакциясы

кабыл алынган. Ал Конституциялык кеңеш, Президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан

сунушталган үч долбоордун негизинде иштелип чыккан. Ошондуктан бул документтин

кемчиликтери арбын болгон. Бирок ага карабастан, бул редакцияда Президенттин аткаруу

бийлигин түзүүдө жана көзөмөлдөөдө ыйгарым укуктары, аны менен кошо мыйзам чыгаруу

процессине таасир этиши кыйла кыскарган.

Парламент 90 депутаттан туруп, алардын 50% партиялык тизме менен, 50% бир

мандаттуу аймактардан шайлануусу каралган. Жаңы Конституция боюнча бир партия 50%дан

ашык орун алган убакта Кыргыз Республиканын Өкмөтүн түзүү милдетин алат. Эгер эч бир

партия 50%дан ашык орун албаса, анда премьер-министрди дайындоо милдети Президентке

өтөт. Мисалы, премьер-министр кызматына бекигенден кийин, ал Өкмөттүн түзүмүн аныктайт

жана аны Жогорку Кеңешке бекитүүгө жөнөтөт. Премьер-министр аны менен кошо Өкмөттүн

курамын түзүп, аны Президентке бекитүүгө киргизет.

Бирок, Кыргыз Республикасынын конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл

алынышына карабастан бийлик менен оппозициянын келишпестиги уланган. Бул жагдай

ушул эле жылы 30-декабрда өлкөнүн негизги мыйзамына жаңы өзгөртүүлөрдүн

киргизилишине алып келген жана ага ылайык Президенттин аткаруу бийлигине

52

кийлигишүүсү күчөгөн. Премьер-министрди тандоо мөөнөтү 14 күндөн 5 иш күнүнө чейин

кыскарып, Өкмөттүн түзүлүшү 14 күндөн 7 күнгө чейин кыскарган. Президент Өкмөттүн

курамын жана анын түзүмүн бекитүү, өлкөнүн коргонуу жана коопсуздугуна караштуу

мамлекеттик органдардын үстүнөн түздөн-түз башкаруу укугуна ээ болгондугу менен ал

мурда кыскартылган ыйгарым укуктарын дээрлик калыбына келтирген.

Бир жыл өтпөй эле, 2007-жылдын октябрында мурунку жылдардагы конституцияларга

салыштырмалуу Президенттин укуктарын бир топ күчөткөн жаңы конституция кабыл алынды.

Бул конституция боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин аткаруу жана сот

бийлигине болгон ыйгарым укуктары жана таасири калыбына келтирилип, андан дагы

күчөтүлгөн. Мисалы, Президенттин түздөн-түз юрисдикциясына аткаруу бийлигинин негизги

тармактары берилген. Алар: ички жана тышкы саясат (ИИМ жана ТИМ), коргоо жана улуттук

коопсуздук (УКМК).

2005-жылдын 10-июлунда Президент болуп шайланган Курманбек Бакиев

парламенттик системанын куруу идеясынан баш тартып, саясий акыбалды турукташтыруу

үчүн конституциялык реформаны колдонуп президенттик бийликтин белгилүү методдоруна

кайрылып, башкаруунун авторитардык методдорун колдонгон. Бул процесс бийликти бир

колго топтоого жана узурпациялоого алып келген.

Ошонун натыйжасында 2010-жылы кайгылуу окуяларга капталып, Кыргызстанда

кайрадан саясый бийликтин алмашуусу жүрдү.

Мурдагы бийлик учурунда өлкөнүн өнүгүү жолун аныктоо, өнүгүүнүн стратегиялык

документтерине кол коюу бир гана Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укугу

болгон. 2010-жылы 27-июнда кабыл алынган Негизги мыйзамдын жобосуна ылайык, Жогорку

Кеңештин ыйгарым укуктарынын кеңейиши менен анын жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Өлкөнүн

социалдык - экономикалык өнүгүшү боюнча программаларды бекитүү жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн курамын түзүү боюнча парламенттин ыйгарым укуктары

өлкөдө стратегиялык багыттарды өнүктүрүүгө, аларды иш жүзүнө ашырууга ыңгайлуу

шарттарды түзөт деген ишеним пайда болду. Бирок, Президенттик башкаруу формасынын

парламенттик формага өзгөрүлүшү айкын мүнөзгө ээ эмес эле. Кээ бир эксперттер

президенттик-парламенттик башкаруу формасына өткөндүгүбүздү белгилешет, анткени

Президенттин колунда тышкы саясаттын багытын аныктоо, күч структураларынын үстүнөн

куратордук ишти жүргүзүү сыяктуу маанилүү функциялар калтырылган болчу.

53

2010-жылдын 10-октябрында Жогорку Кеңештин кезексиз V чакырылышынын

курамына пропорционалдуу шайлоо системасы аркылуу шайлоо болуп өттү.

Жаш курагы жана тажрыйбасы боюнча ар түрдүү депутаттык курамда муун аралык

мураскорлук жана өз ара байланыш түзүлдү. Өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга киришип,

2010-жылдын 10-ноябрында Жогорку Кеңеш өзүнүн алгачкы отурумун өткөргөн. Айта кетиш

керек, парламенттик коалициялык көпчүлүктү түзүш үчүн жана уюштуруу маселелерин жөнгө

салуу үчүн бир топ убакыт сарпталды. 2010-15-жылдар аралыгында иш алып барган 5-

чакырылыштагы Жогорку Кеңештин тарыхында 5 жолу коалициялык көпчүлүк түзүлүп,

коалициялык Өкмөттүн курамы бекитилген.

Өлкөнүн парламентине кезектеги шайлоо 2015-жылдын 4-октябрында өткөрүлүп, учурда

Кыргыз Республикасынын VI чакырылышындагы Жогорку Кеңеши иштеп жатат. Кыргыз

Республикасынын парламентаризминин тарыхында алгач ирет шайлоо процессинин жаңы

модели иштелип чыгып, жүзөгө ашырылды. Ал шайлоочулардын идентификациясы жана

шайлоочулардын добуштарын автоматтык түрдө саноону камсыз кылган заманбап

технологиялык каражаттарды колдонуу менен өткөрүлгөн. Өткөн шайлоо өнөктүгүнүн

өзгөчөлүгү катары, биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандарын

тизмеге киргизүү аркылуу жүргүзүлдү.

Акыркы он беш жылдын ичиндеги парламентаризмдин өнүгүүсүндө туруктуу иштеп

турган депутаттардын саны 2,6 эсе өскөн (45 депутаттан (1995-жыл) 120 депутатка чейин

(2010-жыл). Депутаттардын санынын өсүшүнө байланыштуу аларды тейлеген

кызматкерлердин саны да көбөйгөн. Алардын өсүү динамикасы депутаттардын бардык

чакырылыштардагы санынын өсүшүнүн динамикасынан кыйла алдыда болду. Кыргыз

Республикасынын Конституциясына кезектеги өзгөртүүлөр 2016-жылдын 11-декабрында

жалпы элдик референдум аркылуу киргизилди.

Өлкөнүн ичинде, дүйнө коомчулугунда Кыргызстанда башкаруунун парламенттик

формасы орнотулуп жаткандыгына ишеним жаралууда. Эл аралык тажрыйбага ылайык

азыркы Конституция Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жогоруда аталган

негизги иш милдеттерин бекитет. Жарандардын өкүлдөрү катары депутаттарөздөрүнүн

шайлоочуларынын сунуш, пикирлерин жана ишенимдерин коомдук талкууларда жана

мамлекеттин саясатында чагылдырылышын камсыз кылууга Конституциянын жаңы варианты

толук шарт түзөт.

54

7. Конституциялык түзүлүш.

Кыргыз Республикасынын конституциясын кабыл алуу менен мамлекетте

демократиялык баалуулуктардын орношу жана укуктук өлкөнүн курулушу сыяктуу максаттар

коюлду. Ар бир мамлекеттеги ички түзүлүш, аймактык бөлүнүүлөрдөгү, мамлекеттик бийлик

органдарынын тутумундагы, аларды уюштуруу жана ишмердүүлүк багыттарындагы,

жарандардын укуктары жана эркиндиктеринин абалына, саясий режимиине жараша

өзгөчөлүктөргө ээ болот. Мындай өзгөчөлүктөрдүн жыйындысын мамлекеттик түзүлүш деп

айтабыз. Ал эми конституциялык түзүлүш мамлекеттик түзүлүштү уюштуруунун, коомдук

мамилелерди жана баалуулуктарды коргоо жолдорун, жалпы тутумун бекитет.

Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн бекиткен Кыргыз

Республикасынын конституциясынын биринчи бөлүгү тарабынан башкаруу формасы,

мамлекеттик түзүлүшү, саясий режими, экономикалык жана саясий негизи аныкталган.

Конституциялык түзүлүштүн принциптери:

1) Демократизм принциби: мамлекет укуктук өлкө статусун алуу үчүн

демократиялык баалуулуктарды бекитет ( КР Конституциясы 1 берене: Кыргыз Республикасы

(Кыргызстан) – эгемендүү, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин

аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекет).

2) Жарандын укугунун жана эркиндигинин артыкчылыгы принциби: КР

Конституциясынын 16 беренеси 1 пункт, “Адам укуктары жана эркиндиктери ажырагыс, ал ар

бир адамга төрөлгөндөн эле таандык. Адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку

баалуулук болуп эсептелет”.

3) Эл бийлиги принциби: КР Конституциясынын 2 беренеси 1 пункт,

“Кыргызстандын эли эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик

бийликтин бирден-бир булагы болуп саналат”.

4) Унитаризм принциби: Кыргызстандын аймагы бөлүнгүс, ажырагыс бир бүтүн

өлкө экенжигин конституциянын биринчи беренесинде эле баса көрсөтүлгөндүгүн жогоруда

белгиледик. Анын аймагында көз карандысыз мамлекеттик түзүлүштөр таанылбайт.

5) Социалдуулук принциби: КР Конституциясынын 9 беренеси, “1) Кыргыз

Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө,

жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп

чыгат. 2) Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын

55

категорияларына колдоо көрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн,

эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат. 3) Кыргыз Республикасы социалдык

кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды,

жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт”.

6) Бир экономикалык мейкиндик принциби: КР Конституциясынын 12

беренеси, “Кыргыз Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке,

мамлекеттик, муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна

кепилдик берилет”.

7) Мамлекеттик бийликтин бутактарга бөлүнүшү: мыйзам чыгаруу, аткаруу

жана сот бийлиги. КР Конституциясынын 3 беренеси, “Кыргыз Республикасында мамлекеттик

бийлик:1) бүткүл эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш жана Президент өкүл болгон жана

камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгүнүн; 2) мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн; 3)

мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын эл

алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым укуктарын элдин

кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун; 4) мамлекеттик бийлик органдарынын жана

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын

так ажыратуунун принциптерине негизденет”.

8) Саясий жана идеологиялык ар түрдүүлүк: КР Конституциясынын 4 беренеси,

“Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук таанылат”.

9) Светтик өлкө принциби: КР Конституциясынын 4 беренеси, “1. Кыргыз

Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн

эмес. 2. Дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган. 3. Диний бирикмелердин

жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу

салынат”.

8. Адамдардын жана жарандардын укуктары жана эркиндиктери.

Адам укугу жана эркиндик түшүнүгүнө улуу окумуштуулардын көлөмдүү илимий

эмгектери, акындар менен жазуучулардын чыгармалары да арналган.

Байыркы Греция жана Байыркы Римдин ойчулдарынын адамдардын бийлик жана

башка адамдар менен болгон мамилесиндеги автономдуулук, кадыр-барк жана теңчилиги

идеясы эркин адамдарга карата гана таандык делген жана ал убактагы кулдардын укуктары

табият тарабынан ошондой чечилген деген бүтүм чыгарылган. Римдик ойчулдар коомдо

56

укуктук теңчилик сакталышы керек деген пикирге алгачкылардан болуп келишкен. Алар

“мыйзамдын таасиринин астына баардыгы өзгөрөт” деген принципти кабылдашкан.

Орто кылымдын мыйзамдары Кодекс, Хартия деп аталып монархтардын адилетсиз

мыйзам чыгаруудагы укуктарын чектөөгө аракет кылган. Буга мисал 1215-жылы кабыл

алынган Магна Карта (Эркиндиктердин Улуу Хартиясы) эсептелинет. Падыша Иоанн

тарабынан кол коюлган бул Хартия жаңы салыктарды киргизүүдөн жана соттун катышуусуз

адамдарды камоодон коргогон. Ага ылайык элдин өкүлчүлүк органы катары парламент пайда

болуп, ишмердүүлүгүн баштаган.

XVII-XVIII кылымдардагы европалык философтор Г. Гроцийдин, Т. Гоббстун, Дж.

Локктун, Ш. Монтескьенин, Ш. Руссонун жана башкалардын, ошондой эле XVIII-XIX

кылымдардагы америкалык ойчулдар Т. Джефферсондун, Б. Франклиндин, Т. Пейндин,

Дж. Медисондун эмгектеринде адамдын табигый, ажыратып алгыс укуктары, табигый укук,

жарандык коом, укуктук мамлекет, түздөн-түз жана өкүлчүлүктүү демократия жөнүндө

идеялар, ошондой эле бийликтерди бөлүү эрежеси өркүндөтүлгөн. Алар адамдын жашоого,

эркиндикке, менчикке, эзүүгө каршы чыгууга жана башка фундаменталдык укуктарынын адам

менен бийликтин ортосундагы мамилелердин табигый, ажырагыс, ыйык ченеми катары

негиздешкен.

Адам укуктарынын кепилдигинин жана бийликтин өзүм билемдигин чектөөнүн дагы бир

кадамы болуп Habeas Corpus Amendment Act аттуу документтин кабыл алынышы эсептелинет.

Ал 1679-жылы кабыл алынган бул документ, “Букаралардын эркиндигин мыкты камсыздоо

жана деңиздин ары жагында камакка алууну алдын алуу жөнүндөгү Акт” деп аталган. Ал

мыйзамга ылайык кепилдикке бошонгонго мүмкүндүгү бар адамдын көп убакытка түрмөдө

кармалышын тыйган. Кызмат адамынын Habeas Corpusту аткарбашы камалган же зыян

тарткан адамга айып пул төлөө менен жазаланган жана ал өз кызматын аткарганга жөндөмсүз

деп табылган. 1698-жылы кабыл алынган укуктар тууралуу Билль (англиялык) пикир айтуу

эркиндигин жарыялаган.

Адам укуктары маселесине чоң салым кошкон XVII кылымдын белгилүү англис ойчулу

Томас Гоббс. Өз замандаштары сыяктуу эле ал табигый укук теориясын жактап, адамдар

табияттан дене жана акыл тарабынан бирдей деп тааныган. Табигый теңчиликтен адамдардын

бир максатка жетүү үчүн табигый мүмкүнчүлүктөрү келип чыгат б.а., ар бир адам коомдогу

тигил же бул жыргалчылык үчүн калган адамдар сыяктуу эле укукка ээ. Ал бир нече табигый

мыйзамдарды аныктаган:

1) Адам өзүнө карата башкалар тарабынан мүмкүн болгон эркиндиктин деңгээлинен

улам башкаларга карата эркиндик менен канааттанышы керек;

57

2) бир дагы адам башканы кемсинтпеши керек;

3) ар бир адам табияттан бардыгынын теңчилигин таанышы керек.

Бийликтин бөлүнүү теориясын негиздеген көрүнүктүү англис ойчулу Джон Локк. Ал

тарабынан укуктун үстөмдүгү, мамлекеттик жашоонун укуктук уюштурулушу идеяларына

негизделген ажырагыс адам укуктары жана эркиндиктеринин концепциясы иштелип чыккан.

Ар бир адам табияттын мыйзамдарына ылайык “өз менчигин, б.а. өз өмүрүн, эркиндигин жана

менчигин” коргоого укугу бар. Анын ою боюнча: “Өкмөттүн бийлигинин астында болгон

адамдардын эркиндиги коомдогу ар бир жаранга бирдей мыйзам чыгаруу бийлиги тарабынан

аныкталган жашоонун тартибинин болушу мүнөздөлөт” (Локк Д. Избр. философ. произв., - т.

2. - М., 1960.).

Шарль Луи Монтескье тарабынан 1748 жылы калыптанган жеке эркиндиктерди

кепилдеген принцип – бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бутактарына бөлүнүшү. Бул

принцип бүгүнкү күндө дагы инсанды бийлик тарабынан кыянаттык менен пайдалануу жана

кысым кылуудан коргогон механизм катары пайдаланылат. Монтескье өзүнүн

“Мыйзамдардын руху тууралу” эмгегинде адамдардын саясий эркиндиги маселесин көтөрүп

чыккан. Саясий эркиндик бийликти кыянаттык менен пайдалануу болбогон жерде гана болот

жана ал ар бир адамдын каалаганын жасоосун билдирбейт. Экинчи тарабынан саясий

эркиндик жарандын коопсуздугу менен тыкыз байланышта.

Ал эми француз агартуучусу Жан Жак Руссо адамдардын арасындагы теңсиздиктин

пайда болуу маселесин изилдеген. Ал эркиндиктин эки түшүнүгүн аныктаган: Биринчиси

болуп табигый эркиндик эсептелсе, экинчиси болуп жамааттык эрк менен чектелген жарандык

эркиндик.

Дагы бир окумуштуу Иммануил Канттын этикасынын негизги ою-адамдын моралдык

көз карандысыздыгын жана жарандын автономдуулугунун мазмунун, эрктин ченемин бекитүү

жана аны сырттан басым жана мажбурлоосуз орундатуу жөндөмдүүлүгүн жана укугун

аныктаган адамдын эркиндиги. Канттын ою боюнча “Адам укуктары, үстөмдүк кылган

бийликке кандай гана баага турбасын ыйык деп эсептелиши керек. Бул жерде орток позиция

жок, прагматикалык шартталган укук тууралу ойлоого болбойт, бардык саясат укуктун

алдында тизе бүгүшү керек”.

1787-жылы кабыл алынган АКШнын Конституциясы атайын адам укуктарын жана

эркиндиктерин камтыбагандыктан ратификациялоо жараяны 1791-жылы гана аяктаган. 1789-

жылы Дж. Мэдисон жана Т. Джефферсон тарабынан жазылып, тарыхта америкалык Адам

укуктарынын Билли аталган Конституцияга толуктоо киргизилген. Адам укуктарынын

58

Билли укук жана эркиндиктерди өзгөчө белгилеген: “Конгресс сөз же басма эркиндигин

чектеген бир дагы мыйзам чыгарбашы керек”.

Биллдин авторлору мамлекет тарабынан адамдын укук жана эркиндиктерин жөн гана

жарыялап тим болбостон, укук жана эркиндиктер адамга төрөлгөндөн таандык экендигин

таанышкан.

«Адамдын укугун сыйлабоо, унутта калтыруу жана урматтабай коюу коомдук

бактысыздыктын жана өкмөттүн коррупцияланышынын бирден бир себеби болу саналат», -

деп 1789-жылы жарыяланган «Адамдын жана жарандын укугунун француз

Декларациясынын» преамбуласында белгиленген.

XX кылымдын экинчи жарымынан кийин түзүлгөн дүйнөлүк коомдук өнүгүүнүн

өзгөчөлүгү адам укугун коргоо боюнча эл аралык деңгээлде иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк , эл

аралык мамилелердин тарыхында биринчи жолу бардык мамлекеттер аткарууга жана сактоого

тийиш болгон адам эркиндиги менен негизги укук маселелеринин чөйрөсү аныкталды.

Адам укугунун жалпы декларациясында «ар бир адамдын кадыр-баркын, теңдигин,

укугун таануу эркиндиктин, адилеттиктин жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот»

деп жарыяланган. Декларацияга ылайык, адамдын укук чөйрөсүнө инсандын жеке укугун,

жарандык, саясий, ошондой эле социалдык- экономикалык укуктарын жалпы жонунан

урматтоо, сактоо керек. Жарандардын укуктарынын ичинен эң оболу ар бир адамдын

жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп,

алар анын башка жолдорунда да толукталган. Ар бир адам өз ой-жүгүртүүсүндөа, дин

тутуусунда, жашаган жерин жана карым-катыш чөйрөсүн тандоодо эркин. Ошону менен бирге

эле бардык адамдар укуктарыбызда жана мүмкүнчүлүктөрүбүздө бирдейбиз.

Адам укуктары тутумунун өзөгүндө адамдын кадыр-баркы турат. Джон Стюарт Милль

«Мамлекеттин кадыр-баркы, албетте, түпкүлүгүндө аны түзгөн адамдардын кадыр-баркына

жараша болот», - деп айткандай адамдын кадыр-баркы, ар-намысы – бул анын баалуулугу,

адамдагы жана инсандагы бардык баалуу нерселердин жыйындысы. Ар бир адам акыл-эстүү

жана адамзат урпагы болгондугуна байланыштуу кадыр-баркка ээ, кадыр-барк - акыл эстүү

жандардын эзелки касиети. Андап билүү, максат коюу, адеп-ахлак мыйзамын сактоо жөндөмү

адамдарды айбанат дүйнөсүнөн өйдө көтөрөт жана анын акылы жана эркиндиги бул дүйнөдө

өзгөчө орунга татыктуу кылат.

Адамдын кадыр-баркы эки элементтен - адамдык кадыр-барктан жана жарандык кадыр-

барктан турат.

Адамдын кадыр-баркы анын биологиялык, социалдык жаныбар катары баалулугун

аныктайт жана адамдын табиятындагы байыркы касиет. Мындай касиетке дене боюнун,

59

адебинин, коомдогу абалынын, ишенимдеринен, жүрүм-турумунун жана башка жактарынын

өзгөчөлүктөрүнө карабастан, ар бир адам ээлик кылат. Адамдын кадыр–баркы туруктуу,

анткени адамдын баалуулугу эч качан өзгөрүлбөйт.

Жарандык кадыр-барк бул - биринчиден, адамдын өзүнүн коом менен байланышын, өз

баркын башкалардын жана коомдун сый-урматына канчалык арзыгандыгын баасы. Экинчи

жагынан алганда, адамзат коомдошуусунун бөлүгү катары конкреттүү адамдын бөтөнчөлүгүн,

кайталангыстыгын, маанилүүлүгүн коомдун тааныгандыгы. Жеке кадыр-барк, башкача

айтаканда, адамдын баалуулугу өзгөрүлүшү мүмкүн. Бул анын жүрүм - турумуна, коомдогу

абалына, ийгиликтерине жетпей калган иштерине, терс адаттарына жана башка социалдык

жагдайларга жараша болот. Ошол жеке кадыр-барк аркылуу биз мамлекетибиздин кадыр-

баркын кандайдыр бир деңгээлде көтөрүлүшүнө салым кошобуз.

Ал эми «Адам укугунун жалпы декларациясынын» экинчи беренесинде белгиленген:

«Ар бир адам эч кандай айырмасыз, расасына, өңүнүн түсүнө, жынысына, тилине, динине,

саясий жана башка ишенимине, улуттук же социалдык тегине, мүлктүк жана башка абалына

карабастан, ушул Декларацияда жарыяланган бардык укуктарга жана эркиндиктерге ээ

болууга тийиш. Мындан тышкары, адам таандык болгон өлкөнүн же аймактын саясий,

укуктук же эл аралык статусунун негизинде ал аймак көз карандысызбы, камкордукка

алынганбы, же өз алдынча башкарууда эмеспи, же болбосо өзүнүн эгемендигинде кандайдыр

бир чектелүүбү, ага карабастан, эч кандай айырмачылыктар жүргүзүлүүгө тийиш эмес».

Адамдын конституциялык статусу адамдардын жана жарандардын мамлекеттеги жана

коомдогу негизги укуктарын жана эркиндиктеринин, өз ара мамлилелеринин баштапкы

абалын аныктайт. Алардын жыйындысы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын

экинчи бөлүгүндө берилген. Укуктук мамлекеттин негизги принциптери адам укугун жана

эркиндиктерин коргоо болгондуктан негизги мыйзамда ага өзгөчө көңүл бурулган.

Конституцияда баарынан мурун адамдын жеке укугу жана эркиндиктери каралган:

-жошоого болгон укук (21 берене);

-жеке кол тийбестик укугу (22 берене);

-жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна болгон укук (29

берене);

-турак-жайынын кол тийбестигине болгон укук (30 берене);

60

-эне тилин колдонуу укугу (10 берене);

-маалымат алуу укугуна (33 берене)

-сот акыйкаттыгынан пайдаланууга (24, 40, 41 беренелер) ж.б.

Адамдардын жана жарандардын саясий укуктары жана эркиндиктери: адамдардын

жана жарандардын мамлекетти жана коомду башкарууга катышуусун камсыздайт. Кыргыз

Республикасынын конституциясынын экинчи бөлүмүндө 34, 35, 52 беренелеринде саясий

укутары берилген. Жарандар чогулуу эркидигине жана ал аркылуу мамлекеттик бийлике

талаптарын жеткирүүгө, уюмдашууга, биригүүгө, шайлоолорго катышууга, мамлекеттик

чечимдерди талкуулоого катышууга укуктар каралган.

Экономикалык укуктар жана эркиндиктер: Адамга ойдогудай денгээлдеги бакубат

жашоо мүмкүнчүлүгүн берет. Кыргыз Респубилкасынын Конституциясынын 42 беренесинде

“1. Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө

укугуна ээ. 2. Ар ким экономикалык эркиндикке ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн

мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга

укуктуу” деп чагылдырылган.

Социалдык укуктар жана эркиндиктер: Бул эркиндиктердин топтому дагы

адамдардын жана жарандардын эмгеке болгон, эмгек учурундагы эс алуу, татыктуу маяна

алуу, билим алуу, кесип тандоо жана ээ болуу, социалдык камсыздоо, пенсия алуу,

медициналык жактан камсыз болуу ж.б. укуктарын жана эркиндиктерин негизги мыйзам

аркылуу аныктайт жана бекитет (43, 44, 45, 46, 47, 53 беренелер).

Маданий укуктар жана эркиндиктер: Адамдар жана жарандар адабий, көркөм,

илимий, техникалык жана башка чыгармачылыктын түрлөрү менен таанышууга, алар менен

алектенүүгө укуктуу. Алардын окутуучулук эркиндигине кепилдик берилет. Маданий

турмушка катышууга жана маданият баалуулуктарынан пайдаланууга укуктуу Мамлекет

тарыхый эстеликтерди жана маданий мурастардын башка объектилерин сактоону камсыз

кылат жана адамдардын жана жарандардын алар менен таанушуусуна шарт түзөт (49 берене).

Экологиялык укуктар жана эркиндиктер: Адамдар жана жарандар өмүрү жана ден

соолугу үчүн ыңгайлуу болгон экологиялык чөйрөгө жана жаратылышты пайдалануудагы

аракеттердин натыйжасында ден-соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруп

61

алууга укуктуу жана табигый жаратылыш чөйрөсүнө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар

дүйнөсүнө этият мамиле жасоого милдеттүү.

Адамдардын жана жарандардын укугу жана эркиндиктери анын милдеттери менен

тыгыз байланышта. Конституциялык укуктук нормаларды колдонуучулардын милдеттери

негизинен башка укуктун тармактарында каралгандыгына карабай кээ бир учурларда

конституциянын өзүндө чагылдырылган. Мисалы, Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 36 беренесинде “Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын

камсыздоо жоопкерчилиги өздөрүнүн жөндөмдөрү менен финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө

жараша баланы тарбиялап жатышкан ата-эне менен тарбиячы адамдардын ар бирине

жүктөлөт”, 50 беренде “Жаран өзүнүн жарандыгына жараша укуктарга ээ жана милдеттерди

аткарат”, 55-беренеде “Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды,

жыйымдарды төлөөгө милдеттүү”, 56-беренеде “Ата-Мекенди коргоо – жарандардын ыйык

парзы жана милдети”.

Адам укугунун жана эркиндиктеринин реалдууулугу анын кепилдик берүүсүндө б.а.

берилген укуктарды жана эркиндиктерди турмуш жүзүнө ашырууда, аны коргоодо

мамлекетке жоопкерчиликтер тагылат. Өзүнүн укугун коргоону ар бир адам дагы мыйзамда

каралган жолдор менен колго алуусун чектебейт (40-берене. 1. Ар кимге ушул Конституцияда,

мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл

аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган анын

укуктары менен эркиндигин соттук коргоого кепилдиктер берилет.

Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоонун соттон тышкары

жана сотко чейинки усулдарын, түрлөрүн, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт. 2. Ар ким өз

укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого

укуктуу. 3. Ар ким юридикалык квалификациялуу жардам алууга укуктуу. Мыйзамда

көрсөтүлгөн учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт).

Адамдын укуктары менен эркиндиктеринин жалпы кепилдиктери өзүнүн социалдык

багыты боюнча саясий, материалдык жана руханий деп бөлүнөт.

Саясий кепилдиктер – бул мамлекетте демократиялык саясий режимдин иштешин

камсыз кылган саясий каражаттардын жана шарттардын системасы. Өлкөнүн демократиялык

түзүлүшүндө гана инсандын укуктары менен эркиндиктери маанилүү социалдык-саясий

институтту билдирет, ал объективдүү түрдө бул коомдун саясий жактын бышып-

жетилгендигинин көрсөткүчү, бийлик механизмдерине, эрк билдирүүнүн мыйзамдуу

формаларына жарандын жеткиликтүүлүгүнүн, өзүнүн саясий кызыкчылыктарын турмушка

62

ашыруунун каражаты болуп эсептелет. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын

Конституциясында бекемделген элдик бийлик системасын өзгөчө бөлүп көрсөтүү керек, ал

аркылуу жаран мамлекеттин ишин башкарууга катышуунун реалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жарандык укуктары менен эркиндиктеринин саясий кепилдиктерине ошондой эле өлкөдө

реалдуу колдонулуп жаткан идеологиялык жана саясий көп түрдүүлүк, калыптанып жаткан

көп партиялуу система, партиялык тизмелердин негизинде парламенттин депутаттарын

шайлоого мүмкүндүк берген пропорциялуу шайлоо өкүлчүлүк системасы кирет.

Материалдык кепилдиктер тиешелүү социалдык-экономикалык чөйрөнү жана

материалдык негизди билдирет, ал укуктар менен эркиндиктерди адам эркин жана

натыйжалуу пайдалануусун камсыз кылат. Укуктар менен эркиндиктерди жүзөгө ашыруунун

материалдык шарттарынын ичинде – социалдык стабилдүүлүк, калыптанып жаткан рыноктук

экономика, мамлекеттик саясаттын социалдык багыт алгандыгы, мамлекеттик жана жеке

менчикти таануу жана бирдей коргоо, экономикалык иштин эркиндиги жана ага байланыштуу

ишкерликти коргоо, атаандаштыкты колдоо, адамдын, коомдун жана мамлекеттин

ортосундагы социалдык өнөктөштүк бар. Адам укуктары менен эркиндиктеринин руханий

кепилдиктери социалдык-маданий дөөлөттөрдүн жана идеалдардын системасын билдирет,

алар Мекенге – Кыргыз Республикасына карата сүйүү жана урматтоого, жакшылыкка жана

укуктук негизин түзгөн адилеттүүлүккө ишенимге негизделген.

Руханий турмуштун көрүнүшү катары, адам укуктары менен эркиндиктеринин

институту коомдук жана жеке аң-сезим чөйрөсүнө таандык. Кыргыз коомунун маданиятынын

негиз түзүүчү элементи, жашоо-тиричилик чөйрөсүнүн маанилүү курамы катары укуктар

менен эркиндиктердин руханий маңызын укуктук аң-сезим категориясы алда канча толук

жана ар тараптан чагылдырат. Укуктар менен эркиндиктердин мамлекеттик кепилдиктери –

бул адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин түздөн-түз коргоону камсыз

кылган, Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана башка ченемдик укуктук

актыларында бекемделген саясий жана укуктук каражаттар менен шарттардын системасы.

Адам укуктары менен эркиндиктеринин нагыз табиятын, абсолюттук жана обочолотулбаган

мүнөзүн таануу ушул укуктар менен эркиндиктерди коргоодо, алардын мамлекеттик

кепилдиктеринин системасын түзүүдө мамлекеттин маанисин эч кандай төмөндөтпөйт. Адам

укуктары менен эркиндиктеринин алда канча жалпы мамлекеттик кепилдиги болуп Кыргыз

Республикасынын конституциялык түзүлүшүнүн өзү саналат

63

Демек мамлекет кандай шартта болбосун адамдардын жана жарандардын укуктарынын

жана эркиндиктеринин корголуусуна кепилдик берет, татыктуу жашоосуна шарт түзөт. Бул

үчүн атайы ыйгарым укуктуу, компетенттүү органдар түзүлүп, иш алып барышат.

8. Кыргыз Республикасынын бийлик органдарынын системасы.

Мамлекеттик бийлик деген термин көп мааниде каралат. Философтор коомдун бийлиги,

психологдор адамдын өзүнө-өзү бийлик кылганын, табият таануучулар табиятка бийилик

кылуу же табияттын бийлиги жөнүндө айтышса укук таануучулар мамлекеттик бийлик

жөнүндө кеп кылышат.

Кыргыз Республикасы өзүнүн ишмердүүлүгүн мамлекеттик бийлик органдары аркылуу

жүргүзөт. Мамлекеттик орган – бул мыйзамда так аныкталган милдетин иш жүзүнө

ашыруучу, ошондой эле атайы ыйгарым укука ээ мамлекеттик аппараттын структуралык

элементи.

Төмөнкү белгилерге ээ:

1) Ыйгарым укуктарга ээ б.а. нормативдик актыларды кабыл алганга, мамлекеттик

иштерде пайда болгон маселеди чечүүгө ж.б.;

2) Мамлекеттик аппараттын структурасында өз алдынча орган болуп саналат жана

мамлекеттик системанын ичинде ишмердүүлүк жүргүзөт;

3) Анын компетентүүлүгүн аныктаган мыйзам аркылуу мамлекет тарабынан

түзүлөт;

4) Ар бир мамлекеттик орган мамлекеттин атынан иш алып барат ажана анын

милдеттерин, функцияларын аткарат;

5) Башка органдар менен кызматташтыкта иш алып барат.

Мамлекеттик бийлик органдарынын бүтүндүгү алардын ортосундагы ыйгарым

укуктардын бөлүнүшүндө тактап айтканда бийликтин бөлүнүүсүндө жатат. Ал органдар

системасы бири-бири менен кызматташтыкта, көз карандысыз аркеттенишүү менен иш алып

барышат. Ушундай иш алкагындагы органдар бири көзөмөлдөөчү жана дайындоочу болсо

экинчиси отчет берүүчү жана милдетүү болот. Албетте, булардын ортосундагы байланышты

аныктап турган укуктук нормалар болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык (2. мамлекеттик

бийликти бөлүштүрүүнүн; 3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана ачыктыгынын, өз ыйгарым

укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун; 4) мамлекеттик бийлик

органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен

64

ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет), бийликти бөлүштүрүлүшү

кепилденген.

Бийликтин бөлүнүүсү – бийликтин ыйгарым укуктарын мамлекеттик бийликтин

бутактарына бөлүштүрүп берүү. Бул идея Аристотель жана Цицерон өздөрүнүн

эмгектеринде белгилеп кеткен «аралаш башкаруу» идеясынан келип чыккан. Кийин Европада

пайда болгон бийликтин бөлүнүү теориясын Ж. Локк негиздеп, Ш. Монтескье, А.

Гамильтон, Ж. Мэдисон өнүктүрүшкөн жана анын негизги маңызы болуп төмөнкүлөр

саналат:

1) мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтери конституцияга ылайык бөлүнөт;

2) бир бийлик бутагы экинчи бир бийликти өз алдынча, жок кыла албайт;

3) конституция тарабынан берилген укуктан экинчи бийлик бутагы пайдалана албайт;

4) сот бийлиги саясий таасирлерге көз каранды болбостон, аракет кылат, соттор кызмат

ордунда узакка чейин иштөө укугуна ээ.

Бийликтин вертикалдык бөлүнүшү ар түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик башкаруунун

субъектилеринин ортосунда бийлик укуктарынын бөлүнүшүн көрсөтөт. Горизонталдык

жактан болсо, бийлик укуктары бийликтин үч органына (бийликтин «бутактары») мыйзам

чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерине бөлүнөт.

Кыргызстанда башкы мыйзамга ылайык мыйзам чыгаруу-Жогорку Кеңеш, аткаруу

бийлиги-Өкмөт, сот бийлиги-Жогорку сот болуп бөлүнөт. Президент мамлекет башчысы

болуп саналып кайсы бир бийлик бутагына кирбей мамлекеттик бийлик системасында өзгөчө

орунду ээлейт жана алардын ортосундагы макулдашылган ишмердүүлүктүн камсыз болушун

шарттайт.

Кыргыз Республикасынын Президенти.

Президенттик институт дүйнөнүн көпчүлүк өлкөсүндө киргизилген жана эң ийгиликтүү

институт катары карасак болот.

Президенттик институт буга чейин татаал жана узак жолду басып өттү. АКШда

бийликтерди бөлүштүрүү теориясын жүзөгө ашырууда, президенттин институтун негиздөөдө

жана калыптандырууда көптөгөн өлкөлөргө тарыхый жана укуктук-саясий үлгү болдуп

калды. XIX кылымдын биринчи жарымында бир катар түштүк-америкалык мамлекеттерде

президенттин посту негизделген жана көпчүлүк учурда жеке диктатуралык мүнөзгө ээ болсо,

Европа өлкөлөрүнүн ичинен алгач Швейцария жана Францияда бир эле мезгилде

калыптанган, бирок конституциялык-укуктук статусу жана президенттин ыйгарым укуктары

ар башкалыгы менен айырмаланат.

65

СССРдин курамындагы республикаларда президенттик институттун кириши 80-

жылдардын аягында туш келди. КМШнын көпчүлүк өлкөлөрү негиз катары улуттук

өзгөчөлүктү эске алуу менен башкаруунун аралашкан формасынын француздук моделин

алышкан. Бирок алардан айырмаланып Кыргызстан көптөгөн реформалардан жана саясий

процесстерден кийин парламенттик башкаруу формасын тандап алды. Бирок ошого карабай

күчтүү президенттик институт сакталып калды деп айтсак болот. Президенттик институттун

калыптанышы, демократиялаштыруу процесси укук системасына жана реалдуу чындыкка

өкмөттү түзүү укугун парламентти шайлоодо жеңген партиялардын ээ болуусу,

конституциялык көзөмөлдүн күчөшү, пропорционалдуу шайлоо системасы сыяктуу дагы

көптөгөн көрүнүштөрдү киргизүү менен коштолду жана учурда өлкөдө саясий системанын

туруктуулугун камсыздаган, системаны калыптандыруучу күчтөрдүн бири болуп саналат.

Президент мамлекеттик бийликтин бардык бутактарынын макулдашып иш алып

баруусун жана элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат. Албетте,

Негизги мыйзамдын бул жана башка ушул сыяктуу принциптери менен ченемдери мамлекет

башчынын конституциялык-укуктук статусунун базасын түптөөрү шексиз.

КР Президенттигине: 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, мамлекеттик

тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз

Республикасынын жараны шайлана алат. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны

чектелбейт. 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтогон адам Президенттикке

талапкер болуп каттала алат. (62-берене). Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6

жылга шайланат. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт (61-берене).

КР Президентинин ыйгарым укуктары:

Жогорку Кеңешке шайлоолорду дайындайт;

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим кабыл

алат;

жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт;

мыйзамда каралган учурларда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатууну

жүзөгө ашырат;

мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт;

мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

66

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналыштарын чакырууга жана каралууга жаткан

маселелерди аныктоого укуктуу;

Жогорку Кеңештин жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө укуктуу;

Жогорку соттун судьяларынын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Судьяларды

тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча Жогорку Кеңешке сунуштайт;

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын кызматынан бошотуу

үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун

судьяларын дайындайт;

Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамда каралган учурларда

жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот;

Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт;

мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын

үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу же болбосо Жогорку Кеңештин депутаттарынын

үчтөн экиси жактырган Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин

демилгеси боюнча Башкы прокурорду кызматтан бошотот;

Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан

бошотот;

Өкмөт мүчөлөрүн – коргоо, улуттук коопсуздук маселелерин тескеген мамлекеттик

органдардын жетекчилерин, ошондой эле алардын орун басарларын дайындайт жана

кызматтан бошотот;

Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку

Кеңешке киргизет;

Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун

басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды

кызматтан бошотот;

67

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн

үчтөн бирин шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке

киргизет;

Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан

бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен

Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот;

өлкөнүн ичинде жана анын чегинен сырткары жерлерде Кыргыз Республикасынын

атынан чыгат;

сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Премьер-министр менен макулдашуу боюнча эл аралык

келишимдерге кол коет;

көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнө жана башка

кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

ратификациялоо грамоталарына жана кошулуу жөнүндө грамоталарга кол коет;

Премьер-министр менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын чет

мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык

уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт;

аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн

башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;

Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу

маселелерин чечет;

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат,

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт,

дайындайт жана кызматтан бошотот;

мыйзамга ылайык уюштурулган Коргоо кеңешин жетектейт; конституциялык мыйзамда

каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал

эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын-ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө

Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

68

жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;

Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык

коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку

Кеңештин кароосуна киргизет;

өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында

согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна

киргизет;

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт;

Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгарат;

жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды

ыйгарат;

ырайым кылууну жүзөгө ашырат;

өзүнүн аппаратынын түзүмүн аныктайт, анын жобосун бекитет жана жетекчисин

дайындайт.

КР Президенти төмөнкү жагдайларда мөөнөтүнөн мурун кызматынан бошотулат:

-Президент өз арызы менен кызматынан кеткен учурда;

-Оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда, Жогорку Кеңеш өзү түзгөн

мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин

депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти

мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

-Ал каза болгон учурда;

-Кызматтан четтетилгенде:

1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы

мүмкүн.

2. Президенттин аракеттеринде кылмыш белгилери болгону жөнүндө Башкы

прокурордун корутундусу менен бышыкталган Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыш

69

жасагандыгы жөнүндө коюлган айыптын негизинде гана Президент кызматынан

четтетилиши мүмкүн.

3. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюу жөнүндө Жогорку

Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин

демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын

корутундусу болгондо гана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын

көпчүлүгү менен кабыл алынышы керек.

4. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке

каршы күнөө коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку

Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн

добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими

кабыл алынбаса, коюлган күнөө четке кагылды деп эсептелинет.

Парламенттик республикада президент “алсыз” көрүнөт, себеби ага негизинен өкүлчүлүк

жана арбитраждык функциялар ыйгарылат. Анын ролу алдыңкы саясий күчтөр тил табыша

албаган өзгөчө жагдайларда гана жогорулайт. Андан тышкары, президент аткаруучулук

өкмөттү жетектебейт, анын бардык актылары мыйзамдык мүнөзгө ээ жана күчүнө

контрассигнациядан кийин гана кирет.

Башкаруунун парламенттик формасында президенттин институтунун жобосу бир катар

объективдүү факторлор менен коштолгон б.а. партиялык саясий системанын өнүккөндүгү,

партиялык-фракциялык парламенттик ишмердүүлүктүн оң тажрыйбасы, оппозицияны, лобби

топторун эске алганда жарандык коомдун институтунун даярдыгы менен байланыштуу.

Президенттик республикадагы Президенттин модели Кыргызстан үчүн ыңгайсыз

экендигин эки нерседен байкалды:

- Биринчиден, бул бийликтин тынымсыз кеңейиши. Америка окумуштууларынын жеке

пикиринде, бийликтин өтө кеңейиши “эркиндикке жана демократияга чоң коркунучту

туудурат”. Буга далил катары Кыргызстанда болуп өткөн революциялар жана башка Азия,

Африка жана Латын Америка өлкөлөрүдөгү алсыз демократия өкүм сүргөн шарттарда

аткаруучулук бийликти бир жактуу жетектеген президент белгилүү бир даражада жеке

диктатура режимине өтүп кетип жаткандыгын белгилесек болот.

- Экинчиден, башкаруунун бул формасы президентке парламент сыяктуу элден мандат

алган, жетилген жана мыкты уюштурулган өнөктөштүн болушун талап кылат. Башка учурда

парламент саясий максатка ылайык президенттин бардык чечимдерине каршы чыгат

70

(бюджетти, өкмөт кызматтарына президенттик талапкерлерди ж.б. бекитпейт ), бирок

президентти бийликтен импичмент аркылуу толук ажырата албайт, ал эми президент

парламентти таратуу укугуна ээ эмес болондуктан, өтө кооптуу жагдай жаралат.

- Үчүнчүдөн, саясий партиялардын, демократиялык салттардын жана посттоталитардык

коомдун менталитетинин өзгөчөлүктөрүнүн шарттарында эч ким тизгиндей албаган диктатор

пайда болот. Ошол эле учурда күчтүү Президент – бул мамлекетке оор экономикалык жана

саясий шарттарда зор пайданы алып келген жалгыз жетекчи жана постсоветтик өлкөлөр үчүн

күчтүү Президенттин болушу парламенттин көзөмөлүнүн алдында зарыл реформаларды

жүргүзүүнүн алдын-ала шарты болуп саналат.

Постсоветтик өлкөлөрдүн негизги милдети - өзүнө камтыган белгилүү

тобокелчиликтерди чектөө менен күчтүү президентти кантип даярдоо керек же алардан

кантип арылуу керек. Конституцияда каралган жоболор жана шарттар убакыттын өтүшү

менен өзгөрүлбөй койбойт.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши.

Парламентаризм – эң байыркы саясий институттардын бири. Европа

парламентаризмдин жаралуу мекени катары айтылып, таанылып келет. Бирок, коомдун,

уруунун жашоосунун негизги маселелери боюнча чечимдер талкууланып жана кабыл алынып

турган алгачкы формасы- аксакалдар кеңеши, элдик жыйындар, курултайлар түрүндөгү элдик

өкүлчүлүктүн баштапкы органдары коомдук түзүлүштүн эӊ байыркы доорунда бардык эле

элдерде болгонун да белгилей кетүү керек.

Парламентаризмдин андан кийинки өнүгүшү тарыхый, саясий, экономикалык,

социалдык шарттарга байланыштуу дүйнөнүн тарыхында алгачкы жолу монархияны

алмаштырган жаңы мамлекеттик түзүлүш-республика пайда болгон Греция менен Римде

улантылат. Элдик чогулуштардын ролу чечүүчү мааниге ээ болгон ал коомдо бийликтин

аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот органдары түзүлүп, алар чогулушта элге отчет берип

турган. Афиныдагы Бешжүзчүлөрдүн кеңеши, ал эми Рим Республикасындагы Сенат

бийликтин мыйзам чыгаруу органынын ыйгарым укуктарын аткарган. Кийин алар саясий

аренадан акырындап чыгып калды.

Парламентаризм идеясы XIII кылымда Англияда кайра жаралган жана андан ары анын

классикалык түрү калыптанган. Учурда бүт дүйнөдө парламенти жок өлкөлөр саналуу жана ар

кайсы өлкөлөрдөгү парламенттер өз түзүмү, ыйгарым укуктары, аталышы жагынан

классикалык үлгүдөн айырмаланып тургандыгына карабастан, анын негизги аткарган

71

функциялары жана милдеттери окшош жана парламент кандай гана болбосун мамлекеттин

конституциялык түзүлүшүнүн негизги каражаты болуп эсептелет.

Парламенттик башкаруу көп партиялуулукту өнүктүрүүнүн мектеби болуу менен

мамлекетти башкаруунун классикалык түрү катары дүйнөнүн көп бөлүктөрүндө бир канча

кылымдардан бери иштеп келүүдө. Парламент жана парламентаристтер кол тийбестик катары

мамлекеттик коргоого алынган. Демек, парламент мамлекеттик мыйзамдарды даярдоо менен

бирге аткаруучу бийликти-өкмөттү түзөт жана анын ишин көзөмөлдөйт. Бул жагынан алганда

Европа, Азия мамлекеттеринде бай тажрыйба бар.

Кыргызстан парламенттик республикалык башкаруу формасына укуктук жактан расмий

өтүүсү өлкөдө демократиялык аң-сезимдин, демократиялык саясый маданияттын кеңири

калыптанышына жол ачылды.

Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чыгаруу бийлигин

жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуу милдеттерин жүзөгө ашыруучу

өкүлчүлүктүү жогорку орган болуп саналат. Пропорциялык (партиялык тизме) жол менен

шайланган 120 депутаттан турат.

Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесине ылайык Жогорку Кеңеш

төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1. Жогорку Кеңеш:

1) референдум дайындоо жөнүндө мыйзамды кабыл алат;

2) Президентти шайлоону дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамда белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана

денонсациялайт;

4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын өзгөртүү жөнүндө маселелерди

чечет;

72

5) республикалык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитет;

6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин

чечет;

7) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

3. Жогорку Кеңеш:

1) Өкмөттүн ишинин программасын бекитет, карамагында коргоо жана улуттук

коопсуздук маселелери болгон Өкмөт мүчөлөрүн кошпогондо, Өкмөттүн түзүмүн жана

курамын аныктайт;

2) Өкмөт тарабынан киргизилген Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн жалпы

мамлекеттик программаларын бекитет;

3) Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат;

4) Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим кабыл алат.

4. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын шайлайт; конституциялык

мыйзамда каралган учурларда Президенттин сунушу боюнча аларды кызматынан бошотот;

2) мыйзамда каралган тартипте Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

3) Президенттин сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзам менен

каралган учурларда аны кызматынан бошотот;

4) Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт:

курамынын үчтөн бирин – Президенттин сунушу боюнча; үчтөн бирин – парламенттик

көпчүлүктүн сунушу боюнча жана үчтөн бирин – парламенттик оппозициянын сунушу

боюнча; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматынан бошотот;

5) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт: курамынын үчтөн бирин – Президенттин

сунушу боюнча; үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн сунушу боюнча жана үчтөн бирин

– парламенттик оппозициянын сунушу боюнча; мыйзамда каралган учурларда аларды

кызматынан бошотот;

6) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана Мыйзамда каралган учурларда

кызматынан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

73

7) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин)

орун басарларын шайлайт жана Мыйзамда каралган учурларда аларды жазык

жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

8) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берет; аны жазык жоопкерчилигине

тартууга макулдук берет; Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен

кем эмеси тарабынан Башкы прокурорду кызматынан бошотууга макулдук берет;

9) мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын добуштарынын

үчтөн экисинин кем эмес көпчүлүгү менен Башкы прокурорду кызматынан бошотуу жөнүндө

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин жактырат.

5. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө кырдаал

киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык, аскердик абал киргизүү, согуштук абал жарыялоо; ал маселелер

боюнча Президенттин жарлыктарын бекитүү же жокко чыгаруу маселелерин чечет;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер ортосундагы келишимдик

милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүн

анын чегинен тышкары пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) аскердик наамдарды, дипломаттык рангдарды жана Кыргыз Республикасынын атайын

наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардак наамдарын

белгилейт.

6. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин, чет өлкөлүк мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн

сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) ар жылдык баяндамасын угат;

3) Премьер-министрдин, Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө

палатасынын төрагасынын ар жылдык отчетторун угат.

7. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы күнөө коет;

Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.

74

8. Ушул беренеде көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторун жана

докладдарын угуу мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын өз

алдынчалыгы менен көз карандысыздыгы жөнүндө Конституциянын жана мыйзамдардын

жоболорун эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

9. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Фракцияларды жана коалицияларды түзүү

Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга биригет.

Бир партияга таандык болгон депутаттардан турган бирикмелер саясий партиялардын

депутаттык фракциялары деп эсептелет. Алар бирдиктүү саясий программаны жетекчиликке

алып, бирдиктүү идеологияны карманат жана бирдиктүү кызыкчылыктарды көздөйт.

Фракциянын мүчөлөрү талкуулоо жолу менен Жогорку Кеңеште каралуучу маселелер

боюнча фракциянын бирдиктүү көз карашын иштеп чыгат.

Фракция аны түзүү, аталышы, тизмелик курамы, лидеринин жана башка фракция

жетекчилеринин фамилиялары жарыяланган учурдан тартып расмий статус алат.

Фракциялар парламенттик көпчүлүктүн жана парламенттик азчылыктын

коалициясына биригүүгө укуктуу.

Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон фракциялардын коалициясы

парламенттик көпчүлүк деп эсептелет.

Парламенттик көпчүлүктүн коалициясына кирбеген фракциялар парламенттик

азчылыкты түзөт. Парламенттик азчылык фракциясы же фракциялары өзүнүн

оппозиция экендиги жөнүндө жарыялоого укуктуу.

Парламенттик оппозиция төмөнкүлөргө укуктуу:

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орунбасарларынын кызмат ордуна;

Жогорку Кеңештин бюджет жана укук тартиби маселелери боюнча комитеттеринин

төрагаларынын, ошондой эле башка комитеттердин төрага орунбасарларынын

кызмат орундарына;

Мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарынын бирдей жеткиликтүү болушуна;

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын, Эсептөө

палатасынын, Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин түзүүгө.

75

Жогорку Кеңештин түзүмүнө ылайык 9 комитет түзүлгөн, алар:

- Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана

Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет;

- Эл аралык маселелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитет;

- Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча

комитет;

- Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет;

- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет;

- Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет;

- Бюджет жана финансы боюнча комитет;

- Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет.

Өлкөнүн Конституциясына ылайык парламенттик эки комитет – Бюджет жана финансы

боюнча комитет жана Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитет

парламенттик азчылык коалициясынын карамагына берилди.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79 беренесине ылайык мыйзам чыгаруу

демилге укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

2) Жогорку Кеңештин депутатына;

3) Өкмөткө.

Жогорку Кеңештин мыйзам жаратуу иш-аракети мамлекеттеги коомдук-саясый,

социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүнүн негизги чөйрөлөрүндө укуктук базаны

калыптандырууга, чыңдоого жана өркүндөтүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү.

Өкмөт-аткаруу бийлигинин бирдиктүү системасынын эң жогорку коллегиалдуу органы.

76

Аткаруу бийлиги адам укугунун жана эркиндигинин корголушунун,

аракеттеги мыйзамдардын аткарылышын, мамлекеттин ички, тышкы ишмердигин уюштуруп

жана багыттап турган мамлекеттик бийликтин бир бутагы.

Аткаруу бийлигинин иштөө тажрыйбасы жана илимий көз караштар алардын

төмөнкүдөй негизги белгилерин бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

1. мамлекеттик механизмдин өз алдынча бөлүгүн түзгөн жана аткаруу бийлигинин

милдеттерин жана функцияларын жүзөгө ашыруучу орган;

2. аткаруу бийлик органы бийлик органдарынын бирдиктүү системасынын бир бөлүгүн

билдирет;

3. аткаруу бийлигине- ыйгарым укуктар берилет;

4. аткаруу бийлик органы, укуктук статуска ээ болот, ал Конституция ченемдери,

мыйзамдар жана мыйзам алдындагы актылар менен түзүлөт;

5. өзүнүн функцияларына жана компетенциясына ээ болот;

6. аткаруу бийлик органы мыйзамга баш ийет, өзүнүн ишин мыйзамдын негизинде жана

аны аткаруу үчүн жүзөгө ашырат;

7. ишмердүүлүгү аймактык масштабга ээ болот;

8. аткаруу бийлик органынын кызматкерлерин мамлекеттик кызматчылар статусун алып

жүрөт;

9. аткаруу бийлик органы структуралык жактан уюштурулат, зарыл болгон материалдык,

финансылык, маалыматтык жана башка ресурстар менен камсыз кылынат;

10. аткаруу бийлик органдарын уюштуруу, кайра уюштуруу жана жоюу КР ченемдик

актыларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат;

11. мамлекеттик бийликтин аткаруу органын уюштуруу, анын укуктук статусу

конституциялык жана административдик укук менен жөнгө салынат, ал эми көптөгөн

учурларда укуктун башка тармактары менен (конституциялык, финансылык, жер, үй-бүлөлүк

тармактары ж.б.) да жөнгө салынат;

12. коллегиялуулук принцибине ылайык аткаруу бийлигинин коллегиялуу органында

чечим көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83 беренесине ылайык Кыргыз

Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийген министрликтер, мамлекеттик

комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик

администрациялар ишке ашырат.

Өкмөт Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жогорку органы болуп саналат

жана аны Премьер-министр башкарат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-

77

министрлерден, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат

Өкмөттүн түзүмү өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

Өкмөттү түзүү процедуралары:

Депутаттык мандаттардын теңинен көбүнө ээ болгон фракция же фракциялардын

коалициясы жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн

тартып 15 жумушчу күндүн ичинде Премьер-министрдин кызматына талапкерди көрсөтөт.

Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана

курамын Жогорку Кеңешке киргизет. Жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку

Кеңеш программаны бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса, же болбосо

шайлоонун жыйынтыктары боюнча саясий партиялардын бири дагы депутаттык

мандаттардын жарымынан көбүн албаса, Президент фракциялардын бирине 15 жумушчу

күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин кызмат ордуна

талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат. Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда

көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын

Жогорку Кеңешке киргизет.

Эгерде жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин Жогорку Кеңеш программаны

бекитпесе, Өкмөттүн түзүмүн жана курамын аныктабаса Президент экинчи фракцияга 15

жумушчу күндүн ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүнү жана Премьер-министрдин

кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү сунуш кылат. Премьер-министрдин кызмат ордуна

талапкер жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн

жана курамын Жогорку Кеңешке киргизет.

Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасын

бекитпесе жана курамын аныктабаса фракциялар өз демилгеси менен 15 жумушчу күндүн

ичинде парламенттик көпчүлүктү түзүүгө жана Премьер-министрдин кызмат ордуна

талапкерди көрсөтүүгө тийиш. Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жогоруда

көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын

Жогорку Кеңешке киргизет. Президент үч күндүк мөөнөттө Жогорку Кеңеш тарабынан

жактырылган Премьер-министрди жана Өкмөттүн башка мүчөлөрүн дайындоо тууралуу

жарлык чыгарат.

Президент жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөттүн

мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалды деп эсептелет.

Конституцияда белгиленген тартипте Өкмөттүн программасы бекитилбесе, курамы жана

түзүмү аныкталбаса Президент Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

Мындай учурда Өкмөт жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт түзүлгөнгө

78

чейин ушул Конституцияда каралган тартипте өз милдетин аткара берет. Фракциялардын

коалициясы парламенттик көпчүлүктүн статусун жоготкон учурда Өкмөт жогорудагы

тартипте жана мөөнөттө түзүлөт. Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин Премьер-министр

жана Өкмөт мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууну улантышат.

Өкмөттүн ыйгарым укуктары:

1) конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук

тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо

боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук

тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке сунуш кылат жана анын

аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку

Кеңешке отчет берет;

7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын

камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке

ашырат;

8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты

жүргүзүүнү камсыз кылат;

9) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы

мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;10) тышкы экономикалык

иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;

11) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат;

79

12) Конституция жана мыйзамдар менен өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке

ашырат.

Премьер-министр:

1) Өкмөттү башкарат, анын иши үчүн Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;

2) бардык аткаруу бийлигинин органдары тарабынан Конституциянын жана мыйзамдардын

аткарылышын камсыз кылат;

3) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет;

4) Өкмөттүн жыйналышын өткөрөт;

5) Өкмөттүн токтомдоруна жана буйруктарына кол коет, алардын аткарылышын камсыз

кылат;

6) административдик ведомстволордун жетекчилерин дайындайт жана бошотот;

7) мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын

башчыларын жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча дайындайт жана бошотот;

8) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

Сот бийлиги.

Сот бийлиги: жарандардын, ошондой эле юридикалык жактардын укуктары жана

эркиндиктери бузулган бардык талаштарды чечүүгө ыйгарым укуктуу өз алдынча, көз

карандысыз бийлик бутагы.

Сот бийлигинин сот акыйкатын ишке ашыруучу мамлекеттик институт катары дагы

мүнөздөшөт.

Сот бийлигинин принциптеринин негизгилери болуп төмөнкүлөр эсептелинет:

1) көз карандысыздык- сот акыйкатын ишке ашыруудагы көз карандысыздыкты жана

жеке судьялардын көз карандысыздыгын өзүнө камтыйт. Судьялардын жеке көз

карандысыздыгы эки элементти камтып турат: мыйзамга гана баш ийүүнү

билдирген маңыздык жана судьянын өз кызмат ордунда ар кандай өзүм билемдиктен алыс

болуу кепилдигин билдирген жеке көз карандысыздыкты камтыйт. Сот көз карандысыздыгын

камсыз кылуу үчүн төмөнкүдөй мыйзамдык жана администрациялык жол-жоболор бар:

80

- бийликтин конституциялык бөлүштүрүлүшү;

- судьяларды дайындоодогу меритократия;

- өз билемдик менен четтетүүдөн кепилдик;

- көз карандысыз иш шарттарынын кепилдиги;

- жарандык сот өндүрүшү боюнча куугунтуктоого каршы иммунитет.

2) ак ниеттүүлүк;

3) ачык айкындуулук;

4) отчеттуулук.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга жана жаранга, анын укуктарын

жана эркиндиктерин соттук коргоого кепилдик берип, жана сот адилеттүүлүгүн ишке

ашыруудагы, мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдейлигин, соттордун көз

карандылысыздыгын, сот өндүрүшүнүн атаандаштуулугу жана тараптардын тең

укуктуулугун, сот адилеттүүлүгүн толук жана көз карандысыз ишке ашыруу үчүн зарыл

болгон өлчөмдө сотторду каржылоо боюнча мамлекеттин милдети сыяктуу негизги

принциптерди бекиткен. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Ар

бир адам сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка сот

өндүрүш аркылуу жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын сот системасы Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон

турат. Конституциялык палата Жогорку соттун курамына киргизилген. Жогорку сот

жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштер боюнча жогорку сот

органы болуп саналат жана мыйзамда белгиленген тартипте сот процессине

катышуучулардын кайрылуулары боюнча жергиликтүү соттордун соттук актыларын кайра

кароону жүзөгө ашыруучу орган. Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана

даттанууга жатпайт. Ал эми адистештирилген соттор атайы мыйзам менен зарылчылык

келген, негиздүү болгон учурда түзүлүшү мүмкүн жана андан башка сотторду түзүүгө жол

берилбейт. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен аныкталат.

81

Сот бийлигинин милдеттери:

1) уюштуруучулук-укуктук:

- Кыргыз Республикасынын суверендүү укугун камсыз кылуу өзүнүн аймагында жеке

материалдык жана процессуалдык укуктарына ылайык сот адилеттигин ишке ашыруу;

- сот бийлигин мамлекеттик механизмдеги өз ишмердүүлүгүндө мыйзам чыгаруу жана

аткаруу бийликтеринен көз карандысыз, өз алдынча таасирдүү күч катары бекитүү;

- соттордун көз карандысыз укуктук жана социалдык статуска ээ заманбап бейнесин

жана ошондой эле соттук корпарацияны калыптандыруу үчүн өбөлгөлөрдү жаратуу.

2) укук коргоочулук:

- укук коргоо ишинде соттун үстөмдүгүн камсыз кылуу;

- жаңы сот тутумунда сот адилеттигинин чыныгы табиятын калыбына келтирүү, жазалоо

юстициясын укук коргоочуга айландыруу;

- укук коргоо органдарынын тутумун ресурстук камсыз кылуу;

3) процессуалдык:

- сот өндүрүшүндө адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин, жарандардын

конституциялык укуктарын коргоо жана сактоо;

- жазык жана жарандык сот өндүрүшүндө демократиялык принциптерди ырааттуу

жүргүзүү;

-сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жана транспоренттүүлүгүн орнотуу.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин жана колдонуудагы

мыйзамдарды талдоодо сот бийлиги бийликтин башка бутактары менен өз ара активдүү

иштегендигин күбөлөй тургандагын белгилеп өтөлү. Өз ара аракеттешүүнүн аракеттеги

механизми төмөндөгүлөрдөн турат:

82

1. Мыйзам чыгаруу бийлиги Конституциянын негизинде өлкөнүн соттук системасын,

адамдардын укуктук статусун, иштерди кароонун процессуалдык тартибин аныктап,

бюджеттик көзөмөлдү ишке ашырат.

2. Аткаруу бийлиги соттук кадрларды даярдоону ишке ашырат, судьялардын

материалдык базасын камсыздайт, сотторду каржылайт.

3. Мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийликтери сот бийлигинин ишине кийлигишүүгө

акысы жок.

4. Сот бийлиги мыйзамда белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин органдары чыгарган

ченемдик жана башка актыларды текшерүү, мамлекеттик органдарынын, ортосундагы чыр-

чатактарды чечүү, жарандардын арыздарын кароо укугуна ээ.

КР Судьялардын статусу:

Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет жана

кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга

же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке текшерилүүгө тийиш эмес. Конкреттүү бир сот иши

боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок. Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу

боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү

адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз

карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз

кылынат.

Жаш курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку

билими жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жыл иш стажысы бар Кыргыз

Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат. Жогорку соттун судьялары

курактык чегине жеткенге чейин шайланат. Жогорку соттун судьялары өздөрүнүн курамынан

Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө Жогорку соттун төрагасы, төраганын орун

басары болуп шайлана албайт. Жогорку соттун төрагаларын, алардын орун басарларын

шайлоо жана бошотуу тартиби мыйзам менен аныкталат.

30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана

юридикалык кесиби боюнча кеминде 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз

83

Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Судьяларды тандоо боюнча кеңештин сунушу боюнча

Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, кийин курактык чегине жеткенге

чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын көрсөтүүнүн жана дайындоонун

тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. Жергиликтүү соттордун судьяларынын

чогулушу өз курамынан соттун төрагасын, төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө

шайлайт. Бир эле адам катары менен эки мөөнөткө ошол эле соттун төрагасы, төрагасынын

орун басары болуп шайлана албайт. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу

конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун

судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар белгилениши мүмкүн.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы

Жогорку соттун Конституциялык палатасы конституциялык контролдоону жүзөгө

ашыруучу орган болуп саналат. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган,

юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 15 жыл стажы

бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун Конституциялык палатасынын

судьясы боло алат. Жогорку соттун Конституциялык палатасы өз курамынан төраганы,

төраганын орун басарын 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялары судьялар кеңешинин

сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин

депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмесинин көпчүлүк добушу менен

Жогорку Кеңеш тарабынан ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы:

-мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген

учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат;

-Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган күчүнө кирбеген эл аралык

келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

-ушул Конституцияга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдын долбооруна корутунду берет.

84

Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер алар тарабынан бузулуп

жатат деп эсептелсе ар бир адам мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын

конституциялуулугун талашууга укуктуу. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын

чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

Жогорку соттун Конституциялык палатасы тарабынан мыйзамдардын же алардын

жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын

аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот актыларын кошпогондо

конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка

ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат. Конституциялык эмес деп

таанылган сот актылары укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардын даттануулары

боюнча ар бир так учурда сот тарабынан кайра каралат.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын курамын жана түзүү тартибин,

Конституциялык палатанын төрагасын, төраганын орун басарын шайлоо жана бошотуу,

ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык

мыйзам менен аныкталат.

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы коомдо жана мамлекетте мыйзамдын

үстөмдүгүн, бирдейлигин жана мыйзамдуулукту чыңдоону, ошондой эле инсандын, коомдун

жана мамлекеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууга

милдеттенген орган болуп саналат.

Прокуратуранын бирдиктүү системасы:

1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,

алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышын

көзөмөлдөө;

2) изин суутпай издөөнү тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын

сакталышын көзөмөлдөө;

3) жазык иштери боюнча соттун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке

эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда

мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө;

85

4) мыйзамда белгиленген учурларда сотто жарандын же мамлекеттин

кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылуу;

5) сотто мамлекеттик айыптоону ишке ашыруу;

6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына карата жазык куугунтуктоо.

Кыргыз Республикасынын прокуратура системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы;

2) Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы;

3) областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратурасы;

4) райондук (шаардык), адистештирилген прокуратуралар, гарнизондордун аскердик

прокуратуралары;

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Муниципалдык кызмат - башкаруу ишин жүзөгө ашыруунун өзүнчө институту болуп

саналат. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жергиликтүү өз алдынча

башкаруу-жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз

кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн мыйзамдар менен

кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү жана тиешелүү администрациялык-аймактык

бирдиктин аймагында жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен,

ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат. Жергиликтүү бюджетти түзүү жана

аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принцибин сактоо

жүргүзүлөт.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар системасын төмөнкүлөр түзөт:

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү. Бул жергиликтүү

кеңештер (айылдык жана шаардык);

-Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары. Бул айыл өкмөтү жана шаар

мэрлери.

Төмөнкү принциптерге таянат:

86

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын аткарылышы:

2) адам баласынын жана жарандын укуктарынын жана эркиндигинин артыкчылыгы;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чегинде өз

алдынчалыгы;

4) мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын

чектөө;

5) муниципалдык кызматтарды саясий жана административдик кызматтарга бөлүү;

6) муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү, компетенттүүлүгү, демилгелүүлүгү

жана чынчылдыгы;

7) муниципалдык кызматкерлердин өз милдеттерин аткарбагандыгы же тиешелүү

деңгээлде аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилиги;

8) муниципалдык кызматтын туруктуулугу;

9) жарандарга алардын жөндөмүнө жана кесиптик даярдыгына жараша ачык-айкын жана

калыстык негизде муниципалдык кызматтан бирдей пайдалануу мүмкүндүгүн түзүү;

10) муниципалдык кызматкерлерди укуктук жана социалдык жактан коргоо;

11) саясий кызматтарды ээлеген муниципалдык кызматкерлердин жергиликтүү

коомчулуктун алдында контролдукта болушу жана отчет берип турушу, ал эми мамлекеттин

ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик

бийликтин жогорку органдары тарабынан өткөрүлүп берилиши;

12) муниципалдык кызмат системасын үзгүлтүксүз өркүндөтүп туруу;

13) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси алмашкан учурда,

компетенттүү кадрларды тандоо жана сактап калуу;

14) муниципалдык кызматкерлердин ишине карата саясий таасирлерге жана укуксуз

кийлигишүүгө жол бербөө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкү милдеттерди аткарат:

87

1) тиешелүү аймактын экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу;

2) муниципалдык менчикти тескөө;

3) жергиликтүү бюджетти калыптандыруу, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты таза суу менен камсыз кылуу;

5) эл жашаган пункттарда канализация системасынын жана тазалоочу курулмалардын

иштешин камсыз кылуу;

6) эл жашаган пункттарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жалпы пайдалануучу жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

8) мүрзөлөрдү иштешин жана өлүк көмүү кызмат көрсөтүүлөрүн камсыз кылуу;

9) жалпы пайдалануучу жерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жашылдандыруу;

10) сейил бактардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин

камсыз кылуу;

11) тиричилик таштандыларын топтоо, ташып чыгаруу жана кайра иштетүүнү

уюштуруу;

12) калк жашаган пункттардын чегинде муниципалдык транспорттун иштешин камсыз

кылуу жана коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маданий жана тарыхый жайларды коргоо;

14) жергиликтүү китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

15) жер иштетүү эрежелерин белгилөө жана шаар куруу, архитектура иштеринин

нормалары менен эрежелери сакталышын камсыз кылуу;

16) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тиешелүү калк

жашаган аймакта жарнама жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү;

88

19) эс алуу шарттарын түзүү;

20) балдар жана жаштар менен иштөө үчүн иш-чараларды уюштуруу;

21) дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү шарттарын камсыз кылуу;

22) өзгөчө кырдаалдар жөнүндө алдын-ала эскертүүгө жана алардын кесепеттерин

жоюуга көмөктөшүү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын кызмат

адамдары өз иштеринде жергиликтүү кеңешке отчет беришет.

Жергиликтүү кеңеш

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык

бирдиктин аймагында жашаган жарандар тарабынан мыйзамда белгиленген бирдей

мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен шайланат.

Жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктары:

-жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

-жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык

коргоонун программаларын бекитет;

-жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизет, ошондой эле алар боюнча

жеңилдиктерди белгилейт;

-жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Конституциялык укуктун предметинин өзгөчөлүгү эмнеде?

2. Конституциялык укуктук булактарды аныктагыла.

3. Конституциялык-укуктук нормалардын мазмуну кандай?

4. Конституциянын маңызынын өзгөчөлүктөрүн аныктагыла.

5. Эгемендүү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өнүгүү этаптарын тактагыла.

6. Адамддардын жеке укугу жана эркиндиктерине мүнөздөмө бергиле.

8. Жарандык статустун берилүү тартиптери кандай?

9. Мамлекеттик бийликтин үч бутакка бөлүнүү принцибинин мааниси эмнеде?

89

10. Тен салмактуулук системасынын негизги түшүнүгү жана элементтери кайсылар?

11. Кыргыз Республикасынын Президентинин Конституциялык статусу жана ыйгарымдуу

укуктары кандай?

12. Мыйзам чыгаруу бийлигинин статусу кандай?

13. Мыйзам чыгаруу бийлигинин контролдук функциясынын мааниси жана негизги

түрлөрүн аныктагыла?

14. Депутаттык статус жана алардын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

15. Аткаруу бийлигинин негизги функциясы менен мамлекеттин функциясынын

өзгөчөлүктөрү жана окшоштуктары кайсылар?

16. Сот адилеттүүлүгүнүн ишке ашыруудагы негизги принциптери кандай?

17. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу.

Сунушталган адабияттар:

1. Рыскулов И.О. Конституционное право КР. Б., 2002г.

2. И.Комаров С.А. Правоведение КР. Б., 2002г.

3. Н.Сооданбеков С.С. Укушев М. Конституционное право КР. Б., 1996г.

4. Утуров К., Амантур уулу Э., Абылов А. Адам укугу боюнча колдонмо. Б., 2007г.

5. Шерипов Н. Конституционное право КР. Б., 2015г.

6. Юридическая энциклопедия. Словарь. М., 1997г.

Укуктук-нормативдик актылар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2. Сборники законодательных актов Кыргызской Республики.

Интернет ресурстары:

www.toktom.kg. «ТОКТОМ» информационно-правовой портал

90

IV-бөлүм. Административдик укуктун негиздери

§1. Административдик укуктун предмети, функциялары, принциптери жана булактары.

Административдик укуктук мамилелердин мүнөзү.

§2. Административдик жоопкерчилик түшүнүгү жана админстративдик жазалардын

түрлөрү.

1. Административдик укуктун предмети, функциялары, принциптери жана

булактары. Административдик укуктук мамилелердин мүнөзү.

Административдик укук-бул мамлекеттик башкаруу системасын уюштуруу жана алып

барууда келип чыккан коомдук мамилелерди жөнгө салуучу эрежелерди камтыган укуктун

тармагы. Мамлекеттик башкаруу органдары төмөндөгү негизги белгилер менен мүнөздөлөт:

1) Башкаруу аппаратынын болушу;

2) Апапраттын аткаруу-ченемдик ишмердүүлүгү;

3) Бийликтин тарабынан колдонулушу.

Мамлекеттик башкаруу органдарынын ролу адамдардын ишмердүүлүгүндөгү аларга

коюлган милдеттерди аткарууда биргелешкен аракетти уюштуруу жана ага багыттоодо. Бул

бир мекеменин же бүтүндөй бир коомдун турмушуна тиешелүү иш аракет болуп саналат.

Мамлекеттик башкаруу органдарынын функциялары:

-экономиканын тармактарын башкаруу;

-социалдык, маданий тармактарды башкаруу;

-мамлекеттик коопсуздукту, ккомдук тартипти камсыз кылуу;

-тышкы саясатты жана кызматташыкты алып баруу.

Административдик укуктун предмети:

91

1. Аткаруу бийлигинин системасын алып барууга байланышкан коомдук

мамилелер;

2. Мамлекеттикоргандарбын жана муниципалдык башкармалыктардын

ишмердүүлүгүн уюштуруу процессинде келип чыккан мамилелер;

3. Мамлекеттик эмес уюмдардын иш алып баруусу учурундагы пайда болгон

мамилелер.

Административдик укуктун булактары:

1) КР Конституциясы;

2) Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс;

3) Өкмөт жөнүндөгү конституциялык мыйзам;

4) КР Президентинин Указдары;

5) Өкмөттүн токтомдору;

6) Башка мыйзам алдындагы актылар.

Административдик укуктун субъектилери:

-КР Өкмөтү жана анын аймактык органдары;

-жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары;

-мамлекеттик жана жеке мекемелер;

-коомдук уюмдар;

-мамлекеттик кызматкерлер;

-жарандар.

Административдик башкаруунун принциптери:

1) Баш ийүүчүлүк жана отчеттуулук. Төмөнкү башкаруу органы жогорку башкаруу

органынын алдында укуктук нормаларга ылайык тартипте баш ийет жана отчет берип турат;

92

2) Башкарууга элдин катышуусу. Жалпы жарандар демократиялык шайлоо жолу

менен өз өкүлдөрү аркылуу мамлекетти башкарууга катыша алат. Жана дагы коомдук уюмдар,

эмгек коллективи, жыйналыштар сыяктуу бирикмелер аркылуу жа оюн билдирип чыгууга

укуктуу болушат;

3) Башкаруудагы мыйзамдуулук. Баардык аткаруу-бөлүштүрүү ишмердүүлүктөр

мыйзамдын негизинде жана аны аткаруу максатында жүргүзүлүшү керек.

Административдик укуктун системасы. Административдик укук жалпы жана өзгөчө

бөлүктөргө бөлүнөт.

Жалпы бөлүктө:

-жарандардын административдик-укуктук статусу;

-аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердүүлүгүн уюшуруунун укуктук негиздери;

-коомдук уюмдардын административдик-укуктук статусу;

-административдик укуктун нормаларын кодонуу тартиптери.

Өзгөчө бөлүктө:

-мамлекеттин, коомдун жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу (КР

Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекс 2 берене, “Инсанды коргоо, адамдын жана

жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, калктын саламаттыгын, санитардык-

эпидемиологиялык жагынан бакубаттыгын, коомдук адеп-ахлакты, менчикти, курчап турган

табигый чөйрөнү, мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруунун белгиленген тартибин жана

башкаруу тартибин, коомдук тартипти, юридикалык жактардын жана алардын

бирикмелеринин укуктарын администрациялык укук бузуулардан коргоо, ошондой эле

администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди өз убагында жана калыс кароо жана

мындай укук бузуулардын алдын алуу администрациялык жоопкерчилик жөнүндө

мыйзамдардын милдети болуп саналат”);

-мамлекеттик администрациялардын уюштуруу-чарбалык ишмердүүлүгү (бул нормалар

мекемелердин ички инструкциялык актыларында каралган);

-кайрымдуулук, социалдйк жана маданий ишмердүүлүктөр (бул нормалар социалдык

камсыз кылуу, маданий тейлөө мекемелерине, кайрымдуулук фонддорго тиешелүү);

93

-мамлекеттик администрациялардын башка мамлекеттер жана эл аралык коомчулук

менен саясий, экономикалык, социалык жана маданий байланыш түзүү ишмердүүлүктөрү.

Административдик укуктук мамилелердин мүнөзү.

Административди-укуктук мамилелер деп бир тарабында милдеттүү түрдө аткаруу

бийлигинин орган катышкан мамилелер жыйындысын айтабыз. Бийлик ыйгарым укугуна ээ

болгон органдын катышуусу бул мамилелер үчүн зарыл көрүнүш.

Административдик-укуктук мамилелердин өзгөчөлүгү:

1) Административдик мамиле жарандардын ортосундагы мамиле, эгер бир тарабы

бийлик ыйгарым укуктарына ээ болгон учурда пайда болот. Ошол эле учурда экинчи тараптын

уруксаты милдеттүү эмес жана тараптардын мыйзамдуу талабы алардын каалоосуна карабай

аткарылышы керек. Ошондуктан административдик мамилелерди бийлик мамилелери деп

дагы аташат. Бул өзгөчөлүк мамлекеттик-башкаруу ишмердүүлүгүнүн тышкы артыкчылыгы

менен аныкталган б.а. административдик-мамлекеттик аппараттын өкүм сүрүшүнүн бирден-

бир шарты болуп саналат. Кайсы бир башкарууда “бийлик-баш ийүү” принциби иштебесе,

демек, бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасы иштен чыгат жана аны башка бир

тартиптер менен алмаштырууга туура келет.

2) Тараптардын теңсиздиги башкаруу мамилелердин катышуучуларынын эркин

башкаруусун аныктайт б.а. бийлике ээ болгон тарап экинчи тапка үстөмдүк кылган абалда

катышат.

3) Административдик мамиленин пайда болушуна бир тараптын эркинин,

каалоосунун болушу жетиштүү, б.а. бийлике ээ болгон тараптын.

4) Административдик мамиле маңызы боюнча уюштуруучулук белгини алып

жүргөндүктөн укукту аткаруудагы процессти уюшурууга багытталган. Бул жөнгө салуу

мамлекеттик башкарууга катышуучулардын баардыгына болгон таасир болуп саналат.

5) Административдик-укуктук мамилелерде келип чыкан талаш-тартыштар соттук

териштирүүсүз чечилет. Бирок соттук даттануулар да четке кагылбайт.

6) Бир тарап экинчи бир тараптын алдында административдик нормаларды бузган

учурда ошол тараптын алдында жоопкерчилик албастан мамлекетин алдында жоопкер болот.

Административдик мамилелердин түрлөрү.

94

Мамилелердин катышуучулардын өзгөчөлүгүнө жараша экиге бөлүнөт. Баш ийбеген

субъектилердин мамилеси, баш ийишкен субъектилердин мамилеси.

Баш ийбеген субъектилердин мамилеси бири- бирине баш ийбеген, бир катарда турган

аткаруу бийлигинин органдарынын ортосундагы мамилелер (мисалы: министрликтердин).

Баш ийишкен субъектилердин мамилеси:

1) Аткаруу бийлигинин жогору турган органы менен төмөн турган органдарынын

же кызмат адамдарынын ортосундагы мамилелер (мисалы, өкмөт менен министрликтердин);

2) Аткаруу бийлик органдарынын, мекемелеринин өзүнө баш ийген же алдында

турган мекемелер менен болгон мамилеси (мисалы, Билим берүү жана илим министрлигинин

Жогорку окуу жайлар менен болгон мамилеси);

3) Аткаруу бийлигинин органдарынын өзүнө түз баш ийбеген мекемелер менен

болгон мамилеси (мисалы, эсеп палатасынын соода фирмалары менен мамилеси);

4) Борбордук бийлик органдары менен жергиликтүү өзүнъөзү башкаруу органдары

менен болгон мамилеси;

5) Аткаруу бийлик органдары менен коомдук уюмдар, бирикмелер менен болгон

мамилеси;

6) Аткаруу бийлигинин органдарынын, мамлекеттик кызматкерлердин жарандар

менен богон мамилеси.

Административдик-укуктук нормалардын түрлөрү:

-жөнгө салуучу;

-коргоочу;

-милдеттендирүүчү;

-тыюу салучу.

Администратвдик укуктун нормаларынын структурасы:

Укуктук нормаларынын структурасы башка укуктун тармактарындай эле гипотеза,

диспозиция жана санкция деп бөлүнөт, бирок алардан айырмаланган өзгөчөлүктөрү да бар.

95

Администратвдик укуктун нормаларынын өзгөчөлүктөрү:

1) Нормалардын мазуну эки жактуу юридикалык жүктү алып жүрөт. Бир тарабы,

алар аткарылуу жана колдонуу үчүн кабыл алынат, экинчи тарабы, ошол укуктук нормаларды

абыл алуу процессин жөнгө салуу максатында кабыл алынат.

2) Түз аракеттенбеген нормалардан турат б.а. принципиалдуу мүнөзгө ээ

болгонжалпы жүрүм-турум эрежелерин катыйт.

3) Анын нормалары аткаруу бийлигинин органдарына багытталган жүрүм

турумдардын эрежелерин камтыйт, б.а. аппараттык мүнөздү алып жүрөт. Алар жалпы жаранга

багытталган убакытта да аны аткаруу бийлигинин максаттарын ишке ашырууну камсыз кылат.

Административдик укуктук нормаларды ишке ашыруу бир нече жолдор менен

жүргүзүлөт:

1) Аткаруу. Укуктук нормаларда каралган аракеттер колдонуучулар тарабынан

активдүү түрдө ишке ашырылат (мисалы, коомдук унааларда жол кире акысын төлөө);

2) Колдонуу. Атайы компетенттүү органдар тарабынан укуктук нормалардын

талаптарын бузган тараптарга колдонулат.

3) Сактоо. Тыюу салынган жүрүм-турумдардан сактанууга колдонуучуларды

чакыруучу нормаларды колдонуу аркылуу ишке ашат.

4) Пайдалануу. Берилген укуктардан пайдалануу.

2. Административдик жоопкерчилик түшүнүгү жана админстративдик жазалардын

түрлөрү.

Административдик жоопкерчилик админстративдик укук бузуу (жорук) болгон учурда

колдонулат.

Администрациялык укук бузган жеке же юридикалык жакка карата сот органы (же

кызмат адамы) тарабынан колдонулган юридикалык жоопкерчиликтин түрү

административдик жоопкерчилик деп аталат. Административдик жоопкерчилик Кыргыз

Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 15 беренесине

ылайык 16 жаштан баштап каралган. Ал курака чейинкилерге укук бузган учурларда алардын

ата-энелерине карата колдонулат.

96

Аскер адамдары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери административдик

укук бузууларга барган учурларда административдик жоопкерчилик эмес дисциплинардык

жазаларга тартылат. Мисалы, эгер жөнөкөй жаран мас абалында кармалса админстративдик

жаза каралса, аскер адамына ушул эле укук бузууга дисциплинардык жаза каралат (Кыргыз

Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 22 беренеси “Аскер

кызматчылары, жыйынга чакырылган аскерге милдеттүүлөр, ошондой эле ички иштер

органдарынын жана жазык аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын,

Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын, баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча ыйгарым

укуктуу органдын катардагы жана башчы курамындагы адамдар администрациялык укук

бузуулар үчүн тартип уставы боюнча жоопкерчилик тартат”).

Административдик укук күнөөсүз күнөөлү түшүнүгүн камтыйт б.а. башка адам жазаган

укук бузуулар үчүн экинчи тарап жазаланат (мисалы, мекеменин айдоочусу жол эрежелерин

бузгандыгы далилденсе жазага ошол мекеме же мекеменин башчысы тартылат).

Административдик жоопкерчилик чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок

тараптарга жалпы негизде каралат. Ал эми дипломатиялык кол тийбестике ээ болгон

тараптарга эл аралык укуктук нормалардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт (Кыргыз

Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 24 беренеси

“Дипломатиялык кол тийбестиктен (иммунитеттен) пайдаланган чет элдик жарандардан

тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет элдик жарандар жана жарандыгы жок

адамдар жалпы негизде администрациялык жоопкерчиликке тартылат. Дипломатиялык кол

тийбестиги бар (Кыргыз Республикасынын администрациялык юрисдикциясына ылайык

иммунитетке ээ) жактарга ушул Кодекстин эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга

карама-каршы келбеген бөлүгү колдонулат. Карама-каршылыктар пайда болгон учурда алар

дипломатиялык жол менен чечилет”).

Администрациялык жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдайлар:

1) күнөөлүүнүн күнөөнү чын дилинен мойнуна алышы;

2) күнөөлүү тарабынан кылынган администрациялык укук бузуулардан зыяндуу

кесепеттердин болбогону же келтирилген зыяндын четтетилиши;

3) администрациялык укук бузуу өтө кызууланган абалдын таасири астында жасалышы

же болбосо жеке үй-бүлөлүк же башка оор жагдайлар менен коштолгону;

4) администрациялык укук бузуунун жашы жетелек адам тарабынан жасалышы;

97

5) администрациялык укук бузуунун кош бойлуу аял, он төрт жашка чейинки баласы бар

адам тарабынан жасалышы;

6) администрациялык укук бузуунун коркутуунун, мажбурлоонун же болбосо

кызматтык, материалдык же башка көз карандылыктын таасири астында жасалышы;

7) биринчи же экинчи топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү

чектелген адам тарабынан администрациялык укук бузуулардын жасалышы.

Администрациялык жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлар:

1) укукка жат жүрүш-турушту токтотуу тууралу буга чейинки эскертүүлөргө карабастан

улантуу;

2) администрациялык укук бузууну адамдардын тобу тарабынан жасалышы;

3) жашы жетпегенди администрациялык укук бузууга тартып, азгыруусу;

4) администрациялык укук бузууларды табигый кырсыктын же башка өзгөчө кырдаалдар

шартында жасоо;

5) администрациялык укук бузууну бир жыл ичинде кайталап жасоо;

6) алкоголдук, баңгилик каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү же башка дендароо

кылуучу заттарды пайдалануудан улам келип чыккан мас абалында администрациялык укук

бузуу;

Админстративдик укук бузуу- административдик жоопкерчилик каралган жеке же

юридикалык жактын укукка жат, күнөөлүү (атайлап же байкабастыктан жасалган) аракети же

аракетсиздиги администрациялык укук бузуу (жорук) деп аталат.

Атайлап административдик укук бузуу

Эгерде администрациялык укук бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин

укукка жат мүнөздө экендигин билсе, анын зыяндуу кесепеттерин алдын ала көрө билсе жана

алардын келип чыгышын кааласа же аң-сезимдүү түрдө жол берсе, администрациялык укук

бузуу атайлап жасалган укук бузуу деп таанылат.

Байкабастыктан административдик укук бузуу

Эгерде администрациялык укук бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин

зыяндуу кесепеттеринин келип чыгышын алдын ала билсе, бирок жеңил ойлуулук менен

аларды болтурбай коем деп эсептесе, болбосо мындай кесепеттердин келип чыгышын билүүгө

98

тийиш болсо жана билиши мүмкүн болсо да алардын келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн алдын ала

көрө билбесе, административдик укук бузуу байкабастыктан жасалган деп таанылат.

Зарыл колдонуу

Зарыл коргонуу учурунда инсанды, турак жайды, менчикти, жер участогун жана

коргонуп жаткан же болбосо башка адамдын укуктарын коомдун жана мамлекеттин

таламдарында мыйзам менен корголуучу укукка жат кол салып зыян келтирүүдөн коргоп

жаткандагы аракеттер, зарыл коргонуунун чегинен аша чабууга жол берилбесе,

административдик укук бузуу болуп саналбайт.

Өтө зарылдык

Укуктарда жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарга зыян келтирип, өтө зарылдык

абалында, башкача айтканда, жаранга же ошол адамдын, же башка жарандардын укуктарына,

коомдун же мамлекеттин менчигине же кызыкчылыктарына келтирилген коркунучту четтетүү

үчүн жасалган аракет, эгерде ал түзүлгөн жагдайларда башка каражаттар менен четтетилиши

мүмкүн болбосо жана келтирилген зыян, болтурулбай койгон зыянга караганда, алда канча аз

болсо, ал административдик укук бузуу болуп эсептелбейт.

Админстративдик жазалардын түрлөрү

Административдик жаза-бул администрациялык укук бузуу үчүн сот органдары,

мамлекеттик органдар тарабынан колдонулуучу мамлекеттик мажбурлоо чарасы.

Максаттары:

-тартипти сактоо;

-тарбиялоо;

-алдын-алуу.

Админстративдик жазалардын түрлөрү:

1) эскертүү;

2) айып;

3) кызмат адамын кызматынан четтетүү;

4) ишкердиктин белгилүү бир түрү менен иштөөгө лицензиясынан (уруксатынан)

ажыратуу;

99

5) аталган жаранга берилген атайын укуктан (транспорт каражаттарын башкаруу

укугунан, аңчылык укугунан, ок атуучу куралды сактоо укугунан, радио электрондук

каражаттарды же жогорку жыштыктагы жасалгаларды эксплуатациялоо ж.б.д.у.с. укугунан)

ажыратуу;

6) Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү жана мергенчилик минимумду

билүүсүн текшерүү;

7) иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына келтирүү,

объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо);

8) администрациялык укук бузууну ишке ашыруунун куралы же анын түздөн-түз

объектиси болгон буюмзатты конфискациялоо;

9) администрациялык камоо;

10) чет элдик жарандары жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасынын

чегинен чыгаруу;

11) чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз

Республикасында болуу мөөнөтүн кыскартуу;

12) бажы жана (же) салык укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон

товарлардын жана транспорт каражаттарынын, Бажы бирлигинин бажы чек арасы аркылуу

бажы укуктарын бузуунун түздөн-түз объектиси болгон нерселерди жашырып алып өтүү үчүн

пайдаланылган, атайын даярдалган жашыруун жерлери бар товарлардын жана транспорт

каражаттарынын наркын өндүрүп алуу;

13) коомдук иштерге тартуу;

14) юридикалык жакты жоюу. (Кыргыз Республикасынын Администрациялык

жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 27 беренеси)

Эскертүү-администрациялык укук бузууга жол берилгенде, расмий түрдө жеке же

юридикалык жакты укукка жат жүрүш-турушка жол берилбей тургандыгыгын билдирет.

Эскертүү жазуу жүзүндө чыгарылат.

Айып-администрациялык укук бузууда күнөөлүү болгон жактан сот,ыйгарым укуктуу

орган тарабынан мамлекеттин кирешесине акчалай өндүрүп алуу.

1) Айыптын өлчөмү администрациялык укук бузуу жасалган учурга карата

белгиленген эсептешүү көрсөткүчүнө негизделип, ошондой эле тартип бузуулардын түздөн-

түз объектиси болгон аткарылган иштердин, товарлардын жана транспорт каражаттарынын

100

наркына, ошондой эле эреже бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү)

сатуудан түшкөн акчанын суммасына пайыздык катышта аныкталат.

2) Товарларды жана транспорт каражаттарынын наркына негизденип пайыздык

катышта эсептелүүчү айып түрүндөгү жаза салууда бул предметтердин наркы катары алардын

укук бузуулар аныкталган күнгө карата базар баасы эсептелет.

3) Жарандарга салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,1

өлчөмүнөн, кызмат адамдарына - эки өлчөмүнөн кем болбоого тийиш. Жарандарга салынуучу

айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз, кызмат адамдарына - эсептешүү

көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

4) Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан объекттерди өз убагында

пайдаланууга киргизбөөгө байланышкан укук бузууларды кошпогондо, юридикалык жакка

салынган айыптын эң аз өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүнөн кем болбоого

тийиш. Жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан обьекттерди өз убагында пайдаланууга

киргизбөө үчүн каралган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз миң

өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

5) Юридикалык жакка салынган айыптын эң көп өлчөмү эсептешүү көрсөткүчүнүн

он миң өлчөмүнөн ашпоого, же колдонуудагы ченемдерди же мыйзам актыларын бузуу менен

аткарылган иштердин наркынын жыйырма пайызынан ашпоого тийиш. Укук бузуучунун

товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшкөн акчанын суммасынан

эсептелген айыптын эң төмөнкү өлчөмү сумманын жыйынды өлчөмүнүн жыйырмадан

биринен аз болушу мүмкүн эмес. Айыптын эң жогорку өлчөмү эреже бузулуп жатканы

аныкталган мезгил ичинде укук бузуучунун товарларды (жумуштарды, кызмат

көрсөтүүлөрдү) бардык сатууларынан түшкөн акчасынын жыйынды суммасынын ондон бир

өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

Кызмат адамын ээлеген кызматынан четтетүү-кызмат адамы мыйзамдардын, Кыргыз

Республикасынын Президентинин указдарынын, Өкмөтүнүн жана Жогорку Кеңештин

токтомдорунун талаптарын аткарбай өзүнөн аракетинде жарандарга, юридикалык жактарга,

мамлекетке зыян келтиргенде ээлеген кызматынан четтетилиши мүмкүн.

Иштин белгилүү бир түрүн аткарууга лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу- чарба

жүргүзүүчү субъектиге ушул укукту пайдалануунун тартиби такай бузулгандыгы үчүн

лицензиядан (уруксаттан) ажыратуу үч айдан кем болбогон жана үч жылга чейинки мөөнөткө

колдонулат.

101

Жаранга берилген атайын укуктан ажыратуу-жаранга берилген атайын укуктан

соттун чечими боюнча (транспорт каражаттарын башкаруу укугунан, аңчылык кылуу

укугунан) ажыратуу берилген укуктун тартиби одоно же такай бузулгандыгы үчүн үч айдан

кем болбогон жана беш жылга чейинки мөөнөткө колдонулат. Транспорт каражаттарын айдоо

укугунан ажыратуу аны алкоголдук, баңгилик мас абалында айдагандан, ошондой эле өздөрү

катышуучу болуп эсептелген жол транспорт кырсыгы болгон жерден өзү билип кетип

калганда колдонулат. Башка учурларда, каражаттарды майыптыгына байланыштуу

пайдаланган адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес.

Жол кыймылынын эрежелери билүүсүн текшерүү жана мергенчилик минимумду

билүүсүн текшерүү-үч же андан көп жолу укук бузган транспорт каражаттарынын

айдоочулары жол кыймылынын эрежелерин билишин текшерүүгө жөнөтүлөт жана

мергенчилер дагы мергенчилик минимумду кайра тапшырууга жиберилиши мүмкүн.

Иштин белгилүү бир түрүн токтото туруу, объектти анын алгачкы калыбына

келтирүү, объектти же болбосо анын бөлүгүн бузуу (демонтаждоо)-иштин белгилүү бир

түрүн жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары бузулган

учурда, табылган бузууларды четтеткенге чейин иштин ушул түрү токтотула турушу мүмкүн,

объект алгачкы калыбына келтирилиши же объект же болбосо анын бөлүгү бузулушу

(демонтаждалышы) мүмкүн.

Администрациялык укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болгон

буюмзаттарды конфискациялоо:

1. Администрациялык укук бузуунун куралы же түздөн-түз объектиси болгон

буюмзаттарды конфискациялоо - бул буюмзаттарды мамлекеттин менчигине мажбурлап

акысыз алып коюлат жана сот (судья) тарабынан гана колдонулат.

Администрациялык камоо:

- Администрациялык камоо беш суткага чейинки, ал эми өзгөчө же аскердик абал

шартында коомдук тартипке кол салгандыгы үчүн - жети суткага чейинки мөөнөткө

колдонулат.

-Администрациялык камоо райондук судья тарабынан, ал эми өзгөчө же согуштук абал

шарттарында коомдук тартипке шек келтиргендиги үчүн, ошондой эле аскердик комендант же

ички иштер органынын башчысы тарабынан аныкталат.

102

-Администрациялык камоо он сегиз жашка толо электерге, кош бойлуу аялдарга, он төрт

жашка чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткандарга, ошондой эле биринчи жана экинчи

топтогу майыптыгы бар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга карата

колдонулбайт.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз

Республикасынын аймагынан администрациялык чыгарып жиберүү-чет өлкөлүк жаран

жана жарандыгы жок адам, алардын Кыргыз Республикасында болуу тартибин бузган учурда,

Кыргыз Республикасынын чегинен чыгарылып жиберилиши мүмкүн. Чет өлкөлүк

жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды администрациялык жаза чарасы катары Кыргыз

Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып жиберүү сот тарабынан белгиленет

жана дайындалат.

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз

Республикасында болушунун мөөнөтүн кыскартуу-Чет өлкөлүк жарандардын жана

жарандыгы жок адамдардын укуктук абалы жөнүндө мыйзамдарды жана алардын болушунун

тартибин бузган чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында

болушунун ага белгиленген мөөнөтү кыскартылышы мүмкүн.

Коомдук иштерге тартуу:

1. Коомдук иштерге тартуу укук бузуучунун негизги ишинен же окуусунан бош

убакытта коомдун жана мамлекеттин пайдасына акысыз эмгекти аткарууга чектелет.

2. Коомдук иштер төрт сааттан кырк саатка чейинки мөөнөткө сот тарабынан

дайындалат.

3. Коомдук иштер элүү беш жаштан өткөн курактагы аялдарга жана алтымыш жаштан

ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жашка чейинки курактагы балдары бар аялдарга,

биринчи жана экинчи топтордогу майыптыгы бар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген

адамдарга колдонулбайт.

4. Коомдук иштерге түнкү мезгилде тартууга тыюу салынат. Укук бузуучуларды

коомдук иштерге тартууда укук бузуучунун ден соолугуна жана өмүрүнө зыян келтире турган

токсиндүү, радиактивдүү жана башка заттар пайдаланылбайт.

Юридикалык жакты жоюу:

1. Юридикалык жакты жоюу анын укуктарын жана милдеттерин укуктук мураскорлук

тартибинде башка жактарга өткөрүп бербестен токтотулат.

103

2. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, "Банктарды

консервациялоо, жоюу жана банкрот кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамында белгиленген тартипте соттун чечими боюнча жоюлушу мүмкүн.

Администрациялык укук бузуу үчүн жазаны колдонуу мыйзамдарда белгиленген гана

чектерде жана тартипте жана укук бузуунун мүнөзү, укук бузуучунун кадыр-баркы, анын

күнөөсүнүн даражасы, үй-бүлөлүк жана мүлктүк абалы, жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана

оордотуучу жагдайлар эске алынуу менен жүргүзүлөт.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Мамлекеттик башкаруунун белгилерин аныктагыла.

2. Административдик укуктун кандай булактары бар?

3. Административдик башкаруунун принциптерин санагыла.

4. Административдик-укуктук мамилелердин өзгөчөлүгү.

5. Административдик жоопкерчилик түшүнүгү?

6. Админстративдик жазалардын кандай түрлөрүн билесиңер?

7. Администрациялык жоопкерчиликти оордотуучу кандай жагдайлар аныкталган?

8. Админстративдик жазалардын түрлөрү?

Сунушталган адабияттар:

1. Исмаилов Н.А. Укук таануу: окуу китеби. Бишкек: 2013-ж.

2. Лазарев В.В. Общая теория права. М., 1994г.

3. Ю.Лучинский В.О. Основы Правоведения. Б., 2002г.

4. Михайленко Н.Г. Правоведение Кыргызской Республики. Б., 1997г.

5. И.Комаров С.А. Правоведение КР. Б., 2002г.

6. Жээналиев А. Административное право КР. Б., 2000г.

Укуктук-нормативдик актылар:

1. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс.

Бишкек. Токтом.

Интернет ресурстары:

www.toktom.kg. «ТОКТОМ» информационно-правовой портал

http://proverka.gov.kg

104

V-бөлүм. Жарандык укуктун негиздери.

§1. Жарандык-укуктук жөнгө салуунун предмети, методдору, функциялары жана

булактары.

§2. Жарандык-укуктук мамилелер түшүнүгү.

§3. Юридикалык тараптар.

§4. Жарандык укуктук бүтүмдөр. Бүтүмдөрдүн түшүнүгү, түрлөрү жана формалары.

§5. Келишим түшүнүгү. Келишимдин түрлөрү.

§6. Интеллектулдык менчик. Автордук укук.

1. Жарандык-укуктук жөнгө салуунун предмети, методдору, функциялары

жана булактары.

Жарандык укук-мүлктүк жана ага байланышкан мүлктүк эмес мамилелерди жана анын

катышуучуларынын көз карандысыздыгын жана өз алдынчалыктарын жөнгө салуучу укуктун

тармагы. Байыркы Рим укугунан бери жарандык укук мүлктүк мамилелердин

катышуучуларынын ортосундагы мамилелерди аныктап келгендиктен “мүлк” укугу деп да

атап келишкен. Жарандык укук өзүнүн универсалдуулугу менен дагы өзгөчөлөнөт, анткени

анын нормалары аркылуу үй бүлө, эмгек жана башка укуктук мамилелерди дагы жөнгө

салууга болот.

Жарандык укук-жарандык-укуктук мамилелерге катышуучулардын укуктук абалын,

менчик укугунун жана башка мүлктүк укуктардын, интеллектуалдык ишмердиктин жана анын

натыйжаларынан келип чыккан менчик укуктардын пайда болушунун негиздерин жана

аларды жүзөгө ашыруунун тартибин аныктоочу, келишимдик жана башка милдеттенмелерди,

ошондой эле башка мүлктүк жана ага байланыштуу жеке мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө

салат. Үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мамилелерге жана жаратылыш ресурстарын

пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамилелерди жөнгө салууда да

колдонулганынын себеби бул мамилелер, үй-бүлөлүк, турак жай, эмгектик мыйзамдары жана

жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдары

менен жөнгө салынбагандыгы менен түшүндүрүлөт.

Жарандык-укуктук жөнгө салуунун предмети өтө кеңири коомдук мамилелерден

турат. Алар укуктун катышуучуларынын белгилүү бир мүлк менен байланышынын мүнөзүн

аныктайт, мүлктөрдүн экинчи тараптарга өтүү тартиптерин тизмектейт, жарандык-укуктук

105

келишимдерди түзүү эрежелерин жана анда каралган милдеттемелердин аткарылышын

бекитет жана мүлктүк жана моралдык зыяндарды калыбына келтирүү шарттарын, тартиптерин

көрсөтөт.

Жарандык укук тарабынан жөнгө салынуучу коомдук мамилелер:

1) Белгилүү бир тарапка мүлктүн таандык болушуна жана башка тараптарга өтүү

тартибине байланышкан, кызмат көрсөтүү ишмердүүлүгүнө байланышкан мүлктүк

мамилелер.

Мүлк мамилелери эки топко бөлүнөт:

а) мүлк мамилелери;

б) милдеттеме алуу мамилелери.

Мүлк мамилелери мүлккө ээлик кылуучунун өз алдынча катышуусу менен жүрөт. Ал

мүлкө ээ болуусу менен башталат. Милдеттеме алуу мамилелери экиден көп тараптын

катышуусу менен ишке ашат.

2) Жеке мүлктүк эмес мамилелер экономикалык мазмунда эмес болсо дагы мүлктүк

мамилелерге байланышкан. Анын обьектиси болуп материалдык эмес баалуулуктар

болуп саналат.

Жарандык-укуктук жөнгө салуунун методдору жарандык укуктун нормалары

коомдук мамилеге, жарандардын жүрүм-турумуна, юридикалык тараптарга карата таасир этүү

каражаттарынын жана ыкмаларынын жыйындысы.

Жарандык-укуктук жөнгө салуунун методдорунун өзгөчөлүктөрү:

1. Жарандык жүгүртүүлөрдүн баардык катышуучулары көз карандысыздыка жана өз

алдынчалыка ээ жана мыйзамга каршы келбеген баардык аракеттерди жасоого

мүмкүндүк берет.

2. Жарандык жүгүртүүлөрдүн катышуучуларынын санына карабай эки тарапка бөлүнөт

жана алардын укуктары жана милдеттери бирдей болот. Жарандык-укуктук

мамилелердин катышуучулары ар кандай ыйгарым укуктарга ээ болушса дагы тараптар

теү укуктуулук принцибин сактап калышат.

3. Жарандык-укуктук мамилелерди жөнгө салуу диспозитивдик мүнөзгө ээ болот.

Тараптарга өз ара мамилелерин мыйзам чегинен чыкпаган абалда өз алдынча аныктап

алууга уруксат берилет.

106

4. Тараптардын ортосуда чыккан талаштар өз ара келишимдин негизинде чечилүү

ыктымалы каралат, эгер мындай учур болбогон убакта атайы компетенттүү органдар иш

алып барат.

5. Жарандык-укуктук жоопкерчилик мүлктүк мүнөзгө ээ.

Жарандык укуктун функциялары.

-коомдогу жүрүм-турумдарды тескейт;

-укуктун бузулушун эскертет, алдын алат;

-адамдарын жана юридикалык тараптардын үлгүлүү жүрүм-турумдарын шарттайт;

-укук бузуучуларга карата мажбурлоочу чараларды колдонот;

-коомдогу экономикалык мамилелерди жөндөйт;

-мүлктүк жана ага байланышкан мүлктүк эмес укуктарды коргойт;

-менчиктин формасынын көп түрдүүлүгүн укуктук жактан бекитет ж.б.

Жарандык укуктун булактары

Жарандык укуктун эң башкы булагы КР Конституциясы. Ал 12-беренесинде “Кыргыз

Республикасында менчиктин ар кандай түрлөрү таанылат жана жеке, мамлекеттик,

муниципалдык жана башка менчик түрлөрүн тең укуктуу корголушуна кепилдик берилет.

Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес.

Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол

берилет”. 30-беренесинде “ Ар ким өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган

турак-жай менен башка объектилердин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен

тышкары алар пайдаланып турган турак-жайга жана башка объектилерине кире албайт. Жеке

менчикте жана башка укукта болгон турак-жайда жана бөлөк объектилерде тинтүү, алып

коюу, кароо жана башка аракеттерди жүргүзүү, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсү соттун

актысынын негизинде гана жол берилет. Мыйзамда каралган учурларда жеке менчик жана

башка укукта болгон турак-жайга жана башка объектилерди тинтүү, алып коюу, кароо жана

башка аракеттерди жүзөгө ашыруу жана аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот

актысысыз жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот

тарабынан каралууга тийиш. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр

юридикалык жактарга да тиешелүү”. 42-беренесинде “Ар ким өз мүлкүнө, өз ишмердигинин

натыйжаларына ээ болуу, колдонуу жана тескөө укугуна ээ. Ар ким экономикалык эркиндикке

ээ, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык

107

ишмердүүлүк үчүн эркин колдонууга укуктуу. Ар ким эркин эмгектенүүгө, эмгекке

жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана

гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгек шарттарына укуктуу,

ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алуу

укугуна ээ”- деп негизги жоболорду бекиткен.

Жарандык укуктун андан кийинки булагы болуп КР Жарандык кодекси саналат.

Мындан тышкары КР Президентинин указдары, Өкмөтүнүн токтомдору ж.б. жарандык

укуктун булактары болуп эсептелет.

Жарандык мыйзамдар

1. Жарандык мыйзамдар өзү жөнгө салган мамилелерге катышкандардын теңдигин,

эркинин автономиялуулугун жана мүлктүк өз алдынчалыгын таанууга, менчиктин кол

тийгистигине, келишимдин эркиндигине, жеке иштерге кимдир-бирөөнүн зомбулук менен

кийлигишүүсүнө жол бербөөгө, жарандык укуктарды тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруунун

зарылдыгына, бузулган укуктарды калыбына келтирүүнү, аларды сот тарабынан коргоону

камсыз кылууга негизделет.

2. Жарандар жана юридикалык жактар өздөрүнүн жарандык укуктарын өзүнүн эрки

менен жана өзүнүн таламына жараша алышат жана жүзөгө ашырышат. Алар келишимдин

негизинде өздөрүнүн укуктарын жана милдеттерин белгилөөдө жана келишимдин

мыйзамдарга карама-каршы келбеген кандай гана болбосун шарттарын аныктоодо эркин

болушат.

3. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана акчалай каражаттар Кыргыз Республикасынын

бүткүл аймагында бир жерден экинчи жерге эркин жүгүртүлөт. Эгерде бул адамдардын

өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо, жаратылышты жана

маданий баалуулуктарды камсыз кылуу үчүн зарыл болсо, товарларды жана кызмат

көрсөтүүлөрдү бир жерден экинчи жерге жылыштырууну чектөө мыйзамдарга ылайык

киргизилет.

4. Жарандык мыйзамдар Жарандык Кодекстен, мыйзамдардан жана ага ылайык кабыл

алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле жарандык-укуктук мамилелерди

жөнгө салуучу Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген

тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

Жарандык мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү.

108

-жарандык мыйзам актылары өткөн мезгилге карата колдонулбайт б.а. ал күчүнө

киргенден кийин келип чыккан мамилелерге карата гана колдонулат.

-гражандык мыйзам соттук прецедентти тааныбайт.

-мамилелер мыйзамдар же тараптардын макулдашуусу тарабынан түздөн-түз жөнгө

салынбаганда жана аларга карата колдонулуучу ишкердүү карым-катнаштардын каада-салты

жок болгон учурда, жарандык мыйзамдардын бирдей мамилелерди же мыйзамдын

окшоштугу жөнгө салуучу нормалары колдонулат.

- мыйзамдын окшоштугун пайдалануу мүмкүн болбогон учурда тараптардын укуктары

жана милдеттери укуктардын окшоштугу жалпы башталыштарына жана маанисине б.а. ак

ниеттүүлүктүн, аң сезимдүүлүктүн жана акыйкаттуулуктун талаптарына негизденип

аныкталат.

2. Жарандык-укуктук мамилелер түшүнүгү.

Жарандык укуктук мамилелер-жарандык укуктун нормалары тарабынан жөнгө салынган

коомдук мамилелер. Мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелердин тең укуктуу, көз карандысыз

катышуучуларынын жана алардын субъективдүү укуктарынын жана милдеттеринин бардыгын

билдирген юридикалык байланышты айтсак да болот. Жарандык укуктук мамилелердин

башталышынын типтүү негизи болуп келишимди тааныйбыз. Бул мамилелерди аныктоочу

белгиси катары анын катышуучуларынын юридикалык тең укуктуулугун белгилейбиз.

Жарандык укуктук мамилелердин структурасы:

-Укуктук мамилелердин катышуучуларынын субъективдүү укуктары жана милдеттери;

-Укуктук мамиленин обьектиси;

-Укуктук мамиленин субъектиси.

Укуктук мамилелердин катышуучуларынын субъективдүү укуктары жана милдеттери

анын маңызын түзөт. Бир тарабы укуктуу болсо,экинчи тарабы милдеттүү болот.

Субъективдүү укук- жарандык укуктук мамилелердин субъектисинин мыйзам

чегиндеги жүрүм-туруму.

Жарандык укуктук мамилелердин катышуучусу ээ болгон укуктук куралдар ыйгарым

укуктар деп аталат жана үч топко бөлүнөт:

1) Талап кылуучу-милдеттүү тараптан алган милдеттемелерин аткарылышын талап

кылуу;

2) Өздүк аракетке ээлик-өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгү;

109

3) Коргонуу-бузулган укуктарын калыбына келтирүү максатында укукту бузган тарапка

чара көрүү талабы менен сот органдарыга кайрылуу мүмкүнчүлүгү.

Бул үч мүмкүнчүлүк бир эле жарандык укуктук мамилелерде камтылбай калышы

мүмкүн жана арбири өз алдынча мамилелрдин катышуучусу болушат..

Субъективдүү милдеттер-жарандык укуктук мамилелердин субъектисинин жүрүм-

турум ченемдери. Анын маңызы белгилүү бир аракетке баруу зарыдыгын же кайсы бир

аракеттен оолак боуу зарылдыгын туюнтат. Эки тиби бар:

1) Пассивдүү милдеттер-жарандык-укуктук тыюуулардан улам келип чыгат жана

мамлекеттин же тараптардын кызыкчылыгын буза ьурган аракеттерге юридикалык

тыюулардын бардыгын эскертет;

2) Активдүү милдеттер-коомго пайда алып келүүчү аракеттердин келип чыгуусуна түрткү

болот.

Жарандык укуктук мамилелердин мазмуну:

Жөнөкөй-бир милдет тагылган мамилелер;

Татаал-бир милдеттен улам ага байланышкан башка милтеттер келип чыккан

мамилелер.

Жарандык укуктук мамилелердин обьектилери-укуктук мамилелер келип чыккан

жана анын катышуучуларынын укугу жана милдеттери багытталган тараптар. Жарандык

укуктук мамилелердин обьектилерин эки топко бөлсө болот:

1) Мүлктүк эмес обьектилер-чыгармачылык ишмердүүлүктүн натыйжалары, маалымат

жана жеке мүлктүк эмес баалуулуктар.

-Чыгармачылык ишмердүүлүктүн натыйжалары -интеллектуалдык эмгек натыйжалары,

программалык камсыздоолор, ойлоп чыгууга жана исскуства өнөрүнө болгон автордук укук

ж.б.

-Жеке мүлктүк эмес баалуулуктар- өмүрү жана ден соолугу, жеке кадыр-баркы, жеке кол

тийбестиги, ар-намысы жана асылдуулугу, ишкердүү бедели, жеке турмушуна кол тийбестиги,

жеке жана үй-бүлөлүк сыры, бир жерден экинчи жерге эркин баруу, турган жана жашаган

жерин тандап алуу мүмкүнчүлүгү.

2) Мүлк обьектилери-буюмдар, акча, баалуу кагаздар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр

жана мүлктүк укуктар жана милдеттер.

110

КР жарандык кодексине ылайык буюмдар кыймылсыз жана кыймылдуу буюмдар,

бөлүнгүс буюмдар, татаал буюмдар, жаныбарлар, жаныкталуучу буюмдар жана тектик

белгилери менен аныкталуучу буюмдар ж.б.

Акча, баалуу кагаздарга-сом, валюталык баалуулуктар, облигация, вексель, чек, банктык

сертификат, коносамент, акция.

Жарандык укуктук мамилелердин субъектилери-укуктук мамилеге катышуучу

тараптар. Алар:

-Адамдар (Жарандар)-Кыргыз Республикасынын Жарандары, башка мамлекеттердин

Жарандары, ошондой эле Жарандыгы жок адамдар. Жарандык укуктук мамилелердин

субъектиси болуу үчүн укукту колдонуу жөндөмдүүлүктөрүнө ээ болуусу керек.

Жарандык укукка жөндөмдүүлүк- Жарандык укукка жана милдеттерге ээ болуу

жөндөмдүүлүгү. Жарандын укукка жөндөмдүүлүгү ал төрөлгөн учурдан башталат жана каза

болгого чейин коштоп жүрөт.

Жарандын укукка жөндөмдүүлүгүнүн негизги мазмуну-Жаран менчиктөө укугу

менен мүлккө ээ болот, мүлктү мурастайт жана мураска берет, өз алдынча жана башка

юридикалык жактар жана Жарандар менен бирге юридикалык жакты түзүп, мыйзам

тарабынан тыюу салынбаган ар кандай бүтүмдөрдү түзөт жана милдеттенмелерге катышат;

жашаган жерин тандап алат; илимий, адабий жана көркөм өнөр чыгармаларынын, ойлоп

табуулардын жана интеллектуалдык ишмердиктин башка натыйжаларынын авторунун

укугуна ээ болот; башка мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ боло алат.

Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү(дееспособность)- Жарандын өз аракеттери менен

жарандык укукка ээ болуу жана аны жүзөгө ашыруу, өзүнө жарандык милдеттерди алуу жана

аларды аткаруу жашы жеткенде, башкача айтканда он сегиз жашка толгондо пайда болот.

Укукка жөндөмдүүлүктөн жана аракетке жөндөмдүүлүктөн ажыратууга жана чектөөгө жол

берилбестик-баардык тараптардын укукка жөндөмдүүлүгү жана аракетке жөндөмдүүлүгү

чектелиши мүмкүн эмес.

Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электердин аракетке

жөндөмдүүлүгү-Он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки жашы жете электер өздөрүнүн

мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, б.а. ата-энелеринин, асырап алгандардын же камкордукка алган

адамдардын кат жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзөт. Жашы жете элек мындай балдар ата-

энелеринин, асырап алган же камкордукка алган адамдардын макулдугусуз өз алдынча

укуктуу болгон нерселер:

111

1) өзүнүн тапкан акысын, стипендиясын жана башка кирешелерин тескөөгө;

2) илимий, адабий же көркөм өнөр, көркөм сүрөт же өзүнүн интеллектуалдык

ишмердигинин мыйзам менен корголуучу натыйжаларына автордук укугун жүзөгө ашырууга;

3) мыйзамга ылайык кредиттик мекемелерге салым салып жана аны тескөөгө;

4) майда турмуш-тиричилик келишимдерин жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу.

Жашы жете элек баланы аракетке толук жөндөмдүү деп табуу (эмансипация)-Эгерде он

алты жашка толгон жашы жете элек бала эмгек келишими, анын ичинде контракт боюнча

иштесе, же ата-энесинин, асырап алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен

ээлик кылуу ишин жүргүзсө, ал аракетке толук жөндөмдүү табылат. Жашы жете элек баланы

аракетке толук жөндөмдүү (эмансипация) деп жарыялоо ата-энесинин экөөнүн тең, асырап

алуучулардын же камкордукка алуучунун макулдугу менен же мындай макулдук болбогон

учурда соттун чечими менен көзөмөл жүргүзүүчү жана камкордукка алуу органынын чечими

боюнча жүргүзүлөт. Эмансипацияланган жашы жете элек баланын милдеттенмелери, атап

айтканда ага зыян келтирүүнүн кесепетинен келип чыккан милдеттенмелери боюнча анын ата-

энеси, асырап алуучулар жана камкордукка алуучу жоопкерчиликте болбойт.

Он төрт жашка чейинки жаш балдар өз алдынча төмөнкүлөрдү жасоого укуктуу:

1) майда-барат, турмуш-тиричилик бүтүмдөрү;

2) нотариаттын күбөлөндүрүүсүн же документ толтуруусун, же мамлекеттик каттоону

талап кылбаган акысыз пайданы алууга багытталган бүтүмдөр;

3) мыйзамдуу өкүл тарабынан же анын макулдугу боюнча үчүнчү адам тарабынан

белгилүү бир максатта же эркин жумшоо үчүн берилген каражаттарды тескөө боюнча

бүтүмдөр.

4. Ата-энеси, асырап алуучулары же камкордукка алуучулары, эгерде милдеттенменин

бузулушунда күнөөсү жоктугун далилдей алышпаса, анда он төрт жашка чейинки жашы жете

элек балдар мүлк боюнча, мунун ичинде өз алдынча жасаган бүтүмдөрү боюнча

жоопкерчиликке тартылышат. Ал адамдар мыйзамга ылайык жаш балдары келтирген зыян

үчүн да жооп беришет.

Жарандын аракетке жөндөмсүз деп таанылышы(дедееспособность). Өзүнүн

психикалык оорусунан улам өзү жасаган аракеттердин маанисин түшүнбөсө, өзүн-өзү башкара

албаса, анда ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылат. Спирт ичимдиктерин же

баңгилик каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык

жактан азгырылуунун кесепетинен өзүнүн үй-бүлөсүн материалдык оор абалга алып келген

112

Жарандын жагы ушундай эле чектөөлөргө туш болот. Буга байланыштуу алар атайы

камкордукка алынат. Аракетке жөндөмсүз деп таанылган Жарандын атынан бүтүмдү аны

камкордукка алган адам жүргүзөт.

Камкордукка алуу(опека)-Камкордукка алуу жаш балдарга, ошондой эле психикалык

бузулуудан улам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган Жарандарга белгиленет

жана мыйзамга ылайык алардын атынан жана алардын кызыкчылыгында бардык зарыл

иштерди алып барат.

Көзөмөлдүк жүргүзүү(попечительство)-Көзөмөлдүк кылуу он төрт жаштан он сегиз

жаш куракка чейинки жашы жете элек балдарга жана спирт ичимдиктерин же баңгилик

каражаттарды кыянаттык менен пайдалануунун, кумар оюндарына патологиялык жактан

азгырылуунун кесепетинен сот тарабынан аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген Жарандарга

белгиленет. Көзөмөлдүк кылуу алдында болгон Жарандар өз алдынча жасоого укуксуз болгон

бүтүмдөрдү жасоого көзөмөлдөөчүлөр макулдук беришет. Көзөмөлдүк кылуучулар өзүнүн

камкордугу алдында болгондорго алардын өз укуктарын жүзөгө ашырышына жана

милдеттерин аткарышына көмөк көрсөтүшөт, ошондой эле аларды үчүнчү жактардын

кыянаттык кылышынан коргоого милдеттендирилген. Камкордука алуудан айырмаланып

көзөмөлчү жарандык укуктук мамилеге түз катышпайт, болгонуалардын укуктарын ишке

ашырууда көмөкчү болушат.

Камкордукка алуучу жана көзөмөлдүк кылуучу болуп аракетке жөндөмдүү гана

Жарандар дайындала алат. Ата-энелик укугунан ажыратылган Жарандар камкордукка алуучу

жана көзөмөлдүк кылуучу болуп дайындала албайт.

Жарандык абал актыларын каттоо:

Жарандык абалдын төмөндөгү актылары бар:

1) туулгандыгы тууралуу;

2) никеге тургандыгы тууралуу;

3) никени бузгандыгы тууралуу;

4) асырап алгандыгы тууралуу;

5) атасы ким экендигин белгилеген;

6) атын, фамилиясын жана атасынын атын өзгөрткөндүгү тууралуу;

7) өлгөндүгү тууралуу.

113

Жарандык абал актыларын каттоо жарандык абал актыларын жазуу органдары

тарабынан (ЗАГС) жарандык абал актыларын каттоо китебине (акт китептерине) тиешелүү

жазууларды жазуу жана күбөлүктөрдү берүү аркылуу жүргүзүлөт.

Жарандык абал актыларын каттоону жүзөгө ашыруучу органдар бул актыларды

каттоонун тартиби, жарандык абал актыларынын жазууларын өзгөртүүнү, калыбына

келтирүүнү жана жок кылуунун тартиби, акт китептеринин жана күбөлүктөрдүн формалары,

ошондой эле акт китептерин сактоонун тартиби жана мөөнөттөрү жарандык абал актылары

жөнүндө мыйзам тарабынан аныкталган жол менен алып барат.

3. Юридикалык тараптар.

Юридикалык тараптар- атайы белгилерге ээ болгон, белгилүү бир тартипте уюшулган

жана токтотулган өзгөчө түзүм б.а. менчигинде, чарба жүргүзүүсүндө же оперативдүү

башкаруусунда өзгөчөлөнгөн мүлкү бар жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ал мүлкүнө

жооп берген, өз атынан ушул мүлккө байланышкан жана мүлккө байланышпаган жеке

укуктарга жана милдеттенмелерге ээ боло алуучу жана ишке ашыруучу, сотто доочу жана

жоопкер катары да чыга алуучу, өз алдынча балансы же сметасы бар уюм.

Юридикалык тараптын белгилери:

Уюштуруудагы биримдиги-юридикалык тараптын баардык уюмдары, филиалдары,

өкүлчүлүктөрү бир бүтүн жана бир багыттагы уюм катары иш алып барат. Аталышында,

мөөрүндө,, фирмалык бланктарында, товардык белгилерде да бул принцип сакталат. Анын

устаында, учредителдик келишимдеринде дагы бул биримдик көрсөтүлөт.

Мүлктүк обочолонуу-тигил же бул мекеменин мүлкү ээлик кылуучудан обочолонгон.

Өз алдынча мүлктүк жоопкерчилик-юридикалык тарапка тиешелүү гана мүлккө

жоопкерчилик алып учредителдин же башка тараптардын менчиги кол тийгис бойдон калат.

Жарандык жүгүртүүлөргө өз атынан катышуусу-юридикалык тарап жарандык

мамилелерге өзүнүн фирмалык аты менен катышып милдетеме алат, жоопкер болот.

Юридикалык тараптын укукка жөндөмдүүлүгү-уюштурулгандан тартып

ишмердүүлүгү токтотулганга чейин ээ болот. (КР Жарандык Кодекси, “3. Юридикалык

жактын укукка жөндөмдүүлүгү ал түзүлгөн учурдан баштап пайда болот (86-статьянын 2-

пункту) жана анын жоюлушу аяктаганда токтотулат (98-статьянын 8-пункту)”.

Юридикалык тарап өзүнө тиешелүү болгон ишмердиктин максаттарына ылайык

жарандык укуктарга ээ боло алат ошого байланыштуу милдеттерди алып жүрөт.

114

Юридикалык тараптын укукка жөндөмдүүлүгү төмөнкү түрлөрүн белгилесек болот:

1) Атайы. Юридикалык тарапта документтеринде уруксат берилген гана укуктарга,

милдеттерге, жоопкерчиликтергеээ;

2) Жалпы. Мыйзамда уруксат берилген бардык ишмердүүлүктөр менен алектенгенге укук

алат. Мындай жөндөмгө мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдар ээ болот;

3) Чектелген. Кээ бир учурларда ишмердүүлүк жүргүзүү үчүн атайы лицензияларга ээ

болуш керек.

Юридикалыктарапты түзүү тартиптери

Юридикалык тарап бир же бир нече уюштуруучу уюштурушу мүмкүн жана мүлктүн

менчик ээлери, алар ыйгарым укук берген органдар жана жарандар боло алышат. Мында

мүлккө чарба жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугунда ээлик кылгандар менчик ээсинин

жана ал ыйгарым укук берген органдын макулдугу менен башка юридикалык жактардын

уюштуруучусу боло алат.

Юридикалык тарап уставдын же уюштуруу келишиминин гана негизинде аракеттенет.

Аны уюштуруу келишимин анын катышуучулары түзүшөт, ал эми уставы алар тарабынан

бекитилет, эгер бир уюштуруучу тарабынан түзүлгөн болсо ошол уюштуруучу бекиткен

уставдын негизинде иштейт.

Юридикалык тараптын уставында жана башка документтеринде юридикалык жактын

фирмалык аталышы, адреси, юридикалык тараптын ишмердигин башкаруу тартиби, ошондой

эле тийиштүү түрдөгү мыйзамдарда белгиленген башка маалыматтар болууга тийиш.

Коммерциялык эмес уюмдардын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын,

коммерциялык уюмдардын уюштуруу документтеринде юридикалык тараптын ишмердигинин

предмети жана максаты аныкталат.

Уюштуруучулар уюштуруу келишиминде юридикалык тарапты түзүүгө милдеттенишет,

аны түзүү боюнча ишмердиктин биргелешкен тартибин, ага өз мүлкүн өткөрүп берүүнүн жана

анын ишмердикке катышуу шарттарын аныкташат, ошондой эле келишимде

катышуучулардын ортосунда пайданы жана чыгымдарды бөлүштүрүүнүн, юридикалык

жактын ишмердигин башкаруунун, уюштуруучулардын анын курамынан чыгуусунун тартиби

жана шарттары такташат. Уюштуруучулардын макулдугу менен уюштуруу келишимине

башка шарттар да киргизилиши мүмкүнчүлүгү каралган.

115

Саясий партиялардан, диний уюмдардан жана башка коммерциялык эмес уюмдардан

башка юридикалык тараптарды уюштуруу документтерин өзгөртүү юридикалык жактын

ыйгарым укуктуу органы аларды белгиленген тартипте бекиткен күндөн тартып күчүнө кирет.

Юридикалык тараптардын түрлөрү.

Юридикалык тараптардын түрлөрү алардын менчигинин формасынан келип чыгат б.а.

ишмердүүлүгүнүн максаты, учредителдердин составы, уюмдун буюмдук укуктары ж.б.

КР Жарандык Кодексине ылайык Коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар деп

бөлүнөт.

1) Өз ишмердигинин негизги максаты пайда табууну көздөгөн уюм коммерциялык деп

аталат.

2) Өз ишмердигинин негизги максаты пайда табууну көздөбөгөн жана алынган пайданы

катышуучулардын ортосунда бөлүштүрбөгөн уюм коммерциялык эмес деп аталат.

Коммерциялык уюмдар катары саналган юридикалык тараптар чарбачылык

шериктештиктердин жана коомдордун, кооперативдердин, дыйкан (фермердик)

чарбаларынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларды түзө алат.

Коммерциялык уюмдар

Чарбалык шериктештиктер жана коомдор-капиталы уюштуруучулардын ортосунда

үлүштөргө (салымдарга) же акцияларга бөлүштүрүлгөн коммерциялык уюмдар.

Уюштуруучулардын (катышуучулардын) салымдарынын же алардын акцияларды сатып

алышынын эсебинен түшкөн, ошондой эле чарбалык шериктештик же коом иштеп жатканда

сатып алынган мүлк ага менчик укугунда болот.

Чарбалык шериктештиктер жана коомдор төмөндөгүдөй бөлүнөт:

- толук шериктештик;

- коммандиттик шериктештик;

-жоопкерчилиги чектелген коом;

-кошумча жоопкерчилиги бар шериктештик;

-акционердик коом.

Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкү укуктарга ээ:

-шериктештиктин же коомдун ишин башкарууга катышууга;

116

-шериктештиктин же коомдун иш-аракети тууралу маалымат алууга жана анын

бухгалтериялык китептери жана башка документтери менен таанышууга;

-пайданы бөлүштүрүүгө катышууга;

-шериктештик же коом жоюлган учурда кредиторлор менен эсептешкенден кийин калган

мүлктүн бир бөлүгүн же анын наркын алууга.

Чарбалык шериктештиктин же коомдун катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

-уюштуруу документтеринде каралган тартипте, өлчөмдө, ыкмаларда жана мөөнөттө

салым кошууга;

-шериктештиктин же коомдун ишмердиги жөнүндөгү жашырын маалыматты таратпоого.

Бир түрдөгү чарбалык шериктештик жана коом экинчи түрдөгү чарбалык

шериктештикке жана коомго же кооперативге катышуучулардын жалпы жыйналышынын

чечими менен жана башка мыйзамдарда белгиленген тартипте кайра түзүлө алат.

Өндүрүштүк кооперативдер.

Кооператив - Жарандардын жана юридикалык жактардын мүчөлүгүнүн, биргелешкен

чарбалык жана башка ишти демократиялык башталыштарда уюштуруу аркылуу жана анын

мүчөлөрүнүн пайлык мүчөлүк акыларын бириктирүүнүн негизинде, өздөрүнүн материалдык

жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатын көздөгөн ыктыярдуу бирикме.

Кооперативдер юридикалык жактар болуп эсептелет жана коммерциялык же коммерциялык

эмес уюмдар формасында түзүлүшү мүмкүн.

Кооперативдердин укуктук абалы, ошондой эле алардын мүчөлөрүнүн укуктары жана

милдеттери "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан

аныкталат. Турак жай жана турак жай-курулуш кооперативдеринин мүчөлөрүнүн алар турак

жайга менчиктик укугун алгандан кийинки укуктары менен милдеттери "Турак жайдын

менчик ээлеринин шериктиктери жөнүндө", "Кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана алар

менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

мыйзамдары менен аныкталат.

Кооперативдерди түзүү

Кооперативдер продукцияларды өндүрүү, кайра иштетүү, сатып алуу жана сатуу,

агрардык-техникалык сервис, ташуу, сактоо, куруу, тейлөөнүн турмуш-тиричилик жана башка

түрлөрү, пайдалуу кендерди жана башка табигый ресурстарды казып алуу, илим-изилдөө,

долбоорлоо-конструктордук иштерди жүргүзүү, камсыздандыруу, кредит берүү мыйзамдарда

тыюу салынбаган башка иштер боюнча биргелешкен ишти жүзөгө ашыруу үчүн жеке жана

117

юридикалык жактар тарабынан ыктыярдуу негизде түзүлөт. Кооперативдин мүчөлөрүнүн

саны, жетиден кем болбоого тийиш.

Мамлекеттик ишканалар

Чарба жүргүзүү укугуна негизденген мамлекеттик ишканалар- мүлкү жана

кирешеси мамлекеттин менчиги болуп саналган жана бул ишканага ээлик кылуу ишкердигин

жүзөгө ашыруу укугу бекитилген юридикалык жак таанылат. Чарба жүргүзүү укугуна

негизденген ишкананын фирмалык аталышында анын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик

ишканасы болуп санала тургандыгы камтылат жана ишкананын укуктук жобосу мыйзам

тарабынан аныкталат.

Оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик ишкана

1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигинде болгон мүлктүн базасында өзүнө

бекитилген мүлктү оперативдүү башкарууну ишке ашыруучу ишкана түзүлүшү мүмкүн.

2. Оперативдүү башкаруу укугуна негизденген ишкананын фирмалык аталышында ал

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ишканасы болуп санала тургандыгы камтылууга

тийиш.

3. Ага бекитилген мүлккө болгон ишкананын укугу атайы жобо менен аныкталат.

4. Кыргыз Республикасы оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик

ишкананын милдеттенмелери боюнча, анын мүлкүнүн жетишсиздигинде, субсидиялык

жоопкерчиликти өзүнө алат.

Коммерциялык эмес уюмдар

Коммерциялык эмес уюмдар мекеменин менчик ээси тарабынан финансылануучу

кооперативдер, саясий партиялар дагы башка коомдук же диний уюмдар (бирикмелер),

мекемелер кайрымдуулук жана башка фонддор, ошондой эле мыйзамда каралган дагы башка

түрлөрдө түзүлө алат.

Коммерциялык эмес уюмдар өздөрүнүн уставындагы максаттарга зарыл болгон өлчөмдө

гана ишкердик кыла алат.

Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар

Рухий жана башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн биригишкен

Жарандардын ыктыярдуу бирикмелери коомдук бирикмелер жана диний уюмдар катары

таанылат. Мыйзамдарда каралган учурларда айрым коомдук бирикмелер үчүн милдеттүү

түрдө мүчө болуу белгилениши мүмкүн. Коомдук бирикмелер жана диний уюмдар

коммерциялык эмес уюмдар болуп саналат, ошондуктан алар өздөрү түзүлгөн максаттарына

118

жетишүү жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка чарбалык

ишмердикти гана жүзөгө ашырууга укуктуу.

Саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана

профсоюздарды чет өлкөлүк юридикалык жактар жана Жарандар, чет өлкөлүк мамлекеттер

жана эл аралык уюмдар тарабынан финансылоого жол берилбейт.

Коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын катышуучулары (мүчөлөрү) бул

уюмдардын менчигине беришкен мүлккө, анын ичинде мүчөлүк взносторго болгон укуктарын

сактап калышпайтжана алар өздөрү мүчө катарында катышкан коомдук бирикмелердин жана

диний уюмдардын милдеттенмелери боюнча, ал эми көрсөтүлгөн бирикмелер жана уюмдар

өзүнүн мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт.

Коомдук фонддор

Социалдык, кайрымдуулук, маданий, билим берүү жана башка коомдук-пайдалуу

максаттарды көздөгөн ыктыярдуу мүлк взносторунун негизинде жарандар жана юридикалык

жактар тарабынан уюштурулган мүчөлүгү жок коммерциялык эмес уюм коомдук фонд деп

аталат.

Аны уюштуруучулар тарабынан фондго берилген мүлк фонддун менчиги болуп саналат.

Фонд мүлктү өзүнүн уставында белгиленген максаттарда пайдаланат жана ал өзү түзүлгөн

максаттарга жетүү үчүн жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка

чарбалык ишмердик менен эмгектенүүгө укуктуу. Фондду башкаруунун тартиби жана анын

органдарын түзүүнүн тартиби уюштуруучулар тарабынан бекитилүүчү анын уставы менен

аныкталат.

Фонддун уставы: "фонд" деген сөздү камтыган фонддун аталышын; фонддун максаты

жөнүндөгү маалыматтарды; фонддун органдары жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү, анын ичинде

фонддун ишине кезөмөлдүк жүргүзгөн байкоочу кеңеш жөнүндөгү көрсөтмөлөрдү; фонддун

кызмат орундарына адамдарды дайындоонун жана бошотуунун тартиби; ал жоюлган учурда

фонддун мүлкүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтарды камтууга тийиш.

Коомдук фонддун уставын өзгөртүү жана жоюу

Эгерде фонддун уставында аны белгиленген тартипте өзгөртүү каралса, анын органдары

фонддун уставын өзгөртүшү мүмкүн. Фондду уюштурууда анын уставы алдын ала көрүүгө

мүмкүн болбогон кесепеттерге дуушарланта тургандай өзгөрүлбөгөн түрүндө сакталса, устав

ыйгарым укук берилгендер тарабынан өзгөртүлбөй тургандыктан, аны өзгөртүү мүмкүнчүлүгү

анда каралбаса, өзгөртүү киргизүү укугу фонддун органдарынын, байкоочу кеңештин же

119

фонддун ишмердигине көзөмөл жүргүзүүгө ыйгарым укук алган башка органдын арызы

боюнча сотто чечилет.

Фондду жоюу мыйзамда каралган тартипте жүрөт жана жоюлган учурда кредиторлордун

талаптары канааттандырылгандан кийин калган анын мүлкү уставда каралган максаттарга

жумшалат.

Мекемелер

Менчик ээси тарабынан башкаруучу, социалдык-маданий же коммерциялык эмес башка

функцияларды ишке ашыруу үчүн түзүлгөн жана ал тарабынан толук же жарым-жартылай

финансылануучу мамлекеттик же башка уюм мекеме катары таанылат. Мекеменин өзүнө

бекитилген укуктары жана ал сатып алган мүлк ушул мыйзамга ылайык аныкталат.

Мекеме өзүнүн милдеттенмелери боюнча карамагындагы акча каражаттары менен жооп

берет. Алар жетишсиз болсо, мекеменин милдеттенмелери боюнча субсидиардык

жоопкерчиликти менчик ээси тартат.

Юридикалык жактардын бирикмелери (ассоциациялар жана союздар)

Коммерциялык уюмдар алардын ишкердик аракеттерин координациялоо, ошондой эле

жалпы мүлктүк таламдарды көрсөтүү жана коргоо максатында келишим боюнча өз ара

коммерциялык эмес бирикмелерди ассоциациялар (союздар) түрүндө түзө алышат. Эгерде

катышуучулардын чечими боюнча ассоциацияга (союзга) ээлик кылуу ишкердигин алып

баруу жүктөлсө, мындай ассоциация (союз) мыйзамда каралган тартипте чарбалык коомго же

шериктештикке кайра түзүлүүгө тийиш. Ишкердикти жүзөгө ашыруу үчүн ассоциациялар

(союздар) чарбалык коомдорду түзүүгө же аларга катышууга укуктуу.

Коомдук жана башка коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде мекемелер бул

уюмдардын ассоциацияларына (союздарына) ыктыярдуулук менен бириге алышат.

Коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

Ассоциация юридикалык тарап болуп саналат. Ассоциациянын мүчөлөрү өз

алдынчалыгын жана юридикалык тараптын укугун сактап калышат. Ассоциация өзүнүн

мүчөлөрүнүн милдеттенмелери боюнча жооп беришпейт. Ассоциациянын мүчөлөрү анын

милдеттенмелери боюнча ассоциацияны уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана

тартипте субсидиялык жоопкерчиликти алышат.

Ассоциациянын фирмалык аталышы анын ишмердигинин негизги предметин жана анын

мүчөлөрүнүн негизги предметин "ассоциация" же "союз" деген сөздөрдү камтуу менен

көрсөтүлүшү керек.

120

Ассоциацияны (союзду) уюштуруунун документтери

Ассоциацияны (союзду) уюштуруунун документтери болуп анын мүчөлөрү тарабынан

кол коюлган жана алар бекиткен устав саналат. Ассоциацияны уюштуруунун документтери

мыйзамда көрсөтүлгөн маалыматтар менен катар ассоциациянын курамы жана аны

башкаруучу органдардын компетенциясы жана алардын чечимдерди кабыл алышынын

тартиби жөнүндөгү, анын ичинде чечилиши ассоциациянын мүчөлөрүнүн бир добуштан же

добуштардын квалификациялуу көпчүлүгү менен кабыл алынуучу маселелер жөнүндөгү жана

ассоциация жоюлгандан кийин калган мүлктү бөлүштүрүүнүн тартиби жөнүндөгү шарттарды

камтыйт.

Ассоциациянын (союздун) мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери:

Ассоциациянын мүчөсү өзүнүн каалоосу боюнча финансылык жыл аяктагандан кийин

ассоциациядан чыгууга укугу бар. Мындай учурда ал чыккан учурдан тартып эки жыл

аралыгында ассоциациянын милдеттенмелери боюнча субсидиялык жоопкерчиликти алат.

Ассоциациянын мүчөсү андан ассоциацияны уюштуруунун документтеринде белгиленген

учурда жана тартипте калган катышуучулардын чечими боюнча чыгарылат. ядан чыгууга

тийиштүү эрежелер колдонулат. Ассоциациянын катышуучуларынын макулдугу менен ага

жаңы мүчө кире алат.

4. Жарандык укуктук бүтүмдөр. Бүтүмдөрдүн түшүнүгү, түрлөрү жана

формалары.

Бүтүмдөрдүн түшүнүгү жана түрлөрү.

Жарандардын жана юридикалык тараптардын жарандык укуктарды жана милдеттерди

орнотууга, өзгөртүүгө жана жокко чыгарууга багытталган иш-аракеттери жарандык укуктук

бүтүмдөр деп аталат. Бүтүмдөр бир тараптуу жана эки же андан көп тараптуу келишимдер

болушу мүмкүн.

-Бир тараптын эрки чагылдырылган бүтүм бир тараптуу бүтүм катары эсептелет. Бир

тараптуу бүтүм аны жасаган тарап үчүн милдеттерди жаратат.

-Келишим түзүү үчүн эки тараптын (эки тараптуу бүтүм) же андан көп тараптын (көп

тараптуу бүтүм) макулдашылган эрктеринин билдирилүүсү керек.

-Шартташуу менен жасалган бүтүмдөр.

Бүтүмдүн формалары

Бүтүмдөр ооз эки, жазуу (жөнөкөй, нотариалдык) түрүндө жасалат.

121

Ооз эки бүтүмдөр: тараптардын макулдашуусу менен жазуу түрүндө белгиленбеген

формадагы бүтүм ооз эки жасалышы мүмкүн. Жазуу жүзүндө түзүлгөн келишимдерди аткаруу

үчүн бүтүмдөр, эгерде ал мыйзамга жана келишимге карама-каршы келбесе, тараптардын

макулдашуусу боюнча ооз эки жасалышы мүмкүн.

Бүтүмдүн жазуу жүзүндөгү формасы

Жазуу жүзүндөгү бүтүм анын маңызын билдирген жана бүтүм жасап жаткан жактын же

жактардын же тийиштүү түрдө ыйгарым укук алышкан жактардын өз колдору коюлган

документти түзүү жолу менен жасалууга тийиш.

Эки тараптуу бүтүмдөр ар бир тарап өздөрү түзүшкөн жана кол коюшкан

документтерди алмашуу жолу менен жасалат. Бүтүмдүн формасы (белгилүү формадагы

бланкка жасоо, мөөр менен ырастоо ж.б.) туура келүүчү кошумча талаптар коюлушу жана бул

талаптарды сактабагандыктын натыйжалары каралышы мүмкүн. Бүтүмдөрдү жасоодо

коюлган колдорду механикалык каражаттардын жардамы аркылуу факсимилдик жол менен

кайра чыгарууга же башкача ыкма менен көчүрүп алууга, электрондук-сан менен жазууга же

жекече коюлган колдун башка аналогу мыйзамда же тараптардын макулдашуусу менен

каралган учурларда жол берилет. Адамдын мүмкүнчүлүгү чектелгендиктен улам өз колун

коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү Жаран өз кол

коюусун толугу менен алмаштыра турган, нотариаттык күбөлөндүрүлгөн факсимилдик

колтамганы пайдалануу менен жазуу жүзүндөгү формада бүтүм түзүүгө укуктуу. Эгерде

Жаран өзүнүн денесиндеги кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан өзү кол

кое албаса жана факсимилдик кол коюусу болбосо, анда анын өтүнүчү боюнча бүтүмдө башка

Жаран кол кое алат. Мындай учурда койгон колу нотариус аркылуу же бүтүм жасоочу ага өз

колун кое албагандыгынын себептерин көрсөтүү менен мындай нотариалдык иштерди

жүргүзүүгө укуктуу кызмат адамы аркылуу ырасталышы керек.

Жөнөкөй кат жүзүндө жасалуучу бүтүмдөр

1) юридикалык жактардын жана жарандардын ортосундагы бүтүмдөр;

2) Жарандардын ортосунда өз ара эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнөн кеминде он эсе

ашкан суммада белгиленген, ал эми мыйзамда каралган учурларда бүтүмдүн суммасына

карабастан түзүлгөн бүтүмдөр жөнөкөй кат жүзүндө түзүлүүгө тийиш.

Бүтүмгө нотариалдык жактан күбөлүк төмөнкү учурларда милдеттүү:

1) мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда;

2) тараптардын талабы боюнча.

122

Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөр жана кыймылсыз мүлккө карата бүтүмдөрдөн келип

чыгуучу (ажыратуу, ипотека, мураска алуу ж.б.) жана жарандык укуктар менен милдеттердин

белгиленишине, пайда болушуна, өзгөрүшүнө же токтотулушуна байланыштуу укуктар

мамлекеттик каттоодон өтөт.

Өкүлчүлүк. Ишеним кат

Өкүлчүлүк

Ишеним катка, мыйзамдын көрсөтмөсүнө же буга укуктуу мамлекеттик органдын же

жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын актысына негизделген ыйгарым укуктун

аркасында бир жак (өкүл) тарабынан башка (өкүлдүк кылууну тапшырган) жактын атынан

түзүлгөн бүтүм өкүлдүк кылууну тапшыруунун түздөн-түз жарандык укуктарын жана

милдеттерин түзөт, өзгөртөт жана токтотот. Ыйгарым укуктуу өкүлдүк (чекене соодадагы

сатуучу, кассир жана башкалар) иш жүргүзгөн кырдаалдан да келип чыгышы мүмкүн.

Коммерциялык өкүлчүлүк

Ишкерлердин атынан ишкерлик чөйрөсүндө келишим түзүүдө өзүн дайыма жана өз

алдынча өкүлдүк кылып турган жак коммерциялык өкүл болуп саналат.

Ишеним кат. Ишеним каттын мөөнөтү

Үчүнчү жактын алдында өкүлчүлүк кылуу үчүн бир жак тарабынан экинчи жакка

берилүүчү кат жүзүндөгү укук - ишеним кат катары таанылат. Өкүлдүк кылууну тапшыруучу

ишеним катты тиешелүү үчүнчү жакка бериши мүмкүн. Юридикалык жактын атынан ишеним

кат анын жетекчисинин же уюштуруу документтеринде буга укук берилген башка жактын

колу коюлуп, ал уюмдун мөөрүн басуу менен берилет.

Ишеним каттын колдонуу мөөнөтү үч жылдан ашпайт. Түзүлгөн күнү көрсөтүлбөгөн

ишеним кат жараксыз болуп саналат. Чет өлкөдө колдонууга арналган, колдонуу мөөнөтү

көрсөтүлбөгөн, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат ошол ишеним катты берген

жак аны жокко чыгарганга чейин күчүн сактайт.

Нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним каттар жана аларга теңештирилген ишеним каттар

Нотариалдык форманы, мамлекеттик каттоону талап кылган бүтүмдөрдү түзүүгө

ишеним кат, ошондой эле сотто өкүлдүк кылууга жарандар тарабынан берилген ишеним кат,

мыйзамда каралгандагыдан башка учурларда, нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

Төмөндөгүлөр: -госпиталдарда, санаторийлерде жана башка аскердик-дарылоо

мекемелеринде дарыланып жүргөн адамдардын мындай мекеменин башчысы же башкы врачы

тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары;

123

-аскер кызматчыларынын ишеним каттары, ал эми нотариалдык кеңселери жана

нотариалдык аракеттерди жасай алган башка органдары жок аскер бөлүктөрү, бирикмелер,

мекемелер жана аскердик окуу жайлар жайгашкан жерлерде, ошондой эле жумушчулар менен

кызматчыларынын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө

мүчөлөрүнүн ошол бөлүктүн, бирикменин, мекеменин же окуу жайдын командири (башчысы)

тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары;

-эркинен ажыратуу жайларындагы же камактагы адамдардын тиешелүү мекеменин

башчысы тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары;

-банкта салынган аманаты же эсеби болгон же аманат салып же эсеп ачып жатышкан

Жарандардын, ошол аманат салынган же эсеп ачылган банктын же финансы-кредит

мекемесинин ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каты;

-калкты социалдык жактан коргоо мекемелеринде турган аракеттенүүгө жөндөмдүү

эрезеге жеткен Жарандардын ошол мекеменин администрациясы же калкты социалдык

жактан коргоочу тиешелүү органдын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттары

нотариуста күбөлөндүрүлгөн ишеним каттарга теңештирилет.

Ишеним каттын токтотулушу

1) ишеним каттын мөөнөтү бүткөндө;

2) аны берген жак тарабынан ишеним кат жокко чыгарылганда;

3) ишеним кат берилген жак баш тартканда;

4) өз атынан ишеним кат берилген юридикалык тарап жоюлганда;

5) ишеним кат берилген юридикалык тарап токтотулганда;

6) ишеним кат берген Жаран өлгөндө, ал аракеттенүүгө жөндөмсүз, аракеттенүү

жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок болду деп табылганда;

7) ишеним кат алган Жаран өлгөндө, ал аракеттенүүгө жөндөмсүз, аракеттенүү

жөндөмдүүлүгү чектелген же дайынсыз жок болду деп таанылганда токтотулат.

Менчик укугу жана буюм укугу.

Буюм укугунун түшүнүгү жана мазмуну

Менчик укугу - бул тиешелүү мүлккө өзү каалагандай ээлик кылууга, аны пайдаланууга

жана тескөөгө болгон укуктардын жыйындысы. Ал менчик ээсине өзүнүн мүлкүнө ээлик

кылуу, пайдалануу жана башкаруу укугун камсыздайт.

124

Ээлик кылуу укугу мүлккө иш жүзүндө ээ болуу билдирет. Ээ болгон тарап мызамдуу

жана мыйзамсыз жолдор менен ээ болуусу ыктымал. Мисалы, кайсы бир буюмду ага

тиешелүү документтери жок сатып алып жыйынтыгында анын мыйзамдуулугун далилдей

албай калуусу мүмкүн

Пайдалануу укугу мүлктөн пайда алуу мүмкүнчүлүгүн билдирет. Пайда-киреше,

кошумча киреше, түшүм, төл түрүндө жана башка формаларда болот.

Тескөө укугу мүлктүн юридикалык тагдырын аныктоочу аракеттерди камсыз кылган

мүмкүнчүлүк.

Менчик ээси өзүнө таандык мүлккө карата мыйзамдарга каршы келбеген жана башка

жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголгон таламдарын бузбаган ар кандай

аракеттерди жасоого, анын ичинде өзүнүн мүлкүн башка жактын менчигине ээликтен

ажыратып берүүгө, менчик ээси болуп туруп мүлккө ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө

боюнча өзүнүн укугун аларга өткөрүп берүүгө, мүлкүн күрөөгө коюуга жана аны башка

ыкмалар менен нарктоого, мүлкүн дагы башкача пайдаланууга укуктуу.

Мүлк Жарандардын жана юридикалык жактардын, мамлекеттин, ошондой эле

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде болушу мүмкүн. Менчиктин

жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка формалары таанылат.

Мыйзамга ылайык Жарандарга же мамлекеттик эмес юридикалык жактарга ар кандай

мүлк менчигинде болушу мүмкүн.

Мамлекеттик менчик мамлекеттик казынадан, ошондой эле ченемдик укуктук актыларга

ылайык мамлекеттик ишканаларга жана мекемелерге бекитилип берилген мүлктөн турат.

Мамлекеттик бюджеттин каражаттары, алтын запасы, мамлекеттик өзгөчө менчигинин

объекттери, анын ичинде жер, анын байлыктары, суулар, аба мейкиндиги, токойлор,

өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, бардык жаратылыш байлыктары жана башка

мамлекеттик ишканаларга жана мекемелерге бекитилип берилген мамлекеттик мүлк Кыргыз

Республикасынын мамлекеттик казынасын түзөт.

Муниципалдык менчик жергиликтүү коомчулуктун казынасынан, ошондой эле

жергиликтүү коомчулук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка

юридикалык жактарга бекитилип берилген мүлктөн турат.

Жергиликтүү коомчулуктун бюджетинин каражаттары жана юридикалык жактарга

бекитилип берилбеген башка муниципалдык мүлк жергиликтүү коомчулуктун казынасын

түзөт.

125

Менчик укугуна ээ болуунун негиздери

-Мүлккө менчик укугу соода-сатык келишиминин, алмашуунун, белек кылуунун же ал

мүлктү ажыратуу жөнүндөгү башка келишимдердин негизинде сатып алынышы мүмкүн.

-Жаран өлгөн учурда ага тиешелүү менчик укугу керээзге же мыйзамга ылайык мураска

өтөт.

-Юридикалык жак кайра уюшулган учурда ага таандык мүлктүн менчик укугу кайра

уюшулган юридикалык жактын укук өтүүчүсү болгон юридикалык жакка өтөт (93-статья).

-Өзү үчүн жасаган же түзгөн жаңы буюмга менчик укугу ошол жакка таандык болот.

Менчик укугун токтотуунун негиздери

-Менчик ээсинин менчик укугу өз мүлкүн башка жакка ээликтен ажыратып бергенде,

менчик укугунан менчик ээси баш тартканда, мүлк жок болгондо, же талкаланып жок

болгондо жана мүлккө менчик укугу жоголуучу мыйзамда каралган башка учурларда

токтотулат.

-Жаран же юридикалык тарап өзүнө таандык мүлккө болгон менчик укугунан бул

тууралу жарыялоо менен же ал мүлккө кандайдыр-бир укуктарды сактап калууга

ниеттенбестен ага ээ болуудан, пайдалануудан жана тескөөдөн өзүнүн четтешин ачык

далилдеген башка аракеттерди жасоо менен баш тарта алат.

-Менчик укугунан баш тартуу башка жак менчик укугун алган учурга чейин анын

ээсинин ошол мүлккө болгон укуктарын жана милдеттерин токтотууга алып келбейт.

Милдеттенме укугу. Милдеттенме түшүнүгү жана анын тараптары.

Милдеттеме түшүнүгү. Милдеттенмеге жараша бир тарап экинчи тараптын пайдасына

белгилүү бир аракеттерди жасоого: мүлктү өткөрүп берүүгө, иш аткарууга, акча төлөөгө жана

башка нерселерди жасоого же белгилүү аракетти аткарбоого милдеттүү, ал эми кредитор

карызкордон милдеттенмесин аткарууну талап кылууга укуктуу.

Милдеттеменин пайда болушунун негиздери.

1) келишимден улам;

2) илимий, адабий, көркөм өнөр чыгармаларын жаратуунун, интеллектуалдык иштин

натыйжаларына жана башкаларга ээ болуудан улам;

3) башка жакка зыян келтирүүнүн кесепетинен;

4) өлгөн Жарандын мүлкүн мурастап алуудан;

Милдеттемени аткаруу

126

Милдеттемени аткаруунун ыкмалары.

Милдеттеме тиешелүү түрдө жана келишимдин шартына жана мыйзамдын талаптарына

ылайык белгиленген мөөнөттө, ал эми андай шарт менен талап болбогон учурда - ишкердик

карым-катнаштын, каада-салттарына же демейде коюлуучу талаптарга ылайык аткарылууга

тийиш.

Милдеттемелерди бөлүп-бөлүп аткаруу.

Мыйзамда, милдеттеменин шартында башкача каралбаса жана ал ишкердик карым-

катнаштардын каада-салттарынан же келишимдин маңызынан келип чыкпаса, кредитор

милдеттенмени бөлүп-бөлүп аткарууну кабыл албай коюуга укуктуу.

5. Келишим түшүнүгү. Келишимдин түрлөрү.

Жарандардын укуктарын жана милдеттерин белгилөө, өзгөртүү же токтотуу максатында

эки же бир нече жактын макулдашуусу жана катышуусу менен түзүлгөн укуктук документти

келишим деп айтабыз.

Келишимдердин катышуучулары:

1. Жарандар жана юридикалык тараптар.

Тараптар мыйзамдарда каралган да, каралбаган да келишимди б.а. мыйзамдарда

каралган ар түркүн келишимдердин элементтери камтылган келишимди (аралаш келишим)

түзө алышат. Келишим тараптар үчүн милдеттүү болгон, мыйзамдар тарабынан белгиленген,

ал түзүлүп жаткан учурда колдонуудагы эрежелерге (императивдик нормаларга) ылайык

келүүгө түзүлөт.

Келишим, ал түзүлгөн учурдан баштап күчүнө кирет жана тараптар үчүн милдеттүү

болуп калат. Алар тарабынан түзүлгөн келишимдин шарттары келишим түзүлгөнгө чейин

пайда болгон өз ара мамилелерине да жайылтылаарын белгилөөгө укуктуу. Мыйзамда же

келишимде ал келишимдин күчүндө болуу же аяктоо мөөнөтү каралса, бул мөөнөттүн

Күчүндө болуу мөөнөтү көрсөтүлбөгөн келишим андагы тараптардын

милдеттенмелеринин аткарылышынын аякташы аныкталган учурга чейин колдонулат.

Ачык келишим-коммерциялык уюм тарабынан түзүлгөн жана товар сатуу, жумуш

аткаруу же кызмат көрсөтүү боюнча (чекене соода, жалпы пайдалануудагы транспорт менен

ташуу, байланыш кызматы, энергия менен камсыз кылуу, медициналык, мейманкана, банк

жагынан тейлөө ж.б.у.с.) келишимдер.

127

Кошулуу келишими-шарттары тараптардын бири аркылуу формулярларда же башка

стандарттуу түрдө аныкталган жана сунуш кылынган келишимге башка тарап бүт бойдон

кошулуусу менен гана кабыл алынуучу келишим.

Алдын ала келишим-алдын ала келишим боюнча тараптар мүлктү өткөрүп берүү, жумуш

аткаруу же кызмат көрсөтүү жөнүндө келечекте келишим (негизги келишим) түзүүгө

милдеттенишет.

Үчүнчү жактын пайдасына түзүлүүчү келишим-тараптар карызкор милдеттенмесин

кредиторго эмес, келишимде көрсөтүлгөн же көрсөтүлбөгөн жана карызкордон,

милдеттенмени өзүнүн пайдасына аткарууну талап кылууга укуктуу үчүнчү жакка аткарууга

милдеттүү экендигин белгилеген келишим - үчүнчү жактын пайдасына түзүлгөн келишим.

Келишимди түзүү жөнүндөгү негизги жоболор

Эгерде тараптардын ортосунда келишимдин бардык олуттуу шарттары боюнча

макулдашуу жетишилсе, келишим түзүлгөн болуп эсептелинет. Келишимдин предмети

жөнүндөгү шарттар, зарыл шарттар, ошондой эле тараптардын биринин арызы боюнча

келишим жетишилүүгө тийиш бардык шарттар олуттуу болуп саналат.

Келишим бир тараптын келишим түзүү сунушун (офертаны) жибериши жана анын

экинчи тараптын кабыл алышы (акцепти) аркылуу түзүлөт. Келишим офертаны жиберген жак

кайра анын акцептин алган учурунан баштап түзүлөт.

Келишимдин түрлөрү.

Соода-сатык келишими. Соода-сатык келишими боюнча тараптардын бири (сатуучу)

товарды, баалуу кагаздарды жана валюта байлыктарын башка тараптын (сатып алуучунун)

менчигине берүүгө милдеттенет, ал эми сатып алуучу аны кабыл алууга жана ал үчүн

белгилүү акча суммасын (баасын) төлөөгө милдеттенет.

Чекене соода-сатык келишими.Чекене соода-сатык келишими боюнча товарды чекене

сатуу боюнча ишкердик кылган сатуучу ишкердик менен байланышпаган жеке, үй-бүлөдө,

үйдө же башкача пайдаланууга арналган товарды сатып алуучуга берүүгө милдеттенет жана

ачык келишим болуп саналат.

Товарды жеткирип берүү келишими боюнча ишкердик кылган сатуучу-товар берүүчү

ишкерликке пайдалануу үчүн же жеке, үй-бүлөлүк, үйдө жана башкача ушундай пайдалануу

менен байланышпаган башка максат үчүн товарды шартташкан мөөнөттө же өзү чыгарган же

сатып алган мөөнөттө сатып алуучуга берүүгө милдеттенет.

128

Энергия менен жабдуу келишими боюнча энергия менен жабдыган уюм кошулган

тармак аркылуу абонентке (керектөөчүгө) энергия сатууга милдеттенет, ал эми абонент кабыл

алган энергияга акы төлөөгө, ошондой эле анын керектөө келишиминде каралган режимин

сактоого, өзүнүн карамагындагы электр тармактарынын коопсуз пайдаланылышын жана өзү

пайдаланган буюмдардын жана энергияны керектөө менен байланышкан жабдуулардын оң

болушун камсыз кылууга милдеттенет.

Ишкананы сатуу келишиминин шарты боюнча сатуучу сатып алуучунун менчигине

мүлктүк комплекс катары бүтүндөй ишкананы берет.

Алмашуу келишими боюнча бир тарап экинчи тараптын менчигине бир товардын

ордуна башкасын берүүгө милдеттенет.

Тартуулоо келишими боюнча бир тарап (тартуулоочу) көзү тирүү кезинде экинчи

тарапка (тартууну алуучуга) буюмду менчикке акысыз берет же берүүгө милдеттенет, же ага

өзүнө карата же үчүнчү жакка карата мүлк укугун (талабын) берет же берүүгө милдеттенет, же

аны өз алдындагы же үчүнчү жактын алдындагы мүлк милдеттенмесинен бошотот.

Рента келишими боюнча бир тарап (рента алуучу) кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү

экинчи тараптын (рента төлөөчүнүн) менчигине берет, ал эми рента төлөөчү алган мүлктүн

ордуна рента алуучуга белгилүү акча суммасы же башка формада анын карамагына каражат

берүү түрүндө мезгил-мезгили менен рента төлөөгө милдеттенет.

Мүлктүк жалдоо келишими (арендалоо) боюнча жалдоого берүүчү жалдоочуга

убактылуу ээлик кылуу жана ренталануу же убактылуу ренталануу үчүн акыга мүлктү берет.

Прокат келишими мүлктү туруктуу ишкерлик кылуу катарында тапшырган жалдоого

берүүчү прокат келишими боюнча акысы үчүн кыймылдуу мүлктү убактылуу элик кылууга

жана пайдаланууга жалдоочуга берүүгө милдеттенет.

Транспорт каражаттарын арендалоо башкаруу жана техникалык жактан пайдалануу

боюнча кызматтарды көрсөтүү менен транспорт каражаттарын арендалоо.

Имаратты же курулушту арендалоо келишими боюнча арендага берүүчү акы

төлөгөндүгү үчүн арендаторго имаратты же курулушту убактылуу ээлик кылууга жана

пайдаланууга берүүгө милдеттенет.

Финансы арендасынын келишими (лизинг келишими) боюнча арендага берүүчү

арендатор белгилеген сатуучудан ал көрсөткөн мүлктү менчикке сатып алууга жана ушул

мүлктү төлөгөн акысы үчүн арендаторго ишкерлик максатка убактылуу ээлик кылууга жана

129

пайдаланууга берүүгө милдеттенет. Мында арендага берүүчү аренда предметин жана

сатуучуну тандоо үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Турак-жайды жалдоо келишими боюнча турак-жайдын менчик ээси же ал дайындаган

башкарууга укуктуу жак (жалдоого берүүчү) төлөнгөн акы үчүн турак-жайды Жарандын

(жалдоочуга) же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн ээлигине жана пайдалануусуна берүүгө

милдеттенет.

Подряд келишими боюнча тараптардын бири (подрядчы) экинчи тараптын

(буюртмачынын) тапшырмасы боюнча айрым ишти аткарууга жана анын натыйжасын

белгиленген мөөнөттө буюртмачыга тапшырууга, ал эми буюртмачы иштин натыйжасын

кабыл алууга жана ага акы төлөөгө милдеттенет. Эгерде мыйзамдарда же тараптардын

макулдашуусунда башкача каралбаса, иш подрядчынын тобокелдиги менен аткарылат.

Акы төлөтүп кызмат көрсөтүү келишими боюнча аткаруучу буюртмачынын

тапшырмасы боюнча мүлктүк формада болбогон кызматтарды көрсөтүүгө (айрым иш-

аракеттерди жасоого же айрым ишти жүзөгө ашырууга) милдеттенет, ал эми буюртмачы ушул

кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.

6. Интеллектулдык менчик. Автордук укук.

Интеллектуалдык менчик укугу өндүрүштүк, илимий, адабий жана көркөм

чыгармачылык тармагындагы интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын жөнгө

салуучу укуктук норамалардын жыйындысы. Интеллектуалдык ишмердүүлүк бул

чыгармачылык ишмердүүлүк ошондуктан анын натыйжалары, жыйынтыгы кайталангыс болот

жана ал дагы аьайы эрежелер менен аныкталышы жана жөнгө салынышы керек.

Интеллектуалдык менчике чыгармачылыктын натыйжалары коомдогу жалпыга бирдей

болгон баалуулуктарга, моралдарга шайкеш келген учурда гана таанылат.

Интеллектуалдык менчик укугу дагы бир өзгөчөлүгү эки укуктун тобунан турат:

1) Мүлктүк;

2) Мүлктүк эмес.

Мүлктүк укука интеллектуалдык менчикти колдонуудагы укуктар кирет.

Мүлктүк эмес укука автордук укук, чыгармачылыктын натыйжаларын колдону,

алектенүү укуктары кирет.

Интеллектуалдык менчиктин объектилери.

130

Интелектуалдык менчиктин объектилерине төмөндөгүлөр кирет:

-илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармалары;

-аткаруулар, фонограммалар жана уктуруу уюмунун берүүлөрү;

-электрондук эсептөө машиналары үчүн программалар жана маалыматтар базасы;

-интегралдык микросхемалардын топологиялары;

-ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жайлык үлгүлөр;

-селекциялык жетишкендиктер;

-ачыла элек маалыматтар (коммерциялык жашыруун сыр);

-өндүрүштүк сырлар (ноу-хау);

-фирмалык аталыштар;

-товардык белгилер (тейлөө белгилери);

-товарлардын чыккан жеринин аталыштары.

Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларынын авторлоруна ушул иштин

натыйжаларына карата мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар таандык болот жана алар

интелектуалдык менчиктин субъектилерин аныктайт.

Интелектуалдык менчиктин субъектилери.

-чыгармалардын авторлору;

-алардын мураскерлер;

-интеллектуалдык ишмердүүлүкө катышкан мекемелер.

Автордук укук мүлктүк эмес андан ажыратылбаган жана башкага берилбеген жана

чыгармачыл эмгеги менен интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасын түзгөн адамга гана

таандык жеке укук болуп эсептелет.

Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укугу бар тарап экинчи тарапка

интеллектуалдык менчиктин тиешелүү объектисин лицензиялык келишим боюнча

пайдаланууга уруксат бере алат.

Лицензиялык келишимде лицензия алуучуга төмөнкүдөй укуктарын өткөрүп берет:

-лицензия берүүчүнүн интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун жана

башка адамдарга лицензия берүү укугун;

-лицензия берүүчүнүн интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануунун лицензия

берүүчүгө өткөрүлүп берилбей турган укугун сактоо менен, интеллектуалдык менчиктин

объектисин пайдалануу укугун.

131

Автор өзүнө келечекте чыгарма жаратуу, ойлоп табуу же интеллектуалдык

ишмердүүлүктүн башка натыйжасын түзүү жөнүндө милдеттенме алып жана анын жумуш

берүүчүсү болуп эсептелбеген буюрмачыга бул натыйжаны пайдаланууга өзгөчө укукту берүү

максатында интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү жана пайдалануу

жөнүндө келишимди түзө алат. Мындай келишимде интеллектуалдык ишмердүүлүктүн

натыйжасын түзүүнүн мүнөзү, ошондой эле аны пайдалануунун максаты же болбосо

ыкмалары аныкталат.

Автордук укук

Автордук укук-чыгармачыл иштин натыйжасы болуп эсептелген илимий, адабият жана

искусство чыгармаларына жайылтылат. Чыгарма аны кабыл алууга мүмкүн болгон оозеки,

жазуу жүзүндө жана башка түрдө болууга тийиш.

-Жазуу жүзүндөгү (кол жазма, машинкага басылган, ноталык жазуу, техникалык

каражаттар аркылуу жазуу, үн жазуу, видео жазуу, ж.б.).

-Оозеки (калк алдында сүйлөө, калк алдында аткаруу жана башкалар).

Автордук укуктун объектилеринин түрлөрү төмөндөгүлөр:

адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка ушул

сыяктуу);

драмалык жана сценалык чыгармалар;

тексти бар жана тексти жок музыкалык чыгармалар;

музыкалык-драмалык чыгармалар;

хореографиялык чыгармалар жана пантомималар;

үн-визуалдык чыгармалар (кино, теле, жана көргөзмө фильмдер, слайд-фильмдери жана

башка кино, теле жана көргөзмө чыгармалар);

живопись, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана көрсөтмөлүү искусствонун

башка чыгармалары;

декоративдик-прикладдык сценалык искусствонун чыгармалары;

архитектура, шаар куруу жана багбанчылык-сейил бак искусствосунун чыгармалары;

фото чыгармалар жана фото сүрөткө окшош ыкмалар менен алынган чыгармалар;

географиялык, геологиялык жана башка карталар, географияга, топографияга жана

башка илимдерге таандык кылынган пландар, эскиздер жана чыгармалар;

132

ар кандай түрдөгү электрондук-эсептөө машиналары (ЭЭМ), анын ичинде прикладдык

программалар жана операциялык системалар;

Автордун мүлктүк эмес жеке укуктары:

-автордук укук;

-ысымга болгон укук;

-элге белгилүү кылуу укугу;

-чыгарманын кол тийгистик укугу сыяктуу мүлктүк эмес жеке укуктар.

Автордун мүлктүк укуктары:

1) чыгарманы кайталап чыгаруу;

2) чыгарманын нускаларын жайылтуу;

3) жайылтуу максатында чыгарманын нускаларын импорттоо;

4) чыгарманы көпчүлүк алдында көрсөтүү;

5) чыгарманы көпчүлүк алдында аткаруу;

6) эфирге берүү жана (же) кийин эфирге берүү жолу менен жалпыга маалымдоо үчүн

чыгарманы кабарлоо;

7) жалпыга маалымдоо үчүн чыгарманы кабарлоо;

8) чыгарманы которуу;

9) чыгарманы кайра иштеп чыгуу (кайра башкача жасоо, аранжировкалоо же башкача

кайрадан иштеп чыгуу);

10) чыгармага жеткиликтүүлүктү ала алгыдай жол менен чыгарманы жалпыга

маалымдоого жеткирүү;

11) дизайнердик, архитектуралык, шаар куруу жана сейил бактарынын долбоорлорун иш

жүзүндө ишке ашыруу.

Чыгармага экинчи жолу объективдүү форма, ал түп нускасында кандай болсо ошондой

форманы берүү (чыгарманы басып чыгаруу, үн же көргөзмө жазууларды жана башкаларды

нускалоо) кайталап берүү болуп саналат.

Эриш-аркак укуктар

Эриш-аркак укуктардын объектиси:

Эриш-аркак укуктар оюн аткарууларга (коюуларга), фонограммаларга, эфир жана зым

аркылуу уктуруу уюмдарынын берүүлөрүнө жайылтылат.

133

Эриш-аркак укуктардын субъектилери:

Аткаруучулар, фонограмма чыгаруучулар, эфирдик же кабелдик уктуруу уюмдары.

Аткаруучунун укуктары:

1) атын көрсөтүү;

2) аткаруучунун ар-намысына жана кадыр-баркына зыян келтирүүгө жөндөмдүү ар

кандай бурмаланган аткаруудан же башка кол салуудан коргоо;

3) аткарууну кандай формада болбосун пайдалануу.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Жарандык укук-жарандык-укуктук мамилелерге катышуучулардын тобу?

2. Жарандык укук тарабынан жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин өзгөчөлүгү эмнеде?

3. Жарандык укуктагы келишим түшүнүгү?

4. Жарандык мыйзамдардын өзгөчөлүктөрү.

5. Юридикалык тараптар.

6. Жарандардын жана юридикалык тараптардын жарандык укуктарды жана милдеттерди

орнотууга, өзгөртүүгө жана жокко чыгарууга багытталган иш-аракеттерин аныктагыла.

7. Интеллектуалдык менчик укугунун өзгөчөлүгү.

Сунушталган адабияттар:

1. Сергеев А. Гражданское право. М., 1999г.

2. Страшун И.А., Венгеров К.И. Теория государства и право.

3. Суханов В. Гражданское право. М., 1998г.

4. Михайленко Н.Г. Правоведение Кыргызской Республики. Б., 1997г.

5. И.Комаров С.А. Правоведение КР. Б., 2002г.

6. Толстой Ю.К. Сергеев А.П. Гражданское право. 4.1., С-П., 1997г.

Укуктук-нормативдик актылар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси.

3. Кыргыз Республикасынын Граждандык-процессуалдык кодекси

134

VI-бөлүм. Үй бүлө укугунун негиздери

§1. Үй-бүлө укугунун предмети, принциптери.

§2. Нике түшүнүгү жана белгилери. Никеге туруунун шарттары. Никени бузуу жолдору.

§3. Жубайлардын укуктары жана милдеттери. Жубайлардын мүлктөрү. Нике

келишими. Ата-энелердин жана балдардын өздүк укуктары жана милдеттери. Ата-

энелердин жана балдардын мүлккө байланышкан өздүк укуктары жана милдеттери.

Ата-энелердин алименттик милдеттемелери.

1. Үй-бүлө укугунун предмети, принциптери.

Үй-бүлө укугу-үй-бүлөө мамилелерин жөнгө салуучу нормалардын жыйындысы. Үй-

бүлө укугунун предмети үй-бүлөө мамилелери. Укук тааануу илими үй-бүлөнү никеден,

туугандыктан жана асырап алуудан улам келип чыккан укуктар, милдеттер менен

байланышкан жактардын, тараптардын чөйрөсү катары аныктайт. Башка коомдук илимдер эки

түрдүү үй-бүлө формасын белгилешет:

Кичине үй-бүлө- жубайлардан жана алардын балдарынан турат;

Чоң үй-бүлө-эки муундан турган, тактап айтканда ата-эне, чоң-ата-чоң-эне жана

балдардан турат.

КР Үй-бүлө Кодексинин 2 беренесинде мындай аныктама берилген: “Үйбүлө - никеден,

туугандыктан, бала асырап алуу же балдарды тарбияга алуунун дагы башка түрлөрүнөн улам

келип чыгуучу үйбүлөлүк мамилелердин чыңдалышына жана өнүгүшүнө көмөк көрсөтүүгө

кызмат кылуучу мүлктүк жана мүлктүк эмес жеке укуктар жана милдеттер менен

байланышкан адамдардын чөйрөсү”.

Үй-бүлө мүчөлөрү ошол мамилелерге катышкан тараптар аркылуу аныкталат. Алар:

-никеге турган жубайлар;

-ата-энелер жана балдар;

-чоң-ата, чоң-энелер;

-жубайлардын бир туугандары;

-асыранды балдар;

-камкорчулар;

135

-убактылуу тарбия берүүчүлөр ж.б.

Үй-бүлө укугу үй-бүлөдөгү мамилелерди гана жөнгө салган нормаларды камтыбастан

үй-бүлөнүн мурунку мүчөлөрү менен болгон жана башка туугандык мамилелерди дагы жөнгө

салуучу нормаларды алып жүрөт.

Үй-бүлө укугу жөнгө салган мамилелерди кээ бир укук таануучулар жарандак укуктук

мамилелерге кошуп караса кээ бири бөлүп кароо менен төмөнкүдөй өзгөчөлүктөрүн

белгилешет:

1. Мүлктүк мамилелер жеке мүлктүк эмес мамилелерден улам келип чыгат;

2. Бул укуктук мамилелердин субъектиси физикалык тараптар гана боло

алышат;

3. Укуктук мамилелер материалдык кызыкчылыктырга байланышпайт;

4. Укуктук мамилелер мамлекеттик катоого алынгандан кийин гана

башталат.

Демек, көпчүлүк мамилелер укуктук нормалар тарабынан жөнгө салынбай ал

мамилелерге катышкан тараптардын ички сезимине, моралдык баалуулуктарына

байланышкан. Эгер жөнөкөй түшүндүрө турган болсок үй бүлөдө ким идиш-аяк жууйт, же

балдарды мектепке ким алып барат деген суроолор укуктук нормалар менен эмес эки

тараптын келишүүсү, ишеними менен жөнгө салынат.

Жыйынтыктап айтканда, үй-бүлө укугунун предмети болуп никеге турунун тартиби

жана шарттары, никени токтотуунун тартиби жана шарттары, жубайлардын ортосундагы жеке

мүлктүк эмес жана мүлктүк мамилелери, ата-энелик мамиле, балдарды үй-бүлөгө

жайгаштыруу тартиптери ж.б.

Үй-бүлө укугунун принциптери.

1. Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо(ЗАГС) органында

катталган нике гана таанылат. Бул принципти КР Үй-бүлө Кодексинин 1 беренесинде 2

пунктунда “Жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоого ыйгарым укук берилген

мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында катталган

нике таанылат. Нике жана үй-бүлө маселелерине тиешелүү диний ырым-жырымдар укуктук

мааниге ээ эмес”-деп бекиткен. Демек, коомдо кабыл алынган ар кандай улуттук, диний

маанидеги ырым-жырымдын негизинде жүргүзүлгөн нике расмий таанылбайт.

136

2. Никенинин ыктыярдуулугу. КР Үй-бүлө Кодексинин 2 беренесинин биричи

абзацында “нике - үйбүлө күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк

жана мүлктүк эмес мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын

эркин жана өз ара макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу жана

ыктыярдуу баш кошуусу”-деп аныктама берип никеге туруп жаткан тараптар ыктыярдуу жана

тең укуктуу болушаарын эскертет.

3. Жубайлардын тең укуктуулугу. КР Үй-бүлө Кодексинин 32 беренеси бул принципти

толук бекитет: “Жубайлардын үйбүлөдөгү теңдиги. 1. Жубайлардын ар бири иштин, кесиптин

түрүн, бара турган жана жашай турган жерин эркин тандай алат.

2. Энелик, аталык, балдарга билим, тарбия берүү жана үйбүлөнүн башка маселелери

жубайлардын теңдигинин принцибине таянып, жубайлар тарабынан чогуу чечилет.

3. Жубайлар үйбүлөдөгү мамилелерин өзара сыйлашуу менен жардамдашуунун

негизинде түзүүгө, үйбүлөнүн бейпилдигине жана чыңдалышына көмөктөшүү, өздөрүнүн

балдарынын бакыбаттыгына жана өсүп жетилишине кам көрүү негизинде курууга милдеттүү.

4. Жубайларга үйдөгү эмгекке карата бирдей милдет жүктөлөт.

5. Жубайлардын бири-бирине карата гендердик басмырлоо жасашына жол берилбейт”

4. Балдардын үй бүлөдө тарбияланышы. Бул принцип улуттук мыйзамдар менен катар

БУУ тарабынан кабыл алынген Балдар укугу жөнүндөгү конвенциясында да чагылдырылган.

КР Үй-бүлө Кодексинин 59 беренесинин 2 пунктунда дагы бул принципти бекемдеген

нормалар каралган: “Ар бир бала, үй-бүлөдө жашоого, атасын да, энесин да билүүгө, алардан

камкордук көрүүгө, алар менен чогуу жашоого укуктуу, баланын кызыкчылыгы үчүн ата-

энесинин биринен же экөөсүнөн тең ажыратылышы зарыл болгон учурларды кошпогондо.

Бала өз ата-энесинин колунда тарбияланууга, кызыкчылыктарынын камсыз болушуна, ар

тараптуу өсүп-жетилишине, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу.

Ата-энеси болбогондо, алар ата-энелик укуктан ажыратылганда жана ата-эненин

камкорчулугунан ажыраган дагы башка учурларда баланын үйбүлөдө тарбиялануу укугу

белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси менен балдарды

коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөр тарабынан

камсыз кылынат”.

Үй-бүлө мамилелери.

137

Үй-бүлө укугунун предметтерин камтыган жана анын нормалары аркылуу жөнгө

салынуучу мамилелер. Үч элементтен турат: субъект, обьект жана мазмуну.

Үй-бүлө мамилелеринин субъектиси бир гана физикалык тараптар боло алышат, б.а.

никеге турган жубайлар, ата-энелер жана балдар, чоң-ата, чоң-энелер, жубайлардын бир

туугандары, асыранды балдар, камкорчулар, убактылуу тарбия берүүчүлөр, каттоо органдары

ж.б.

Үй-бүлө мамилелеринин обьектиси болуп мүлк жана аракет саналат. Жубайлардын

бирге тапкан мүлкү жана жеке буюмдары мамилелердин келип чыгышына түрткү болуу менен

обьектиге айланат.

Үй-бүлө мамилелеринин мазмуну ошол мамилелердин катышуучуларынын укуктары

жана милдеттеринен турат. Бул укуктар менен милдеттер башка тараптарга өткөрүлүп

берилбейт анткени ал алып жүрүүчүлөрдөн бөлүнгүс болуп саналат.

Жогорудагы укуктук мамилелердин келип чыгуусунун негизи төмөнкү юридикалык

фактылар болуп эсептелет:

1. Аракет. Укуктун чегиндеги аракет жана укуктун чегинен тышкаркы аракет.

Укуктун чегиндеги аракетке никени каттоо, үй –бүлөдө баланын төрөлүшү сыяктуу фактылар.

Укуктун чегинен тышкаркы аракеттерге алимент төлөөдөн качуу, балага тарбия берүүдөн баш

тартуу сыяктцц фактылар кирет.

2. Окуя. Өлүм, адамдын майыптыка алып келүүчү оору ж.б.

2. Нике түшүнүгү жана белгилери. Никеге туруунун шарттары. Никени бузуу

жолдору.

Үй-бүлө укугунун тарыхында никенин укуктук тибияты боюнча көптөгөн көз караштар

бар. Рим укугунда никени күйөсүнүн аялынын үстүнөн болгон бийлиги катары карашса,

Ислам укугунда азыркыга сейин диний талаптардын б.а. Куран, Хадис булактарындагы

жубайлардын укуктары жана милдеттери, никенин таануу жана жокко чыгаруу

процесстериндеги тартиптерди колдонуп келет.

КР Үй-бүлө Кодексинин 2 беренесинде төмөнкүдөй аныктама берет: “нике - үйбүлө

күтүү максатында түзүлгөн, жубайлардын ортосундагы мүлктүк жана мүлктүк эмес

мамилелерин жарата турган, мыйзамда белгиленген тартипте тараптардын эркин жана өз

138

ара макулдугу менен эркек жана аялдын ортосундагы тең укуктуу жана ыктыярдуу баш

кошуусу”.

Никеге туруу шарттары

Никеге туруу тараптардын өздөрүнүн катышуусу менен ишке ашат. Алар жарандык

абалдын актыларын жазуу органдарына арыз берген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө

никеге турууну мамлекеттик каттоо жолу менен түзүлөт. Кээ бир учурларда, өзгөчө жагдайлар

болгондо, б.а. кош бойлуулукта, бала төрөлгөндө, тараптардын биринин өмүрүнө түздөн-түз

коркунуч туулганда арыз берилген күнү никеге тургузулат.(12-берене)

Никеге туруу үчүн никеге туруп жаткан эркек менен аялдын ыктыярдуу өзара макулдугу

жана алардын нике курагында б.а. 18 жашка болуусу керек.

Укуктук нормалар никеге турууга тоскоолдук болуучу жагдайларды да эске алып

аларды жөнгө салуучу нормаларды да камтыйт. КР Үй-бүлө Кодексинин 15 беренеси

төмөндөгүдөй шарттарда никеге турууга жол бербейт:

-никеге туруп жаткан адамдардын бирөөсү эле башка адам менен катталган никеде

турса;

-жакын туугандарга (улуулата жана кичүүлөтө түз тараган туугандарга (ата-энелери

менен балдары, чоң атасы, чоң энеси, таята, таянеси жана неберелери), бир ата-энеден

төрөлгөн жана атасы же энеси бир эркек-кыз бир туугандарга;

-асырап алуучулар менен асырап алынгандарга;

-психикалык ооруларынан улам сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса.

Никенин токтотулушу

Никени токтотууга негиз болуучу жагдайлар төмөндөгүлөр:

- Жубайлардын бири каза табуусу;

- Сот тарабынан өлгөндүгүн жарыялоосу;

- Жубайлардын биринин же экөөсүнүн арызы боюнча никени бузуу жолу менен;

- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган жубайлардын көзөмөлчүсүнүн арызы

менен.

Белгилей кетүүчү нерсе жубайлардын бири так айтканда күйөсү никени бузуу боюнча

арызданган учурда эгер аялы кош бойлуу болсо же ортодогу баласы бир жаш курака жетпесе

аялынын макулдугусуз ажырашуу жөнүндө иш козгоого укугу жок.

139

Никени бузуунун тартиби.

Никени бузуу жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында же сот тартибинде

жүргүзүлөт.

Төмөнкү учурларда жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында никени бузуу

тартиби колдонулат:

- ортодо жашы жетпеген балдары болбосо;

- мүлк жагынан жана башка мамилелер боюнча бири-бирине доосу болбогон учурда;

- жубайлардын ортосунда ажырашуу жөнүндө макулдашуу болгондо;

-жубайлардин бирөөсү сот тарабынан дайынсыз жок болду деп табылса;

-сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылса;

-кылмыш жасагандыгы үчүн сот тарабынан үч жылдан ашуун мөөнөткө эркинен

ажыратылса.

Төмөнкү учурларда нике сот тартибинде бузулат:

- жубайлардын ортосунда жашы жетпеген балдары болсо

-никени бузууга жубайлардын бири макул болбосо;

-мүлк жагынан бири-бирине доосу болсо.

- жубайлардын бири никени бузууга каршы болбосо да, жарандык абалдын актыларын

жазуу органдарында никени бузуудан баш тарткан учурда дагы (арыз берүүдөн баш тартат,

никени бузууну мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө баргысы келбейт жана башка), никени

бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

-жубайлардын мындан ары чогуу жашоо жана үйбүлөнү сактап калуу мүмкүн эместиги

сот тарабынан аныкталса, никени бузуу сот тартибинде жүргүзүлөт.

Сот тарабынан никени бузуу жөнүндө чечим чыгарылганда чечилүүчү маселелер:

1. сот тартибинде нике бузулганда жубайлар жашы жетпеген

балдары алардын кимиси менен жашай турганы жөнүндө;

2. балдарын багууга жана(же) эмгекке жөндөмсүз жубайына каражат

төлөп берүүнүн тартиби, каражаттардын өлчөмдөрү;

3. болбосо жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрүү.

140

4. ата-энеси ажырашкандан кийин жашы жетпеген балдар алардын

кимиси менен жашай турганын аныктайт;

5. балдарына ата-энесинин кимисинен жана кандай өлчөмдө алимент

чегерилип алынарын аныктайт;

6. алардын ортосундагы менчикте болгон мүлктү жубайлардын

талабы боюнча бөлүштүрөт;

7. тиричилик өткөргүдөй каражат алууга укугу бар жубайынын

талабы боюнча каражаттын өлчөмүн аныктап берет.

3. Жубайлардын укуктары жана милдеттери. Жубайлардын мүлктөрү.

Нике келишими. Алимент. Ата-энелердин жана балдардын өздүк укуктары

жана милдеттери. Ата-энелердин жана балдардын мүлккө байланышкан өздүк

укуктары жана милдеттери. Ата-энелердин алименттик милдеттемелери.

Жубайлардын укуктары жана милдеттери.

Жубайлардын өз ара мамилесин жөнгө салган укуктук нормалар алардын ортосундагы

жеке жана мүлктүк мамилелердин түзүлүшүн жалпы аныктайт. Бирок, алардын ортосундагы

жеке мамилелер толук аныкталып, жөнгө салынуусу татаал меселе экендигин жашоодогу көп

кыырдаалдар, окуялар, фактылар көрсөтүп жатат. Ошондой болсо да Үй-бүлө кодекси

төмөндөгүдөй укуктарды жана милдеттерди санап өтөт:

-Жубайлардын ар бири иштин, кесиптин түрүн, бара турган жана жашай турган жерин

эркин тандай алат.

- Энелик, аталык, балдарга билим, тарбия берүү жана үйбүлөнүн башка маселелери

жубайлардын теңдигинин принцибине таянып, жубайлар тарабынан чогуу чечилет.

- Жубайлар үйбүлөдөгү мамилелерин өзара сыйлашуу менен жардамдашуунун

негизинде түзүүгө, үйбүлөнүн бейпилдигине жана чыңдалышына көмөктөшүү, өздөрүнүн

балдарынын бакыбаттыгына жана өсүп жетилишине кам көрүү негизинде курууга милдеттүү.

- Жубайларга үйдөгү эмгекке карата бирдей милдет жүктөлөт.

- Жубайлардын бири-бирине карата гендердик басмырлоо жасашына жол берилбейт.(33

берене).

- Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкү алардын ортосундагы менчиги

болуп саналат.

141

- Никенин учурунда жубайлардын арттырган мүлкүнө (жубайлардын жалпы мүлкүнө)

жубайлардын ар биринин иштеген ишинен, ишкердик жумушунан жана интеллектуалдык

ишинин натыйжаларынан түшкөн кирешелер, алар алган пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой

эле атайын максаттуу багыттамасы болбогон дагы башка акчалай төлөмдөр (материалдык

жардамдын суммалары, оор жаракат алгандан же ден соолугуна дагы башкача залал

келтирилгендин кесепетинен эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкондугуна байланыштуу

төлөнгөн суммалар) кирет.

- Жубайлардын жалпы кирешелеринин эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз

мүлктөр, баалуу кагаздар, пайлар, салымдар, кредит мекемелерине же дагы башка

коммерциялык уюмдарга салынган капиталдагы үлүштөр жана кайсы жубайынын атына

салынганына же акча каражаты жубайлардын кимиси тарабынан салынганына карабастан,

никеде турган мезгилде жубайлар тарабынан арттырылган мүлк болуп саналат.

- Жубайлардын жалпы мүлкүнө тиешелүү укук нике мезгилинде үй чарбасын жүргүзгөн,

балдарын багып-тарбиялаган же башка жүйөлүү себептер менен өз алдынча киреше албаган

жубайына да таандык болот.

- Никеге турганга чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле

никеде турган учурда жубайлардын бири мурас катары же дагы башка бекер бүтүмдөр боюнча

алган белек (жубайлардын ар биринин мүлкү) анын менчиги болуп саналат.

- Кымбат баалуу жана башка байлыктарга байланыштуу буюмзаттардан тышкаркы

башка жеке пайдалануудагы (кийим-кечек, бут кийим жана башкалар) никеде турган мезгилде

жубайлардын жалпы каражаттарынын эсебинен алынганына карабастан, аларды кайсы

жубайы пайдаланып жүрсө, ошол жубайынын менчиги деп табылат.

- Жубайлар үй эмгегине карата бирдей милдетти аркалашат.

- Эмгектенүүдөгү теңдик саясатынын принциптери үй эмгегине да жайылтылат.

Нике келишими.

Жубайлардын никеге тургандагы жана бузган учурдагы мүлктүк укуктарын жана

милдеттерин аныктоочу жубайлардын макулдашуусу нике келишими деп аталат.

Нике келишими төмөнкү тартипте түзүлөт:

142

1. Нике келишими никени мамлекеттик каттоодон өткөргөнгө чейин жана никеде турган

мезгилдин кайсы учурунда болбосун түзүлүшү мүмкүн.

2. Нике келишими жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан ырасталат. Эгерде

нике келишиминин шарттары мыйзамдарга карама-каршы келсе келишим жараксыз деп

табылат

Нике келишиминин мазмуну

Жубайлардын нике келишимин түзүү менен ортодогу менчик шарттарын өзгөртүүгө,

жубайлардын ортосундагы мүлктөрүнө орток, үлүштүк же өз-өзүнчө менчигине, анын айрым

түрлөрүнө же жубайлардын ар биринин мүлкүнө менчик режимин белгилөөгө укуктуу. Алар

нике келишиминде бири-бирине каралашуу жагынан өз укуктары менен милдеттерин, бири-

биринин кирешелерине катышуу ыкмаларын, ар бири үйбүлө чыгымдарын чыгаруу тартибин

аныктап алууга, нике бузулган учурда ар бирине бериле турган мүлктү чектеп алууга,

ошондой эле жубайлардын мүлктүк мамилелерине тиешелүү болгон дагы башка ар кандай

шарттарды аныктап алууга укуктуу.

Нике келишими жубайлар тарабынан өзгөртүлүшү жана бузулушу мүмкүн

- Жубайлардын биринин талабы боюнча.

-Соттун чечиминин негизинде.

Ата-энелердин жана балдардын өздүк укуктары жана милдеттери.

Балдардын укуктары

Баланын үйбүлөдө жашоо жана тарбиялануу укугу

-Ар бир бала, үй-бүлөдө жашоого, атасын да, энесин да билүүгө, алардан камкордук

көрүүгө, алар менен чогуу жашоого укуктуу,

-Бала өз ата-энесинин колунда тарбияланууга, кызыкчылыктарынын камсыз болушуна,

ар тараптуу өсүп-жетилишине, анын адамдык аброюнун урматталышына укуктуу.

Баланын ата-энеси, дагы башка туугандары менен катташууга болгон укугу

-Бала ата-энесинин экөөсү менен тең, жакын туугандары жана башка туугандары менен

катышууга укуктуу.

-Баланын ата-энеси эки башка жашаган, алардын никеден ажырашкан же бала үй-

бүлөдөн тышкары жашаган учурларда баланын кызыкчылыгы үчүн ата-энесинин биринен же

143

экөөсүнөн тең ажыратылышы зарыл болгон учурларды кошпогондо, бала ата-энеси менен

катышуу укугуна ээ.

- Кыйчалыш кырдаалга кабылганда (кармоодо, камакта, кайтарууда, дарылоо

мекемесинде турган жана башка) бала мыйзамда белгиленген тартипте өз ата-энеси, дагы

башка бир туугандары менен катташууга укугу бар.

Баланын корголууга болгон укугу

- Бала өз укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого укуктуу.

- Бала ата-энесинин (аларды алмаштырган адамдардын) кыянатчылыгынан коргонууга

укуктуу.

Баланын өз пикирин билдирүүгө болгон укугу

-Бала өзүнүн пикирин эркин билдирүүгө укуктуу.

Баланын өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө болгон

укугу

- Бала өз ысымын, атасынын атын жана фамилиясын алып жүрүүгө укуктуу.

- Балага ысым ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) макулдугу менен берилет,

атасынын ысымы атасынын аты болот, же улуттук каада-салтты эске алып ыйгарылат.

Баланын мүлктүк укуктары

- Бала өз ата-энесинен, дагы башка үйбүлө мүчөлөрүнөн каражат алууга укугу бар.

- Алимент, пенсия, жөлөкпул түрүндө балага чегерилген суммалар ата-эненин (аларды

алмаштырган адамдардын) колуна тиет жана алар аны баланы багууга, тарбиялоого жана

билим берүүгө чыгымдашат.

-Бала турак жай аянтын, өзү алган кирешени белек катары же мурас катары алган

мүлктү, ошондой эле өзүнүн каражатына алынган кайсынысы болбосун мүлктү менчиктөө

укугуна ээ.

Ата-энелердин жана аларды алмаштырган адамдардын укуктары менен

милдеттери

Ата-энелердин укуктары менен милдеттеринин теңдиги

- Өздөрүнүн балдарына карата ата-энелер бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-

энелердин укуктарын) аркалашат.

144

-ата-энелердин укуктары балдар он сегиз жашка толгондо б.а. бойго жеткенде

токтотулат.

Балдарга карата ата-эненин (аларды алмаштырган адамдардын) укуктары жана

милдеттери

- Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланы тарбиялоого, алардын билим

алышына камкордук көрүүгө, жашына жана жөндөмдүүлүгүнө жараша анын иш-аракетин

жетектөөгө укуктуу жана милдеттүү.

-Ата-энелер (аларды алмаштырган адамдар) баланын толук өсүшү, билим алышы, ден

соолугунун чыңдалышы жана аны үй-бүлөдө жана коомдо өз алдынча турмушка даярдоо үчүн

зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү.

- Ата-энесинин экөө тең (аларды алмаштырган адамдар) бирдей деңгээлде баланы

тарбиялоо жөнүндө кам көрүүгө, тиешелүү түрдө багууга, аны материалдык жактан кармоого,

турак жай менен камсыз кылууга милдеттүү.

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ата-энелердин

(аларды алмаштырган адамдар) укуктары менен милдеттери

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо алардын ата-энелерине жүктөлөт.

Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) өз балдарынын мыйзамдуу өкүлдөрү болуп

саналышат жана кандай болбосун жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде соттор менен

болгон мамилелеринде атайын ыйгарым укуксуз эле алардын укуктарын жана

кызыкчылыктарын коргоп чыгышат.

Ата-энелик укуктарды жүзөгө ашыруу

Ата-энелик укуктардын жүзөгө ашырылышы балдардын кызыкчылыктарына карама-

каршы келбеши керек жана аны камсыз кылуу ата-энениин камкордугунун негизги

приоритеттүү жүйөсү болууга тийиш. Бул процессте ата-эне балдарынын тулку-боюна жана

психикалык жагынан дени сак, ыймандуу жетилишине кам көрүүсү керек. Балдарга тарбия

берүүдө кайдыгерлик, зөөкүрдүк, оройлук, адамдык аброюн кемсинтүү, мазактоо же балдарды

эзүү усулу болбоого тийиш.

Ата-энеси ажырашып эки башка турган учурда балдардын жашай турган жери ата-

энелердин макулдашуусу менен белгиленет. Мындай макулдашуу жок болгон учурда ата-

энелердин ортосундагы талаш-тартыш балдардын кызыкчылыгын көздөө жана балдардын ой-

пикирин эсепке алуу менен сот аркылуу чечилет.

145

Мында сот баланын ата-энесинин, эркек менен кыз бир туугандарынын ар бирине

жакындыгы, баланын жашын, ата-энесинин ыймандуулук, дагы башка жекече сапаттарын,

ата-эненин ар бири менен баланын ортосундагы башынан келаткан мамилелерди, баланы

тарбиялап өстүрүү шарттарын түзүү мүмкүнчүлүгүн (иштин түрү, ата-эненин иш тартиби, ата-

эненин материалдык жана үйбүлөлүк ал-абалы ж.б.) эске алат.

Ата-энелик укуктарды коргоо

Ата-эне (аларды алмаштырган адамдар) баланы өзүндө мыйзамдын негизине же соттун

чечиминин негизине таянбастан кармап турган кандай адам болбосун кайтарып алуу талабын

коюуга укуктуу. Талаш-тартыш туулган учурда ата-эне өз укуктарын коргоо үчүн сотко

кайрылууга укуктуу.

Ата-эне төмөндөгүдөй учурда ата-энелик укуктардан ажыратылышы мүмкүн,

эгерде алар:

-ата-энелик милдеттерин аткаруудан, анын ичинде алимент төлөөдөн кыянаттык менен

качса;

-жүйөлүү себептерсиз өз баласын төрөт үйүнөн (бөлүмүнөн), болбосо дагы башка

дарылоо мекемесинен, тарбия берүү мекемесинен, калкты социалдык жактан коргоо

мекемесинен же башка ушуга окшош мекемелерден алуудан баш тартса;

-ата-энелик укуктардан кыянаттык менен пайдаланса;

-балдарга зөөкүрдүк жасаса, анын ичинде анын тулкубоюна жана психикасына зомбулук

көрсөтсө, жыныстык кол тийгистигине кол салса;

-аракечтик же баңгилик өнөкөт илдети болсо;

-өз балдарынын өмүрүнө же денсоолугуна, болбосо жубайынын же баланын ата-

энесинин өмүрүнө же ден соолугуна каршы атайылап кылмыш жасаса;

-жашы жетпеген өз балдарынын селсаяктыгына жол беришсе;

-бала эмгегинин эң жаман формаларына балдарды тартса. (74 берене)

Ата-энелик укуктардан ажыратуунун тартиби

Ата-энелик укуктардан ажыратуу ата-эненин бири, прокурордун, ошондой эле жашы

жетпеген балдардын укуктарын коргоо милдети жүктөлгөн органдар тарабынан көтөрүлүп сот

тарабынан чечим чыгат. Ата-энелик укуктарынан ажыраган ата-эне баласына карата бардык

ата-энелик укуктарынан ажыратылат. Бирок, каралашуу милдетинен бошотулбайт.

146

Соттун чечиминде мындан тышкары баланын ата-энеси же экөөнүн бири менен андан

ары чогуу жашоо маселеси турак жай мыйзамдарында белгиленген тартипте жөнгө салынат.

Укугунан ажыратылган ата-эне же экөөнүн бири жүрүм-турумун, жашоо ыңгайын жана

балага тарбия берүү мамилесин өзгөртүшсө, алардын ата-энелик укуктары калыбына

келтирилиши мүмкүн. Ата-энелик укуктарды калыбына келтирүү ата-энелик укуктарынан

ажыраган ата-эненин берген арызы боюнча сот тартибинде жүзөгө ашырылат.

Ата-эне менен балдардын алименттик милдеттенмелери

Үй-бүлөдө ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга, тарбиялоого

милдеттүү. Эгерде ушул милдеттерин аткарбаган учурда б.а. жашы жетпеген балдарын

багууга каражат бербесе, аларды баккан каражат (алимент) жашы жетпеген балдарына

алимент өндүрүп алуу тууралу алардын ата-энесиненже экөөнүн биринен доо коюу укугу

берилген балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык

бөлүмдүн сотко берген доосунун негизинде ата-энеден сот тартибинде өндүрүп алынат.

Алименттердин өлчөмү аны төлөө жөнүндө макулдашуу болбогондо жашы жетпеген

балдарга алардын ата-энесинен ай сайын төмөндөгүдөй өлчөмдө өндүрүп алынат:

-бир балага - ата-эненин иштеп тапканынын жана кошумча кирешесинин төрттөн бири;

-эки балага - үчтөн бири;

-үч же андан көп балага - жарымы.

Бул өлчөм сот аркылуу тараптардын материалдык же үйбүлөлүк абалын жана көңүлгө

Үй бүлө мамилелерин жөгө салуучу мыйзамдар ушуну менен катар ата-энесине карата

аларга каралашуу боюнча бойго жеткен балдардын милдеттерин да аныктайт.

Ал нормалардын талабы боюнча эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдар өздөрүнүн

эмгекке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон ата-энесин багууга жана аларга кам көрүүгө

милдеттүү. Эгерде алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жок болгондо жардамга муктаж

болгон эмгекке жөндөмсүз ата-энеге бойго жеткен эмгекке жөндөмдүү балдарынан алимент

сот тартибинде өндүрүлүп берилет жана ар бир баладан өндүрүлүүчү алименттердин өлчөмү

сот тарабынан аныкталат. Алименттердин өлчөмүн аныктаганда сот ошол ата-эненин эмгекке

жөндөмдүү, бойго жеткен балдарынын баарын, бардык балдарына, алардын ичинен бирөөнө

же алардын бир нечесине карата коюлган талапка карабастан, эске алууга укуктуу.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу түзүү

147

Макулдашуу (алименттин өлчөмү, төлөө шарттары жана тартиби) алимент төлөөгө

милдеттүү болгон жана аны алуучу адамдардын, ал эми алимент төлөөгө милдеттүү болгон

жана (же) алимент алуучу адам аракетке жөндөмсүз болгондо ал адамдардын мыйзамдуу

өкүлдөрүнүн ортосунда түзүлөт.

Алимент төлөө жөнүндө макулдашуу жазуу жүзүндө түзүлөт жана нотариалдык жактан

ырасталууга тийиш. Алимент төлөө жөнүндө макулдашууну түзүүгө, аткарууга, бузууга жана

жараксыз деп табууга карата жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүнү, аткарууну, бузууну жана

жараксыз деп табууну жөнгө салууда Үй-бүлө кодекси эмес Кыргыз Республикасынын

Граждандык кодексинин ченемдери колдонулат.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Үй-бүлө укугунун предмети.

2. Никеге туруу жана токтотуу тартиптери.

3. Нике келишими кантип түзүлөт?

4. Жубайлардын укуктары жана милдеттерин белгилегиле.

5. Ата-эненин жана балдардын укуктары жана милдеттерин санагыла.

6. Бала асыроо тартиптерин аныктагыла.

7. Ажырашуу процессин талкуулоо.

Сунушталган адабияттар:

1. Анткольская М. Семейное право. М., 1997г.

2. Лазарев В.В. Общая теория права. М., 1994г.

3. Ю.Лучинский В.О. Основы Правоведения. Б., 2002г.

4. Михайленко Н.Г. Правоведение Кыргызской Республики. Б., 1997г.

Укуктук-нормативдик актылар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси. Бишкек. Токтом.

3. Сборники законодательных актов Кыргызской Республики.

Интернет ресурстары:

www.toktom.kg. «ТОКТОМ» информационно-правовой портал

http://proverka.gov.kg

148

VII-бөлүм. Эмгек укугунун негиздери

§1. Эмгек укугунун предмети, методу, булактары, принциптери жана функциялары.

Эмгек мамилелери.

§2. Жамааттык келишим.

§3. Эмгек келишими: түшүнүгү, мазмуну жана жарандык-укуктук келишимден

айырмасы. Эмгек келишимине өзгөртүү киргизүү. Эмгек келишимин токтотуу.

§4. Жумуш убактысынын түшүнүгү жана анын түрлөрү. Эс алуу убактысынын

түшүнүгү жана түрлөрү. Эмгек тартиби. Сыйлоо тартиптери. Эмгек акы төлөө

тартиптери.

§5. Эмгек талаш-тартыштары. Жеке жана коллективдик эмгек талаш-тартыштарын

жөнгө салуу тартиптери.

1. Эмгек укугунун предмети, методу, булактары, принциптери жана

функциялары. Эмгек мамилелери.

Эмгек укугу- адамдардын жана жарандардын эмгектик укуктарынын жана

эркиндиктеринин негизин белгилеген, жумушчулер менен иш берүүчүлөргө иштин ыңгайлуу

шарттарын түзүүга багытталган укуктук нормалардын жыйындысы. Эмгек укугу

технологиялык процессти эмес эмгек мамилелеринин субъектилеринин социялдык

байланыштарын жөнгө салат. Анын нормалары эмгек жөндөмүн колдонуу жана ишке

ашырууда пайда болгон коомдук мамилелерди жөнгө салууга арналган.

Эмгек укугунун предметтери:

-эмгекти уюштуруу жана эмгекти башкаруудагы мамилелер;

-иш берүү, ишке орноштуруу боюнча мамилелер;

-кадрларды кесиптик жактан даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын

жогорулатуу мамилелери;

-иш берүүчүнүн, Жумушчулардын жана мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы социалдык өнөктөштүк, жамааттык

сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык келишимдерди жана макулдашууларды жүргүзүүдөгү

мамилелер;

149

-Жумушчулардын жана иш берүүчүлөрдүн өкүлчүлүктүү органдарынын мыйзамда

каралган учурларда эмгек шарттарын белгилөөгө жана эмгек мыйзамдарын колдонууга

катышуусу;

-эмгек чөйрөсүндө иш берүүчүлөр менен Жумушчулардын жана иш берүүчүлөрдүн

ортосундагы материалдык жоопкерчилик;

-эмгек талаш-тартыштарын чечүүдөгү мамилелер.

Эмгек укугунун методдору:

1) Жарандарды эмгеке, коомдук өндүрүшкө тартууда эркин кызыктыруу

методу б.а. келишимдик эркиндиктеги эмгек мамилелерди сунуштоо (КР Эмгек

кодексинин 10-беренеси).

2) Тараптардын юридикалык тең укуктуулугу.

3) Борбордук жана локалдык жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү.

Эмгек укугунун булактары:

Эмгек мамилелери жөнгө салынуучу укуктук нормалар төмөнкү мыйзам актыларында

жайгашкан:

-Кыргыз Республикасынын Конституциясында;

-конституциялык мыйзамдарында;

-Эмгек кодексинде;

-Президенттин указдарынжа;

-Өкмөттүн токтомдорунда;

-мамлекеттик жана жеке мекемелердин ички укуктук-нормативдик актыларында.

Эмгек укугунун принциптери:

КР Эмгек Кодексинин 2-беренеси төмөндөгүдөй принпиптерди камтыйт:

- ишке карата өз жөндөмүн тескөө жана тандоо, кесипти жана иштин түрүн, укугун

кошкондо аны ар бир жаран эркин тандап ала турган же эркин макулдаша турган эмгектенүү

укугу;

- эмгек эркиндиги;

- эмгек укугунун мамилелер чөйрөсүндө мажбурлап иштетүүгө жана басмырлоого тыюу

салуу;

- өтө оор формалардагы балдар эмгегине тыюу салуу;

150

- негизсиз кызматтан бошотуудан коргоо;

- ишке орношууга көмөктөшүү жана жумушсуздуктан социалдык коргоо укугун камсыз

кылуу;

- коопсуздук жана гигиенанын талаптарына жооп берүүчү шарттарда эмгектенүү укугун

камсыз кылуу;

- эмгек келишимине ылайык эмгекке акы төлөөнүн мыйзамда белгиленген эң төмөнкү

өлчөмүнөн аз болбогон сыйакы алуу укугун камсыз кылуу;

- эс алуу укугун камсыз кылуу;

- эмгек милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу жумушчунун ден соолугуна

келтирилген залалдын ордун толтуруу укугун камсыз кылуу;

- өндүрүштө жумушчуну кесиптик жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү, кадрларды

даярдоо;

- мыйзам актыларында белгиленген тартипте жекече жана жамааттык эмгек талаш-

тартыштарды чечүүгө укукту камсыз кылуу;

- Жумушчулардын жана иш берүүчүлөрдүн укуктарын камсыз кылуу боюнча

мамлекеттик кепилдиктерди белгилөө, алардын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдү жана

контролду ишке ашыруу;

- ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин мамлекет тарабынан, анын ичинде

сот тартибинде коргоо укугун камсыз кылуу;

- эмгектик укук мамилелери жаатында өзүлөрүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана

таламдарын коргоо үчүн Жумушчулардын кесиптик бирликтер жана башка өкүлчүлүк

органдарын түзүү укугун кошкондо, биригүүгө укугун камсыз кылуу;

- өздөрүнүн эмгектик укуктук мамилелери жагындагы укуктарын, эркиндиктерин жана

кызыкчылыктарын коргоо үчүн иш берүүчүлөрдүн биригүү укугун камсыз кылуу;

- Жумушчулардын жана иш берүүчүлөрдүн биригүүсүнүн эмгектик укук мамилелерин

жөнгө салууга катышуусу.

Эмгек укугунун функциялары:

Эмгек мыйзамында каралган милдеттерден куралат. Алардын негизи жөнгө салуучу

жана көмөкчү функциялар деп ажыратып карасак болот.

151

Жөнгө салуучу функция эмгек жана ага байланышкан мамилелерди жөнгө салууга

багытталган нормаларды чагылдырат.

Көмөкчү функцияны эмгек укугу өз алдынча эмес башка укуктун тармактары,

социалдык институттар менен биргеликте аткарат. Эмгек укугу ондүрүштү өнүктүрүүгө,

эмгектин өндүрүмдүүлүгүн арттырууга, калктын жакшы жашоосун камсыз кылуугаэмгек

тартибинин бекемделишине, ажамдын бакубат жашоосун камсыз кылууга салымын кошот.

Буга кошумча анын нормалары рынок мамилелерин да кыйыр турдө жөнгө салууга

жардам берет.

Эмгек мамилелери. Эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимдерде,

макулдашууларда, эмгек келишимдеринде каралган эмгек шарттарын иш берүүчү камсыз

кылган учурда ички эмгек тартибине баш ийүү менен жумушчунун акыга эмгектик иш-

милдеттерди (белгилүү бир адистик, кесип же кызмат боюнча иш) жеке аткарышы тууралу

жумушчунун жана иш берүүчүнүн ортосундагы мамиле (КР Эмгек Кодексинин 13-беренеси).

Эмгек мамилелеринин төмөндөгүдөй түрлөрү бар:

1) Жумушка алууда пайда болгон мамилелер. Бул эмгек мамилелердин

келип чыгышын шарттаган, аларга юридикалык база тшзгөн мамилелер. Демек

келечектеги эмгек мамилелеринин мүнөзүн, жүрүшүн, тараптардын укугун жана

милдеттерин ж.б. юридикалык жактарын аныктоочу этап.

2) Эмгек процессижеги эмгек мамилеси. Бкл жкерде баардык эмгек

мамилелердин субъектилери катышат.

3) Эмгек келишимди бузуучу жана жумушчуна иштен бошотууга

байланышкан эмгек мамилелери.

4) Жумушчуну ишке кайра калыбына келтирүүдөгү мамилелер.

Эмгек мамилелеринин субъектилери экиге бөлүнөт: негизги жана кошумча.

Негизги субъект: жумушчу жана иш берүүчү.

Кошумча субъект: эмгек коллективи, эмгек талаш-тартыштары боюнча комссиялар,

жумушсуздук кызматы, юридикалык кызмат көрсөтүүчү уюмдар, профсоюздар ж.б.

Жумушчунун негизги укуктары жана милдеттери (КР Эмгек Кодексинин 19-20

беренелери).

Жумушчунун төмөнкүлөргө укугу бар:

- мыйзамдарда каралган тартипте жана шарттарда эмгек келишимин түзүүгө, өзгөртүүгө

жана бузууга;

152

- ага эмгек келишимдеринде шартталган жумушту жана эмгек акыны алууга;

- зыяндуу жана коркунучтуу факторлордун таасирлеринен корголгон жумуш ордуна,

жумуш ордунда эмгекти коргоо боюнча шарттардын абалы жана талаптары жөнүндө

маалыматка;

- өзүнүн квалификациясына, аткарылган иштердин санына жана сапатына ылайык эмгек

акынын өз учурунда жана толук төлөнүшүнө;

- анын күнөөсүз иштебей токтоп калууларга атайы аныкталгандан төмөн эмес өлчөмдө

акы төлөнүшүнө;

- жумуш убагынын чектеген узактыгын, бир катар кесиптер, иштер жана

Жумушчулардын айрым категориялары үчүн кыскартылган жумуш күнүн белгилөө, ошондой

эле жума сайын дем алыш күндөрүн, жумушчу эмес майрам күндөрүн, ошондой эле ар

жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;

- өз таламдарын коргоо үчүн кесиптик бирликтерди жана башка Жумушчулардын

өкүлчүлүктүү органдарын түзүү укугун кошкондо;

- өзүлөрүнүн өкүлдөрү аркылуу жамааттык сүйлөшүүлөргө кирүүгө жана жамааттык

макулдашуу жүргүзүүгө;

- укуктук актыларда каралган тартипте кесиптик даярдыкка, кайра даярдыктан өтүүгө

жана өз квалификациясын жогорулатууга;

- эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу саламаттыкка келтирилген залалдын ордун

толтуртууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда милдеттүү социалдык

камсыздандырууга;

- мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген кепилдиктердин

жана компенсациялардын берилишине;

- мыйзамдарда каралган ыкмаларды колдонуу менен соттук коргоого укукту кошкондо

өзүнүн эмгектик укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушуна.

Жумушчу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- эмгек келишиминде ага жүктөлгөн өзүнүн эмгек милдеттерин ак ниеттүү аткарууга;

- уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;

153

- белгиленген эмгек ченемдерин аткарууга;

- эмгекти коргоо боюнча талапты сактоого жана өндүрүш коопсуздугун камсыз кылууга;

- иш берүүчүнүн жана жумушчунун мүлкүнө аяр мамиле кылууга;

- ага тапшырылган мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык сырды түзгөн

маалыматтарды эмгек келишимине ылайык жарыя кылбоого;

- иш берүүчүгө адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кырдаал

тууралу иш берүүчүнүн жана Жумушчулардын мүлкүнүн сакталышы, ошондой эле бош туруп

калуулардын келип чыгышы жөнүндө билдирүүгө.

Иш берүүчүнүн негизги укуктары жана милдеттери

Иш берүүчүнүн менчик укугу, ошондой эле эркин чарба жүргүзүү иш-аракети Кыргыз

Республикасынын Конституциясынын 16 жана 19 беренелеринде кепилденет.

Иш берүүчү төмөнкүлөргө укугу бар:

- мыйзамдарда белгиленген тартипте жана негиздерде жумушчу менен эмгек келишимин

түзүүгө, өзгөртүүгө жана бузууга;

- эмгекти уюштурууга багытталган локалдуу ченемдик актыларды кабыл алууга;

- жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана жамааттык келишимдерди түзүүгө;

- өкүлчүлүктөрдүн максаттарында өзүлөрүнүн укуктары менен таламдарын коргоого

жана иш берүүчүлөрдүн бирикмелерин түзүүгө жана ага кирүүгө;

- сыйлоого;

- жумушчулардан уюмда колдонулган эмгек тартибин жана эмгек келишиминин

шарттарын аткарууну талап кылууга;

- мыйзамдарда белгиленген тартипте Жумушчуларды тартиптик жана материалдык

жоопкерчиликке тартууга;

- өзүлөрүнүн укуктарын жана таламдарын коргоо максатында сотко кайрылууга.

Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, локалдуу ченемдик

актыларды, жамааттык келишимдин, макулдашуулардын жана эмгек келишимдеринин

шарттарын сактоого;

154

- Жумушчуга эмгек келишиминде шартталган жумушту берүүгө;

- Жумушчуга бирдей эмгек үчүн бирдей акы төлөөнү камсыз кылууга;

- Жумушчуга эмгек акысын өз учурунда жана толук өлчөмдө төлөөгө;

- эмгекти уюштурууга (жобо, нускама, буйрук) багытталган локалдуу ченемдик

актыларды жана уюмдун кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон башка актыларды кабыл

алууга;

- Жумушчулардын өкүлдөрүнө жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, жамааттык

келишимдерди түзүү, ошондой эле алардын аткарылышын контролдоо үчүн зарыл

маалыматтарды берүүгө;

- белгиленген тартипте жамааттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле жамааттык

келишим түзүүгө;

- эмгекти коргоонун жана гигиенанын талаптарына жооп берүүчү шарттарды жана эмгек

коопсуздугун уюштурууну камсыз кылууга;

- жумушчуларды эмгек милдеттерин аткаруу үчүн зарыл жабдуулар, шаймандар,

техникалык документтер жана башка каражаттар менен камсыз кылууга;

- мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо органдарынын буйурутмасын өз учурунда

аткарууга, ошондой эле эмгектик укук ченемдерин камтыган мыйзамдарды, башка ченемдик

укуктук актыларды бузгандык үчүн салынган айыптарды төлөөгө;

- жумушчуларды мыйзамдарда белгиленген тартипте милдеттүү социалдык

камсыздандырууну жүзөгө ашырууга;

- мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган тартипте жана

шарттарда эмгек милдеттерин аткарууга байланыштуу жумушчуларга келтирилген зыяндын

ордун толтурууга, ошондой эле моралдык зыянды компенсациялоого;

- иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматына шарттарын жана эмгек акысын

көрсөтүү менен бош жумуш орундарынын (вакансиялардын) бар экени жөнүндө

маалыматтарды ай сайын берүүгө;

- эмгектик укук ченемдерин камтыган мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук

актыларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда жана эмгек келишимдеринде

каралган башка милдеттерди аткарууга.

155

2. Жамааттык келишим

Жамааттык келишим – мекеме, уюмдардагы социалдык, эмгек мамилерди жөнгө

салуучу жана жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда жазуу жүзүндө түзүлүүчү

локалдуу ченемдик укуктук акты. Жамааттык келишимдер менчиктин кандай түрү болбосун

мекеме, уюмдарда кеминде 1 жылдык мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.

Жамааттык келишимдин жалпы мазмуну:

Жамааттык келишимдин мазмунун анын катышуучулары аныктайт:

- эмгекти уюштурууну жакшыртуу жана өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатуу;

- ченемдөө, формалар, эмгекке акы төлөө тутумдары, тарифтик чендердин жана айлык

акылардын, кошумча төлөөлөрдүн жана аларга үстөктөрдүн өлчөмдөрү;

- эмгек акыны индексациялоо жөнүндө, жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө

тууралу;

- иш берүүчү тарабынан "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык иш берүүчү тарабынан төлөнүүчү

карылыгы боюнча мөөнөтүнөн мурда жеңилдетилген пенсияларды төлөөнүн тартиби;

- иш убактысынын жана эс алуу өргүүсүнүн узактыгы жөнүндө;

- эмгектин сергек жана коопсуз шарттарын түзүү, ден-соолукту коргоону жакшыртуу,

Жумушчуларды медициналык камсыздандыруунун кепилдиктери, айлана-чөйрөнү коргоо

жөнүндө;

- ички эмгек ыраатын жана эмгек тартибин жөнгө салуу жөнүндө;

- иш менен камсыз кылуу, бош отурган Жумушчулардын квалификациясын

жогорулатуу, кайра даярдоо жана ишке орноштуруу жөнүндө;

- ишти окуу менен айкалыштырган Жумушчулерге берилген кепилдиктер жана

жеңилдиктер жөнүндө;

- Жумушчулардын турак жай жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, уюмду

жана ведомстволук турак жайды менчиктештирүү учурунда Жумушчулардын

кызыкчылыктарын көздөө жөнүндө;

- Жумушчулардын ден соолугун чыңдоо, санатордук-курорттук дарылоо жана эс алуусу

жөнүндө;

156

- жапырт жумуштан бошотууларды, эмгектик жаңжалдарды жана иш таштоолорду

болтурбоо жөнүндө;

- уюмга келтирилген зыян үчүн Жумушчулардын жана иш берүүчүлөрдүн

жоопкерчилиги жөнүндө;

- жамааттык келишимди аткаруу үчүн тараптардын жоопкерчилиги жөнүндө;

- тараптар аныктаган башка маселелер.

Эгерде мыйзамдарда жана башка ченемдик укуктук актыларда ушул жоболорду

милдеттүү бекемдөө жөнүндө түздөн-түз көрсөтмө камтылса, жамааттык келишимге ченемдик

жобо киргизилет.(42 берене)

Жамааттык келишимди колдонуу тартиби:

Жамааттык келишим 3 жылдан ашпаган мөөнөткө түзүлөт жана ага тараптар кол койгон

күндөн же жамааттык келишимде белгиленген күндөн тартып күчүнө кирет жана тараптар

анынколдонулушун дагы 3 жылдан ашпаган мөөнөткө узартууга укугу бар.(43 берене)

Макулдашуулардын түрлөрү:

Макулдашуу – социалдык, эмгектик мамилелерин жана ага байланыштуу

республикалык, тармактык (тармактар аралык) жана аймактык деңгээлдерде алардын

компетенциясынын чектеринде Жумушчулардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана иш

берүүчүлөрдүн ортосунда түзүлгөн экономикалык мамилелерди жөнгө салуунун жалпы

принциптерин белгилөөчү ченемдик акты.

Макулдашууга төмөнкүдөй маселелер кирет:

эмгекке акы төлөө;

эмгек шарты жана аны коргоо;

эмгек жана эс алуу режими;

социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү ж.б.;

3. Эмгек келишими: түшүнүгү, мазмуну жана жарандык-укуктук келишимден

айырмасы. Эмгек келишимине өзгөртүү киргизүү. Эмгек келишимин токтотуу.

Эмгек келишими – жумушчу менен иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу. Эмгек

келишими боюнча иш берүүчү шартталган эмгектик иш-милдеттер боюнча жумушчуге иш

берүүгө, эмгектик укук ченемдерин камтыган мыйзамдарда, башка ченемдик укуктук

157

актыларда, жамааттык келишимдерде, макулдашууларда, локалдуу ченемдик актыларда

каралган эмгек шарттарын камсыз кылууга жана жумушчуге эмгек акыны өз учурунда жана

толук өлчөмүндө төлөөнү камсыз кылууга ал эми жумушчу белгилүү бир кесип (адистик)

квалификация же ички эмгек тартибине баш ийген кызмат боюнча жумушту жеке аткарууга

милдеттенет.

Эмгек келишими милдеттүү түрдө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:

1) эмгек келишимин түзүү датасы жана орду;

2) тараптардын реквизиттери:

- иш берүүчүнүн-юридикалык жактын толук аталышы, анын жайгашкан орду,

уюмдаштыруу документтерин мамлекеттик каттоонун номери жана датасы;

- иш берүүчүнүн (анын өкүлүнүн) фамилиясы, аты-жөнү, атасынын аты (эгерде ким

экендигин ырастоочу документинде көрсөтүлсө) жана иштеген кызматы, ал эми иш берүүчү

жеке жак болсо, анын туруктуу жашаган жеринин дареги, аталышы, номери, ким экендигин

ырастоочу документти берген датасы;

- жумушчудин фамилиясы, аты-жөнү (эгерде ким экендигин ырастоочу документинде

көрсөтүлсө), социалдык коргоо күбөлүгүнүн идентификациялык номери;

3) иш аткарыла турган жумуш орду;

4) уюмдун штаттык ырааттамасына же айкын эмгектик иш-милдеттерге ылайык

квалификациясын көрсөтүү менен кызматынын, адистигинин, кесибинин аталышы;

5) иштин башталыш датасы;

6) эмгек келишиминин колдонулуш мөөнөтү;

7) иш режими;

8) жумушчудин жана иш берүүчүнүн укуктары жана милдеттери;

9) эмгек акы төлөө шарттары (анын ичинде тарифтик ставканын же жумушчудин

кызматтык айлык акысынын өлчөмү, кошумча төлөөлөр, үстөктөр жана сыйлык төлөмдөрү,

иштин оор, коркунучтуу жана зыяндуу шарты үчүн компенсацияларды төлөөлөр);

10) эмгек шарттарынын туура мүнөздөмөлөрү, оор, зыяндуу же коркунучтуу

шарттардагы иш үчүн жумушчуге берилүүчү компенсациялар жана жеңилдиктер;

11) тараптардын койгон колдору. (54 берене)

158

Эмгек келишими төмөнкүдөй түзүлөт:

1) аныкталбаган мөөнөткө;

2) 5 жылдан ашпаган аныкталган мөөнөткө (мөөнөттүү эмгек келишими).

Эмгек келишимин токтотуунун негиздери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) тараптардын макулдашуусу (80-берене);

2) эмгек келишиминин мөөнөтүнүн бүтүшү (81-берене);

3) жумушчудин демилгеси (82-берене);

4) иш берүүчүнүн демилгеси (83-берене);

5) жумушчуди анын өтүнүчү же макулдугу боюнча башка иш берүүчүгө ишке которуу

же шайлануучу (ишке) кызматка өтүү;

6) тараптардын эркинен тышкаркы жагдайлар (88-берене);

7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалына байланыштуу башка ишке

которуудан жумушчудин баш тартышы (75-берененин үчүнчү бөлүгү);

8) эмгектин олуттуу шарттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу жумушчудин ишти

улантуудан баш тартышы (71-берененин төртүнчү бөлүгү);

9) менчик ээсинин алмашышына, уюмдун таандуулугунун (ведомствого караштуулук)

өзгөрүшүнө жана анын өзгөртүп кайра түзүлүшүнө (77-берене) байланыштуу жумушчу ишти

улантуудан баш тартышы;

10) иш берүүчүнүн башка жерге жылдырышына байланыштуу жумушчудин которуудан

баш тартышы (69-берененин биринчи бөлүгү);

11) сыноо мөөнөтүнүн канааттандыраарлык эмес натыйжалары (62-берененин 7-бөлүгү).

4. Жумуш убактысынын түшүнүгү жана анын түрлөрү. Эс алуу убактысынын

түшүнүгү жана түрлөрү. Эмгек тартиби. Сыйлоо чаралары. Тартип милдеттеринин

түшүнүгү, айып салуунун түрлөрү. Тартип жоопкерчилигине тартуу процедурасы.

Жумуш убактысы жана аны ченемдештирүү түшүнүгү.

159

Жумушчу ички эмгек тартибинин эрежесине, иш графигине жана эмгек келишиминин

шарттарына ылайык өз эмгек милдеттерин аткарууга тийиш болгон мезгил жумуш убактысы

деп аталат.

Жумуш убактысынын узактыгы

Жумуш убактысынын узактыгы жумасына 40 сааттан ашпоого тийиш. Жумушчулардын

айрым категориялары үчүн жумуш убактысынын төмөнкүдөй кыскартылган узактыгы

белгиленет:

1) 14төн 16га чейинки жаштагы жумушчуларга - жумасына 24 сааттан ашпаган, 16дан 18

жашка чейинкилерге - жумасына 36 сааттан ашык эмес;

2) оор жумуштарда иштеген, иштери эмгектин зыяндуу жана коркунучтуу шарттарына

байланыштуу жумушчулар үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес;

3) I жана II топтордогу ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар болгон

жумушчулар үчүн - жумасына 36 сааттан ашык эмес.

Иши жогорку акыл-эсти жана эмоционалдык чыңалууну талап кылуучу жумуштардагы

жумушчулердин айрым категорияларына, врачтар, педагогдор жана башкалар жумуш

убактысынын кыскартылган узактыгы атыйы ченемде менен аныкталат.

Толук эмес жумуш убактысы

Жумушчу жана иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ишке кабыл алууда,

ошондой эле андан кийин да толук эмес жумуш күнү же толук эмес иш жумасы белгилениши

мүмкүн. Иш берүүчү кош бойлуу аялдын, 14 жашка чейинки баласы бар (18 жашка чейинки

ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала) ата-энелердин (камкорчу, көзөмөлчү)

биринин, ошондой эле медициналык корутундуга ылайык үй-бүлө мүчөлөрүндө ооругандарды

баккан адамдын өтүнүчү боюнча толук эмес жумуш күнүн же толук эмес иш жумасын

белгилейт.

Беш күндүк жана алты күндүк иш жумасы

2 дем алыш күн менен жана 1 дем алыш күн менен алты күндүк иш жумасы

жумушчулардын өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча иш берүүчү тарабынан

бекитилүүчү ички эмгек тартибинин эрежелери же кезметтүүлүктүн графиктери менен

аныкталат.

160

Алты күндүк иш жумасында ар күндүк жумуштун (кезметинин) узактыгы 40 сааттык

жумалык ченемде - 7 сааттан, жумалык ченем 36 саат болсо - 6 сааттан жана жумалык ченем

24 саат болсо - 4 сааттан ашпоого тийиш. (94 берене)

Ар күндүк иштин (кезметтин) узактыгы

Ар күндүк иштин (кезметтин) узактыгы төмөнкүлөрдөн ашпашы керек:

14төн 16 жашка чейинки курактагы жумушчулер үчүн - 5 сааттан, 16дан 18ге

чейинкилерге - 7 сааттан;

жалпы билим берүүчү уюмдардын (мектептердин), башталгыч жана орто кесиптик

билим берүү уюмдарында окуган, окуу жылынын ичинде окуусун иш менен айкалыштырган

14төн 16га чейинки курактагыларга - 2,5 сааттан, 16дан 18ге чейинки курактагыларга - 3,5

сааттан; (95 берене)

Жумуш эмес майрам күндөрүнүн алдындагы жумуштун узактыгы

Жумуш эмес майрам күнүнүн алдындагы иш (кезмет) узактыгы 1 саатка азайтылат.

Жумуш эмес майрам күндөрүнүн алдындагы жумуш күнүнүн (кезметтин) узактыгын

азайтуу жумушчуге жумуш убактысынын узактыгын кыскартуу белгиленген учурларда

жүргүзүлбөйт.(96 берене)

Түнкү убактагы жумуш

Түнкү убактагы жумуш деп кечки 22 сааттан эртең мененки саат 6га чейинки мезгил

эсептелет.

Түнкү убактагы жумуштун (кезметтин) узактыгы бир саатка кыскартылат. Түнкү

убактагы жумушка 18 жашка толо электер киргизилбейт. .(97 берене)

Эс алуу убактысы

Эс алуу убактысынын түшүнүгү

Эс алуу убактысы - жумушчу эмгек милдеттерин аткаруудан бош жана өз каалоосуна

ылайык пайдалана алуучу убакыт.

Эс алуу убактысынын түрлөрү

Эс алуу убактысынын түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

- жумуш күнүнүн (кезметтин) ичиндеги тыныгуу;

161

- күндөлүк (кезмет аралыгындагы) тыныгуу;

- дем алыш күндөр (жума сайын үзгүлтүксүз эс алуу);

- жумуш эмес майрам күндөр;

- өргүү.

Кыргыз Республикасында жумуш эмес майрам күндөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

1-январь - Жаңы жыл;

23-февраль - Ата-Журтту коргоонун күнү;

8-март - Аялдардын эл аралык күнү;

21-март - Элдик Нооруз майрамы;

7-апрель - Элдик Апрель революциясы күнү;

1-май - Эмгек майрамы;

5-май - Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү;

9-май - Жеңиш күнү;

31-август - Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнү;

7 жана 8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү.

Буларга кошумча ай календары боюнча аныкталуучу "Орозо айт" жана "Курман айт"

мусулман майрамдары жана 7-январь - Иса Пайгамбардын туулган күнү (православия

рождествосу) жумушчу эмес майрам күндөрү болуп саналат.

Эмгек тартиби

Мекемеде ички эмгек тартиби иш берүүчү уюмдун жумушчуларынын өкүлчүлүктүктүү

органы менен макулдашылып бекитилген ички эмгек тартибинин эрежелери менен аныкталат.

Жумушчу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- эмгек келишиминде ага жүктөлгөн өзүнүн эмгек милдеттерин ак ниеттүү аткарууга;

- уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоого;

- белгиленген эмгек ченемдерин аткарууга;

- эмгекти коргоо боюнча талапты сактоого жана өндүрүш коопсуздугун камсыз кылууга;

- иш берүүчүнүн жана жумушчунун мүлкүнө аяр мамиле кылууга;

162

- ага тапшырылган мамлекеттик, кызматтык, коммерциялык сырды түзгөн

маалыматтарды эмгек келишимине ылайык жарыя кылбоого ж.б.

Иш берүүчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

- мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, локалдуу ченемдик

актыларды, жамааттык келишимдин, макулдашуулардын жана эмгек келишимдеринин

шарттарын сактоого;

- Жумушчуга эмгек келишиминде шартталган жумушту берүүгө;

- Жумушчуга бирдей эмгек үчүн бирдей акы төлөөнү камсыз кылууга;

- Жумушчуга эмгек акысын өз учурунда жана толук өлчөмдө төлөөгө;

- эмгекти уюштурууга (жобо, нускама, буйрук) багытталган локалдуу ченемдик

актыларды жана уюмдун кадимкидей иштеши үчүн зарыл болгон башка актыларды кабыл

алууга ж.б.

Сыйлоо тартиптери.

Иш берүүчү ийгиликтүү иши үчүн уюмдун ички эмгек тартибинин эрежелеринде

каралган сыйлоо чараларын колдонот так айтканда, алкыш жарыялайт, сыйлык берет, баалуу

белектер, ардак грамотасы менен сыйлайт, кесип боюнча эң жакшы деген наамга көрсөтөт.

Тартиптик жаза

Эмгек тартибин бузгандык, башкача айтканда жумушчуге тапшырылган эмгек

милдеттери, анын күнөөсү боюнча укукка каршы аткарылган же тийиштүү түрдө

аткарылбагандыгы үчүн иш берүүчү төмөнкүдөй тартиптик жазаларды колдонууга укуктуу:

1) эскертүү;

2) сөгүш берүү;

3) тийиштүү негиздер боюнча иштен бошотуу.

Жазаларды колдонуунун тартиби

Тартиптик жазалар уюмдун жетекчиси, ыйгарым укуктуу кызмат адамдары тарабынан

колдонулат.

Тартиптик жаза колдонулганга чейин жумушчуден жазуу жүзүндөгү түшүнүк алынууга

тийиш. Мындай түшүнүк берүүдөн баш тартуу, ал иш берүүчү тарабынан катталууга тийиш

болгон акты менен жол-жоболоштурулат жана жаза колдонууга бөгөт боло албайт.

163

Тартиптик жаза жорук аныкталгандан кийин дароо, бирок жумушчу ооруп жаткан же

өргүүдө болгон убакытты эсепке албаганда 1 айдан кечиктирилбестен колдонулат.

Тартиптик жаза жорук болгондон 6 айдан кийин колдонулушу, ал эми ревизиянын,

финансы-чарбалык текшерүүнүн жана аудитордук текшерүүнүн натыйжасы боюнча - ал

жасалгандан 2 жылдан кеч колдонулушу мүмкүн эмес. Көрсөтүлгөн мөөнөттөргө жазык иши

боюнча өндүрүш жүргүзүлгөн убакыт кирбейт.

Тартиптик жазаны колдоноордо кетирилген жоруктун оордугу, ал жасалган жагдайлар,

мурдагы иштери эске алынат жана бир тартиптик жорук үчүн бир гана тартиптик жаза

колдонулушу керек.

Эмгекке акы төлөө

Эмгекке акы төлөө - мыйзамдарга, башка ченемдик укуктук актыларга, жамааттык

келишимдерге, макулдашууларга, локалдуу ченемдик актыларга жана эмгек келишимдерине

ылайык иш берүүчүнүн жумушчуларга эмгеги үчүн төлөнүүчү акыны белгилөө жана жүзөгө

ашыруу менен байланышкан мамилелердин тутуму.

Эмгек акы татаалдыгына, санына, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн

берилүүчү ордун толтуруу ошондой эле компенсациялык жана кызыктыруучу мүнөздөгү

төлөмдөр. Үстөк жана кошумча акы төлөө түрүндөгү компенсациялык жана стимулдоочу

мүнөздөгү төлөмдөр, эмгек акысына чегерилген райондук коэффициентти кошпогондо,

абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыз менен белгиленет.

Эң төмөнкү эмгек акы - эмгектин кадимки шарттарында жөнөкөй жумуштарды аткаруу

менен жумуш убактысында толук иштеген квалификациясы жок жумушчуга эмгеги үчүн бир

айлык эмгек акынын мыйзам менен кепилденген өлчөмү.

Тарифтик ставка (айлык акы) - жумушчунун убакыт бирдигинин ичинде белгилүү

бир татаалдыктагы (квалификациядагы) ченемин иштин (иш-милдеттерин) аткарганы үчүн

эмгек акысынын бекитилген өлчөмү.

Жумушту тарифтөө - жумуштун түрлөрүн анын татаалдыгына жараша тарифтик

разряддарга же квалификациялык категорияларга бөлүштүрүү.

Тарифтик разряд - жумуштун татаалдыгын жана жумушчудин квалификациясын

көрсөтүүчү чоңдук.

Квалификациялык разряд - жумушчунун кесиптик даярдыгынын деңгээлин

чагылдырган чоңдук.

164

Тарифтик торчо - жумуштардын (кесиптердин, кызматтык орундардын) татаалдыгына

жана жумушчулардын квалификациялык мүнөздөмөлөрүнө жараша тарифтик

коэффициенттердин жардамы менен аныкталган жумуштардын тарифтик разряддарынын

жыйндысы.

Тарифтик тутум - ченемдердин жыйындысы, анын жардамы менен жумушчулардын ар

түрдүү категорияларынын эмгек акыларын дифференциялоо жүзөгө ашыралат. (151 берене)

Жумушчулердин эмгегине акы төлөө

Иш берүүчү жумушчунун эмгегине акы төлөөгө милдеттүү. Ал жумушчунун эмгегине,

акы убакытка, аткарылган ишке жараша же эмгекке акы төлөөнүн башка тутумдары боюнча

төлөнөт.

Эмгекке акы төлөөнүн формасы

Эмгек акыны төлөө акчалай түрдө жүргүзүлөт жана акыны карыздык милдеттенме,

тилкат, азык-түлүктүк, өнөр жайлык товар карточкалары же ушул сыяктуу акчанын ордуна

жүргөн алмаштыргычтар менен төлөөгө тыюу салынат. Эмгек акы айына бир жолудан кем

эмес төлөнөт жана мөөнөтү жамааттык келишимде же уюмдун локалдуу ченемдик актысында

белгиленет.

5. Эмгек талаш-тартыштары. Жеке жана коллективдик эмгек талаш-

тартыштарын жөнгө салуу тартиптери.

Жекече эмгек талаш-тартыштар

Иш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгектин жаңы шарттарын белгилөөдө,

эмгек жөнүндө мыйзамдарды, макулдашууларды, жамааттык келишимдерди, уюмдун

локалдуу ченемдик актыларын, ошондой эле эмгек келишиминин шарттарын (доо

мүнөзүндөгү талаш-тартыштар) колдонууда жөнгө салынбаган пикир келишпестиктери

жекече эмгек талаш-тартыштары деп таанылат. Бул талаш-тартыштарды эмгек талаш-

тартыштарын кароо боюнча комиссия, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана

контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана сот тарабынан каралат.

Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияларды түзүү

Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиялар 10дон кем эмес адам иштеген уюмдарда

жумушчулардын жана иш берүүчүнүн демилгеси боюнча жумушчулардын жана иш

165

берүүчүнүн өкүлдөрүнөн бирдей санда түзүлөт. Жумушчулардын өкүлдөрү эмгек талаш-

тартыштары боюнча комиссияга шайланышат же жумушчулердин өкүлчүлүктүү органы

тарабынан жиберилетден кийин уюмдун жумушчулеринин жалпы чогулушунда бекитилет.

Жумушчунун эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга келип түшкөн арызын аталган

комиссия милдеттүү түрдө каттоого тийиш жана арыз берген күндөн баштап 10 күндүн

ичинде кароого милдеттүү.

Талаш-тартыш арыз берген жумушчунун же ыйгарым укуктуу өкүлдүн катышуусу менен

каралат. Талаш-тартышты жумушчу же анын өкүлү жокто кароого анын жазуу жүзүндөгү

арызы болгондо гана жол берилет. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия чечимди

комиссиянын жыйналышына катышкан мүчөлөрдүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен

жашыруун добуш берүү аркылуу кабыл алат.

Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечиминде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

-аталышы, комиссияга кайрылган жумушчунун фамилиясы, аты-жөнү, кызматы, кесиби

же адистиги;

-комиссияга кайрылган жана талаш-тартыштар каралган күн, талаш-тартыштын мазмуну;

-комиссия мүчөлөрүнүн жана жыйналышка катышкан башка адамдардын фамилиясы, аты-

жөндөрү;

-чечимдин маңызы жана анын негиздемеси (мыйзамга же башка ченемдик укуктук актыга

таянуу менен);

-добуш берүүнүн натыйжалары.

Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечиминин тийиштүү түрдө

күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү жумушчуга жана уюмдун жетекчисине чечим кабыл алган

күндөн баштап 3 күндүк мөөнөттө берилет.

Жекече эмгек талаш-тарыштарын сотто кароо

Жумушчу же иш берүүчү жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча комиссиянын

чечимине макул болбосо же тараптар бир пикирге келишпесе талаш-тартыш сотто каралат

1) жумушка алуудан баш тарткандык жөнүндө;

2) жумушчунун эмгектеги ар-намысын, аброюн жана ишкердик беделин коргоо жана

ушуга байланыштуу мүлктүк жана моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;

3) иш берүүчү жеке жакта эмгектик келишим боюнча иштеген адамдын арызы боюнча;

166

4) басмырлоого учурадык деп эсептелген жумушчулердин арызы боюнча.

Жамааттык эмгек талаш-тартыштары

Жамааттык эмгек талаш-тартыштары - жумушчулар менен иш берүүчүлөрдүн

ортосундагы эмгек шарттарын белгилөө жана өзгөртүү, жамааттык келишимдерди,

макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана аткаруу жагдайлары боюнча, ошондой эле уюмдарда

иш берүүчүнүн эмгек укуктарынын ченемдерин камтыган актыларды макулдашууда жана

кабыл алууда жумушчулардын шайлануучу өкүлчүлүктүү органынын пикирин эсепке алуудан

баш тарткандыгына байланыштуу жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер.

Иш таштоо - жумушчулардын жамаатык эмгек талаш-тартыштарын чечүү максатында

эмгек милдеттерин аткаруудан убактылуу ыктыяры менен баш тартуулар.

Жамааттык эмгек талаш-тартыштарды жөнгө салуунун тартиптери:

-Талаш-тартыштарды жөнгө салуу комиссиянын талаптарды карап чыгуусу;

-Ортомчунун катышуусу менен талаш тартыш предметтерин талкуулоо.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Эмгек укугу укуктун тармагы кандай түшүнүктөрдү камтыйт?

2. Жумушка алуунун эрежелерин аныктагыла.

3 Эмгек келишими: түшүнүгү, мазмуну жана жарандык-укуктук келишимден айырмасы.

4. Жумуш убактысы жана түрлөрү.

5. Эс алуу убактысынын түшүнүгү жана түрлөрү.

6. Эмгек тартиби жана тартип жоопкерчилигине тартуу процедурасы.

7. Эмгек талаш-тартыштары.

Сунушталган адабияттар:

1. Зайкин А.Д. Трудовое право. М., 1998г.

2. Исмаилов Н.А. Укук таануу: окуу китеби. Бишкек: 2013-ж.

3. Лазарев В.В. Общая теория права. М., 1994г.

4. Ю.Лучинский В.О. Основы Правоведения. Б., 2002г.

Укуктук-нормативдик актылар:

167

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси Бишкек. Токтом.

3. Сборники законодательных актов Кыргызской Республики.

Интернет ресурстары:

www.toktom.kg. «ТОКТОМ» информационно-правовой портал

168

VIII-бөлүм Кылмыш укугунун негиздери

§1. Кылмыш укугунун предмети, методу, булактары.

§2. Кылмыш: түшүнүгү, белгилери. Кылмыш курамынын мүнөздөмөсү. Кылмыштын

түрлөрү.

§3. Жаза түшүнүгү жана максаты. Жазанын түрлөрү. Жоопкерчиликти оордотуучу жана

жеңилдетүүчү жагдайлар.

1. Кылмыш укугунун предмети, методу, булактары.

Кылмыш укугу-кылмыш жана кылмыш жоопкерчилигин, жаза системасын аныктоочу

нормаларды камтыган укуктун тармагы. Ал башкы мыйзамда жана башка мыйзам

актыларында бекитилген жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана

кызыкчылыктарын коргоого пайдаланылган каражат болуп саналат. Мамлекеттер

байыртадан бери эле мыйзамдарды бузган тараптарга катуу чараларды, жазаларды колдонуу

менен коомдогу тартипти, мамлекеттеги коопсуздукту жана адамдардын укуктарын жана

эркидиктерин коргоп келген. Мындай укуктук актылардын жыйындысын пеналдык (латын

тилинен которгондо penal-жазалоочу) укук деп аталган. Азыр бул термин баарыбыз билгендей

футбол спорттук оюнунда “пенальти” деп колдонулуп келет.

Кылмыш укугу кылмыш-укуктук мамилелер сферасында пайда болгон социалдык

байданыштарды жөнгө салат. Кылмыш укуктук мамилелердин өзгөчөлүгү мамлекет менен

мыйзамдын талаптарын бузган тараптардын ортосунда жүргүзүлгөндүгү. Көп изилдөөчүлөр

кылмыш укуктук мамилелер мыйзам бузулганда башталып соттуулук алынып салынганга

чейин уланат деген жыйынтык чыгарышат. Бул өзгөчөлүктү анын б.а. кылмыш укугунун

предмети аныктайт.

Кылмыш укугунун предмети кылмыш белгилерин алып жүргөн коомдук коркунучтуу

аракеттерден турат:

1) Адамга багытталган кылмыш;

2) Коомдук тартипке жана коомдун коопсуздугуна каршы багытталган

кылмыш;

3) Экономика тармагындагы кылмыш;

4) Мамлекеттик бийлике каршы багытталган кылмыш;

169

Кылмыш укугунун методу мамлекетке, коомго, адамдарга коркунуч келтире турган

аракеттерге бөгөт коюу, аларды жазага тартуу жана кылмыштуулукту жана жазанын түрүн

аныктоо. Тыюу салууларды бузуу кылмыш жоопкерчилигин жана жазаны пайда кылат жана

бул мүмкүнчүлүктөргө кылмыш укугу гана жөндөмдүү.

Кылмыш укугунун нормалары негизинен тыюу салуулардан турат. Кылмыш укугунун

жалпы бөлүгү жалпы жоболорду, принциптерди жана институттарды камтыйт.

Өзгөчө бөлүгү аракеттердин кылмыштуу белгилерин, жазанын түрүн жана чектерин

белгилейт.

Кылмыш укугунун милдеттери:

-Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн сактоо жана коргоо;

-Адамдардын жана жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;

-Коомдук тартипти жана коомдун коопсуздугун коргоо;

-Кылмыштуу аракеттерден жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо;

-Адамзаттын тынч жашоосун жана коопсуздугун камсыз кылуу;

-Кылмышты эскертүү.

Кылмыш укугунун функциясы:

1) Коргоочулук-коомдук мамилелерди коргоо;

2) Эскертүүчүлүк-жазалоо коркунучу аркылуу кылмыш аракеттеринен алыс

болууну эскертүү;

3) Тарбиялоочулук-түзөтүү б.а. мыйзамды сыйлоого, урматтоого чакыруу,

жазаларды чектөө менен адамдагы баалуулуктарды өзгөртүү ж.б.

Кылмыш укугунун принциптери Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин

беренелеринде келтирилген:

Мыйзамдуулук принциби (2-берене.) Жосундун кылмыштуулугу жана анын

жазалуулугу, ошондой эле башка жазык-укуктук кесепеттери. Бул принцип ККыргыз

Республикасынын Конституциясында да чагылдырылган.

Юридикалык аныктык принциби (3-берене.) Юридикалык аныктык кылмыш үчүн

жазык жоопкерчилигине тартууга негиздерин, ошондой эле кылмыш курамынын бардык

белгилерин так белгилөө мүмкүндүгүн билдирет.

Жазык мыйзамы жазалануучу жосунду (аракет же аракетсиздик) так жана айкын

аныктоого тийиш жана кеңири чечмелөөгө жатпайт.

Жарандардын мыйзам алдындагы теңчилик принциби (4-берене.) Жосундарды

жасаган адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна,

170

этностук таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, саясий же башка көз караштарына,

билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле басмырлоого негиз болгон башка

жагдайларга карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

Күнөө принциби (5-берене.) Адам анын күнөөсү аныкталган аракеттер (аракетсиздик)

жана аларды жасагандыгынын натыйжасында келип чыккан кесепеттер үчүн гана жазык

жоопкерчилигине тартылууга жатат.

Эч ким мыйзамдуу түрдө анын күнөөсү далилделмейинче жана мыйзамдуу күчүнө

кирген соттун айыптоо өкүмү белгиленмейинче, кылмыш жасоодо күнөөлүү деп таанылууга

жана жазык жазасына тартылууга мүмкүн эмес.

Адилеттүүлүк принциби (6-берене.) Жосунду жасаган адамга колдонулуучу жаза жана

жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары кылмыштын оордугуна, ошондой эле аны

жасаган жагдайларга ылайык келүүгө тийиш.

Эч ким бир эле кылмыш же жоруктар үчүн кайрадан жазык жоопкерчилигине

тартылышы мүмкүн эмес.

Жазык жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принциби (7-берене.) Жазык

жоопкерчилигине тартуу жана жазаны дайындоо жөнүндө маселени чечүүдө сот жасалган

кылмыштын мүнөзүн жана оордугунун даражасын, жасалгандардын жүйөлөрүн жана

максаттарын, күнөөлүүнүн инсандыгын, келтирилген зыяндын өлчөмүн, жазаны оордотуучу

жана жеңилдетүүчү жагдайларды, жабырлануучунун пикирин эске алууга жана өкүмдө

тандалган жаза чарасын жүйөөлөштүрүүгө тийиш.

Жазык жоопкерчилигинин жана жазанын өздүк мүнөздөгү принциби (8-берене.)

Жосунду атайылап же этиятсыздыктан жасаган адам гана кылмыш үчүн жазык

жоопкерчилигине тартылууга жана жазаланууга жатат.

Гуманизм принциби (9-берене.) Эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды,

анын өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана

коопсуздугун коргоону камсыз кылат.

Сот кылмыш жасаган адамга аны түзөтүү, ресоциалдаштыруу жана башка жаңы

кылмыштарды жасоону алдын алуу максатында, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү

калыбына келтирүү максатында жазаны дайындайт. Жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн

башка чаралары дене-бойго зыян келтирүүгө же адамдык ар-намысты кемсинтүүгө жатпайт.

171

Жазык жоопкерчилигинин болбой койбостук принциби (10-берене.) Жосунду

жасаган адам жазага жана/же жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чараларына тартылууга

жатат. Жазык жоопкерчилигинен, жазадан же аны өтөөдөн бошотууга, ошондой эле жазаны

жеңилирээгине алмаштырууга гана жол берилет.

2. Кылмыш: түшүнүгү, белгилери.

Кылмыш түшүнүгү мамлекет пайда болгондон баштап кирди. Алгачкы коом

түзүлүшүндө мындай аракеттерге тыюу салуу системасы өтө начар өнүгүп, алсыз болгон.

Юридикалык жактан аныктаманы биринчи жолу 1789 жылы кабыл алынган “Жарандардын

жана адамдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин декларациясында” алды.

Учурдагы кылмыш түшүнүгүнө Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 18-

беренесинде “коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же

аракетсиздик) кылмыш деп таанылат”-деп так аныктама берген.

Белгилери. Биринчи белгиси коомдук коркунучтуулугу. Коомго коркунуч жаратуучу

кыймыл деп кылмыш мыйзамдары тарабынан корголгон обьектилерге зыян алып келүүнү

түшүнөбүз. Кылмыштын коркунучтуулугун КР Жасык Кодексинин 19-беренесинде

төмөндөгүдөй классификациялаган “жаза катары каралган эркиндигинен ажыратуунун

максималдуу мөөнөтүнө жараша кылмыштар анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар

болуп бөлүнөт.

1. Анча оор эмес кылмыштарга эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, же

болбосо беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза каралышы

мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

2. Оор кылмыштарга беш жылдан, бирок он жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен

ажыратуу түрүндө жаза дайындалыш мүмкүн болгон кылмыштар кирет.

3. Өзгөчө оор кылмыштарга он жылдан ашкан мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу, же

болбосо өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындалышы мүмкүн болгон

кылмыштар кирет”.

Экинчи белгиси мыйзамга каршылыгы. Тигил же бул кыймыл-аракет эгер мыйзам

тарабынан тыюу салынганда гана кылмыштуу жосун деп саналат. Демек тараптын аракети

мыйзамга каршы чыгып, тыюу салууларга тоготпогон мамиле жазалуусун мыйзамга

каршылык деп айтабыз.

172

Үчүнчү белгиси күнөөлүүлүк. Коомго коркунуч келтирген, мыйзамга каршы келген

кыймыл-аракеттер аны жазаган тараптын күнөөсү далилденген учурда гана кылмышкер деп

таанылат.

Төртүнчү белгиси жазалануучулук. Жогорудагы белгилерди толуктап турган түшүнүк

б.а. жазаган жана далилденген, мыйзамга каршы келген аракеттерге атайы жазалар каралат.

Бул белгилер жыйынтыгында кылмышты мүнөздөөдө өтө маанилүү орунда турат.

Кыймыл-аракеттин коомдук коркунучтуулугун, күнөөнүн даражасын, жазанын өлчөмүн

аныктоодо буга кошумча дагы маалыматтар талап кылынат. Бул маалымат кылмыш курамы

деп аталат.

Кылмыш курамы-кылмыш катары мүнөздөлгөн коомдук коркунучтуу аракеттин зарыл

болгон объектдүү жана субъективдүү элементтеринин жыйындысы. Кылмыш курамын

аныктоо аны туура квалификациялоо максатында колдонулат.

Кылмыштын квалификациясы-жазык мыйзамдарында каралган кылмыштык

аракеттердин мүнөздөмөлөрү менен жазалган кыймыл аракеттердин бир ылайыка келтирүү.

Кылмыш курамынын элементтери:

1) Кылмыштын обьектиси;

2) Объективдүү тарабы;

3) Кылмыштын субъектиси;

4) Субъективдүү тарабы.

Кылмыштын обьектиси-жазык мыйзамы тарабынан корголгон, кылмыштуу аркет

багытталган коомдук мамиле. Үч түрү бар:

А) жалпы объект-жаза мыйзамы тарабынан корголгон укуктук мамилелердин

жыйындысы;

Б) бөлүктүк объект-жаза мыйзамы тарабынан корголгон укуктук мамилелердин белгилүү

бөлүгү;

В) түздөн-түз объект-кылмыштуу кыймыл-аракет багытталган конкреттүү коомдук

мамиле (Жазык Кодексинин ар бир беренеси көрсөтүп турат).

Объективдүү тарабы-коомдук коркунучтуу кыймыл-аркеттин тышкы көрүнүшү.

Белгилери:

173

1) Жазык мыйзамы тыюу салган аракетин жазалышы;

2) Жазалган араеттин зыяндуу кесепеттери;

3) Жазалган кыймыл-аракет менен келтирилгин зыяндуу кесепеттин себептик

байланыштары б.а. аларга себептүү байланыштар.

Кыймыл-аракет (аракет же аракетсиздик)- объектдүү тараптын тышкы көрүнүшү. Ал

коомго коркунучтуу мүнөздөмөгө качан эрктүү жазалганда жана мыйзамга каршы келгенде ээ

болот.

Зыяндуу кесепет-кылмыштуу аракеттердеги антисоциалдык көрүнүштөр.

Себептүү байланыштар-кубулуштардын ортосундагы байланыштар б.а. бир кубулуш

сөзсүз экинчи бир кубулуштун келип чыгуусуна түрткү болот. Жалпы мааниде алганда

себептик байланыштар кубулуштардын өз ара аракеттеринин натыйжасында башка бир

кубулуштардын пайда болушуна түрткү берүүсүн шарттайт. Себептик байланыш кылмыштын

объектдүү тарабынын негизги элементи болуп саналат. Мисалы, эгер жазык мыйзамдарынды

тыюу салынган коомдук коркунучтуу аракет жазалганда жана андан зыяндуу кесепет келип

чыкса бирок, экөөнүн ортосунда себептик байланыш табылбаса кылмыштын обьектиси жок

деп саналат. Демек укук коргоо органдарынын кылмышты изилдөөдөгү негизги милдети

аракет менен зыяндын ортосундагы себептик байланышты аныктоосу керек.

Объектдүү тараптын белгилерине мындан тышкары кылмышты жазоо жолу, кырдаал,

жай, убакыт, каражат жана курал сыяктуу предметтер да кирет

Кылмышты жазоо жолу- кылмышкердин кыймыл-аракеттериндеги ыкмалар жана

методдор.

Кырдаал-кылмыш аракеттериндеги шарттар.

Кылмыш жазалган жай же жер- мыйзамда тыюу салынган аракет жазалган мейкиндик.

Кылмыш жазалган убакыт-коомдук коркунучтун даражасын аныктоодо маани берилет

жана мыйзамсыз аракеттин созулган убактысы да маанилүү.

Кылмышты жазоодо колдонулган каражат жана курал-кылмыштын обьектисине

таасир жана зыян алып келген предметтер, куралдардын түрү.

Кылмыштын субъектиси- КР Жазык кодексинин 26-беренесине ылайык “жазык

жоопкерчилиги келип чыккан курактагы кылмыш жасаган акыл-эси жайында адам саналат”.

Кылмыштын субъектисинин белгилери:

174

1) Физикалык тараптар гана боло алышат (КР Жазык кодексинин 26-беренесинин 3

пунктуна ылайык Юридикалык жак кылмыштын, жазык жоопкерчилигинин жана жазанын

субъекти болуп саналбайт. Юридикалык жакка ушул Кодексте каралган негиздер боюнча

жана чектерде жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чаралары колдонулушу мүмкүн);

2) Акыл-эси жайында адам;

3) Курагы (КР Жазык кодексинин 30-берене.Кылмыш жасаганга чейин он алты

жашка чыккан адам жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат).

Субъективдүү тарабы- кылмыш менен түздөн- тараптын кылмыш менен түз

байланышы бар өзгөчө ишмердүүлүгү. Субъективдүү тарап кылмыштын ккомдук

коркунучтуулугунун даражасын, демек жоопкерчиликтин негизин жана жазанын өлчөмүн

аныктайт.

Кылмыштын субъективдүү тарабынын мазмуну:

1) Күнөө;

2) Мотив жана максаты.

Күнөө- КР Жазык кодексинин 31-беренесине ылайык “өзү жасачу жосунга (аракетке же

аракетсиздикке) жана анын укукка каршы кесепеттерине карата адамдын психикалык

мамилеси күнөө болуп саналат”.

Күнөөнүн формасы болуп ниет же кокустук болушу мүмкүн.

Инсанга, коомго, мамлекетке же адамзаттын коопсуздугуна зыян келтирүү, ошондой эле

аны келтирүү коркунучун түзүү зыяндуу кесепеттер деп таанылат.

Күнөө атайы жана этиятсыздык формаларды байкалышы мүмкүн. Максат кылуу дагы эң

көп таралган формасы болуп саналат.

КР Жазык кодексини төмөндөгүдөй кылмыштардын формасын карайт 32-49 беренелер:

Атайылап жасалган кылмыш Тикелей же кыйыр ниет менен жасалган укукка каршы

жосун атайылап жасалган кылмыш деп таанылат. Адам өз жосунун жазыктык укукка

каршылыгын түшүнсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү

кааласа, же болбосо зыян келтирүү болбой койбостугун алдын ала көрө билсе, кылмыш

түздөн-түз ниеттенүү менен жасалган деп таанылат. Адам өз жосунун жазыктык укукка

каршылыгын түшүнсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе, зыян келтирүүнү

каалабаса, бирок зыян келтирүүгө түшүнүп туруп жол берсе (зыян келтирилишине кайдыгер

болсо) кылмыш кыйыр ниеттенүү менен жасалган деп таанылат.

175

Этиятсыздык кылмышы

1. Жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан жасалган укукка каршы жосун этиятсыздык

кылмыш деп таанылат.

2. Эгерде адам өз жосунуна жазыктык укукка каршылык катары баа бербесе, бирок

этияттык кылуу зарылдыгын түшүнсө жана зыян келтирилиши мүмкүн экендигин алдын ала

көрө билсе, ага карабастан зыян келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, кылмыш жеңил

ойлуулуктан жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгына текебердик менен мамиле кылгандыктан,

мындай зарылдыкты түшүнүүгө жана зыян келтирүү мүмкүндүгүн көрө билүүгө тийиш болсо

да, аларды түшүнбөсө жана алдын ала көрө биле албаса кылмыш этибарсыздыктан жасалган

деп таанылат.

4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана/же башка

адамдардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.

Күнөөсүз зыян келтирүү (кокустук)

Эгерде адам өз аракетинин же аракетсиздигинин мүнөзүн жана маанисин түшүнбөсө, зыян

келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрө билбесе жана иштин жагдайлары боюнча ал болбоого

тийиш болсо жана аны алдын ала көрө албаса, зыян күнөөсүз келтирилген болуп эсептелет.

Аякталган кылмыш

Кылмыш курамынын бардык белгилери бар кылмыш аякталган деп таанылат.

Улантылган кылмыш

1. Бирдиктүү бир ниетте жасалган эки же андан көп бир түрдүү жосундарды камтыган

кылмыш улантылуучу болуп эсептелет.

2. Улантылуучу кылмыш акыркы жосунду жасаган учурдан тартып аякталган болуп

саналат.

Аякталбаган кылмыш

Кылмышка даярдык көрүү жана кылмышка аракеттенүү аякталбаган кылмыш деп

таанылат.

Кылмышка даярдык көрүү

176

1. Адамдын атайылап кылмыш жасаганга каражаттарды же куралдарды издөөсү же

ылайыкташтыруусу, кошо катышуучуларды издөөсү, кылмыш жасоого бүтүм кылуусу, же

болбосо кылмыш жасоо үчүн шарттарды атайылап түзүүсү, эгерде мында анын эркинен көз

карандысыз себептер боюнча кылмыш аягына чейин чыгарылбаса, кылмышка даярдык көрүү

деп таанылат.

2. Жазык жоопкерчилиги оор же өзгөчө оор кылмыштарга даярдык көргөндүк үчүн гана

келип чыгат.

3. Кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазык жоопкерчилиги ушул беренеге шилтеме

кылуу менен аякталган кылмыш сыяктуу эле, ушул Кодекстин ошол эле беренеси боюнча

аныкталат.

Кылмышка аракеттенүү

1. Кылмыш жасоого түздөн-түз багытталган жосунду (аракетти же аракетсиздикти), эгерде

мында кылмышты анын эркине баш ийбеген себептер боюнча аягына чейин чыгарбаса,

тикелей ниеттенүү менен жасоосу кылмышка аракеттенүү деп таанылат.

2. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди

аткарса, бирок анын эркине баш ийбеген себептер боюнча кылмыш аягына чыгарылбаса,

кылмышка аракеттенүү аякталган болуп эсептелет.

3. Эгерде адам кылмышты аягына чыгаруу үчүн зарыл деп эсептеген бардык аракеттерди,

өзүнүн эркине баш ийбеген себептер боюнча жасабаса, кылмышка аракеттенүү аякталбаган

деп саналат.

4. Кылмышка аракеттенүү үчүн жазык жоопкерчилиги, ушул беренеге шилтеме кылып,

аякталган кылмыш үчүн жоопкерчилик каралган

Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу

1. Эгерде мында кылмышты аягына чейин жеткирүү мүмкүндүгүн түшүнүп турса дагы,

адам өз эрки менен кылмышка даярдык көрүүсүн же кылмышка аракеттенүүнү толук

токтотуусу, кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу деп таанылат.

2. Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тарткан адам жазык жоопкерчилигине тартууга

жатпайт. Адам иш жүзүндө жасаган жосуну кылмыштын башка курамынын белгилерин

камтыган учурда гана жазык жоопкерчилигин тартат.

Кошо катышуу түшүнүгү

177

Кылмыштын эки же андан көп субъекттеринин атайылап жасалган кылмышка атайылап

биргелешип катышуусу кылмышка кошо катышуу деп таанылат.

Кылмышты аткаруучулук

Кылмышты түздөн-түз жасаган же башка адам (кошо аткаруучу) менен биргелешип аны

жасоого түздөн-түз катышкан адам, ошого тете эле курагынын, акыл-эси жайында

эместигинин же башка жагдайлардын айынан жазык жоопкерчилигине тартууга жатпаган

башка адам аркылуу кылмыш жасаган адам аткаруучу болуп саналат.

Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү

1. Аткаруучулар менен катар эле уюштуруучулар, шыкакчылар жана көмөкчүлөр

кылмышка кошо катышуучулар деп таанылат.

2. Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого

тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам

уюштуруучу деп таанылат.

3. Кылмыш жасоого башка кошо катышуучуну көндүргөн адам шыкактоочу деп таанылат.

4. Билип туруп, башка кошо катышуучулар тарабынан кылмыштын жасалышына

кеңештерди, көрсөтмөлөрдү, каражаттарды берүү, же болбосо тоскоолдуктарды жоюу

аркылуу көмөк көрсөткөн адам, ошого тете кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын, же

болбосо каражатын, кылмыштын изин, же болбосо кылмыш жолу менен алынган

предметтерди жашырууга, мындай предметтерди сатып алууга, же болбосо сатып өткөрүүгө

же башка ыкма менен кылмышты жашырууга көмөк көрсөтүүгө алдын ала убада берген адам

көмөкчү деп таанылат.

5. Мурда убада бербестен кылмышкерди, кылмыш жасоо куралдарын же болбосо

каражаттарын, кылмыш изин же болбосо кылмыш жолу менен алынган предметтерди же

мындай предметтерди сатып алууну, же болбосо сатып өткөрүүнү жашыруу кошо катышуу

болуп саналбайт. Бул жосундарды жасаган адамдар ушул Кодекстин 348-

беренесинде каралган учурларда гана жазык жоопкерчилигине тартууга жатат.

Кылмышка кошо катышуу формалары

1. Сүйлөшүүлөрсүз эки же андан көп адам биргелешип кылмыш жасаган адамдардын тобу

деп саналат.

178

2. Мурда, башкача айтканда кылмыш жасоону баштаганга чейин аны биргелешип жасоо

жөнүндө сүйлөшүп алган жана биргелешип кылмыш жасаган эки же андан көп адам

сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу болуп саналат.

3. Уюшкан тобу деп төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ саналат:

1) бир нече адамдан турган (үч жана андан көп);

2) ага катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө

сүйлөшүүлөрү болгон;

3) туруктуу бирикме болуп саналган;

4) максаты бир же бир нече кылмышты жасоо болуп саналган;

5) иш-милдеттер катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

4. Кылмыштуу уюм деп төмөнкүдөй белгилери менен мүнөздөлгөн топ саналат:

1) бир нече адамдан турган (төрт жана андан көп);

2) ага катышуучулардын бардыгынын ортосунда кылмыш (кылмыштарды) жасоо жөнүндө

сүйлөшүүлөрү болгон;

3) туруктуу жана иерархиялык бирикме болуп саналган;

4) максаты болуп бир нече оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо саналган;

5) иш-милдеттер катышуучулардын ортосунда алдын ала бөлүштүрүлгөн.

Адамдардын тобу жана сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган

кылмыштын аткаруучуларынын жана кошо катышуучуларынын жоопкерчилиги

1. Адамдардын тобу жана сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу жасаган кылмыштын

аткаруучусу жана башка кошо катышуучулары биргелешкен укукка каршы жосунда алардын

жеке күнөөлөрүнүн негизинде гана, алардын ар биринин кылмыш жасоого катышуусунун

мүнөзүн жана даражасын эске алуу менен жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Аткаруучу (кошо аткаруучу) алар тарабынан жасалган кылмыш каралган жазык

жоопкерчилигине тартылууга жатат.

3. Уюштуруучу, шыкактоочу жана көмөкчү, аткаруучу тарабынан жасалган кылмыш

каралган жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

4. Аткаруучу аякталбаган кылмышты жасаган учурда башка кошо катышуучулар

аякталбаган кылмышка катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

179

5. Кылмыш жасоого анын эркинен көз карандысыз жагдайлар боюнча башка адамдарды

көндүрө албаган адам кылмышка даярдык көргөндүгү үчүн жазык жоопкерчилигине

тартылууга жатат.

Уюшкан топтун жана кылмыштуу уюмдун уюштуруучуларынын жана

катышуучуларынын жоопкерчилиги

1. Уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту (кылмыштуу уюмду) түзгөн, же болбосо

аларга жетекчилик кылган адам уюшкан топ же кылмыштуу уюм тарабынан жасалган

кылмыштардын бардыгы үчүн, эгерде алар анын ниетин камтыган болсо, жазык

жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Уюшкан топтун, же болбосо кылмыштуу уюмдун башка кошо катышуучулары даярдык

көрүүгө же жасоого кошо катышкан кылмыштары үчүн кылмышта ар биринин аткарган

ролуна карабастан, эгерде аларда анын ниети болсо жана уюшкан топту же кылмыштуу топту

түзүү максатынын алкагына кирсе, жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

Кылмыш аткаруучунун эксцесси

Аткаруучунун кошо катышуучулар менен келишимге келгендин чегинен чыккан жана

алардын ниетинде камтылбаган кылмыш жасоо аткаруучунун эксцесси деп таанылат.

Кылмышка кошо катышуучуларынын ыктыярдуу баш тартуусу

1. Аткаруучу (кошо аткаруучу) кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тарткан учурда, жазык

жоопкерчилигине тартылууга жатпайт. Мында башка кошо катышуучулар аткаруучу

жасоодон ыктыярдуу баш тарткан ошол кылмышка даярдык көргөндүгү же ошол кылмышка

аракеттенүү үчүн жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.

2. Уюштуруучу, шыкакчы же көмөкчү ыктыярдуу баш тарткан учурда, эгерде алар

кылмыш жасоону болтурбаса же даярдалып жаткан же жасалуучу кылмыш тууралуу

тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына өз убагында кабарласа, жазык куугунтугуна

алынбайт. Ошондой эле көмөкчүнүн ыктыярдуу баш тартуусу деп кылмыш жасоого

каражаттарды же куралдарды бербегендиги, же болбосо кылмыш жасоодогу тоскоолдуктарды

четтетбегендиги болуп саналат.

3. Кошо катышуучулардын кимдир-бирөөсү ыктыярдуу баш тарткан учурда аткаруучу

кылмышка даярдык көргөндүгү же кылмышка аракеттенүү үчүн, анын жосуну бул

стадиялардын кайсынысында үзгүлтүккө учураганына жараша жазык жоопкерчилигине

тартылууга жатат.

180

Кылмыштын мотиви-мыйзамга каршы аракеттерге барууга түрткөн

кызыкчылыктарынан улам келип чыккан тараптын ички туюмдары (мисалы, өч алуу, баюу

ж.б.). Кылмышты кылууда эмне түрткү болду деген суроого жооп берет.

Кылмыштын максаты-мыйзамга каршы аракеттерге барган тараптын кыймыл

аракеттерди жазоодогу натыйжалар жөнүндөгү ички туюмдары. Кылмышты кылууда эмнеге

жетишкенге аракет кылды деген суроого жооп берет.

Кылмыштын түрлөрү (130-395 беренелер):

Адамдарга каршы кылмыштар:

Киши өлтүрүү:

1) көп кишинин өмүрү үчүн коркунуч келтирүүчү ыкма менен;

2) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) өзгөчө мыкаачылык менен;

4) бейбаштык максатта;

5) пайда көздөө максатында же жалдоо менен;

6) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

7) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн;

8) ошол адамдын кызматтык, кесиптик ишти жүзөгө ашыргандыгы же коомдук милдетин

аткаргандыгы менен байланыштуу адамды же анын жакындарына карата;

9) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке карата;

10) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (араздашуунун)

негизинде;

11) эки же андан ашык адамга карата;

12) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

13) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен

коштолуп;

14) каракчылык, опузалап талап кылуу же терроризм акт менен коштолуп;

15) адамды уурдоо, же болбосо барымтага алуу менен коштолуп жазалган.

-Аффект абалында киши өлтүрүү

181

-Эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүшү

-Боорукердиктен киши өлтүрүү (эвтаназия)

-Этиятсыздыктан киши өлтүрүү

-Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү

-Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү

Ден соолукка оор зыян келтирүү:

1) адамдардын тобу же сүйлөшүүлөр боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) өзгөчө мыкаачылык менен;

3) бейбаштык максатта;

4) пайда көздөө максатында же жалдануу аркылуу;

5) жабырлануучунун органын же ткандарын алуу максатында;

6) башка кылмышты жашыруу же аны жасоону жеңилдетүү үчүн;

7) кызматтык, кесиптик ишин жүзөгө ашыргандыгына же коомдук милдетин

аткаргандыгына байланыштуу ушул адамга же анын жакындарына карата;

8) күнөөлүү билип туруп алсыз абалдагы же билип туруп жашы жетелекке карата;

9) расалык, этностук, улуттук, диний жана аймактар аралык касташуунун (араздашуунун)

негизинде, -

10) эки же андан көп адамга карата;

11) күнөөлүү билип туруп, кош бойлуу аялга карата;

12) зордуктоо же башка формадагы зомбулук менен жыныстык кумарын кандыруу менен

коштолуп;

13) каракчылык, опузалап талап кылуу менен коштолуп;

14) адамды уурдоо же барымтага алуу менен коштолуп, -

III категориядагы айып салуу менен III категориядагы эркиндигинен ажыратууга

жазаланат.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган төмөнкүдөй жосундар:

182

1) этиятсыздыктан киши өлтүрүүгө, анын натыйжасында өзүн-өзү өлтүрүүгө, же болбосо

эки же андан көп адамдын өлүмүнө (өзгөчө оор зыян) алып келген;

2) ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган эки же андан көп оордотуучу жагдайлардын

жыйындысында жасалган.

Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү

Зарыл коргонуу чектеринен аша чаап, ошого тете кылмыш жасаган адамды кармоо үчүн

зарыл болгон чаралардан аша чабуу менен ден соолукка оор зыян келтирүү

Аффект абалда ден соолукка оор зыян келтирүү

Кыйноолор

Уруп-согуп кыйноо

Өмүргө жана ден соолукка кооптуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу

Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген кылмыштар

Трансплантация үчүн адамдын органдарын же ткандарын алууга мажбурлоо

Адамдын органдарын же ткандарын трансплантация жүргүзүүнүн мыйзамда белгиленген

тартибин бузуу, ошого тете аларды мыйзамсыз соода кылуу

Мыйзамсыз боюнан алып салуу

Айыкпас инфекциялык ооруну жуктуруу

Коркунучта калтыруу

Жардам көрсөтпөй коюу

Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди

талаптагыдай эмес аткаруу

Адамга сыноону мыйзамсыз жүргүзүү

Өлгөн адамдын ткандарын жана органдарын мыйзамсыз алуу

Бөлөк урук клеткасын аялга жалгаштыруу

Түйүлдүк менен тыюу салынган аракеттер

Донордук канды жүгүртүү тартибин бузуу

Күч колдонуу менен донорлук кылуу

183

Мыйзамсыз дарылоо иши

Врачтык сырды ачыкка чыгаруу

Жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар

Зордуктоо- Зордуктоо, башкача айтканда, өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу эмес

зомбулукту колдоном деп коркутуу менен, же аны жабырлануучуга же башка адамдарга

колдоном деп коркутуу менен, ошого тете жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен

жыныстык катнашуу.

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан

жасалган;

2) өмүргө же ден соолукка коркунуч келтирген зомбулук көрсөтүү коркунучу менен

коштолгон;

3) жабырлануучуга же анын жакындарына карата өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, -

IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

3. Ушул берененин 1 же 2-бөлүктөрүндө каралган жосундар:

1) билип туруп жашы жетелекке карата жасалган;

2) каалабаган кош бойлуулукка алып келген;

3) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирилген, -

V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

-Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер

-Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо

-Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер

-Ыплас аракеттер

-Сойкулук кылууга тартуу

-Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү

-Билип туруп жашы жетелекти порнобизнеске тартуу

-Жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылуу

184

Кишинин жеке эркиндигине каршы кылмыштар

Киши уурдоо-аны ал туруктуу же убактылуу турган жеринен которуп, ал турган жерден

айырмаланган жерге андан ары кармоо менен коштолуучу, кармап алуу, алдоо же өмүргө жана

ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу менен же болбосо мындай

зомбулукту кылам деп коркутуу менен жасалган адамды анын эркине каршы уурдоо.

1) адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;

2) билип туруп жашы жетелекке карата;

3) күнөөлүү билип туруп кош бойлуу аялга карата;

4) төлөм алуу, же болбосо башка жеке кызыкчылык максатында;

5) эки же андан көп адамга карата;

6) этиятсыздыктан ден соолукка оор зыян келтирген;

7) адамдан же өлгөн адамдан трансплантация үчүн органдарды же ткандарды алуу

максатында, -

-Кишилерди соода кылуу

-Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу

-Эмгекти мажбурлап пайдалануу (кул эмгеги)

-Психиатриялык стационарга мыйзамсыз жаткыруу

Үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жетелектердин

кызыкчылыктарына каршы кылмыштар

-Адамды никеге туруу максатында уурдоо

-Иш жүзүндөгү нике мамилелерине турууга мажбурлоо

-Адамды никеге турууга мажбурлоо

-Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу

-Эки жана андан көп аял алуу

-Кылмыш жасоого жашы жетелекти тартуу

-Жашы жетелекти коомго каршы аракеттерге тартуу

-Жашы жетелектерди чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдардын же

согуштук аракеттердин чөлкөмүнө алып чыгуу

185

-Ымыркайды алмаштырып коюу

-Асырап алуунун сырын ачыкка чыгаруу

Адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар

-Адамдын тең укуктуулугун бузуу

-Жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу

-Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу

-Кыйноолорду болтурбоо максатында медициналык кызматкерге күбөлөндүрүү жана

башка аракеттерди жүргүзүүдө тоскоолдук кылуу

-Кат алышуу жашыруундуулугун бузуу

-Турак жайга кол тийбестикти бузуу

-Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу

-Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу

-Шайлоо өнөктүгүн каржылоо тартибин бузуу

-Шайлоо же референдум өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу

-Шайлоо документтерин бурмалоо

-Мыйзамсыз диний топту уюштуруу

-Тынч чогулушту өткөрүүгө же ага катышууга тоскоолдук кылуу

-Эмгек акыны, пенсияны, жөлөк пулду төлөбөө

-Автордук, аралаш укуктарды жана патент ээлеринин укуктарын бузуу

Менчикке каршы кылмыштар

-Уурдоо-Уурдоо, башкача айтканда олуттуу өлчөмдө жасалган бирөөнүн мүлкүн

жашыруун уурдап кетүү.

-Тоноо-башкача айтканда бөтөн мүлктү ачык ээлеп алуу.

-Каракчылык-Өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдонуу менен,

же болбосо мындай зомбулукту колдоном деп коркутуу менен жасалган каракчылык, башкача

айтканда бөтөн мүлктү ээлеп калуу максатында кол салуу.

186

-Опузалап талап кылуу-Шантаж кылуу же жабырлануучунун, же анын жакындарынын

өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуу менен

опузалап талап кылуу, башкача айтканда бөтөн мүлктү, мүлккө болгон укукту өткөрүп

берүүнү же мүлктүк мүнөздөгү башка аракеттерди жасоо.

-Алдамчылык-Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу

менен олуттуу өлчөмдөгү бөтөн мүлктү ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу.

-Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу- Ишенип берилген мүлктү олуттуу

өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу.

-Автотранспорт каражаттарын айдай качуу-Ээлөөнүн (айдай качуунун) максаттарына

карабастан автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укук ченемсиз ээлеп алуу

жана аны айдоо.

-Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу-Жер участогун өзүм билемдик

менен ээлеп алуу, өмүргө жана ден соолукка коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу

менен же аны колдоном деп коркутуу менен коштолсо.

-Жайды, имаратты же курулманы өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу-

Менчигинин формасына карабастан турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же

курулманы зомбулук колдонуу менен же анын колдоном деп коркутуу менен жасалган өмүргө

жана ден соолукка коркунуч келтирбеген өзүм билемдик менен ээлеп алуу же басып алуу

-Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен мүлктүк залал келтирүү-Менчик ээсине же

мүлктүн башка ээсине газды, электр же болбосо жылуулук энергиясын эсепке алуу

приборлору жок (эгерде аларды пайдалануусу милдеттүү болуп саналса) же эсепке алуу

приборлорун атайлап бузуунун кесепетинен, ошого тете уурдоонун белгилери болбогондо

башкача алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу менен олуттуу мүлктүк зыян келтирүү.

-Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу-Олуттуу зыян келтирген бөтөн мүлктү жок кылуу же

бузуу, ошого тете мамлекеттин коргоосуна алынган тарыхый эстеликти же жаратылыш

объекттин жок кылуу же бузуу.

-Экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар

-Салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар

-Коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы

кылмыштар

187

-Коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар

-Коомдук тартипке каршы кылмыштар

-Маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар

-Конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы

кылмыштар

-Сот бийлигине каршы кылмыштар

-Сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар

-Башкаруу тартибине каршы кылмыштар

-Чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары

-Аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар

-Аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарынын жана салттарынын

башка бузуулары

3. Жаза түшүнүгү жана максаты. Жазанын түрлөрү. Жоопкерчиликти

оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлар..

Жаза түшүнүгү жана максаты.

Кылмыш жоопкерчилиги күнөөлү тараптын жүрүм-турумуна жараша кылынган

чаралардын жыйындысы. Анын негизи болуп кылмыштын баардык курамдары таанылган

кыймыл аракеттер саналат.

Жаза кылмыш жасаганы учун күнөөлүү деп таанылган адамга карата соттун өкүмү боюнча

колдонулуучу таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларынын бири болуп саналат жана

соттолгондордун укуктарын жана эркиндигин чектөөнү жана ага белгилүү бир милдеттерди

жүктөөнү билдирет (63-берене).

Максаты. Адамды жазалоонун максаты күнөөлүүнү түзөтүү, ресоциалдаштыруу, жаңы

кылмыштарды жасоонун алдын алуу жана социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү.

Жаза башка мажбурлоо чараларынан төмөнкү белгилери менен айырмаланат:

-ал сот тарабынан гана дайындылыт;

-өздүк жана жекелик мүнөзгө ээ болот;

-белгиленген гана чекте ишке ашырылат;

188

-бир тартипте ишке ашат;

-дайыма мажбурлоо мүнөзүндө болот.

Жазанын түрлөрү (64-берене):

Кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган адамдарга сот тарабынан негизги

жазанын жеңилирээгинен катуураагына чейинки градациядагы түрлөрү колдонулушу мүмкүн:

1) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган:

а) коомдук иштер;

б) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү

укугунан ажыратуу;

в) түзөтүү жумуштары;

г) айып. Мында, түзөтүү жумуштарынын жана айыптын салыштырмалуу катуулугу

алардын конкреттүү өлчөмү менен аныкталат;

2) коомдон обочолонтуу менен байланышкан:

а) тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо;

б) эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу;

в) өмүр бою эркиндигинен ажыратуу.

Сот тарабынан төмөнкүлөр кошумча жаза катары колдонулушу мүмкүн:

1) кызматтык абалын же кызматтык абалда берилген мүмкүндүктөрдү пайдалануу менен

кылмыш жасалган учурда - атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же

класстык ченинен ажыратуу.

2) оор же өзгөчө оор кылмыш жасалган учурда - мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу.

Жоопкерчиликти оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайлар.

Кыймыл-аракеттин кылмыштан арылтылгандыгына байланыштуу жазык

жоопкерчилигинен бошотуу. Мындай учурда б.а. кылмыштан арылтылган учурда, адам сот

тарабынан жазык жоопкерчилигинен токтоосуз бошотулат (59-берене).

Жабырлануучу менен макулдашууга жетишкенде жазык жоопкерчилигинен

бошотуу. Анча оор эмес кылмыш жасаган адам, эгерде ал жабырлануучу менен элдешсе жана

келтирилген зыяндын ордун толтурса, Кыргыз Республикасынын Жазык-

189

процесстик кодексинин тиешелүү беренелер тизмегинде көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча

жазык жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн (61-берене).

Жазык куугунтуктоонун эскирүү мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазык

жоопкерчилигинен бошотуу

1. Эгерде адам тарабынан кылмыш жасалган күндөн тартып жана өкүм мыйзамдуу күчүнө

кирген күнгө чейин төмөнкүдөй мөөнөттөр өткөн болсо, ал сот тарабынан жазык

жоопкерчилигинен бошотулат:

1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш жасаган учурда;

2) жети жыл - оор кылмыш жасаган учурда;

3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш жасаган учурда, ошондой эле, эгерде кылмыш уюшкан

топтун, кылмыштуу уюмдун курамында жасалса.

2. Эгерде кылмыш жасаган адам тергөөдөн же соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп

турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра улантылат.

Эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып он беш жыл өтсө, мында адам жазык

жоопкерчилигинен бошотулат (62-берене).

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Кылмыш укугунун предмети эмнелерден турат?

2. Кылмыш жана анын курамынын мүнөздөмөсү.

3. Жаза түшүнүгү жана максаты. Жаза тутуму. Жазага тартуу процедурасы.

4. Жоопкерчиликти оордотуучу жана жеңилдетүүчү жагдайларды санагыла.

5. Соттуулукту алып салуу тартиптерин аныктагыла.

Сунушталган адабияттар:

1. Курманов К.К. Уголовное право. М, 1993г

2. Лазарев В.В. Общая теория права. М., 1994г.

3. Ю.Лучинский В.О. Основы Правоведения. Б., 2002г.

4. Михайленко Н.Г. Правоведение Кыргызской Республики. Б., 1997г.

Укуктук-нормативдик актылар:

190

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодекси. Бишкек. Токтом.

3. Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси. Бишкек. Токтом.

4. Сборники законодательных актов Кыргызской Республики.

Интернет ресурстары:

www.toktom.kg. «ТОКТОМ» информационно-правовой портал

http://proverka.gov.kg

http://www.gamsumo.gov.kg

http://www.kg.undp.org

http://cbd.minjust.gov.kg

191

IX-бөлүм Билим берүү укугу

§1. Билим берүү укугунун предмети, методу, билим берүү принциптери.

§2. Билим берүү укуктук мамилелеринин катышуучулары.

§3. Билим берүү системасы.

§4. Билим берүү системасын башкаруунун укуктук негиздери.

§5. Билим берүү сферасындагы эмгек жана экономикалык мамилелеринин укуктук

негиздери.

1. Билим берүү укугунун предмети, методу.

Билим берүү укугу-бул билим берүү сферасындагы коомдук мамилелерди жөнгө

салуучу, аныктоочу укуктук нормалардын жыйындысын камтыган жана башка укуктун

тармактарындагы укуктук мамилелердин, нормаларды алып жүргөн комплекстүү укуктук

тармак. Билим берүү тармагындагы коомдук мамилелерди “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзам

гана эмес башка укуктук тармактагы нормалар аныктап жөнгө салуусу мүмкүн. Мисалы,

билим берүү мекемелерин түзүү, жабуу процесстерин Жарандык укуктук нормалар, окуу

процессин каржылоону финансы укуктук нормалары, педагог менен билим берүү

мекемесинин ортосундагы мамилелерди эмгек мыйзамдары аныктап жөнгө салат.

Билим берүү укугу комплекстүү укуктук тармак катары билим берүү процессинде пайда

болгон мекемелер менен андан кызмат алып жаткан тараптардын ортосундагы мамилени

ийгиликтүү жөнгө салуу максатын коет.

Билим берүү укугунун предмети билим берүү сферасындагы коомлук мамилелер.

Аларды төмөндөгүдөй кылып бөлсө болот:

1. Билим берүү мамилелери;

2. Билим берүү процессинин катышуучуларынын өздөрүнүн милдеттеринин

аткаруусуна шарт түзүүчү мамилелер.

Билим берүү мамилелеринин өзгөчөлүктөрү:

-мамилелер билим берү процессинде пайда болот;

-билим алуучу менен педагогдун жеке катышуусу астында ишке ашат;

192

-катышуучулардын жаш курагындагы өзгөчөлүктөр. Мисалы мектепке чейин билим

берүүдө тарбиялануучунун эң төмөнкү курагы 6 айлык балдар түзөт (“Билим берүү

жөнүндөгү” мыйзамын 15-беренеси “Мектепке чейинки билим берүү уюму 6 айдан 7 жашка

чейинки балдарга кызмат кылат”);

-билим алуучунун керегине жараша билимди алуу укугу адамдын бадык жаш курагында

мүмкүндк берилет;

-адамдын керектөөсүнө жана кызыкчылыгына жараша алардын акыл жөндөмдөрүнө

карабай жалпы мүмкүнчүлүктөр каралат (“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамын 3-беренеси

“Кыргыз Республикасынын жарандары жынысына, улутуна, тилине, социалдык жана мүлк

абалына, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгенине, ишинин түрүнө жана мүнөзүнө,

дин тутуусуна, саясий жана диний ынанымдарына, жашаган жерине жана дагы башка

жагдайларга карабастан билим алууга укуктуу”);

-мамилелердин узак мөөнөткө созулушу;

-көп функционалдуулугу;

-динамикалык мүнөзгө ээ б.а. учурдагы талапка карата өзгөрүп турат;

- билим берүү процессиндеги алынган билим системасынын туруктуу мүнөзү;

-мамилелер өтө көп тараптар тарабынан колдонулгандыгы;

Жыйынтыктап айтканда билим берүү мамилелеринин катышуучулары ар бир адам болуп

саналат жана ар бир адам өз өмүрүндө ар тараптуу билим берүү процесстерине ар кандай

статуста катышат.

Билим берүү процессинин катышуучуларынын өздөрүнүн милдеттеринин

аткаруусуна шарт түзүүчү мамилелер:

-билим берүү мекемелерин түзүүдөгү мамилелер;

-билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо процессиндеги мамилелер;

-билим берүү мекемесин түзүүчүлөрдүн статусу;

-билим алуучуну социалдык жактан коргоо чаралары;

-билим алуучуну дисциплинардык жоопкерчилике тартуу тартиптери;

- педагогдардун жана башка персоналдардын укуктук статустарынын өзгөчөлүктөрү;

-кошумса билим берүү тармагындагы мамилелер;

193

-билим берүү системасын башкаруу өзгөчөлүктөрү;

-билим берүү тармагын каржылоо системасы;

-билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташтыкты жүргүзүү.

Жыйынтыктап айтканда, билим берүү укугунун предметин татаал структурадан турган

жана көп фукционалдуу коомдук мамилелердин жыйындысы катары мүнөздөсөк болот.

Билим берүү укугунун предметине кирген мамилелерди жөнгө салуудагы ыкмалардын,

куралдардын, каражаттардын жыйындысын билим берүү укугунун методдору деп айтабыз.

Диспозитивдик метод. Адамдардын кыймыл-аракетиндеги мыйзам чегинде тигил же

бул мүмкүнчүлүктөрдү тандоо методу. (“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамын 26-беренеси

“Кайсы типтеги жана түрдөгү билим берүү уюмдарында болбосун окуп жаткандар окутуунун

кайсы гана этабында болбосун (кесиптик жогорку билим берүүчү окуунун биринчи жылынан

кийин) билим берүү уюмун, билим алуунун формасын, белгилүү бир мамлекеттик билим

берүү стандарттарына ылайык билим алууну, ошол стандарттардын алкагында жекече билим

берүү кызматтарын тандап алууга, өздөрүнүн адамдык аброюнун урматталышына, өз көз

караштарын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө укуктуу”).

Императивдик метод. Билим берүү укугуну тыюу салуу, башкаруу сыяктуу чектеген

нормаларды камтыйт. Мисалы, окуу жайларды түзүүдө катталуу, лицензия алуу талаптары

коюлса диплом берүү процедурасы аккредитациядан өткөндөн кийин гана ишке ашаарын

бекитет. (“Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамын 46-беренеси “Мектепке чейинки, жалпы

башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто жана мектептен тышкаркы билим берүү

программаларын ишке ашырып жаткан мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү

уюмдарынан тышкары билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну

тиешелүү лицензияларды алгандан кийин гана башташат”).

Сунуш кылуу методу. Билим берүү процессин жөнгө салуу нормативдеринде өтө көп

колдонулган метод деп айтсак болот. Тигил же бул дициплинаны ркутуу методикасы боюнча

сунуштамалар кеңири жайылтылган жана алар атайы түзүлгөн методикалык кеңештер

тарабынан кабыл алынып, колдонулууга берилет.

Билим берүү принциптери.

Билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылык берилген

стратегиялык багыты болуп саналатгандыктан аны уюштурууда жана ишке ашырууда эске

194

алына турган принциптерин “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында 4-беренесиде

төмөндөгүдөй белгилеген:

- бардык жарандарынын сапаттуу билим алуу укуктарынын теңдиги;

- ар бир жарандын милдеттүү жана акысыз баштапкы жана негизги жалпы билим алуу,

ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларда акысыз орто жалпы билим

алуу; мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын чегинде мамлекеттик окуу

жайларында акысыз кесиптик, атайын орто жана жогорку билим алуу мүмкүнчүлүгү;

- акы төлөө негизинде, анын ичинде мамлекеттик билим берүү уюмдарында билим алуу

мүмкүнчүлүгү;

- билим берүүнүн гумандуу мүнөзү, улуттук маданий байлык менен шайкеш келген

жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүү, жарандуулукка, эмгекти, үй-бүлөнү,

Ата Мекенди, айлана-чөйрөнү сүйүүгө, патриотизмге жана адам укуктары менен

эркиндиктерин урматтоого тарбиялоо;

- ата мекендик, дүйнөлүк илимдин жана эл аралык тажрыйбанын жетишкендиктерине

багыт алуу;

- билим берүү процессинин ырааттуулугу жана үзгүлтүксүздүгү;

- билим берүүнүн саясий жана диний институттарга көз карандысыздыгы;

- окутуунун, тарбия берүүнүн типтери жана формалары, иш багыттары, менчик

формалары жагынан билим берүү уюмдарынын көп түрдүүлүгү;

- билим берүү мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарында окутуунун динден

тышкаркы мүнөзү;

- орто жалпы билим берүүнүн жалпыга жетимдүүлүгү, билим берүү тутумундагы окуп

жаткандардын өсүп-жетилүүсүнүн жана даярдыгынын деңгээли менен өзгөчөлүктөрүнө

шайкеш келиши;

- окуп жатышкандардын өзгөчө зээндүүлөрүнүн чыгармачылыгы тынымсыз өсүүсү үчүн

шарттарды түзүү;

- билим берүүнүн мамлекеттик эмес түзүмдөрүнүн иштөө мүмкүнчүлүгү;

- билим берүү уюмдарынын академиялык эркиндиги, академиялык ак ниеттиги.

195

2. Билим берүү процессинин катышуучуларынын укуктары менен милдеттери.

Кыргыз Республикасынын Конститиуциясы адамдардын билим алуу укугун негизги

укуктардын бири деп аныктап берген жана мамлекет аны ишке ашырылуусуна шарт

түзүлүүсүнө милдеттенген (45-берене. 1. Ар ким билим алууга укуктуу. 2. Негизги жалпы

билим алуу милдеттүү. Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана

орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу. 3. Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн

баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик,

расмий жана бир эл аралык тилди окутуп-үйрөнүүсү үчүн шарт түзөт. 4. Мамлекет

мамлекеттик, муниципалдык жана менчик окуу жайларын өнүктүрүү үчүн шарт түзөт).

Бул аныктамага ылайык КР “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамы адамдардын жана

жарандардын билим алуу процессиндеги укуктарын жана милдеттерин, билим берүү

мекемелеринин милдеттерин кеңири караган.

Окуп жаткандардын укуктары:

1. Билим берүү уюмун тандоого;

2. Билим алуунун формасын тандоого;

3. Белгилүү бир мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык билим алууну

тандоого;

4. Билим берүү кызматтарын тандап алууга;

5. Адамдык аброюнун урматталышын талап кылууга;

6. Өз көз караштарын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө укуктуу.

Окуп жаткандардын милдеттери:

1. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билим

берүү программаларын өздөштүрүүгө;

2. Билим берүү уюмунун ички тартип эрежелерин сактоого;

3. Улуттук каада-салттарды урматтоого;

4. Билим берүү уюмуна келтирилген зыян үчүн юридикалык жоопкерчилик

тартууга милдеттүү.

Ата-энелердин укуктары

1. Окутуунун формасын, билим берүү уюмдарынын тибин жана түрүн тандап

алууга;

2. Балага үй-бүлөдө билим берүүгө (өзгөчөлөнгөн, бөтөнчө жагдайларда);

196

3. Баланы окутуунун кайсы гана этабында болбосун окуусун улантуу үчүн билим

берүү уюмдарына жиберүүгө;

4. Билим алуу укугун сактоону талап кылууга.

Ата-энелер төмөнкүлөргө милдеттүү:

1. Негизги билим алууда балдардын жашоосу, окуусу жана алардын шыгын

өөрчүтүү үчүн талаптагыдай шарттарды түзүүгө;

2. Балдардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгына дайыма кам көрүүгө;

3. Баланын ар намысын ызаттоого, эмгекти сүйүүгө, мээримдүүлүк жана

боорукердик сезимдерин ойготууга, үй-бүлөгө, жашы боюнча улууларга, мамлекеттик жана

эне тилге, элдик үрп-адаттарга, салттарга ызаттоо менен мамиле жасоого тарбиялоого;

4. Элдин улуттук, тарыхый, маданий баалуулуктарын урматтоого, тарыхый-

маданий мурастарга жана айлана чөйрөгө аяр мамиле жасоого, Ата мекенди сүйүүгө

тарбиялоого;

5. Жалпы билим берүү уюму менен үзгүлтүксүз кызматташууну б.а. ата-энелер

чогулуштарына катышуу, мугалимдердин баланы окутуу жана тарбиялоо боюнча

педагогдордун сунуштамаларын аткарууга;

6. Балдардын саламаттыгы жана өмүрү үчүн толук жоопкерчилик тартышат.

Педагогдордун укуктары менен милдеттери.

Окутуучулук менен алектенүү укугу мамлекет тарабынан бекитилген талаптарга жооп

берген б.а. педагогикалык билим алган жана тиешелүү квалификациясы бар адамдарга

берилет.

Эгер педагогдук билими жана квалификациясы жок адамдар окутуучулук иште иштөө

укугуна кайра даярдоодон өткөн учурда гана ээ болушат

Педагогдор төмөндөгүлөргө укуктуу:

- педагогдук ишти уюштуруунун усулдары менен түрлөрүн эркин тандап алууга;

- педагогдук алдыңкы тажрыйбаны жайылтууга;

- өз аброюн жана кесиптик баркын коргоого;

- кесиптик иши үчүн тиешелүү шарттарды талап кылууга.

- өзүнүн кесиптик деңгээлин жана квалификациясын жогорулатууга.

Педагогдор төмөндөгүлөргө милдеттүү:

197

- педагогдук этиканын ченемдерин сактоого;

- окуучулардын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынан төмөн

болбогон деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүшүн камсыз кылууга;

- окуп жаткандардын өз алдынчалуулугун, окууга чыгармачыл мамиле жасоосун

өнүктүрүүгө, жүрүм-турумунда жогорку адеп-ахлактык ченемдерди калыптандырууга;

- өзүнүн кесиптик деңгээлин дайыма өркүндөтүүгө жана квалификациясын кеминде 5

жылда бир жолу жогорулатууга;

- балдарга карата эмоциялык, психикалык, дене-бой зомбулугун колдонууга жол

бербөөгө.

Окуп жаткандар менен билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин социалдык

жактан коргоо.

Мамлекет билим алуучуларга жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине

мыйзамда белгиленген тартипте шарт түзөт.

Билим алуучуга: Окуй турган жайлар, жабдуу, жатакана, жөлөкпул, материалдык

жардам, тамак-ашка жана транспортто жүрүүгө жеңилдиктер, медициналык жактан тейлөө,

ден соолукту чыңдоо, окуу китептери менен камсыз кылуу республикалык жана жергиликтүү

бюджеттердин каражаттарынын жүргүзүлөт.

Билим берүү кызматкерлерине: эмгек акы, кызматтык маяна жана кошумча акы

белгиленет.

Билим берүү кызматкерлерине төмөндөгүдөй кошумча акы белгиленет:

- илимдин доктору же кандидаты деген илимий даражасы болсо;

- 5 жылдык педагогдук иш стажы үчүн - эмгек акынын он пайызынан аз эмес, 10 жыл

үчүн - жыйырма пайызынан аз эмес, 15 жана андан да көп жыл үчүн - отуз пайызынан аз эмес

өлчөмүндө.

Окуучулардын өзгөчө контингентик социалдык жактан коргоо: Мамлекет курагына,

жынысына, этностук жана диний таандуулугуна, окуудагы жетишкендиктерине, социалдык-

экономикалык статусуна карабастан балдарды жалпы билим берүү процессине тартуу боюнча

аларды социалдык жактан коргоо саясатын жүргүзөт.

198

Бирок өзгөчө бөлүп камкордука алуучу дагы катмарларды аныктап шарт түзүгө атайы

мамлекеттик мекемелер жана укуктук нормалар каралган. Алар жетим балдар,ден соолугунун

мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар жана алар мамлекеттик камсыздоого алынат.

1. Балдар үйүнүн жана жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган

балдар үчүн жатак мектептердин тарбиялануучулары жалпы негизги билим (орто жалпы

билим) алгандан кийин акысыз кесиптик башталгыч билим алуу укугуна ээ болушат.

2. Дене-боюнун же акыл-эсинин өсүшү жагынан бузулушу бар балдар үчүн аларды

дарылоону, тарбиялоону жана окутууну, социалдык жактан байыр алууну жана коомго

жуурулушууну камсыз кылуучу атайын топтор, класстар же уюмдар уюштурулат.

3. Билим берүү системасы

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасы төмөнкүлөрдөн турат:

Билим берүү программалары

Билим берүү уюмдары

Билим берүү формалары

Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке даярдоо программасы

Мектепте билим берүү

Кошумча билим берүү

Мектептен тышкаркы билим берүү

Кесиптик башталгыч билим берүү

Кесиптик орто билим берүү

Кесиптик жогорку билим берүү

ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү

Билим берүү программалары

Билим берүү программалары билим алуучунун жалпы маданиятын калыптандырууга,

коом турмушуна ыңгайлашуусуна, билим берүү программаларын аңдап тандап алышына жана

199

өздөштүрүүсүнө багытталган. Жалпы жана кесиптик билим берүү программалары ишке

ашырылат.

Жалпы билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет:

- мектепке чейинки билим берүү;

- башталгыч жалпы билим берүү;

- негизги жалпы билим берүү;

- орто жалпы билим берүү;

- кошумча билим берүү.

Кесиптик билим берүү программалары кесиптик деңгээлди ырааттуу жогорулатууга,

тиешелүү квалификациядагы адистерди даярдоого багытталган.

Кесиптик билим берүү программаларына төмөндөгүлөр кирет:

- кесиптик башталгыч билим берүү;

- кесиптик орто билим берүү;

- кесиптик жогорку билим берүү;

- жождон кийинки кесиптик билим берүү;

- кошумча кесиптик билим берүү.

Билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн милдеттүү минималдуу мазмуну менен

мөөнөттөрү тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарында белгиленет.

Билим берүү уюмдары

Билим берүү уюмдарына төмөнкүлөр кирет:

мектепке чейинки билим берүү уюмдары;

жалпы билим берүү уюмдары (жалпы билим берүүчү мектеп, окуу-тарбиялык комплекс,

автордук окуу-тарбиялык комплекс, мектеп-гимназия, мектеп-лицей, мектеп-комплекс,

атайын мектеп (жатак мектеп);

жалпы билим берүүчү санатордук мектеп, көмөкчү мектеп, кечки мектеп (кечки жана

нөөмөттүк);

жалпы билим берүүчү сырттан окуу мектеби, эксперименттик аянтчасы менен мектеп,

толук эмес мектеп);

200

мектептен тышкаркы билим берүү уюмдары;

атайын билим берүү уюмдары;

балдарга, өспүрүмдөргө жана жаштарга кошумча билим берүү уюмдары;

башталгыч (кесиптик лицей, кесиптик орто окуу жайы ж.б.);

орто орто окуу жайы (колледж, техникум ж.б.);

жогорку окуу жайы (институт, академия, университет, консерватория ж.б.);

жождон кийинки кесиптик билим берүү уюмдары;

кошумча кесиптик билим берүү уюмдары.

Жогорудагы уюмдарды мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу

органдары, юридикалык, эл аралык уюмдар жана жеке жактар түзө алышат.

Билим берүү формалары.

Билим берүү программалары окуп жаткандардын муктаждыктарын жана

мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен төмөнкү формаларда жүргүзүлөт:

1. Күндүзгү;

2. Күндүзгү-сырттан окуу (кечки жана нөөмөттүк);

3. Сырттан окуу”

4. Экстернат;

5. Үй-бүлөлүк жана үйүндө окутуу.

Кээ бир кесиптерге окутууда алардын багыттык профилдеринин өзгөчөлүгүнө жараша

күндүзгү-сырттан окуу (кечки), сырттан окуу формаларында жана экстернаттык формада

алууга тыюу салынган.

Мектепке чейинки билим берүү.

Мектепке чейинки билим берүү үй-бүлөдө жана мектепке чейинки билим берүү

уюмдарында ишке ашырылат жана адамдын дене, интеллектуалдык жана адеп-ахлактык

жактан өсүп-жетилишинин максат кылуу менен жүргүзүлөт. Ата-энелер балдарынын адам

катары дене, адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан өсүп-жетилишинин негиздерин

түптөөгө милдеттендирилгендиктен аны ишке ашырууда өздөрү алектенет же мектепке

чейинки билим берүү уюмдарынын кызматынан пайдаланат. Мектеп жашына чейинки

балдарды тарбиялоо, алардын дене-боюнун жана психикалык саламаттыгын сактоодо жана

201

чыңдоодо, жеке шыгын өнүктүрүүдө үй-бүлөгө жардам көрсөтүү максатында мектепке

чейинки билим берүү уюмдарынын тармагы иш алып барат.

Мектепке чейинки билим берүү уюму 6 айдан 7 жашка чейинки балдарга кызмат кылат.

Мектепке даярдоо программасы

Мектепке чейинки билим берүүгө тартылбаган балдардын мектепте билим алуусун

камсыз кылуу үчүн жалпы билим берүүчү уюмдардын алдында 5-7 жаштагы балдарды

мектепке даярдоо боюнча республикалык бюджеттен каржыланган программалар ишке

ашырылат.

Мектепте билим берүү

Мектептеги билим берүү адамдын коомдо активдүү болуусуна, өсүп-жетилүүсүн камсыз

кылууга багытталган, кесип жана квалификация алыуусуна негизги база катары кызмат кылат.

Билим алуу процессинде негизги бөлүгү катары мектептик билим берүү саналат жана ал

үч баскычты камтыйт:

- жалпы башталгыч - 1-4-класстарды;

- жалпы негизги - 5-9-класстарды;

- орто жалпы - 10-11-класстарды.

Жалпы башталгыч жана жалпы негизги мектепте окуу бардык жарандары үчүн

милдеттүү, ал эми мамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларында күндүзгү формасы

боюнча жүзөгө ашырылать жана акысыз болуп саналат.

Кошумча билим берүү

Окуп жаткандарга жана тарбиялануучуларга кошумча билим берүү билим берүү

уюмдарында, ошондой эле кошумча билим берүү уюмдарында акысыз же акылуу (ыктыярдуу)

негизде жүзөгө ашырылат.

Кошумча билим берүү боюнча кызмат көрсөтүү, анын ичинде билим берүү

программаларынын, атайын курстардын мазмунуна карата талаптар ата-энелер (мыйзамдуу

өкүлдөр) менен билим берүү уюмдарынын ортосунда келишимдерди түзүү менен ишке

ашырылат.

Мектептен тышкаркы билим берүү

202

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн ар кандай таламдары менен муктаждыктарын толук

канааттандыруу, бош убакыттарын жана эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо,

кесиптик багыт берүү, адамды адеп-ахлактык жана интеллектуалдык жактан жетилтүү

максатында мектептен тышкаркы билим берүү уюштурулат.

Ал маданий-эстетикалык, табигый-илимий, экологиялык-натуралисттик, техникалык,

спорттук жана башка багыттардагы мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдар тармагы

аркылуу жүзөгө ашырылат.

Кесиптик даярдык

Мамлекет зарыл болгон учурларда жалпы негизги билими жок адамдарга алардын

кесиптик даярдык алышы үчүн шарт түзөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү

Кесиптик башталгыч билим берүү квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин

даярдоону, квалификациясын жогорулатууну жана кайра даярдоону камтыйт.

Окууга жалпы негизги же орто жалпы билими бар адамдар кабыл алынат.

Квалификациялуу эмгектин кызматкерлерин даярдоо жалпы жана кесиптик билим берүүнүн

бирдиктүү интеграцияланган программасы боюнча жүргүзүлөт.

Кесиптик орто билим берүү

Кесиптик орто билим берүү жалпы негизги же орто жалпы билим берүү базасында

ортоңку звенодогу адистерди даярдоону жана кайра даярдоону көздөйт.

Кесиптик орто билим берүү программасы боюнча окуусун ийгиликтүү бүтүргөн

адамдарга тиешелүү адистик боюнча квалификация ыйгарылат.

Кесиптик жогорку билим берүү

Кесиптик жогорку билим берүү жалпы орто, кесиптик орто жана кесиптик жогорку

билим берүү базасында инсандын билимин тереңдетүүдөгү жана кеңейтүүдөгү

муктаждыктарын канааттандыруу максатында бакалаврларды жана магистрлерди даярдоону

жана кайра даярдоону камтыйт.

Кесиптик жогорку билим берүү программалары кесиптик жогорку билим берүүчү билим

берүү уюмдарында б.а. жогорку окуу жайларда ишке ашырылат. Тиешелүү багыттагы

кесиптик орто билими бар адамдар тездетилген программалар боюнча кесиптик жогорку

билим ала алат.

203

Кесиптик жогорку билим берүү багыттарынын жана адистиктеринин тизмеси,

программаларды өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөттөрү, аларды ишке ашыруу тартиби

мамлекеттик билим берүү стандарттары менен аныкталат.

Кесиптик жогорку билим алууга орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын, кесиптик

орто билими тууралу дипломдун же кесиптик жогорку билими жөнүндө дипломдун (экинчи,

үчүнчү, ошондой эле жогорку билим алганда) болушу мүмкүнчүлүк берет.

Жождон кийинки кесиптик билим берүү

Жождон кийинки кесиптик билим берүү илимдин кандидаты жана доктору деген

окумуштуулук даражалары бар илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону

жүргүзөт.

Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, эреже катары, кесиптик

жогорку билим берүү уюмдарында жана илимий мекемелерде түзүлүүчү изденип алуу,

аспирантура, адъюнктура жана докторантура аркылуу жүзөгө ашырылат.

Илимдин кандидаты жана илимдин доктору деген окумуштуулук даражалар

мамлекеттик Жогорку Аттестациялоо Комиссиясы тарабынан эл алдында диссертациясын

жактап чыгуунун натыйжасы боюнча кабыл алынган диссертациялык кеңештин расмий

өтүнмөсүнүн негизинде ыйгарылат.

Улук илимий кызматкердин, доценттин, профессордун окумуштуулук наамдары

мамлекеттик аттестациялоо органы тарабынан окумуштуулук наам берүү сунушу жөнүндө

жогорку окуу жайдын (илим-изилдөө институтунун) окумуштуулар кеңешинин (илимий-

техникалык) чечиминин негизинде ыйгарылат.

Билими жөнүндө документтер

Мектепке чейинки жана кошумча билим берүүдөн тышкаркы, лицензиялоодон жана

андан кийин аккредитациялоодон өткөн билим берүү уюмдары жалпы негизги билим берүү

жана кесиптик негизги билим берүү программаларын толук өздөштүргөн жана мамлекеттик

жыйынтыктоочу аттестациядан өткөн бүтүрүүчүлөргө билими же квалификациясы жөнүндө

мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документ беришет.

Кесиптик башталгыч, кесиптик орто, кесиптик жогорку билими жана (же)

квалификациясы жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү документтерде жана жождон кийинки

кесиптик билими тууралу документтерде көрсөтүлгөн окумуштуулук даражалар менен

наамдар алардын ээлерине алган даярдыгына жараша кесиптик ишти жүргүзүүгө, анын

204

ичинде белгиленген тартипте тийиштүү билим деңгээлине жараша милдеттүү

квалификациялык талаптар кызмат орунун ээлөөгө укук берет.

4. Билим берүү системасын башкаруунун укуктук негиздери.

Билим берүү тутумун мамлекеттик башкаруу органдары:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;

Билим берүү жана илим министрлиги;

Билим берүүнүн борбордук жана региондук органдары;

жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.

Билим берүү жаатындагы мамлекеттин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

- мамлекеттик билим берүү саясатын, билим берүүнү өнүктүрүүнүн стратегиясын түзүү

жана жүзөгө ашыруу, бул чөйрөдөгү артыкчылыктарды аныктоо;

- билим берүү жаатындагы мамилелерди жалпы мамлекеттик деңгээлде укуктук жактан

жөнгө салуу;

- мамлекеттик бюджеттин билим берүүгө жумшалуучу чыгымдар жагын ченемдик

негизде түзүү, билим берүү тутумун каржылоонун тартибин аныктоо;

- ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, бардык билим берүү

уюмдарына жалпы окуу-илимий-усулдук жактан жетекчилик кылуу;

- мамлекеттик каржылоо үчүн улуттук жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку

окуу жайларынын тизмесин аныктоо;

- билим берүү тутумун маалыматтар менен камсыз кылуу, окуу адабияттарын жана окуу

куралдарын бастырууну жана чыгарууну уюштуруу;

- окутуунун ченемдик мөөнөттөрүн билим берүүнүн деңгээлдери боюнча аныктоо;

- билим берүү уюмдары үчүн кесиптердин жана адистиктердин тизмесин аныктоо;

- билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын белгилөө;

- билим берүүнү өнүктүрүүнүн мамлекеттик жана эл аралык программаларын иштеп

чыгуу жана ишке ашыруу;

- билим берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышын

контролдоо;

205

- лицензиялоо, тестирлөө, аккредитациялоо институттары аркылуу билим берүүнүн

сапатына кепилдик берүү;

- камкорчулук жана билим берүү кыймылдарына колдоо көрсөтүү жана аларды

өнүктүрүү;

- мыйзам тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чектеринде кадр саясатын

жүзөгө ашыруу.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясы

Билим берүү жаатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын

компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- билим берүү уюмдарынын тармагын өнүктүрүү жана жарандардын билим алуу укугун

камсыз кылуу;

- ведомстволук караштыгы бар билим берүү уюмдарын чарбалык жактан тейлөөнү жана

каржылоону жүзөгө ашыруу;

- жетим жана ата-энесинин кароосунан калган жашы жетиле элек балдарды

камкорчулукка жана көзөмөлчүлүккө алуу, алардын укуктарын коргоо, балдар үйлөрүндө,

жатак мектептеринде үй-бүлөлөргө тарбиялоо же асырап алуу үчүн жайгаштыруу;

- айылдык мектептердин окуучуларын - кембагал үй-бүлөдөгү балдарды окуу китептери

менен акысыз камсыз кылуу;

- жаштардын кесиптик даярдык маселелерин координациялоо;

- мектепке чейинки жана мектеп жашындагы балдарды туруктуу эсепке алууну жүзөгө

ашыруу;

- балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жана алардын иш жүзүндө жашаган

жерлерине жеткирүүнү уюштуруу.

Билим берүү уюмдарынын компетенциясы

Билим берүү уюмдары кадр саясатын жүргүзүүдө, окутуунун, тарбиялоонун усулдарын

тандап алууда, илимий изилдөөлөрдүн багыттарын аныктоодо, уюштуруу, кесиптик,

финансылык-чарбалык иштерде өз эркин ишмердүүлүк жүргүзө алат.

Билим берүү уюму аттестациялоо системасынын баасын, формасын, тартибин жана

мезгилдүүлүгүн, билим берүү процессинин жана билим берүү технологияларынын, анын

ичинде дистанциялык билим берүү технологияларынын усулдарын өз алдынча аныктайт. Аны

206

башкаруу демократиялуулук, борборлоштуруудан окчундоо, өз алдынчалуулук жана өз

алдынча башкаруу принциптеринде курулат. Жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар,

педагогдук жана башка кеңештер же комитеттер аркылуу билим берүү уюмдарын башкаруу

ишке ашырылат.

Билим берүү системасында коомдук уюмдар менен бирикмелер б.а. союздар,

академиялар, кесиптик ассоциациялар, окуу-усулдук бирикмелер окуу-усулдук, окуу-

техникалык жана башка кеңештер менен уюмдар түзүлөт жана саясий уюмдардын түзүлүүсү

тыюу салынган.

Лицензиялоо, программаларды аккредитациялоо, окуп жаткандарды тестирлөө

ишмердүүлүгү.

Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын ишке ашырууну тиешелүү

лицензияларды алгандан кийин гана башташат.

Жогорку окуу жайларына кабыл алуу Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн

натыйжаларынын негизинде жүзөгө ашырылат.

Билим берүү уюмунун билим берүү программаларын, анын ичинде дистанциялык билим

берүү технологияларынын жардамы менен ишке ашырууга даярдыгы билим берүү ишин

жүргүзүү укугуна лицензия берүүдө белгиленет.

Диний билим берүү уюмдарына (бирикмелерине) билим берүү ишин жүргүзүү укугуна

лицензиялар тиешелүү конфессиянын жетекчилигинин сунуштамасы боюнча жана дин

иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен берилет.

Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын ырастоо максатында билим берүү

уюмдары көз карандысыз аккредитациялык агенттиктерден институционалдык жана

программалык аккредитациялоодон өтүшөт.

5. Билим берүү сферасындагы экономикалык жана эл аралык

мамилелеринин укуктук негиздери.

Билим берүүнү каржылоонун булактары.

Билим берүүнү каржылоонун булактары болуп мамлекеттик билим берүү уюмдары үчүн

төмөнкүлөр саналат:

- республикалык бюджет;

-жергиликтүү бюджет.

207

Жеке жана юридикалык жактардын, чет мамлекеттердин жана жарандардын

каражаттары:

- билим берүү уюмдарынын менчик каражаттары;

-консультативдик, илим изилдөөчүлүк, басма, өндүрүштүк каражаттар;

-мамлекеттик билим берүү стандарттары койгон талаптардын чегинде келип түшкөн

валюта каражаттары;

- депозиттик салымдардан түшкөн кирешелер;

-жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кошкон каражаттары;

-жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк жактардын ыктыярдуу

соопчулуктары жана максаттуу төгүмдөрү;

- кредиттер ж.б.

Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасы.

Билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык курулуштар, коммуникациялар,

машиналар жана жабдуулар транспорттук, ошондой эле башка материалдык жана техникалык

каражаттар кирет.

Билим берүү тутумунун менчик мамилелери

Мамлекеттик билим берүү уюмдарына алардын ишин камсыз кылуу максатында, уставда

каралган имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, ошондой эле керектелүүчү, социалдык,

маданий жана башка багыттагы зарыл керектүү башка мүлктөрдү оперативдүү башкаруу

укугу берилет.

Мамлекеттик эмес билим берүү уюмдарына алардын ишин камсыз кылуу максатында,

уставда каралган имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, ошондой эле керектелүүчү,

социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл керектүү башка мүлктөрдү уюмдаштыруучу

(уюмдаштыруучулар) менчикке өткөрүп берет же оперативдүү башкаруу укугун берет. Ушул

ченем, эгерде мамлекет уюмдаштыруучу болуп саналган учурга жайылтылбайт.

Улуттук жана региондук маанидеги мамлекеттик жогорку окуу жайларынын тизмегине

кирбеген мамлекеттик жогорку окуу жайлары, негизги катары билим берүү ишин сактап калуу

менен өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштеген мамлекеттик коммерциялык эмес билим

берүү уюмдарына кайра уюштурулат.

Эл аралык кызматташтык

208

Тышкы саясий иштердин алкактарында жүзөгө ашырылуучу билим берүү жагындагы эл

аралык кызматташтык накта өнөктөштүккө, аз ара ишенимге негизделет.

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн борбордук жана региондук мамлекеттик

башкаруу органдары, билим берүү уюмдары, билим берүү тутумундагы ишканалар жана

уюмдар чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен түз

байланыштарды орнотууга, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүү, илимий жана

илим-изилдөө программаларын жүзөгө ашырууга, мамлекеттер аралык жана эл аралык

коомдук билим берүү бирикмелерине кирүүгө укуктуу.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Билим берүү укугу жөнүндө түшүнүк.

2. Билим берүү укугунун булактары.

3. Билим берүү укуктук мамилелеринин объектисин аныктагыла.

4. Билим берүү укуктук мамилелеринин катышуучуларынын өзгөчөлүктөрү.

5. Билим берүү системасын башкаруунун укуктук негиздери.

6. Билим берүү сферасындагы эмгек жана экономикалык мамилелеринин укуктук

негиздер.

Сунушталган адабияттар:

1. Исмаилов Н.А. Укук таануу: окуу китеби. Бишкек: 2013-ж.

2. Лазарев В.В. Общая теория права. М., 1994г.

3. Ю.Лучинский В.О. Основы Правоведения. Б., 2002г.

Укуктук-нормативдик актылар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзам. Бишкек. Токтом.

209

X-бөлүм. Эл аралык укуктун негиздери

§1. Эл аралык укуктун түшүнүгү, предмети, функциясы, принциптери.

§2. Эл аралык келишим түшүнүгү.

1. Эл аралык укуктун түшүнүгү, предмети жана булактары.

Эл аралык укук- кызматташтыкты, тынчтыкты камсыз кылуу максатында түзүлгөн

мамлекет аралык кызматташтыкты жөнгө салуучу юридикалык нормалар менен

принциптердин жыйындысы болуп саналат. “Эл аралык укук” терминин 1780 жылы англис

укук таануучусу И. Бентам “Мыйзам жана морал принциптерине киришүү” аттуу эмгегинде

биринчи жолу колдонгон. Бирок мындан мурун эле Римдик укуктарда jus gentium-элдердин

укугу деп колдонулуп рим менен жарандуулугу жок адамдардын ортосунда, кийинчерээк

мамлекеттер ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу нормалардын жыйындысын атап

келишкен. Эл аралык укук бири-бирине баш ийбеген мамлекеттер ортосундагы мамилелерди

жөнгө салуу максатында пайда болду.

Эл аралык укук Кыргыз Республикасынынулуттук укуктук системасынын катарына

кирбейт жана башка мамлекеттер да аны өзүнө таандык кыла албайт. Анын укук

системасында озгочо орду бар, анткени, мамлекеттин ичиндеги мамилелерди эмес,

мамлекеттер аралык байланышты жонго салаарын жогоруда белгиледик. Анда эл аралык укук

системасынын субъектилери катары саналган, элдердин коллективдүү эрки ар түрдүү эл

аралык келишимдерде, уставдарда, конвенцияларда, БУУнун документтеринде көрсөтүлгөн.

Бул актыларда мамлекеттердин жана дүйнөлүк коомчулуктун оз ара укуктары жана

милдеттери, мамлекеттер аралык байланыш жүргүзүүнүн негизги принциптери, жана алардын

эл аралык аренадагы карым- катнашынын негизги тартиби орнотулган.

Эл аралык укуктун предмети-эл аралык укуктун субьектилеринин ортосундагы мамиле.

Эл аралык укуктун өзгөчөлүктөрү.

Эл аралык укуктун маанилүү өзгөчөлүгү анын принциптерин жана нормаларын сактоо

максатында мажбурлоону чектоо болуп саналат. Бириккен Улуттар Уюмунун Уставы

мамлекеттерге эл аралык мамилелерде, ортого чыккан эл аралык талаштарды жалаң гана

210

тынчтык жолу менен чечүүнү талап кылат жана күч колдонууга жана күч колдоном деп

коркутууга тыюу салат. Мамлекеттер жана башка субъектилер тиешелүү принциптер менен

милдеттенмелерди бузуусу жана сактабоосу эл аралык укук боюнча жоопкерчиликке алып

келет. Айрым учурларда жоопко, жеке адамдар да тартылышы мүмкүн. Мисалы, тынчтыкка

каршы кылмыштар, согуштук кылмыштар жана адамзатка каршы кылмыштар үчүн жеке

жоопкерчилик (мамлекеттин жоопкерчилиги менен катар) колдонууга тийиш болуп саналат.

Улуттук укуктук системадан өзгөчөлөгөн айырмачылыгы төмөнкүлөр:

1. Норманы кабыл алуу ыкмасы. Ар бир көз карандысыз мамлекет ички укуктук

нормаларды өз керектөөлөрүнө жараша кабыл алат жана анын аймагынжа жалпына

бирдей милдетүү болуп саналат. Бирок эл аралык мамиледе сактала турган

нормаларды таануу процедураларынан өткөндөн кийин эл аралык мамиледе,

кызматташтыкта ал нормалар сакталат.

2. Укуктук нормалардын арткарылуу ыкмасы. Мамлекет эл аралык норамаларды бузган

учурдарларда жоопкерчилик чараларды колдонуу укугу кайсы мамлекеттин укуктары

бузулса ошол мамлекет колдонуу укугуна ээ болот.

3. Булактык. Эл аралык укуктун булагы эл аралык келишимдер, эл аралык адаттар жана

эл аралык уюмдардын укуктук-нормативдик актылары. Бирок бул булактардын

баардыгы эле мамлекеттик укуктарга милдеттүү түрдө булак боло албайт.

Эл аралык укуктун функциясы- бул анын коомдук чөйрөгө таасирлеринин негизги

багыттары.

-эл аралык мамилелерди укуктук жөнгө салуу;

-эл аралык системаны бекемдөө;

-күтпөгөн жагдайлардын болуп кетишин эскертүү, алдын алуу;

-эл аралык байланыштарды тереңдетүү;

-эл аралык маалымат алмашуну камсыз кылуу.

Эл аралык укуктун субъектилери болуп эл аралык укук мамилелеринин

катышуучулары, укуктарды жана укуктук милдеттерди жүзөгө ашыра турган мамлекеттер

жана элдер менен улуттар эсептелишет. Түзүлүшү, иш аракети эл аралык укуктун негизги

принциптерине каршы келбеген айрым эл аралык уюмдар да эл аралык укуктун субъектилери

боло алат.

Эл аралык укуктун принциптери.

Эл аралык укуктун принциптеринин декларациясында, БУУ уставында жана Париж

хартияларында кеңири чагылдырылган. Эл аралык укуктун жалпыга милдеттүү принциптери,

211

эл аралык мамиленин субъектилеринин иш-аракеттеринин жалпы жана маанилүү эрежелерин

камтуу менен улуттук укук системасынын да башталгыч принциптери болуп саналат. Бул

принциптер Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекемделген.

1. Мамлекеттердин көз карандысыз теңдештик принциби. Ар бир мамлекет

юридикалык жактан тең укуктуу жана башка мамлекеттердин теңдигин таанууга,

сыйлоого милдеттүү;

2. Күч колдонбоо принциби. Ар бир мамлекет эл аралык кызыкчылыктарында күч

колдонбоого жана аны башка мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга

багыттабоого милдеттүү;

3. Башка мамлекеттердин ички иштерине киришпөө принциби. Бир да мамлекет башка

мамлекеттин ички жана тышкы саясатына түз же кыйыр түрдө да киришүүгө укугу

жок;

4. Эл аралык талаштардын тынчтык жол менен чечилүү принциби. Мамлекеттер

ортосундагы чыккан талаштарды тынчтык жол менен чечүү зарылдыгы эл аралык

коопсуздукту сактоодогу чоң жетишкендик болгондуктан күч колдонууга тыюу

салынган;

5. Эл аралык милдеттемелердин ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциби;

6. Эл аралык кызматташтык принциби. Мамлекеттер кандай гана көз карашта болбосун

эл аралык коопсуздукту, экономиканын өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында

кызматташтыкта болууга милдеттүү;

7. Тең укуктуулук жана элдердин өзүн-өзү аныктоо принциби. Ар бир эл өзүнүн саясий

статусун, мамлекетке ээ болуусун, өнүгүү багытын тандаганга укуктуу;

8. Мамлекеттердин аймактык бүтүндүгү принциби. Мамлекет башка мамлекеттин

аймагына киришүү жана аны бөлүп жаруудан алыс болууга милдеттүү;

9. Мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги принциби;

10. Адам эркиндигин жана укугун сыйлоо принциби.

11. Эл аралык милдеттемелерди ак ниеттүүлүк менен аткаруу принциби

Эл аралык укук бүгүнкү күндө жеке жана жалпы бөлүктөн турат.

Эл аралык жалпы укук - мамлекеттер аралык мамилелерди жөнгө салуучу, эл аралык

келишимдерде, конвенцияларда, эл аралык уюмдардын уставдарында жана актыларында

көрсөтүлгөн нормалардын жана принциптердин жалпы жыйындысы. Ал улуттук укук

системасынын составдык бөлүгүнө кирбейт.

212

Эл аралык жеке укук-эл аралык маанидеги граждандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик

мамилелерди жөнгө салуучу укук нормаларынын жалпы жыйындысы. Эл аралык жеке

укуктун предмети болуп, Кыргыз Республикасында улуттук укук системасы тарабынан

башкарылган, бирок эл аралык мүнөзгө ээ болгон мамилелер кирет. Эл аралык жеке укуктук

мамилелердин өзгөчөлүгү болуп, анда чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк юридикалык

тараптар катыша алышат. Ал мамилелердин объектиси болуп чет өлкөдө бир, же андан коп

мамлекеттердин аймактарында жайгашкан менчик-мүлк саналат. Ошондуктан эл аралык жеке

укук улуттук укук системасынын өзгөчө тармагы болуп саналат.

2. Эл аралык келишим түшүнүгү.

Мамлекет байыркы убактан бери эле ички жана тышкы ишмердүүлүктөрүн жүргүзүүдө,

жөнгө салууда, укуктарды жана милдеттерди тактоодо, аныктоодо келишим түзүү жолу менен

ишке ашырып келген. Ал эми эл аралык мамиледеги келишимдерди колдонуу дагы өтө эле

узак убакыттан бери колдонгондуктан атайы бир эл аралык нормалар пайда болду. Бул

нормалар эл аралык келишимдердин түзүлүшүнүн, аракетинин, чечмеленишинин жана

токтотулушунун тартиптерин аныктайт жана жөнгө салат. 1969 ж. Эл аралык келишимдердин

укугу жөнүндөгү Вена конвенциясы кабыл алынгандан кийин бул тармак атайы системалык

мүнөзгө өттү.

Эл аралык келишим деп-эл аралык укук тарабынан жөнгө салынган мамлекеттер

арасында же башка эл аралык укуктун катышуучулары тарабынан жазуу жүзүндө түзүлгөн

келишимди айтабыз.

Эл аралык келишим катышуучуларына жана багытына жараша классификацияланат.

Катышуучуларына карата эки тараптуу жана көп тараптуу деп бөлүнөт.

Көп тараптуу эл аралык келишим универсалуу жана чектелген сандагы

катышуучуларды камтыган келишимдерге ажыратылат.

Универсалдуу келишим баардык эл аралык укуктун субьектилерин камтыйт.

Чектелген сандагы катышуучуларды камтыган келишимдерге аймактык

катышуучуларды камтыйт.

Багытына жараша эл аралык келишимдердин саясий, экономикалык, укуктук,

логистикалык ж.б. түрлөрү бар.

Эл аралык келишимдер жабык жана ачык болушу мүмкүн.

213

Жабык келишимдерге эки тараптуу эл аралык келишимдер жана эл аралык уюмдардун

уставдары таандык болот.

Ачык келишимдерге баардык тараптар катыша алышат.

Эл аралык келишимди түзүү процедурасы төмөндөгүдөй этаптардан турат:

-Келишимдин текстин даярдоо;

-Келишимдин текстин кабыл алуу;

-Келишимдин милдеттүүлүгү боюнча макулдашуу. Келишимдин милдеттүүлүгү боюнча

макулдашуунун жыйындыгы катары келишимге кол коюу кабыл алынат. Кол коюлган

келишимдер мамлекеттин парламенти же өлкө башчысы тарабынан ратификацияланат.

Эл аралык келишимди токтотуу же андан бир тараптуу чыгуу ошол келишимдин

нормалары менен аныкталат жана жөнгө салынат.

Текшерүү үчүн суроолор же тапшырмалар:

1. Эл аралык укуктун түшүнүгү жана өзгөчөлүктөрү.

2. Эл аралык келишим жана адаттар өз ара катышын аныктагыла.

3. Эл аралык жеке жана жалпы укуктар.

4. Азыркы эл аралык укуктун негизги принциптери жана мазмуну. Эл аралык жана

улуттук укуктун өз ара айкаштыгы.

5. Адам укугун жана эркиндигин коргоодогу эл аралык механизмдер.

Сунушталган адабияттар:

1. Учурдагы эл аралык укук: Хрестоматия. – Б. 2013. - 684 с.

2. Исмаилов Н.А. Укук таануу: окуу китеби. Бишкек: 2013-ж.

214

Колдонулган адабияттар.

Окуу китептери:

1. А.А. Акматалиев, Н.А. Акматалиева Мамлекет жана укук теориясы : ЖОЖ үчүн окуу-

усулдук курал; НМУ. — Б. : [б. и.], 2001ж.

2. Анткольская М. Семейное право. М., 1997г.

3. Азаров А. Права человека. М., 1995г.

4. АзаровА., Болотина Т. Права человека. М., 1994г.

5. Бабаев В.К. Общая теория права. М., 1995г.

6. Бокоев Ж.А. Укушев М.К. Президент КР. Б. 2013 г.

6. Венгеров А.Б. Теория государства и права. М., 1995г.

7. Венгеров А.Б. Теория права. М., 1995г.

8. Гегель. Философия права. М., 1990 г.

9. Дубанаев Б. С. Местное самоуправление основа демократии. Изд. Бишкек, 2000 г.

10. Зайкин А.Д. Трудовое право. М., 1998г.

11. Исмаилов Н.А. Укук таануу: окуу китеби. Бишкек: 2013-ж.

12. Лазарев В.В. Общая теория права. М., 1994г.

13. Ю.Лучинский В.О. Основы Правоведения. Б., 2002г.

14. Михайленко Н.Г. Правоведение Кыргызской Республики. Б., 1997г.

15. Рыскулов И.О. Конституционное право КР. Б., 2002г.

16. И.Комаров С.А. Правоведение КР. Б., 2002г.

17. Н.Сооданбеков С.С. Укушев М. Конституционное право КР. Б., 1996г.

18. Толстой Ю.К. Сергеев А.П. Гражданское право. 4.1., С-П., 1997г.

19. Курманов К.К. Уголовное право. М, 1993г.

20. Овсянко М. Административное право. М., 1997г.

21. Тогойбаев Ж.Ж. Теория государства и права. Б., 2002г.

22. Жээналиев А. Административное право КР. Б., 2000г.

23. Сергеев А. Гражданское право. М., 1999г.

24. Страшун И.А., Венгеров К.И. Теория государства и право.

25. Суханов В. Гражданское право. М., 1998г.

215

26. Утуров К., Амантур уулу Э., Абылов А. Адам укугу боюнча колдонмо. Б., 2007г.

27. Утуров К., Амантур уулу Э., Омурова Ж. Теория и методика преподавания права. Б.,

2010г.

28. Утуров К. История политических и правовых учений. Б., 2007 г.

29. Михайленко Н.Т. Законодательство о труде. М., 1986г.

30. Трудовое право. Энциклопедический словарь. М., 1979г.

31. Шерипов Н. Административное право. Б., 2010г.

32. Шерипов Н. Конституционное право КР. Б., 2015г.

33. Юридическая энциклопедия. Словарь. М., 1997г.

34. Юридическая энциклопедия под ред. М.Ю. Тихомирова. М., 1997г.

Укуктук-нормативдик актылар:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодекси.

3. Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодекси. Бишкек. Токтом.

4. Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодекс.

Бишкек. Токтом.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзам. Бишкек. Токтом.

6. Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси. Бишкек. Токтом.

7. Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекс. I-II бөлүк. Бишкек. Токтом.

8. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси. Бишкек. Токтом.

9. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси Бишкек. Токтом.

10. Сборники законодательных актов Кыргызской Республики.

Интернет ресурстары:

www.toktom.kg. «ТОКТОМ» информационно-правовой портал

http://proverka.gov.kg

http://www.gamsumo.gov.kg

http://www.kg.undp.org

http://cbd.minjust.gov.kg

http://www.kg.spinform.ru

http://edc.kg

http://www.president.kg

http://sinref.ru